Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Феодал осмон тайлак уулунун кытайга качканы

Феодал осмон тайлак уулунун кытайга качканы

Токмокто биринчи уезд болуп турган Загражский жанына кан ичерлерден Шабдан Жантаев, Баяке Кунтууганов баштык кылып, канчалык кыргыз менен шайлоо кылмакка 1867-жылы күзүндө Нарында Тогуз Тородо болгон Осмондун айылына барган. Осмон оруска карабаймын деп түн ичинде уруш салып, уездин үстүнө келгенде уезд, теректин башына чыгып качып кеткен. Осмон Баяке менен Келдибекти байлап алып, Кашкарга 600 түтүн менен үркүп көчкөн. Көчүп бара жатканда Шабдан жээрде ат менен төмөндөн жогору качырып, айыл ылдый карата Баракан Осмон уулу качырып, бир-бирин аяшса керек, сайыша албай ажырашкан. Баяке менен Келдибекти качырып куткарган. Мусулман чаар черик уулу жана боркемик Ырайымбек Баяке менен Келдибектин колуна чынжыр, бутуна кишен салып алып кеткен. Ырайымбек Калча уулу Осмондун эл чети, жоо бетине жүргөн жигити болгондуктан, кишен менен чынжырдын ачкычы анын колунда болгон. Осмон эли менен көчүп, Аска тоонун белин ашып Кытай чегине өткөндө Осмондун жылкысын багып жүргөн Байсубан деген инисин Ырайымбек чакырып алып мындай деген: «Мен Кокон, Кытай жерин аралап, элин, өкмөтүн көргөмүн, алардын сурагы тар, өкмөтү бейадил, менин билишимче орус калкы көп жана өкмөтү эң адил, букарасына мээрбандуу эч жабыры жок, биз кайта качып кетели, сен Каракулак менен Чааркөздү баштык, Осмондун жети күлүк атынын түндө тилдерин кыл менен байлап, күндүз чечип коюп, 14-күндөн кийин алып келгин», — деген. Байсубан айткандай кылып, аттарды суута баштаган. Ырайымбек катынын Баяке менен Келдибекке жиберип, качалы дегенде тигилер унабаган соң Ырайымбек өзү келип, Баяке менен Хелдибекти ынандырып айтканда алар качууга убада берген. Күнү-түн 14-күн болгондо Баяке, Келдибек, Байсубан, Ырайымбек, катыны бешиктеги Кына деген кызын ала качмак болгондо, Ырайымбек кызды баштап качалы, ыйласа туюп кармап алат дегенде бааны калтырбастан, катыны Карагыз ала жүргөн. Чоролору кубалап жетпей калган. Булар зоругуп өлгөн аракулакты беш күнү тоонун башында бекинип жагып , андан соң жүрүп отуруп элдерине келишкен.
Осмон Кашкарга барып Жакыпбекке карап, тогуз жылы туруп, мал башынан, мүлкүнөн ажырап, кайта шуп келгенде орус өкмөтү илтипатка албаган. Ошол 1870-жылдарда Күңгөйдө турган сарбагыш Текеске көчүп барып, жылкы кыштатып жана Каркырага сайлап турган. Ушул чакта бүткүл түн жак кыргызда уч-төрт гана киши болбосо, бир дагы там болбостон баары да жайы-кышы көчүп жүргөн. Бечара кедей көчпөстөн жатакта болгон. Нарын калаасы толук 1868-жылында салынган, Токмок абдан гүлдөп кыштак болуп, орус, өзбек толуп калганда Пишпек курула баштап, орустардан биринчи болуп келген 1864-жылы көктөмдө Чычкан жылында Сибирден Токмок баса 15 үйлүү орус болуп Аламүдүндөн орношуп, алардын ичинде Буслаев, Алпатский, Коротков дегендер болгон. Никелей өкмөтү бай-манап, феодалдардын кедей – дыйкан орто чарбаны талап берүүчү аспабы болгондуктан, ал манаптардын жанын таштап кандарга кызмат кылганынан бир-эки ооз мисал айтып өтөмүн. Мисалы, Токмок оёзу Загражской Баяке Кунтууган уулу деген жигитти жайдын күнү эртең менен Токмоктон чыгып, Чулуудагы чакырылган кишини алып, түштө кайтадан Токмокко келген. Кулуке, жаки Ашым дегендин тору атын минип, бүткөн боюн мата менен чырмап таңып алып, эртең менен Атбашыдан чыгып, шашке оой кечинде Токмокко келген.

Феодал осмон тайлак уулунун кытайга качканы, bizdin.kg


Кыргыз