Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Капитализм

Капитализм –  1. капитал сөзү 12–13-кылымда Италияда пайда болгон; «баалуулук, товарлардын запасы, процент алып келүүчү  акча» маанисин түшүндүргөн жана ушул маанисинде Европага таркаган. 17-кылымда Голландияда капитал ээси – капиталист деген сөз келип чыккан. Ал эми К. термини 19-кылымдын 50-ж-нда пайда болгон, бирок  кеңири колдонулган эмес; 2. марксисттер  бул сөзгө  идеологиялык маани чөгөрүшкөн. Марксисттердин аныктамасында Капитализм  – бул Батыш Европа  өлкөлөрүндөгү өнөр жай төңкөрүшү  аяктаган соң, жалданма эмгекти эксплуатациялоого жана  өндүрүш каражаттарын жеке менчикке негиздөөгө  багытталган коомдук түзүлүш. Мындай коомдук түзүлүшкө (капиталисттер менен пролетариаттын ортосундагы)  ички карама-каршылык мүнөздүү деп белгилешкен.


Кыргыз