Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Этникалык талаа жана этногенез

Этникалык талаа жана этногенез

Жогоруда биз этностор эки жол менен — дивергенция жана бири бирине кошулуу жолу менен пайда болорун түшүндүргөнбүз. Эмки кеп эң башкы нерсе жөнүндө — этностун орун алмаштырып коюу жолу менен эмес, чыгармачылык жол менен калыптануусу жөнүндө жүрмөкчү. Этногенездин башталыш учуру ар дайым пассионардык чыңалуунун кескин жогорулашы менен дал келет деп биз мурда да белгилеп кеткенбиз. Муну метафора тили менен айтканда, качан гана алгачкы компоненттер, этникалык субстраттар көз ирмемде өз структурасын жоготуп, кайрадан буга чейин болуп көрбөгөн айкалыштарда жаралууга мүмкүндүк берүүчү энергетикалык жогорку чыңалуу учурунда гана синтез реакциясы пайда болот.

Мындай чыңалуу мезгилдерин — б.з. II кылымында — византия этносу, VIII кылымда — бир эле учурда мусулман суперэтносу, тибет жана түндүк кытай этностору, IX кылымда — Европанын орто кылымдардагы улуттары, XII кылымда — моңгол жана чжурчжен этностору, XIV кылымда — великоросстор пайда болгондо белгилегенбиз. Ар бир этностун жаралуусунун алды жагында инкубациялык мезгили болгон болуш керек, бирок аны тарыхый материалдарды изилдөө аркылуу ачып көрсөтүп, сүрөттөп жазуу дегеле мүмкүн эмес. Анан да биз аныктаган мыйзам ченемдүүлүккө ылайык, белгилүү тарыхый этностор гана эмес, деги эле бардык этностор, алардын ичинде калдыкка айланган байыркы этностор да, а түгүл жок болуп кеткен, бирок байыркы булактарда эскерилип калган этностор да дал ушундай жол менен келип пайда болгон деп логикалык жыйынтык чыгарууга акылуубуз.

Арийне, адамзат тарыхы толук түрдө чагылдырылбаганын да унутпоо зарыл. Эгерде, палеоазиялыктардын, тэулчейлердин (патагондор), меланезиялыктардын же кой сандардын (готтентот менен бушмендер) этногенезинин өнүгүү процесстери бизге белгисиз болгондуктан алардын өздөрүнө тиешелүү акматикалык фазасы болгон эмес деп айтууга негиз жок. Тескерисинче, жогоруда биз тараптан аныкталган мыйзам ченемдүүлүккө таянып, бардык этностордун өзүнө таандык баатырдык жана гүлдөө доорлору болгон деп болжолдоого болот. Бирок каардуу замандар ал доорлордун изин калтырбай жок кылган, анын үстүнө ал жерлерде адат-салттар уланбай үзүлүп, жазуу эстеликтери жок болгондуктан кадимки тарыхый усул аркылуу белгилүү бир жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, өзүбүз алдыга койгон максат үчүн жетиштүү боло турган, колдон келген жана зарыл керек болгон нерсени иштөө менен чектелебиз.

Буларды жана буга окшош көптөгөн көрүнүштөрдү жүрүш-туруш адаттарынын максатка ылайыктуулугу жана да өз тагдырыңды өзүң аң-сезимдүү түрдө тандап алышыңа мүмкүнчүлүк бар деген жобого таянуу менен эле түшүндүрө салуу мүмкүн эмес. Бул жерде биз этностун жүрүштурушун, албетте, статикалык жактан детерминдештире турган аң-сезимден тышкаркы, стихиялык процесстерге туш келебиз. Кытай жана көчмөн суперэтностордун “талааларынын” ритмдери ушунчалык айырмаланып тургандыктан, алардын достук байланыштары саясий максаттар менен түзүлгөнүнө карабастан, эч качан бекем болуп узакка созула алган эмес. Бекеринен мындай болуп отурган жок.

Белгилүү бир ритмди башка бир ритмдер менен айкалыштыра келсек, теория жүзүндө же гармония, же дисгармония пайда болушу ыктымал. Биринчи учурда этностор кошулуп кетишет, экинчи учурда бир этностун, же экөөнүн тең талаалары бузулат да, алардын байланыштары үзүлүп, ал талаа ритмдеринин жок болуп кетишине алып келет.

Бирок пассионардык түрткү же дүрт этип жарылуу болгон учурда байланыштары бузулган талаа өзүнө мүнөздүү ритмин жоготот да, мурдагыдан белгисиз жаңы ритмге ээ болот. Жаңы талаанын мүнөзү түрткүнүн (мутация) күчүнө, региондун ландшафттык шарттарына жана ал жердеги популяциялардын генетикалык кодуна, социалдык өнүгүү деңгелине, маданий салттардын туруктуулугуна жана да анын айлана-чөйрөсүндө жашаган этностордун шалакылыгына же агрессивдүүлүгүнө байланыштуу болот. Мунун мындан башка да көптөгөн аныктоочу факторлорун эсептеп чыкса болор эле, бирок биз бул жерде пассионардык түрткүлөрдү жана анын натыйжаларын үстүртөн карай салгыбыз келбеди, себеби аны өзүнчө кеңири баяндоо максатка ылайыктуу болот. Этногенез дегенибиз — термелүү кыймылынын, адатта адегенде кыска мөөнөттүк күчөшү жана андан ары акырындык менен басаңдап барып токтошу, ал эми этникалык карым-катнаштар болсо — этникалык талаалардын вибрацияларынын өз ара аракеттенүүсү. Дегинкисин этникалык тарых бүт бойдон жогорулоолор менен төмөндөөлөрдөн турат эмеспи.

Ошентип, этногенез дегенибиз — биочөйрөнүн табигый процесси экен. Ал кээде гана пайда болуп турат жана дайыма аракет кылып туруучу үч фактор менен бир катарда этникалык тарыхтын компоненттеринин бирин түзөт. Ал факторлор төмөнкүлөр: 1) саясий-социалдык фактор, анткени адамдар ар дайым өз жамаатындагы өз ара мамилелердин белгилүү бир тартибин орнотуп, сактап келишкен; 2) техникалык фактор; себеби эмгек куралысыз адам болгон эмес, болбойт да; 3) географиялык фактор; анткени адам өз жашоосуна керектүү каражаттарды өзүн курчап турган табияттан алып турат. Жердин ландшафттары ар түрдүү болгондуктан, өз ичине адамдарды да камтыган экосистемалар да ар түрдүү болот. Бул үч параметр аркылуу ар кандай гомеостатикалык этносту так мүнөздөөгө болот. Бирок этногенездин динамикасы төртүнчү фактордун — пассионардык түрткүнүн эсебинен ишке ашат. Жер жүзүндөгү мерчемдүү аймактарда кээде болуп туруучу пассионардык түрткүлөр бир эле этнос эмес, суперэтнос деп аталуучу этностордун тобун, т. а. айрым этностор блоктор, звенолор жана курамдар катарында катышып турган системаларды жаратат. Булак: bizdin.kg


Кыргыз