Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Экинчи согуш. Төрөгелдинин колго түшкөнү

Кийинки 1855-жылы сарбагыштар жеңил үй, алачык кылып бугу менен согушмакка көлдүн башына келген. Бугулар Каркырага бет алып көчкөндө, артынан сарбагыш кошо жөнөгөн. Дуулат чапырашты казагы сарбагыштын тилегин тилеп, көмөк болуп албан, субан, кызылбөрк болсо бугуга жардам болуп, Каркырага барганда казактан кызылбөрк уругунан Тазабек бугу, сарбагышты элдештиремин деп арага түшүп, жарашууга эки жагы макул алганда бири-бирине чабуул кылбастан токтоп калган. Урушту токтотууну Төрөгелди жактырбаган. Төрөгелди болбосо бугу менен тең болуп, Эсенкул уруша албайт эле деген ушак сөз элди аралап кетип, ал сөзгө Үмөталы, Калыгул, Шамен, Адил, Абыкан тырчыйып, намыстанып жүргөн. Бул себептен биз. Бугу менен жарашабыз десек, Төрөгелди жалаң өзү урушам деп ойлобос жана да бугу менен жараш сөз Тазабек аркалуу чыңдалып, убада болуп калган кезде кырк жигит Бектен менен Надырбектер түн ичинде барып, бейкут жаткан бугунун бир айылын чаап алат. Элдешмекке убада кылып, казак, кыргызга сөзүн берип турса, кайтадан бузук салганы ылайык эмес деп, калган сарбагыш, саяк макул көрбөгөн. Бугу жапырт көчүп бир конуп, согушка камынганда ичинен арык тукуму урушпастан чыккан. Черикчи эли чогулуп, Төрөтелдиге: «Эсенкул туугандарың урушпаска бугуга сөз бериптир, биз дагы урушпайлы», — дегенде; «Катын ушагынарды уруш кезинде да койбойсуңар», —деп Терөгелди кайнап турган жан казанды тээп жиберген. Уруш болуп, бугулар көчүп калганда Балбайдын көчү Төтөнүн күн батышы Серкеш кашасы деген жерге барган кезде согуша-согуша черикчи эли көчкө жакын кирип барган. Мундузсейит менен Шербото коштоп жүрүшкөн Төрөгелдини: «Эсенкул тууганыңдын колу гана келген жок, баяты ушак эмес, чын болбодубу»,—дегенде Төрөгелди өкүрүп-бакырып: «Атымдын башын коё бер!» деп, өз атын башка чаап жибергенде, Шербото: (бир тууганы) «Өл, доңуз! — деп коё берген. Төрөгелди качырып, артынан черикчи эки каптаганда булардын бири Балбайдын көчүнөн бир келинди коштогон. Келин: «Өлгөн атам өлгөнбү!» — деп чыңырып жибергенде муну угуп Балбай баштык бугулар каптап калган. Балбай, Өзбек, Кашка, Тагай, Эрдене ар кайсы жерде чачырап, бет-бетинен чабуул коюп келе жаткан сарбагыштан бир нече кишини ыргыта сайганда, черикчи эли менен бугулар, көбүнчө Токой уулу бетме-бет былчылдашкан. Бул чакта Эсен: кулдан келген бир аз киши согушпастан тегирменди көлөсү бар жылгага бурулуп калган. Ошондо Төрөгелди бугуну жапырып, качырып бир капталын жарып чыгалы деп, кызык урушуп жатканда Төрөгелдинин минген аты жыгылып, жөөлөп калган. Бугулар тегеректеп кетип, черикчилер аларды сүрүп чыгып, Төрөгелдини кайтадан атка мингизген. Жана согушун жүргөндө Төрөгелди аттан жыгылып, буту ийин не чаба түшүп сынып калган. Черикчи урушун токтотуп, Төрөгелдинин үстүнө кирип келгенде Төрөгелди «мен болбой калдым, жолуңар болсун, жүрө бергиле дегенде черикчи эли уруша-уруша Төрөгелди кол түшкөн.
Бектен менен Ыбыке кечке согушуп, бүткөн бою кекиртегинин күрөөсү, көк шилисинде найза менен абалта тийбеген жерлери жок болуп, беттери кандан көрүнбөй, таанылбай калган. Күн батарда качып жөнөшкөн. Булардын Бектен менен Ыбыке экенин Бабай билген соң: «Бали, анык Кылжырдын сийет экен», — деген. Төрөгелдини кичи Зарпбек деген колго түшүрүп, муну айтсам эл өлтүрүп коёт деп, үч күнгө чейин айтпаган. Төрөгелди ушул айылдын тегерегинде аттан ажырады эле деп, ал айылдын жанына эл келгенде Төрөгелдини төөнүн кому менен жаап койгон. Мындан он күнү мурун кыдык Намазбек баатырды сарбагыштар өлтүргөн. Бул уруш теке айынын аяганда болуп, сарбагыш күндөп-түндөп кайта көчкөн.. Бир далай мал-мүлкү бугуга түшкөн. Качып келе жатканда өздөрү бир-бирин талап аламандап келген. Бугулар көбүнчө черикчи эли менен саякка ызаланы калып, аларды тескей жагы Шарпылдак, күңгөй жагы Кетсеңирге чейин кубалап келген. Көп кишини Балба колго түшүрүп: «Саяк болсоң, чыга бер, тийбеймин сарбагыш болсоң бөлүнгүн», — дегенде мен саякмын деп бөлүнгөн бир тобун бугу, сарбагышка тең эле журт эмес белең, саякка мен эмне кылгамын, — деп аларды кырып таштаган. Төрөгелдинин бутун «таңуулап, жакшы багып турган. Төрөгелдиге бугудан союш коюп келген. Бугу токооруп калган кезде Балбай келип; «Кандай баатыр, бутуңуз жакшы болдубу?» деп бутун көтөрүп туруп таштап койгондо, буту дагы сынган. Көчкөндө Төрөгелдини жүккө танып көк букага артып, көлгө шыкап жиберген. Бука сүзүп чыгып бара жатканда күрдүрмөт менен Балбай атып жибергенде, Төрөгелди: «Мен корккондой Балбай,, сен эмесмин» — деген.
Сарбагыштан Шамен менен Ботокан бир жыл чамасында бугуга барып, бугунун бүткүл сарбагыштагы кыз-келинин жыйып бермекчи болуп, өлгөнү эки жагыныкы өрөл колго түшкөнү болсо, сатыгы — манап 100 байтал, букара 40 байтал бермекке убада токтотуп, Ормон Нышанын Мурзасы, Намазбек, Албек баатырлардын куну аткез болуп, башка канчалык каны төгүлүп кыйраган кедей-чарбанын тагдыры бир ооз кылынбастан Төрөгелдини алып кайткан. Анын айылы Кочкордун Чекилдегинде болгон. Төрөгелдини бугу бошоткондо сарбагышта туткунда болгон коңур ат уругунан Энтер баатырды дагы бошоткон. Жетим-жесирин, бүлөөлөрүн дагы бошоткон. Төрөгелди колдо жаткан чакта солтодон Корчу, Байтик, Абайылда баштык бир жүз киши сарбагышка келип, бугудан барып жылкы тийели дегенде сарбагыштар биздин арабызга жараш сөз аралап калды, биз барбайбыз дегенде булар барып, Жыргалаңдын Каркыра жакка бети Көкжар Турук деген жерден Солтонкулдун 500 чамалуу сур. жылкысын тийип бара жатканда анын Бекмурза деген катыны сураганда бир атан төө жана бир ат берип өзүн тонобой кеткен, Солтонкулдун саяк уругунан Карабай деген жигити чу коюп келип, солтонун алдын тосуп атып турганда Корчу качырып барып найза менен көмөлөтө сайып, мылтыгын эңип жөнөгөн. Ормондун окуясында бугу, саяктын баатырлары, бийлери, байлары болуп айтылгандар: бугудан Мураталы, Боронбай, Өмүр, Балбай, Тилекмат, Токсоба, Жанек, Берикбай, Эрдене, Солтрнкул, Аким, Кана, Мырза, Намазбек; саяктан Алыбек, Нурдөөлөт, Жолболду, Жантай; Надырбектен Татыбек, Кудайменде, жырык Ташыбек жана Эрдана; сарбагыштан Үмөталы, Калыгул, Шамен, Майтык, Түлкү, Ырыскулбек, Акылбек, Акил, Адил, Абыкан, Төрөгелди (Келдибек чыны дөөлөт саяк), Шербото, Бектен, Ыбыке Жантай (чоң урушта Төрөгелди колго түшкөн да жок). Саадабай, Сейит. Бугу, сарбагыштын бузугунун аягы Төрөгелдинин колго түшүп, анын бошоо менен токтолуп, эки ортодо кедей-дыйкан орто чарбанын мал-мүлкү таланып, эң азында эки тараптан 800 челик азамат өлүп, булардан бир кишинин аты дагы антылбайт жана жүздөгөн кыз-келин колго түшкөн. Кан ичээрлерден болсо Ормон, Мырза, Алыбек, Намазбек төрт залимдин өлүшү менен бүткөн. Төрөгелди бошогон соң бугу, сарбагыштын арасындагы уурулук жана чекене, жылкы тийишкени тыйылбаганы менен бир тараптан араларында кудалык күчөп, кыз алыш, кыз бериш көбөйүп, өтө катышып кеткен. Куда болушса да кара кийип, кан жуткан кул катындардын бетинен тагы кетпей, бугу, сарбагыш абдан ишенип журт боло албай келген.

Экинчи согуш. Төрөгелдинин колго түшкөнү, bizdin.kg


Кыргыз