Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ЭҢ ЭСКИ КЫРГЫЗ

ЭҢ ЭСКИ КЫРГЫЗ

Кыргыз — фин, могол, гунь элдеринен куралган эл. Көбүнчө биздин эрадан 500-жыл мурун түн жак кытайдан келген «динлин» уругунан, бир кабарда «динлинди» эски заманда Орто Азиядан Алтай, Орол ортосуна барып бирлешкен «арилердин», эски карыялардын: Кыргыз — Алтай-Кангайдан келгенбиз, — деген сөзү жалган эмес. Эски түрк кыргызды тууганым дебеген. Кыргыздын тили уйгурдукундай болгон. Биздин эрадан 206-жыл мурун болгон кытайдын Улуу ханы деген падышасынын тарыхын жазган Баньгу деген кытай болгон. Баньгу биздин эранын 92-жылында өлгөн. Бул тарыхчы да кыргыз Гянь-Гунь2 аталган дейт. Бул Гянь-Гундар биздин эрадан 206-жыл мурун өзүнчө мамлекет болгон. (Ал 206-жыл мурун өзүнчө канчалык мамлекет курганы, кандай турмушта болгону тарыхта кабары жок).

«Киггис» деген түрк уругунан болгон эл биздин эрадан 2000-жыл мурун египетти (Мисир) караткан. Кытайлар кыргызды кыйкыс деп жазган. Ойго келет, балким «кикис» кыргыз болбосун деп.

Кытай тарыхынын атасы аталган биздин эрадан 99-жыл мурун жазылган Шиңзи деген тарыхта түрктүн «Гунь» аталган уругу биздин эрадан 201-жыл мурун «Гэгунь» (Кин-Кин) деген  элди  караткан деп Сы Ма Цяня айтат. Транскрип жазууга салып Кин-Кин деген сөздү текшергенде «кыргыз» болуп чыгат. Кин-Кин — Гян-Гунь аталып кеткен. «Гян-Ким» деген сөз болуп, эски түрктөр Енесей дарыясын «Кем» деген.

«Гунь» — Орхон дарыясы болуп, аны кытайлар Гунь деген. Демек, Гян-Гунь, Кем — Орхон дарыялары — жердин аттары болуп чыкты.

Кем, Орхон дарыяларын эң эски заманда финмогол жана түрк уругунан гунь деген эл жердеп тургандыктан, кыргызды финмогол гунь уруктарынан куралган эл деп айтууга мүмкүн, Кыргыздын турган жерлери: Енесей дарыясынын тегереги, Уранкай, Саян тоолору, аягы Алтай тоолору Тибет болуп, ортосу Енесей баштары болгон, Енесей дайрасынын башында: Кемчик, Ситкем, Бомкемчик, Кукем, Бейкем, Улукем, Кизикем деген туура суулар бар.

Уранхай деп кытай могул атаган. Уранхайлыктар өздөрүн «төбө» дейт. Биздин эранын 78 кылымдарында «Дөбө» аталган азыркы Енисейдин башындагы «таву» — «туви» республикасы — Енисейдин башында «Кем» аталган суулар көп болгондугун жогоруда көрдүк. Атактуу тарыхчы Абулгазы мындай дейт: «Кыргыз өкүм гумжут элинин зикири. Угузхандын Кыргыз исимли бир небереси бар эле, шунун насилинен эди, хамма бул убакта кыргыз наслинен кишилер аздур. Моголдон татардан войгайри уруглардан айванларын асырмак үчүн от ва суу издап келип, кыргыз журтуна барып отуруп кыргыз исмини көрмүшлардур. Узлари кайсы уруктан экенин билалар; кыргыз кинимжут эки волоят болуп бир-бирине якинлардур, бир тарабы салангир симли, иккинчи тарабы анкара муран исимли, экиси хам улук агын сууларду. Абир ва Сибирь деген эки волоят бар, кыргыз журту аңга якындур. Кыргыз эли төрөсүнү «айнал» дээр эли, могол ва тажик падыша деген кеби. Ол убакытта төрөлөрү «ирис айнал» деген кемса эди. Чынгыс хан Бура деген немсени элчи кылып маңга табик болсун деп, кыргыз элине жиберди. «Ирис айнал» элчини жакшы сыйлап, өзү бармай көп бөлөксалак ила жакшы кишилерни кошуп жиберип баш салды. Бөлүклөрдүн машгури бир оягы ва бурни, ва көзү кызил ак шумкар куш эди»


Кыргыз