Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Идеология жана маданият

Идеология жана маданият

Идеология жана маданият да кээде этностун белгиси болушу мүмкүн, бирок алар милдеттүү түрдөгү белги бөлө албайт. Мисалы, православие динин туткан христианин гана византиялык деп аталууга укуктуу болгон жана бардык православие дининдегилер “өз” деп жана константинополдук императордун букарасы деп эсептелинүүчү. А бирок, чокунган болгарлар гректерге каршы согуш ачып, ал эми православиени кабыл алган орустар Царьграддын буйругуна баш ийүүнү оюна да албай койгондо биримдикке зак кетет. Ушундай эле бир пикирдештик принциби Мухаммеддин мураскерлери — халифтер тарабынан жарыяланып, бирок ал жашоо-тиричиликтин талабына ылайык келе албады: ислам биримдигинин өз ичинде да кайрадан этностор пайда болду. Биз жогоруда эскерип кеткендей, кээде үгүт-насыят адамдарды бириктирип, ал этноско айлана алат: буга, мисалы, осмон-түрктөрүн (72-6. караңыз) же Түндүк-Батыш Индияда жашаган сикхилерди көрсөтүүгө болот. Баса, Осмон империясында мусулман-сунниттердин ичинде арабдар жана крым татарлары да болгон, бирок алар өздөрүн түрк деп эсептешкен эмес. А түгүл крым татарларынын осмон түрктөрүнө тил жагынан жакындыгы да керекке жарабай калган. Демек, дин да этнос аныктамасы үчүн жалпы белги болууга жарабайт тура.

Этностун өз алдынча диний негизде калыптанышына индиялык сикхи сектасы үчүнчү мисал боло алат. Касталарга бөлүнүү системасы Индияда бардык индустар үчүн милдеттүү деп эсептелген. Бул өзгөчө структурадагы этнос болгон. Индус болуш үчүн сөзсүз түрдө, мейли ал эң төмөнкү кол тийбестерден болобу, бир кастанын мүчөсү болууга тийиш. Кастага кирбеген бардык адамдар, ал эмес туткундалган англичандар да малдан төмөн турган. Бул касталык системада саясий биримдик болбогону менен жүрүш-туруштун эрежеси катуу, а түгүл өтө эле ырайымсыздык менен сакталган. Ар бир каста белгилүү бир кесипте гана иштөөгө акылуу бөлгөн, ал эми аскер кызматын өтөөгө уруксат берилгендер азчылыкты түзгөн. Мындай абал афган-мусулмандарына Индияны оңой басып алууга жана коргоосуз калган элди, айрыкча Пенжабдын калкын аёосуз кордоп-зордоого мүмкүндүк берген. XVI кылымда индустарда жаманчылыкка каршылык көрсөтпөө жөнүндө окуу пайда болот, кийинчерээк ал окуу мусулмандарга каршы согуш ачууга үндөйт. Кастага бөлүнүү системасы алынып ташталганда сикхилер (жаңы диний ишенимди туткандардын аталышы) индустардан бөлүнүп кетишет. Алардын индиялыктардын бир бүтүндүгүнөн бөлүнүп чыгышы эндогамия жолу жана жүрүш-туруштун белгилүү бир эрежелерин иштеп чыгуу, оз жамаатынын структурасын түзүү аркылуу ишке ашырылды. Биз кабыл алган принципке ылайык өздөрүн индустарга карама-каршы койгон сикхилерди жаны жаралган этнос катары кароо керек. Өздөрү да ушундай ойдо. Диний концепция аларга символ, а бизге жаңы этностун жаралуусунун көрсөткүчү болуп калды.

Сикхилердин окуусун доктрина катарында гана эсептөөгө болбойт. Айталы, эгерде Москвада жашаган кимдир бирөө бул динди толугу менен кабыл алган күндө да ал сикхи болуп кете албайт, сикхилер деле аны “өз” катары эсептебейт. Ошентип, сикхилер диндин негизинде, моңголдор урук-тууганчылыктын негизинде, төрт тилде сүйлөгөн швейцарлар австралиялык феодалдарга каршы ийгиликтүү жүргүзгөн согушта биригип, баш кошуунун негизинде этносторду түзүштү. Этностор ар кандай жолдор менен жаралат, анын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн баамдап аныктоо биздин милдетибиз.

Көпчүлүк чоң элдерде гармониялуу системаны түзгөн, бирок мезгил жагынан да жана ошондой эле социалдык түзүлүштөрү жагынан да өз ара өтө айырмаланып турган бир нече этнографиялык типтер болот. XVII кылымдагы Москваны, анын тумак кийип, сакал өстүргөн боярларын, слюдадан жасалган терезеге каранып, чачын өргөн аялдарын, XVIII кылымдагы Москваны, анын жасалма чач кийинип, аялдарын балга алып жөнөшкөн төрөлөрүн, XIX кылымдагы Москваны, анын коомдун аралаша баштаган бардык катмарларынын бийкечтерин билимге үндөп, агартуучулук иштерди жүргүзгөн сакалдуу нигилист-студенттерин, буга кошумча XX кылымдын декаденттерин мисалга алып салыштырып көрөлүчү. Булардын баарын биздин заман менен салыштыра отуруп, алардын баары бир эле этнос экенине ынанабыз жана тарыхты билбеген этнограф- изилдөөчүнү адаштырып, калпыс жыйынтык чыгарарын баамдайбыз. Мындан кем эмес дагы бир мисалды, мейкиндик кучагында болуп жаткан, айталы, бир эле 1869-жылдагы мындай бир көрүнүштү алып көрөлү: Питер жумушчулары, поморлор, Волганын ары жагындагы староверлер, Сибирдин алтын издөөчүлөрү, токойлуу жана талаалуу губерниялардын дыйкандары, Дондун жана Уралдын казак-орустары сыртынан караганда бири-бирине окшош болушпаганы менен элдин биримдигин ыдыратып жибербеди, ал эми гребендик казак-орустар менен чечендердин турмуш- тиричилиги окшош болгону менен бул окшоштук аларды бириктире албады.

Сунуш кылынган көз караш түшүнүп кабыл алынууга тийиш болгон жерде катуу каршылыкка учурагана таң калыштуу көрүнүш болду. Айрым этнографтар автордун этнографиянын география менен эриш-аркактыгы, тарых маселелери, т. а. тарыхграфия жөнүндөгү көз карашына өз көз караштарын каршы коюп чыгышты5. Мен алар менен талашып-тартышып отургум келбесе да, жетиштүү негиз жок болсо да, алардын биздин көз карашыбыз бирден бир туура көз караш деген концепциясын этибарга албай коюуга болбоду. Анткени мындай мамиле илимдин кызыкчылыгынан алганда зыяндуу болор эле.

Этнографиянын илим катары калыптанышын В. И. Козлов менен В. В. Покшишевский төмөнкүчө түшүнүшөт экен. XIX кылымдын орто ченине дейре география жана этнография бир илим катары өнүгүп келди. Андан кийин этнография коомдук-тарыхый жана географиялык багыттарга бөлүнүп кетти. Коомдук-тарыхый багыттагы этнографтарга Л. Г. Морган, И. Я. Бахофен, Э. Тэйлор, Ж. Фрезер, Л. Я. Штеренберг, экинчи багытка — Ф. Ратцель, Л. Д Синицкий жана А. А. Кубер, ошондой эле “адам географиясы” деп аталган француз мектеби таандык кылыныптыр. Бул сунуш кылынып отурган классификацияда ошол багыттардын өзүн жокко чыгара турган олуттуу кемчилик бар. “Багыттардын” өкүлдөрү ар башка сюжеттерге кызыгып, ар башка темаларга көңүл бурган. Мындай болгон соң, аларды карама-каршы коюу өзүн актабайт. Мисалы, Ф. Ратцель этнография боюнча райондоштуруунун географиялык жактан ыңгайлуулугун негиздөөгө аракет жасаганда Ж. Фрезердин кеңири белгилүү “Алтын бутак” (“Золотая ветвь”) китебинде жазылгандарды — анимизм, сыйкырчылык же жрецти курмандыкка чалып өлтүрүү концепцияларын дегеле жокко чыгарган эмес. Ага карабай, илимдин коп тармагы боюнча иш жүргүзгөн окумуштуулардын ар түрдүү изил- дөөлөрүнө негизденишип, авторлор муну этнографиянын географиядан бөлүнүшү жана этнографиянын кайрадан коомдук илим болуп жаралышы катарында эсептешип отурушат. Бул жерде илимдин келечегине кедерги тийгизүүчү катачылыкка жол берилген. Ар бир илим тематиканы жөнөкөй алмаштыруу жолу менен эмес, изилдөөлөрдүн кыйырын кеңейтүү аркылуу өнүгөт. Ошондуктан географиялык этнографиянын ийгиликтерине тарыхый аспектилер келип кошулган болсо, анда муну илимдеги прогресс деп түшүнөбүз, ал эми бир сюжет экинчи бир сюжет менен жөн гана алмаштырыла берсе — анда бул өтө зыяндуу, куру убаракерчилик болуп калат.

Муну этностук географияны кучагына камтыбаган, эки илимдин тоомунда турган калк географиясы жөнүндө кезектеги натура пикирин балп эттире айтып салган илимпоздор өздөрү да жакшы билишет болуу керек. Алардын пикири боюнча айырмачылык мында экен: “эконом-географтар үчүн адам… — өндүрүштүн жана керектөөчүнүн эн маанилүү субъектиси, ал эми этнографтар үчүн адам… — белгилүү бир этникалык өзгөчөлүктөргө ээ болгон адам (маданият, тил, ж. б.)” (7-6.) Бул жерде макаланын авторлору менен макул болуу мүмкүн эмес. Айталы, эскимостордун деңиз жаныбарына аңчылык кылуусун эске албай туруп, деңиздин жана тундранын каардуу жин-перилери жөнүндө түшүнүктөрүн жана тилиндеги этиштин грамматикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөө менен чектелүүгө болобу? Же индустардын карма теориясын жана жандын көчүшү жөнүндөгү ишенимдерин толук баяндап келип, дыйкандарынын шалы талааларында эмгектенүүсүн айтпай туруп, индустарды толук сүрөттөп баяндоого болобу? Албетте, болбойт, анткени эмгек процессинин мүнөзү, керектөө, согуштар, мамлекеттик түзүлүш жана анын кыйрашы — үйлөнүү үрп- адаттары же диний ырым-жырымдар сыяктуу эле этнография илиминин изилдөө объектиси болуп саналат. Ал эми элдердин өнүгүшүнүн ар кайсы деңгелдерин, бир элдин экинчи бир элге өзүн карама-каршы коюусун изилдөөдө географиялык чөйрөнү эске албай коюу дегеле мүмкүн эмес.

Так ошондой эле этнографияны “социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжол менен бирдей деңгелинде турган жана окшош географиялык- табигый шарттарда жашаган (мисалы, “деңиз жаныбарына аңчылык кылган арктикалык мергенчилердин”, “кургак талаалардын малчыларынын” типтери) элдерге мүнөздүү болгон маданий-чарбалык типтер” жөнүндөгү окуу6 менен чаташтыруу жарабайт. Бул багытта изилдөө эконом-географияга тиешелүү, бирок этнографияга эч кандай тиешеси жок жана тиешеси болушу да мүмкүн эмес. Мисалы, бугу баккан чукчалар (малчылар) жана мергенчи чукчалар (бугулар жок калганда мергенчилик кылат) — сунуш кылынган классификация боюнча ар башка этноско тийиштүү болушу керек эле, бирок алар бир эле этносту түзөт. Же Москванын алдындагы жашаган орус дыйкандары жана деңиз жээктериндеги орус балыкчылары же Сибирде киштерге мергенчилик кылган орустар бир этносту түзбөйбү? Мисал келтире берсең сан жетпейт. В. И. Козловдун сунушуна макул болсок, анда этнографияны жоюп салып, аны элдердин кесибин эске ала турган демография менен алмаштырууга тийишпиз. Бирок бизди бул тема дегеле кызыктырбайт.

Этносту биологиялык таксономикалык бирдик болгон расага жана популяцияга теңештирүү да туура эмес. Расалар бири-биринен адамдын жашоо тиричилиги үчүн олуттуу мааниге ээ болбогон физикалык белгилер менен айырмаланышат7. Ал эми популяция болсо белгилүү бир чөлкөмдү мекендеген, өз ара эркин аргындашуу менен көбөйө турган жана коңшу аймактагы популяциялардан тигил же бул даражада обочолонуп турган адамдардын жалпылыгы болуп саналат8. Ал эми биз сунуш кылган түшүнүк боюнча этнос дегенибиз — кайталангыс ички түзүлүшкө жана жүрүш-туруштун өзгөчөлүү көнүмүш адаттарына ээ болгон адамдардын жамааты; этностун бул эки тарабы тең өнүгүп-өсүүгө жөндөмдүү келет. Демек, этнос дегенибиз — бул социологиялык да, биологиялык да жана географиялык да көрүнүштөргө тиешеси жок жөнөкөй эле көрүнүш болуп саналат.

Этногенезди “маданий-тил процесстери” катарында түшүндүрүү чындыкты бурмалап, этникалык тарыхтын татаалдыгына шек келтирет. Бу жөнүндө Ю. В. Брөмлей да эскертип, маселенин айкын-ачык болушу үчүн этникос жана эсо(этносоциалдык уюм) терминдерин сунуш кылган9. Ооба, анын сунушу мени канааттандырат деп айта албайм, бирок аны толугу менен этибарга албай коюуга да болбойт. Акырында В. И. Козловдун тезисин10 жалпыга белгилүү көрүнүштөргө иреттүү колдонуу жолу менен текшерип көрөлү. Ал сунуш кылган жобого ылайык, тил үйрөнүүгө жөндөмдүү адамдар бир эле учурда бир нече этносторго тиешелүү болушу керек экен. Бул келжирек сөз (нонсенс)! Арийне, эки, а түгүл үч тилде сүйлөгөн көптөгөн этностор бар, а бирок алардын тилдик окшоштуктардан улам биригиши дегеле мүмкүн эмес. Андай десек, А. С. Пушкин жана анын достору француз болуп кетишпейт беле! Мексикалыктар менен перулуктар испанча сүйлөшөт, католик динин тутушат, Сервантести сүйүп окушат, бирок өздөрүн испанбыз деп дегеле эсептешпейт. Ал аз келгенсип, алар “боштондук үчүн” деп аталган согушта миллиондогон адамдын канын төгүштү. Ошол эле согушта Испания менен маданияты, экономикасы, тили жагынан эч кандай жалпылыгы бөлбөгөн Жогорку Перунун жана Чако чөлүнүн индейлери Испания тарапта согушту. Муну түшүнүү оңой. Анткени индейлердин душманы алыста жаткан испандар эмес, жергиликтүү, жарым-жартылай испандашып кеткен метистер болгон. Алар XIX кылымдын башында өз алдынча этноско айланып, кечээки эле уруулаштарына өздөрүн карама-каршы коюшкан. В. И. Козловдун көз карашынан алганда кечигип пайда болгон этногенезди түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Булак: bizdin.kg


Кыргыз