Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Этнос жалган түшүнүкпү?

Этнос жалган түшүнүкпү?

А балким, “этнос” тиги же бул коомду түзүүдө пайда болгон социалдык категория болуп жүрбөсүн?13 Анда “этнос” — жалган жалпылык, а этнография — куру бекер убаракерчилик болуп чыга келет, андан көрө социалдык шарттарды изилдеген оң. Албетте, бул натуура көз караш, анын натуура экендигин өз мүдөөсүн таңуулабай ой жүгүртө алган ар бир адам табигый өнүгүүлөрдүн көрүнүштөрүнө байкоо жүргүзүп, ачык көрө алат. Муну турмуштук мисалдар менен түшүндүрүп көрөлү. Францияда бретондук кельттер жана гаскондук иберлер жашайт. Пиреней тоолорунун этек-жакаларында жана Вандай токойлорунда алар өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип, өз тилдеринде сүйлөп, өздөрүн француздардан кескин айырмалашат. Же Франциянын маршалдары Мюратты же Ланнды француз эмес, баск деп айта алабызбы? Же Дюманын романындагы тарыхый каарман — д’Артаньянды француз эмес, гаскон дейбизби? Жанна д’Арктын соратниги Жиль де Ретцти жана бретондук дворянин Ша- тобрианды француз дешке болобу? Ирландиялык Оскар Уайльд — англиялык жазуучу экени жалганбы? Белгилүү чыгыш таануучу Чокон Валиханов өзү жөнүндө казакка да, оруска да таандыкмын деп айткан экен. Мындай мисалдарды келтире берсек өтө көп, алардын баары адамдардын аң-сезиминде сакталып келе жаткан кайсы бир этноско таандык экенин сезүүнүн туундусу эмес. Калыбы, ал биз эң жогорку нерв системасынын ишмердүүлүгүнүн формасы катарында кабыл ала турган психология менен аң-сезимден тышкары тереңде жаткан адам табиятынын кайсы бир тарабын чагылдырат өңдөнөт. Анткени башка бир учурларда этностор эмнегедир айлана-чөйрөсүндөгү башка этностордун таасирине өтө күчтүү каршылык көрсөтөт жана алар менен камыр-жумур болуп сиңишип кетпейт.

өз жамаатынан жана Индиядан бөлүнүп чыгып кеткенине, ата мекенинен ажыраганына миң жылдан ашканына карабай цыгандар испандар же француздар, чехтер же моңголдор менен сиңишип кетпеди. Алар Европанын феодалдык түзүлүшүн кабыл албай, кайсы өлкөгө барбасын бөтөн уруу экендигин даана сактап кала алды. Азыркыга дейре индейлердин ирокез уруусу (20 миңге жакын адам) ото тамырлап өнүккөн капитализм менен курчалып турганына карабай, “жашоонун америкалык мүнөзүн” кабыл албай, өзүнчө этникалык топ катарында жашап келатат. Моңгол Эл Республикасында түрк этносторуна кирген сойоттор (уранхайлар), казактар жана башкалар “коомдун материалдык жана руханий өнүгүшүнүн” бирдейлигине карабай моңголдор менен сиңишип кетпей, этностук өз алдынчалыгын сактап келатышат. Анан калса алар жашаган “коомдук өнүгүүнүн деңгели, өндүргүч күчтөрүнүн абалы” да бип-бирдей. Мунун тескерисинче, Канадага XVIII кылымда көчүп барышкан француздар жашаган токой кыштактары менен Франциянын өнөр жайлуу шаарларынын өнүгүү деңгелдери олуттуу айырмаланганына кара- бай алар бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн этникалык бейнесин сактап кала алышты. Салоника тоо кыркаларында жашаган еврейлер Испания- дан куулуп чыккандан бери 400 жыл бою башка элдерден кыз алып, уул үйлөнтүштөй (эндогамия) жашап келатышат, бирок 1918-жылдагы маалыматтар боюнча алар коңшу жашаган гректерге караганда, алыскы арабдарга көбүрөөк окшош. Так ушундай эле Венгрияда жашаган немистер да Германияда жашаган улутташтарына, цыгандар индустарга сырткы түспөлү боюнча опокшош. Табигый тандалуу окшоштукту өтө жай өзгөртөт, мутация (тукум бузуу), белгилүү болгондой, өтө сейрек кездешет. Ошондуктан, өзүнө көндүм болгон чөлкөмдө мекендеген ар кандай этнос дээрлик тең салмактуулукта жашайт.

Албетте, жашоо шарттын өзгөрүшү этноско эч качан таасир тийгизбейт деп ойлоо жарабайт. Кээде ал ушунчалык күчтүү таасир тийгизгендиктен жаңы белгилер жаралып, аздыр-көптүр туруктуу келген жаңы этностук өзгөчөлүктөр пайда болот. Биз ал өзгөрүштөр кандайча болорун жана алар эмне үчүн ар кандай натыйжаларга алып келерин чечмелөөгө тийишпиз.

Советтик белгилүү изилдөөчү С. А. Токарев тарабынан социологиялык концепция сунуш кылынган. Анда этникалык жалпылык түшүнүгүнүн ордуна “төрт коомдук түзүлүштөгү элдердин төрт түрдүү тарыхый тиби” жөнүндө сөз жүрөт. “Белгилүү бир чөлкөмдө жашаган адамдардын бүт бардыгын камтып, аларды урук-туугандык байланыштар менен бириктирип турган топ — уруу; кулдарды кошпой туруп, кул ээлөөчүлүк коомдогу эркин адамдардан түзүлгөн топ — демос, феодализм мезгилинде үстөмдүк кылып турган тапты кошпогондо, өлкөнүн бүткүл эмгекчи калкынан түзүлгөн топ — эл, капиталисттик жана социалисттик коомдо антагонисттик карама-каршы таптарга бөлүнгөн калктын бардык катмары улут” делинет14. Келтирилген мисал да “этникалык жалпылык” деген түшүнүккө дегеле башка маани берилип, ал айрым бир маселеде, мүмкүн, жардамы тийген менен, тарыхый географиядан, жалпы эле табият илимдеринен сырткары калган. Андыктан бул концепция жөнүндө талашып-тартышуудан пайда жок, анткени бул талаш-тартыш баягы эле этнос деп эмнени айтабыз деген маселеге алып келип такайт. Ал эми сөз жөнүндө талашып-тартышуудан не пайда? Булак: bizdin.kg


Кыргыз