Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Энисей кыргыздары

Энисей кыргыздары

(Азыркы хакастар)

1399-жылында монголдун Элбек деген ханын өлтүрүп, зор хан болгон ойрот ханы Өгөөчү Хашимди кээ бир тарыхчылар кыргыз дейт. Кыргыз карыялары ойрот менен калмакты эки урук эл деп, калмак менен дайым согуша келгенин билдирип, ойрот менен согушпастан жакын жүргөнүн айтат. Жана аны көтөрүп сүйлөйт. Маселең, «ойротто жок сулуу — сулуу экен», «оң далысы кең экен, ойротто жок эр экен» жана башкалар. Айтылуу «Манас» эпосунда дагы ойрот деген душман эмес экендигин көрсөтөт. Буга караганда кыргыз менен ойрот насил жакындыгы же саясый тараптан эски заманда бирлешип тургандыгын көрсөтөт. Эртиш дарыясынын эки жагын бирдей ээлеп, эл-журтка өкмөт жүргүзүп тургандыгы билинет. Жооруда айтылды эле: кан ичер Чынгыз хан заманында кыргыз үчкө бөлүнүп бири Саян тоосун аша, азыркы Абакан жана Минусунскийге барып туруп, Чынгыз хан залим Орто Азияны 1219 — 24-жылдар арасында, Хан дарыясына айлантканда кыргыздан Мамык хандын уулу Тайбука Хан келип, кыргызга хан болуп турмак үчүн Чынгыз хандан жардык алып кеткен деп. Аныгы ушул кырГЬ13дардан болуу керек. Алардын XVII кылымдагы тарыхы төмөндө көрсөтүлдү.

Энисей кыргышынын тарыхына  Сибирь архивдеринде жакшы маалымат берилген. Орус менен ойроттун арасындагы саясий  кабарларды  айта келгенде анда кыргыз соктукмайын койбойт.  Соңку заманда ал тууралу орус профессору Котвич 1921-жылында таптыштаганы бар. Сибирь тарыхын биринчиден 1750-жылы текшерген г.Миллер болгон. Жана кыргыз тууралуу эн соңку таптыштаган 1925-жылындагы Н. Н. Кузьмин болгон. Кузьминдин айтуусуна караганда Тобо, Эзер, Алтыр жана Алтысар делип,  кыргыз төрт хандыкка бөлүнгөн Турган жери Энисей жакалары болгон. 1618-жылыНдагы орус элчиси Иван Петлиндин сөзүнө караганда Хомскийден кыргыз  жерине жете тез жүрүш менен он күндүк жол болгон. Кыргыз жеринен Авакан жерине жете алты күндүк жол болгон. Авакандан Кемчикке Энисейдин башы 9 күндүк жол болгон. Кемчиктен Омский көлүнө үч күндүк болгон. Петлинден мурун кыргыз жерин аралап жүргөн орустардан: Василид Туманец жана Иван Петров болгон. Бүткүл кыргыздын башына караган каны Немек болгон (Петлин Неменей дейт). Немекке хандык атасынан калган. Анын алдында Нанчу жана Кору деген эки хан болгон. Кыргыздын жеринен нары табын эли болгон. Туманецтии айтууна караганда бул дагы кыргыз жери. Бирок бөлөк туруп, чөп оозун кыргыз ханына жана Алтан ханга Төлөп турат деген. Петлин кыргыздын ханы Немектин Турган ордунан чыгып, Алтан хандын жеринин чегине бир жарым күндө жеткен. Туманеңтин сөзүнө караганда Тобо кыргыздарынын кою жана ую болбосто Жылкысы гана болгон. Орустун айтууна караганда Алтыр хандыгы  болгон. Энисей шаары (1618-жыл) Кызыл Жар шаары (1627-жылы) салынбастан мурун орус менен сүйлөшмөк үчүн 1608-жылында салынга Томск шаарына келген. Бир кабарда 1604-жылыңда  Томскийге  кыргыз княздары

Номчу менен Көчүбай кызматчыларын ала келген. Томскийге Номчунун катыны менен Көчүбайдын баласы ак үйлүү калтырып, алардан касам алып жиберген. Ошол кезде Номчунун катыны Көчүбайга күнүлүк кыла баштап, ошон үчүн Номчу Алтын хан менен Кытай падышасына кетмек болгон. Бирок кете албай калган. Көчүбай кыргыздын баштыктары ноён Комко жана Обройду жиберип, орус падышасына карамакчы болгон. Кийин эки ортосу бузулуп, Томскийдеги орустун улугу Номчунун катынынын булгун ичигин тартып алган. Ушул үчүн Номчу орус менен жоолашып, оруска караган гүлүм татарларына чабуул кыла баштаган. Жана кыргыз менен согуш кыла баштаган. Миллердин сөзүнө караганда орустар кыргыздарды каратууга эч күчү келбеген.

1614-жылында кыргыздар Том шаарына чабуул кылган. 1615-жылында орустар кыргызга уруш салйй, . максатына жетпеген. В. Туманский жана И. Петров 1616-жылында, Иван Петлии 1618-жылында кыргыз жерин аралап, эч залалсыз Монголия жерине өтүп кеткен. Кыргыз ханы Немек Петлиндин тапшыруусу боюнча орус падышасына баш иймек болгон.

Мурун, 1613-жылында Том воеводасы кыргызга Василий Ананийин деген көпөстү Лука деген тилмечи менен жиберген. Ананийин кыргыз князи Корону Алтан ханга жиберген. Туманец менен Петров кайта кетип бара жатканда Корону Алтан хандын элчисине кошуп, Москвага жана өз элчисине жиберген. Ушул кезде Алтан хан кыргыздын сөзүн албастан, тынчы жок кыргызды басып беремин, — деп оруска убада берген. Ушул себептен оруска карамакчы болуп, Алтан хандын элчиси менен өз элчисин жиберген. Алар 1619-жылы Тобольскийге келип, андан 1620-жылы Москвага келген. 1620-жылы октябрь айында кыргыздын элчилерин кайтарып, Томскийден кыргыз чегине жете кайтадан узатып жиберген. Мындан ойротту жеңип алгандан кийин Алтан хан көтөрүлүп, орус менен сүйлөшкөнүн коюп, кыргызды кол алдына караткан. Ошондон баштап, кыргыздар кайтадан оруска4 аламан кыла баштаган. Орус менен кыргыздын арасындагы сөз өз бетинче жүрүп турган. Ойроттор Алтаң ханды жеңип алгандыгы үчүн 1630-жылында күчү абалкыдан күчөгөн. 1634-жылында Алтан хан Саян тоосунан аша оруска карамакчы болуп, анын чегиңе өтүп, орус жерине барган. Орустун айтуусу боюнча

Алтан хан орус менен кыргызды келиштирмекчи болгон. Бирок 1635-жылында ошол тууралу келген Лама эч бир иш чыгара алган эмес. Кыргыздар ойроттун ыгына кирген. Ал кезде ойроттун баштыгы 1635-жылында Коңтажы титулун алган Батур болгон. Ойроттор 1633—34-жылдарда орус шаары Кузнецкийге кол салган. Кыргыз Алтынсары князына караган.

Кыргыздар ойротко ишенип туруп кийин өкүнүчтө калган. 1641—43-жылдарда Батур кыргызды өз кол алдындагы элден санаган. Кийин Алтан хандын иши илгерилеп, кыргызга чөп ооз салганда Батур жардам бере алган эмес.

1648-жылында ошол Бектеней орустун кол алдына караган 1652-жылында Алтан хан менен анын баласы Ложан кыргызга чабуул кылган. Ушул жолу кыргыздар жардам сурап Кызыл Жардагы. оруска келген. Орустар сөз менен жардам берсе да, Алтан хан кайта кеткен. Ложан атасынын тирүү чагында өкмөттү колуна алып, орус жана кыргыз менен согушун жаңырткан, Авалында максатына жетип, Томскийге барган чакта Алтаң хандын атасы (хан атасы) өлгөндүгүн угул, өз өкмөтүнөн ажырабас үчүн кайта келген. 1660-жылында замандын түрү орус пайдасына өзгөрө баштаган. 1653-жылында Батур өлгөн соң саясы жагынан ойроттор бошой баштаган. 1666-жылында Сенче коңтажы оруска карамакчы болуп, ошол жылы жардам сурап. өзүнүн кишисин Томскийге жиберген. Бирок ушул чакта кыргыздан биринчи жана эң соңку кубаттуу эр Номчунунн небереси Эрнек чыга келген. Бул Эрнек 20-жылы үзүлбөстөн Кызыл Жар, Ача, Кузнецкий, Томский, Канский, Энисейский шаарларынн коркунучка түшүрүп турган. Бул 1680-жылдарда өлгөн. (Демек, Күчумхандан соң орус оторчусуна кайрат кылган Шиберде кыргыздар болгон). Эрнек авалында Ложандын кол алдында саналып турганда, орустар андан Эрнекти бергин деп тилеген. Ойроттор Ложанды колго түшүргөндө мурун кыргыздар 1671-жылында өлгөн коңтажы Сенчеге карап туруп, андан кийин анын тууганы Талканга карап турган. Мунун доорунда ойроттор көчмөн . мамлекеттин биринчиси болгон. Энисей жана Тянь Шань кыргызы менен туткакташып жүргөн ойроттор болгон. Ушул заманга жете ойроттор болсун, жана тарыхчы орустар, жавропецтер бул эки жердеги кыргыздардын арасын салыштырып текшерген эмес.

Бул эки жердеги кыргыздар арасында катыш мамиле болгон эмес. Галдан 1680-жылдарда кыргыз менен согушкан болсо, 1670-жылы өзүнүн душманынан качып, Энисейдегн кыргызга коргологон. Калмактын андан кийинки контажысынын баш ордосу Тянь Шандагы кыргызга чектеш, Иленин боюнда болгон. Галдан орус менен тыт туруп, Томский, Кызыл Жардагы орустардан кыргызды тынч коюнуз, мен кыргызды сиздерге каршы аламандан тыямын деген.

Ойроттун жардамы аркасында 1673—74-жылдарда кыргыздар орус менен согушкан. Эрнек 1678—80-жылдарда орустун элчисине кабыл кылган. 1684-жылында Томский, Энисей, Кызыл Жардагы оруска согуш ачмакчы болгон. Бирок бул чакта анын Москвадагы элчиси келип калып, согуш токтогон. Эң соңку урушу (Шандык деген баштыгынын) 1691—92-жылдарда болуп), ал өзү Эрнектин союзунан эсептелет орус менен Эрнек катышып турганда ойротчо жазуу, (өзүнчө жазуу болбогон) жиберген.

1703-жылында оруска мындай кабар болгон: «2500 калмак кыргыз жерине келип, бүткүл кыргызды айдап кеткен. Жеринде бир да кыргыз калган жок». Бул кабарга авалында ишенбестен, акыры ырастыгына көзү жеткен. Ушул үчүн XIX кылымдагы Радлов болсун, XVIII кылымдагы Миллер болсун, «кыргыз жалпы кетти, жаки аз-аз жеринде калып,. анын жерин жаңы келген орустар менен кошо бирөө ээлеп кеткен», деп ойлойт. Миллердин пикири: кыргыз ушул чакта Сибирден бир жолу кеткен. Кузьминдин ою боюнча кыргыздын жартысы кетип, андан дагы чачырап, бирин-серин келгени болгон. Кийин ал жердеги эл МинусиЬский татары жана хакас аталды.

Кандай болсо да Энисей кыргызы ошону менен бүткөн. Ал жердеги элдин айтуунда дагы кыргыз элинин бүтүн кеткенин кеп кылышат. Сагай арасындагы кыргыз уругу албетте мурунку кыргыздын калганы. Радлов ал жердеги элден мындай кабар тапкан: кыргызга алым алабыз деп. 300 аскер келсе, бир жылга жете эч кабар болбогон соң Контажы казак менен уруттан (кыргыз) миң аскер жиберген. Ал аскердин баштыктары ким күнөкөр экендигин текшербестен, кыргызды бүткүлү менен Коңтажыга алып барган. Аз гана киши жашынып калып кутулган. Омбулагы архивдин кабары боюнча  Валиханов мындай

1746-жылында Усть Каменоторский шаарына катынбаласы менен кыргы-зкалмактан 12 киши келип, (анын сөзү — мындан 50-жыл мурун) бир кабарда 3 мин түтүн, бир кабарда 25 миң түтүн кыргыздарды калмактын Духар, Сандык, Чынбан деген зайсандары 500 киши менен келип, күч менен алып кеткен деп. Андагы тургун эл жериндеги көрүстөндү кыргыздыкы дешет. Жана аларда эзелден келе жаткан сөзү: кыргыз деген баатыр журт туруп, согушта өлгөнүн көмгөн дейт. Радловдун шакирти Майнекишевдин берген кабарында Авакан суусунун төмөнкү агымында качы, элинин арасында кыргыз барлыгын айткан. Жана мурун кыргыздын жакшы жайылып кеткенин айтып, мындай ыр чыгарган дейт:

Кырк келишимдүү чуңкурчак (өзөн)

Кыргыздын сөөгү жатпаган өзөн бар бекен?

Тоого чыккан кырк кайында,

Кыргыздын балтасы тийбеген

Кайың бар бекен, — дейт.

Бул ырга караганда ачыктан-ачык бир күчтүү элдин каран-кайгы күндөр менен кырылып бүткөндүгүн көрсөтөт.

Бул тарыхты жазган Белектин пикири:

Бул айтылган 3 миң түтүндү ойроттор айдап келип, Балкаш көлүнө таштаганда андан көбү туш-тушка тарап кеткен. Ал жөнүндө жогоруда жазылган. Бул сүрүлүп келген кыргыздардан Тянь Шань кыргыздары ал кезде Анжиан, Алайга качып кетсе да, аркадагы чачырап калган кыргыздарга кошулгандары бар. Маселен, азыркы кыргыз арасында калмак деген эл төрткө бөлүнөт.

1. Калмак менен кыргыз согушканда кыргыз жеңилген. Калмактар кыргыздын келин-кыздарын, балдарын олжолоп алып кеткен. 20—30-жылдан соң алардан кайта качып келгендин тукуму.

2. Кыргыз Анжиан, Алайга качып келгенде калмактын малын багып, оокат кылып жүргөн, Кыргыздан кээ бирлери калмак, кыргыз жеринен сүрүлүп кеткенде эриксизден калмак ала кеткен. Көбү анда калып, кээ бирлери кайтадан качып келгендин тукуму. Мындан туугандары издеп таап, кайта алып келгендин тукуму.

3. Калмак менен согушуп жүргөндө аттан түшүрүп калгандардын тукуму.

4. Кыргыз кайтадан бул жерде Алайдан келип орношуп туруп, калмактын артынан куба барып, жылкы тийип. Кыз-келинин алып, эркектерин олжолоп келген, Ошолордун тукуму.

5. Эртиш, Энесейден оодарылып. келген нече миң түтүн кыргыздар мурун Иле, Талас .боюнда туруп, көбү туш-тушка тарап кеткен. Бирин-серин кыргыз келип туруп калганы да көп. Мына ошолордун тукуму. а) Калмак менен кыргыз көп заман аралашып жана сөөктөшүп, катышып кеткен тууралу, алардын бир далай расими кыргызда азырында көп. Маселен, кут коюп алуу, чырак жагуу, отко май салуу, мазарга чүпүрөк байлоо, арак тартуу, келинди жүгүнтүү, зампырташ кылуу, калмак алыш, калмак күүсү ж. б. Кыргызда аттарын калмакча койгону бар. Маселен, Ашрахан калмактары Эртиштин боюна IV кылымда көчүп барган. Алардын Мончок деген ханы 1646-жылында туулуп, 1724-жылында өлгөн. Айуке деген ханы бул чактагы калмакка келип кеткен. Ошол чакта туулган үчүн сарбагыш уругунан Бөрүчөктүн катыны эркек бала тууп, атын Айуке койгон. Азыр да 70 түтүн чамалуу эл Чүй районунда турат. Жана көбөгөн, тайчы башкалар.

Азырынча хакас адабияты (Октябрь революциясынан мурунку) орус оторчусуна карабас үчүн согушуп жүрүп, өлгөн Казнабектин ыры: (Төгөйгөч, Какдыгас, Казнабек деген үч бир тууган болуп, эки агасы оторчуга карап кетип, Казнабек карабастан урушуп жүрүп, орустун колуна түшкөндө дарга тарткан).


Кыргыз