Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Даанышман тарыхчы

Ар элдин илгертеден эле сыймык тутуп барктаган атуулдары болуп келген. Алар өздөрүнүн кеменерлиги, акылы, көсөмдүгү боюнча элге алынып, учур-дагы кысталыштыктарга, кыйынчылыктарга моюн бербей, күч аракетин, мүмкүнчүлүгүнүн баарын калайык-журтуна жумшап, элинин ой-мүдөсүн аткарууга бел байлап келген эр. азаматтар, Ошондой эр азаматтар элдин даңкын, жердин атын чыгарган. Кыргыз элинин дал ушундай мыкты азаматтарынын бири. алгачкы тарыхчыбыз, окумуштуубуз, агартуучу-буз, акыныбыз — Белек Солтонкелди уулу Солтоноев болуп эсептелет. Бул адам кыргыз кыргыз катары жашап турганда ысмы сыймык менен аталып, тарыхыбызда алтын тамга менен түбөлүк жазылып каларына ишенебиз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Б. Солтоноев кыргыз тарыхын жазууга, адеп бел байлаган даанышман адам. Белек аксакалды даанышман деп тайманбай, жалтактабай айтууга толук акыбыз бар.

Б .Солтоноевдин колуңуздардагы эмгеги кыргыз элинин басып өткөн узак жолунда эн биринчи жолу жазылып, ал көптөгөн мезгил бою катар-катар темир сандыкта жатып, аны алып окуп, үйрөнүп, таалим алмак тургай, Б. Солтоноевдин атын атап, жөнүн жөндөөгө тыюу салынып келген. Себеби, окумуштууга 1937-жылы эл душманы катары жалган жеринен кара көө жабылып, 1938-жылы атылып кеткен. Анын жарык дүйнө менен коштошууга бирден бир себеп ушул эмгеги да «айгак» болгон экен. Айтмакчы, «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей Б. Солтоноев кеч болсо да 1955-жылы акталып, эми минтил элинин даанышман инсаны экенине көзүбүз жетип, дили-биз берилип отурат. Буга да шүгүр деш керек.

Элдин ырысы бар экен, канча жылдап камакта жаткан «Кыргыз тарыхы» жарыкка чыгып, Белек ак-сакалдын кумдан чайкап алган алтыны — чымчымдап тырмактайдан чогулткан эмгеги замандын күрүлдөп-шарылдаган доошуна кошулуп, жарык дүйнөдө жашоосун баштады. Бул эмгекке канчалык тыюу салынып, жердин жете түбүнө түшүп кетсе да «жылдызга чан жукпайт» дегендей ал «Тарыхтын» баалуулугу жөнүндө аңыздар өздөн оозго көчүп, атадан балага айтылып келгенине күбөбүз.

Солтоноев Белек Солтонкелди уулу 1878-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө, «Экинчи Жантай» айлында туулган, Айуке уруусунан. Ал өзү минтип жазат: «Кызыл кыргыз тарыхы. Жазуучу Белек Солтонкелди уулу Солтоноев. Насилим — кыргыз. Тайым — саяк. 1895-жылдан баштап жыйып, 1934-жылы жаз-дым».

Солтоной Белекти тогуз жашында Чолпон-Атадагы Массовский деген бекетчи оруска окууга берет. Ал окутпай эле каздарын кайтартып коёт. Ошерде үч ай жүрүп зээндүү бала орус тамгаларын үйрөнүп, сүйлөп калат. Анан бекетчи орус баланы Караколдогу мектепке жиберет. Аерде төрт айча окуган соң бөлөк дубандан келгендер окууга уруксат жок дешип чыгарып салышат. Аерден Кеминге келип, койчу болот. Төрт-беш жылдан кийин Белек Пишпекке жөө келип, буерден бир көпөстүн чочкосун кайтарып бир жылча жан багат, Анан ал Пишпектеги Багбандарды даярдоочу кыргыз мектебинде эки жыл окуйт. 1890-жылдан тарыхка кызыгып, маалыматтарды чогулта баштайт. 1894-жылы Атаке болушуна катчы болуп иштейт. 1916-жылы болуштукка шайланат. Үркүндө Кытайга чейин качып барып бир жылдан кийин келген. 1918— 1920-жылдард-а Алматыда үгүт-насыят иштеринде кызмат өтөйт. 1924-жылга чейин Түндүк Кыргызстанда агартуу уюмдарында иштеген. 1927—1937-жылдарда Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинде илимий кызматтарды аткарат. 1938-жылы жазыксыз жерден атылган. 1955-жылы акталган.

Даанышман тарыхчы, bizdin.kg


Кыргыз