Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ичкилик Кыргыздар

Кичинекей өлкөнү, элди географиялык классификация менен ажыратуу өзүн актабайт, бирок, тарыхый жактан алганда анын эч кандай маани, маңызы жок. Мындай бөлүнүү аймактык жаатташууга себеп болуп кыргыздардын улутка калыптануусуна өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Ават, Тейит, Оргу Ферганада мурун эле жашашкан. «Мажму ат-Таварих» боюнча теги кыргыздар Анжиян, Наманган тоолорунда Румиядан келген («Материалы по истории Киргизов и Киргизии». М., 1959). үсөн Ажы «Кыргыз санжырасында» кыргыздар Букар, Талас, Каратегинде орто кылымда эле жашаган.

Чыңгыз хан Букарды 1220ж. басып алганда ал жердеги кыргыздардын төрөлөрү Орус (Ороз), Энал, Мамок, Тайбога Чыңгыз ханга багынгандыгын билдирип өз орундарын сактап калган дейт (80-б.). Кээ бир америкалык окумуштуулар Ич кыргыздар Орто Азиянын байыркы тургуну катары Гундар менен батышка кетип, Чыңгыз хандын армиясынын түштүк канаты менен кеткен кыргыздардын Алдыңкы Азиядан Ферганага келишин Туркиянын чыгыш-түштүк Сириянын түндүгүнөн Иранга, андан Ооганстанга, Индияга келип, алардын аймагы аркылуу Памирге, Тибетке келип, андан Чыгыш Түркстанга келишкен дейт. Ичкиликтерди биринчи изилдеген И.Минаев «Аму Дарыянын жогорку агымындагы өлкөлөр тууралуу кабар» деген китебинде «Ичкиликтер 20 бөлүктөн турат.

Алардын негиздүүлөрү: Кыдыршаа, 2. Каңды, 3. Найман, 4. Таит, 5. Кесек, 6. Орго, 7. Дөөлөс, 8. Кара, 9. Тейит, 10. Чал Тейит, 11. Бостон, 12. Кызыл Аяк, 13. Кара Саадак» деп жазат (Сведения о странах по верховьях Аму Дарьи. СПБ. 1879. стр. 200-201). И.Минаев боюнча алардын саны болжол менен 1200013000 түтүн, 64000-65000 киши деп эсептеген. А.Сыдыков ичкиликтер жөнүндө: бүт кыргыз эли, уруулардын дээрлик тобу «Оң», «Сол» деген эки канатка жана башка уруу «ичкиликке» бөлүнөт деп ичкиликтерди «башка» деп берет (Родовое деление кыргыз. Сб. «Белек», Ташкент, 1927. стр. 274). Ичкиликтер Оштун Араван, Куршаб, Ноокат, Ичкилик, Нойгут, Кыпчак, Лейлек, Найман, Жоо–Кесек–Бостон, Жалал Абад, Чанкент, Аим болуштарында дейт А.Сыдыков. үсөн Ажы: «40 уруу кыргыз элинин 30унан сырткылар тараса, 10унан ичкилик тараган» дейт (110-б.). Көпчүлүк карыялар муну бекемдешет. «Кыпчактар негизинен кыпчак, найман, тейит, кесек деп төрт чоң урууга бөлүнүп булардын ичинен да бир нече майда уруулар таралат» деп, кыскасы үсөн Ажы боюнча ичкиликтер кыпчактардан келип чыгат.

Буга окшош пикирди А.Чоробаев да айтат. С.Аттокуров бул вариантты колдобойт. Г.И.Грум-Гржимайло «Ичкиликтер союзу 13-к. мурда түзүлүшү мүмкүн эмес» дейт (Западная Монголия и Урянхайский край. том 2. Ленинград, 1926. стр. 539). Н.Ф.Ситняковский ичкиликтер оң, сол деп эки канатка бөлүнөт дейт ( Перечисление некоторых родов киргиз… ИТО, РГО, том 2. вып. 1. Ташкент. 1900. стр. 92-110). Санжырачылардын көпчүлүгү: ичкиликтердин оң канатына: Тейит, Кесек, Жоо кесек, Бостон, Оргу, Дөөлөс урууларын, сол канатына: Найман, Кыпчак, Каңды, Нойгут жана Ават урууларын киргизишкен. ичкилик союзу качан түзүлгөн, оң, солго качан бөлүнгөнү белгисиз. Бирок, мындай күчтүү биримдик болмоюн коңшу уруулардын чапкынына жооп бере алышмак эмес. Винников боюнча: ичкиликтер Балхтан келген, башкалар боюнча ичкиликтер Кашкардан оошот. Ичкиликтер узак убакыт бөлүнүп жашаганына карабастан байыркы кыргыз элинин бир тармагы, аларда өзүн өзү таануу сезими өнүккөн. Алар жаңы пайда болгон уруулар менен 14-15-кк. байланышкан.

Ошол себептүү жаңы кыргыздардын көчүнө катышкан эмес. Ошондон улам алар экинчи иреттеги Оң, Солго кирбей калган. Ошон үчүн үсөн Ажы «түштүк тарапка орундашкан кыргыздарды кырк уулдун он уулунан таралган деп, бул оң уул ичкилик деп аталган». «Булар Долон бийдин балдарынын бутагына кирбейт, нараак жактан кошулат» (82-б.). Бирок ичкиликтерди кыпчак деп кароо жаңылыштык. Ичкилик аймактык жана уруу аралык биримдик. Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздардын жана аларга кийин кошулган топтордун союзу. Алай, Памир тоолорунда дыйканчылык, малчылыкты айкалыштырып кыргыздын түштүк диалектисинде сүйлөгөн чоң этнографиялык топ. Жалпы кыргыз элинин түзүүчүлөрүнүн бири. «Си-Юй-ту-Чжи» боюнча 1759-ж. ичкиликтердин саны 200 миңге жеткен. Костенко боюнча 1870-ж. ичкиликтер 9000 түтүн 4000045000 киши. Ичкиликтерге: ават, бастон, жоо кесек, кесек, нойгут, тейит, каңды, дөөлөс, найман, кыпчак уруулары кирет.

Байыркы кыргыз өкүлүнө кийин найман, кыпчак уруулары кошулган. Ичкиликтердин жалпы саны 19-к. акырында 13943 түтүн 43772-68725 киши болгон (Н.Аристов. Заметки… стр. 336). Ичкиликтер бул аймакта жашап дыйканчылыкка өтүшкөндүктөн аларда региондук жалпылык пайда болгон. Ислам динин мурда кабыл алышкан. Тажик, өзбек менен байланышы көбүрөөк болгондуктан заттык, руханий маданияттын таасири тийген.


Кыргыз