Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эсенгул баатыр

Эсенгул баатыр, Эсенгул Болот уулу (болжолу 1730–35-жылдар аралыгы–1810, азыркы Токмок ш.)  – 18-кылымдын 2-жарымында түндүк (негизинен оң  канат) кыргыз урууларынын башында турган манап. Кыргыз фольклорунда ал жөнүндө  көптөгөн уламыш окуялар айтылып калган. Алардын биринде атасы Болот бийге энеси Таалакени Санчы сынчы сынап алып берип, ал айткан «Бош койкоң» баатыр Эсенгул болгон делет. Аны бешикте кезинде журтка унутуп кетишип, аман табылгандыгы үчүн атасы ысымын Эсенгул баатыр коёт. Эсенгул баатырдын чоң атасы Мааматкул бий 18-кылымдын ортосунда Түндүк Кыргызстан аймагын калмактардан бошоткон кыргыз урууларынын башында турган. Э. калмактар менен болгон бул согушка жаш кезинде катышкан. Уламышта ал 16 жашында биринчи жолу жекеге чыгып, жеңишке жетишкен делет.

18-кылымдын 2-жарымынан Түштүк Жетисуу аймагынан Жуңгар калмактарын сүрүп чыгарышкан казак-кыргыздардын ортосунда жайыт талашуу чатагы ырбайт. 1771-жылы Орто Жүз казактарынын султаны Көкжал Барак (Сан Барак) кыргыздарга жортуул жасайт. Ал Чүйгө келип, Шамшы аркылуу Кочкорго түшкөн. Эсенгул баатыр жетектеген кыргыз аскери Барактын 17 миңге жеткен колун Кочкоратага жакын жерде талкалап, султанды  өлтүрүшкөн. Бул салгылашка Эсенгул баатырдын аталаш агасы Черикчи Темир уулу да катышып, Эсенгул баатырга жардам берген. Эсенгул баатыр кыргыздардын чегара жерлерин казактардан сактоо максатында, саяктын катаган уругун башкарган кан Садырды Кетментөбөдөн Таластын оозуна көчүрүп келген. Улуу Жүз казактарынан жылкы тийип алып турушкан кыргыздардын саяк жана солто урууларын   282 жазалоо максатында  Абылай хан 1779–80-жылы кыргызга жортуулга чыккан. Ал Чүй суусунун аягындагы Түйүшкөн деген жерде солто уруусунун талкан уругунун жана таластык колпоч уругунун колун талкалап, талкандардын башкаруучусу Жайылды балдары менен чогуу өлтүргөн. Таластын башы Сарыбелдеги саяктарды да чапкан, Садырды баласы Доскулу менен экөөнү  колго түшүрүп  өлтүрткөн. Абылай ханга кыргыздардын каршы күрөшүн Эсенгул баатыр жетектеп, аны менен тынчтыкка келишүү үчүн сүйлөшүүгө  солто Жамансарт уулу Түлөбердини элчиликке жиберген. 1785–86-жылы казак султаны Бердикожо кыргызга кол салганда Эсенгул баатыр баштаган кыргыз аскери Бердикожонун колун талкалап, өзүн өлтүрүшкөн. 1786-жылы казак султаны Канкожо менен кыргыз башкаруучулары Эсенгул баатыр Атакенин ортосунда жарашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп, казак-кыргыз арасы тынчыган.

Эсенгул баатыр алп денелүү  адам болгон, согушта көп баатырдык көргөзгөн. Эл ичинде «чоңдугу Эсенгулдай» деген ылакап сөз тараган, «казык моюн Эсенгул» деп да аташкан. 1786-жылдан кийин Эсенгул тууганы  Атаке баатыр менен чатакташып кетет. Атаке  Эсенгул баатырга таарынып, Ысык-көлгө көчүп кеткен. Эсенгул баатыр Кокон мамлекет менен да мамиле түзүп турган. Ал 1791-жылы уулу Кубат менен жантай уругунан Асанды Кокондун башкаруучусу Нарбото бийге элчиликке жөнөтүп, ага 18 күлүк ат тартуу берген. Эсенгул баатырдын 9 аялынан 20 эркек уулу болгон. Эсенгул баатыр, Эсенгул Болот уулу (болжолу 1730–35-жылдар аралыгы–1810, азыркы Токмок ш.)  – 18-кылымдын 2-жарымында түндүк (негизинен оң  канат) кыргыз урууларынын башында турган манап. Кыргыз фольклорунда ал жөнүндө  көптөгөн уламыш окуялар айтылып калган. Алардын биринде атасы Болот бийге энеси Таалакени Санчы сынчы сынап алып берип, ал айткан «Бош койкоң» баатыр Эсенгул болгон делет. Аны бешикте кезинде журтка унутуп кетишип, аман табылгандыгы үчүн атасы ысымын Эсенгул баатыр коёт. Эсенгул баатырдын чоң атасы Мааматкул бий 18-кылымдын ортосунда Түндүк Кыргызстан аймагын калмактардан бошоткон кыргыз урууларынын башында турган. Э. калмактар менен болгон бул согушка жаш кезинде катышкан. Уламышта ал 16 жашында биринчи жолу жекеге чыгып, жеңишке жетишкен делет. 18-кылымдын 2-жарымынан Түштүк Жетисуу аймагынан Жуңгар калмактарын сүрүп чыгарышкан казак-кыргыздардын ортосунда жайыт талашуу чатагы ырбайт. 1771-жылы Орто Жүз казактарынын султаны Көкжал Барак (Сан Барак) кыргыздарга жортуул жасайт. Ал Чүйгө келип, Шамшы аркылуу Кочкорго түшкөн. Эсенгул баатыр жетектеген кыргыз аскери Барактын 17 миңге жеткен колун Кочкоратага жакын жерде талкалап, султанды  өлтүрүшкөн. Бул салгылашка Эсенгул баатырдын аталаш агасы Черикчи Темир уулу да катышып, Эсенгул баатырга жардам берген. Эсенгул баатыр кыргыздардын чегара жерлерин казактардан сактоо максатында, саяктын катаган уругун башкарган кан Садырды Кетментөбөдөн Таластын оозуна көчүрүп келген. Улуу Жүз казактарынан жылкы тийип алып турушкан кыргыздардын саяк жана солто урууларын   282 жазалоо максатында  Абылай хан 1779–80-жылы кыргызга жортуулга чыккан. Ал Чүй суусунун аягындагы Түйүшкөн деген жерде солто уруусунун талкан уругунун жана таластык колпоч уругунун колун талкалап, талкандардын башкаруучусу Жайылды балдары менен чогуу өлтүргөн. Таластын башы Сарыбелдеги саяктарды да чапкан, Садырды баласы Доскулу менен экөөнү  колго түшүрүп  өлтүрткөн. Абылай ханга кыргыздардын каршы күрөшүн Эсенгул баатыр жетектеп, аны менен тынчтыкка келишүү үчүн сүйлөшүүгө  солто Жамансарт уулу Түлөбердини элчиликке жиберген. 1785–86-жылы казак султаны Бердикожо кыргызга кол салганда Эсенгул баатыр баштаган кыргыз аскери Бердикожонун колун талкалап, өзүн өлтүрүшкөн. 1786-жылы казак султаны Канкожо менен кыргыз башкаруучулары Эсенгул баатыр Атакенин ортосунда жарашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп, казак-кыргыз арасы тынчыган. Эсенгул баатыр алп денелүү  адам болгон, согушта көп баатырдык көргөзгөн. Эл ичинде «чоңдугу Эсенгулдай» деген ылакап сөз тараган, «казык моюн Эсенгул» деп да аташкан. 1786-жылдан кийин Эсенгул тууганы  Атаке баатыр менен чатакташып кетет. Атаке  Эсенгул баатырга таарынып, Ысык-көлгө көчүп кеткен. Эсенгул баатыр Кокон мамлекет менен да мамиле түзүп турган. Ал 1791-жылы уулу Кубат менен жантай уругунан Асанды Кокондун башкаруучусу Нарбото бийге элчиликке жөнөтүп, ага 18 күлүк ат тартуу берген. Эсенгул баатырдын 9 аялынан 20 эркек уулу болгон.


Кыргыз