Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Этностор

Этностор—Ноmо Sapiens түрүнүн жашоо формасы катарында

Биологиялык түр — Ноmо Sapiens өзгөрө алабы же түр пайда кылуучу факторлордун аракеттеринин механизмин социалдык мыйзам ченемдүүлүктөр толугу менен четке сүрүп салдыбы деген талаш-тартыштар жүз жылдан ашыгыраак мезгилден бери улантылып кел атат. Бардык тирүү жандыктар өңдүү эле адам өзү жашаган чөйрө менен затты жана энергияны алмашып туруусу зарыл, а бирок адам ал жандыктардан айырмаланып, жаратылыш менен биологиялык гана эмес, баарынан мурда социалдык тирүү жан катарында эриш-аркак аракеттенип, өзүнүн жашоо тиричилигине керектүү болгон дээрлик бардык каражаттарды өз эмгеги менен табууга мажбур. Өндүрүш күчтөрү жана ага тиешелүү өндүрүш мамилелери, шарттар менен каражаттар үзгүлтүксүз өсүп-өнүгүп отурат. Бул өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү маркстык саясий экономия жана социология тарабынан изилденүүдө.

Анткени менен адамзаттын социалдык өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү биологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрдү, атап айтканда, мутацияларды1 жокко чыгарбайт. Аларды да изилдөө керек. Ошондо гана теориялык бир жактуулуктан жана өзүбүздүн социалдык мыйзам ченемдүүлүктөргө гана эмес, өнүгүүнүн бир кыйла жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүнө да баш иерибизди билмексен болуп же аны аң-сезимдүүлүк менен четке кагып, иш жүзүндө өзүбүзгө өзүбүз зыян келтирүүдөн сактана алат элек.

Методологиялык жактан алганда мындай изилдөөлөрдү баштоодо өндүрүштүн конкреттүү жолдорунан атайылап алыстоо зарыл. Мындай абстракция өзүн актайт, анткени, атап айтканда, этногенездин мүнөзү адамзаттын социалдык тарыхынын өнүгүү ритмдеринен олуттуу түрдө айырмаланат. Маселени дал ушундай ыкма аркылуу караганда гана адамзат- тын табият менен байланышынын механизминин кон туру ачыгыраак байкаларына биз ишенебиз.

Техника канчалык өнүкпөсүн өз жашоосуна керектүү нерселердин баарын адамзат табияттан гана ала алат. Демек, адамзат өзү жашаган ландшафттагы биоценоздун жогорку, акыркы звеносу катарында трофикалык тизмекке кирет. Мындай болгон соң, алар өзүнө адамдар менен бирге доместикаттарды (үй жаныбарларын жана колдо өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдү) адамдар тарабынан өздөштүрүлүп өзгөртүлгөн жана кол тиелек ландшафттарды, жер астындагы кен байлыктарды, коңшу элдер менен болгон достук же душмандык мамилелерин, социалдык өнүгүүлөрдүн бу же тиги динамикасын, ошондой эле тилдердин (бирден бир нечеге чейинки) ар кандай айкалыштарын, материалдык жана руханий маданияттын элементтерин кошо камтып турган структуралык-система- лык бүтүндүк төрдүн элементтери болуп саналат. Мындай динамикалык системаны этноценоз деп атоого болот. Ал тарыхый мезгилдерде жаралып жана кайра жоголуп туруу менен өзүнүн артына адамзат ишмердүүлүгүнүн кыйроого гана жөндөмдүү болгон жана өз алдынча өнүгүү мүмкүн- чүлүгүнөн ажыраган эстеликтерди жана гомеостаз фазасына жеткен этностук калдыктарды гана калтырат. Анткени менен этногенездин ар бир процесси жер бетинде этностук тарыхтын мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн жалпы мүнөзүн аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү өлбөс-өчпөс издерди калтырып турат. Акыры, табиятты антропогендик кыйраткыч таасирлерден сактоо азыркы илимдин башкы маселесине айланган учурда этностор жашаган ландшафттар үчүн адамзаттын ишмердүүлүктөрүнүн кайсы тарабы өтө зыяндуу болгондугун аныктап алуу да зарыл иш. Табияттын адамзаттын келечек жашоо турмушуна коркунуч келтиргендей деңгелде бузулушу — биздин замандын эле кырсыгы эмес жана ал ар убакта эле маданияттын өнүгүшү жана элдин санынын өсүшү менен байланыштуу болгон эмес.

Өнүгүүнүн мыйзам ченемдүү эки формасынын өз ара байланышы жөнүндө маселе козгоодо ага болгон көз карашты тактап алуу зарыл. Себеби, кеп усулу адам ишмердүүлүгүнүн аркасында биочөйрөнүн өнүгүшү жөнүндө же табият чөйрөсүнүн: биочөйрөнүн Жерди курчаган башка катмарларын: литочөйрөнү, тропочөйрөнү түзө турган катуу заттардын калыптанышына байланыштуу келип жалпы адамзаттын өнүгүшү жөнүндө болушу мүмкүн. Адамзаттын табият менен эриш-аркак аракети туруктуу болгон менен ал мейкиндикте да, убакытта да өзгөчө ар тараптуулука ээ. Бирок көзгө көрүнүп турган ар түрдүүлүктүн көмүс- көсүндө бардык байкалып турган феномендерге мүнөздүү болгон бирдиктүү бир принцип катылып турат. Ошондуктан маселени так ушундайча коёбуз.

Жер табияты ар түрдүү. Адамзат да башка ар кандай сүт эмүүчүлөрдөн айырмаланып ар түрдүү келет, ал жогорку палеолит мезгилинен бери карай планетанын бардык кургактыктарына тараган жана анын өзүнө гана таандык болгон белгилүү бир жаратылыш ареалы жок. Башка жан-жаны- барларга караганда адамдын жер шартына көнүү жөндөмдүүлүгү өтө жогору. Ошондуктан ар түрдүү географиялык чөлкөмдөрдө жана ар кайсы замандарда жашаган эл менен табият комплекстери (ландшафттар жана геобиоценоздор) ар түрдүү карым-катышта аракеттенишет. Өз алдынча алганда бул жыйынтыктын келечеги жок, анткени калейдоскопту изилдөөгө болбойт, бирок биз проблемага классификацияны киргизе турган бөлсөк, анда бардыгы башкача көрүнүшкө ээ болот. Табият менен материянын кыймылынын социалдык формасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн ортосунда ар дайым өз ара байланыш жашап турат. Бирок анын механизми кандай жана табият менен коомдун айкашкан чеги кайда турат? Бул чек бар, эгер ал жок болсо табиятты адамдан коргоо маселеси пайда болмок эмес.

С. В. Калесник географияны: 1) адамдардын колунан жаралгандарды изилдөөчү экономикалык географияга жана 2) жердин табигый катмарларын, анын ичинде биочөйрөнү изилдөөчү физикалык географияга бөлгөн2. Бул туура бөлүштүрүү. Чынында эле табият адамзат жарата албаган нерселерди: тоолор менен дарыяларды, токойлор менен талааларды, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн жаратат. Адамдар үйлөрдү, имараттарды курушат, машинелерди ойлоп чыгарышат, айкелдерди жасайт, трактаттарды жазат. Мындай иштер табияттын колунан келбейт.

Табият жараткандар менен адамдардын колунан жаралгандардын принципиалдуу айырмачылыктары барбы? Ооба, бар! Табият элементтери бири экинчисине өтүп турат… “Ушул таш бир заманда чыркыраган, бул чырмоок асман челип өсүп турган”. Күндөн жана биздин ааламдагы жылдыздардан жана Жер планетабыздын тереңдеринде тынбай жүрүп жаткан радийдин бөлүнүп-жарылууларынан алган энергияга көбүрүп-жабырып, табият түбөлүк жашай берет. Жер планетасынын биочөйрөсү кеңейүүгө умтулуучу атомдордун биогендик миграциясы аркылуу дүйнөлүк энтропияны жеңе алат3. Ал эми адам колунан жаралган нерселер, анын тетирисинче, сакталып турушу же талкаланып жок болушу мүмкүн. Пирамидалар көпкө сакталат, ал эми Эйфел мунарасы анча көпкө чыдай албайт. Бирок, кантсе да, экөө тең түбөлүк сакталып тура албайт. Биочөйрө менен адам колунан жаралган техно-чөйрөнүн, ал канчалык зор көлөмдө болбосун, принципиалдуу айырмасы мына ушунда.
Булак: bizdin.kg


Кыргыз