Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чыңгыз хан (Чингиз хан)

Найман каны Тамтык өлөт. Анын эки баласы Бүйрөк менен Байбука бир жесирди талашып кандык ыдырайт. Мындан Темир (Чыңгыз кан) пайдаланып аларга башчы болот. Чыңгыз кан үйсүн уруусунун жалайыр уругунан чыккан. Темучин Улуу Монгол мамлекетинин негиздөөчүсү. 1155-1227-ж. Онон дарыясынын боюнда, Делпун-Болдан деген жерде туулган. Моңгол урууларын кол алдына бириктирүү үчүн күрөштө татарларды, алардын союздаштарын талкалаган. 1206-ж. 46 уруу эл катышкан бүткүл көчмөндөрдүн курултайында  аны Найман тоонун Дегелең өрөөнүндө аргын, найман, жалайыр ж.б. уруулар ак кийизге ороп кан көтөргөн.

«Чыңгыз» (түрк элинде  Жеңгис «Теңиз», «Деңиз») деген ысымды алып, кан жарыяланган. 1206-1207-ж. бир нече түрк, монгол элдерин караткан. Бийлик үчүн күрөштө Чыңгыз кан татарларга каршы согушуп көпчүлүгүн кырган. Татарлар «ак татар», «кара  татар»  болуп  экиге  бөлүнгөн.  Ак  татарлар  түрк  тилинде сүйлөшкөн. Орто кылымдагы кытай жылнамаасында татарлар «дада», «да-дань» деп белгиленген. Чыңгыздын энеси өлөң коңурат Көктүн уулу Асау кан дегендин кызы болгон. Чыңгыз кан уулдары Жоочу, Чагатай, өгөдөй, Тулуй (энеси Бөртө коңурат уруусунан), Көлкан (энеси меркит Кулан Охыс баатыры Керимдин кызы), Көкөтай (энеси Күнжу кытай Алтан кандын кызы), Жолчутай (энеси найман Таян кандын кызы Көрүсүн) менен бирдикте  1211-1218-ж. Түндүк Кытайды,  1218-1220-ж. Орто Азияны басып  алган. 1219-1224-ж. Түндүк жана Чыгыш Иранга, Афганистанга жортуул жасап, кыйраткыч сокку урган.

Ошол жылдары Кавказ аркылуу Чыгыш Европага аскер жиберип, 1223-ж. түштүк орус княздарынын кошундарын жана кыпчактарды Калка өзөнүндө талкалаган. Басып алган өлкөлөрдө монгол феодалдарынын катаал эзүүсүн орноткон, бирок, диний жактан элге кысым жасабаган. Чыгыштагы Энесай кыргыздары 1207-ж. жалайыр Чынгыз канга баалуу тартуу менен келип баш ийип беришкен, бирок, 1218-ж. кайра меркиттерге кошулуп көтөрүлүшкө чыгышкан. Чынгызхан уулу Жоочунун кошуунун жиберип бул кыргыздарды биротоло караткан. Күчүк наймандын бийлигине каршы күрөшкөн батыштагы (Теңир Тоодогу) кыргыздар 1218-ж. Чынгызкандын бийлигине өткөн. Чынгыз кандын жана анын урпактарынын тушунда Саян Алтайдан Теңир Тоого кыргыздардын дагы бир жоон тобу журт которгон. Чыңгыз кан мезгилинде Алтай-Сибирде ага баш ийген төмөндөгү уруулар болгон: олкон, боржигин-кыят, коңурат, кыргыз, уйгур, ойрот, меркит, найман, таңгыт, татар, экерес, курулас, дөрбөң, катаган,  селжут,  корутумат,  кыпчак,  сарт (сартайыл),  тайшит,  керээт, жалайыр,  кара  кытай,  журжең,  кытай.  1218-ж.  кыргыздар  үчкө бөлүнүп,  бири Саян (Саяк)  тоонун  түндүгүнө  кетсе,  бири Абакан өзөнүнө түшкөн, көбү Теңир Тоого (Жети Суу, Ысык Көл жакка) кетишкен.

«Моңголдордун купия тарыхы» (Монголын нигуча табчийан» ) деген 1240-ж. жазылган тарыхында 1207-ж. Жуучу оң канат аскерин алып «токой элдерин» каратат. Ал ойрот, бурйат, бархун, урсут, хабжанас, ханкас, тубас урууларын баш ийдиргенден кийин, «Жуучу түмөн кыргыздарга жетти. Ошондо Жуучуга кыргыздардын төбөлдөрү Еди инал, Алдияр, Олобек деген келишти» деп жазат да алардын баш ийерин билдирип ак шумкар, ак боз ат, ак кундуз тартуу кылганын маалымдайт. Кыргыздар баш ийгенде башка саян-алтайлыктар  – шибер, кесдини (кыштым), баит, тухас, тендек, төөлөс, тас,  бачжиги  уруулары  да моңголдорго  караган. Жуучу  кыргыз төбөлдөрүн ээрчитип Чыңгыз канга алып келгени жазылган. Чыңгыз кан кыргыздарга өзүнүн Алтан, Бура деген эки элчисин жөнөткөн. Кыргыз иналдары анын эки элчиси кайра кайтканда өздөрүнүн Элик Темир, Аткарак деген элчилерин кошуп берип Чыңгыз тарабында экендигин билдиришкен.

Туматтар (туба түрк урпагы) Чыңгыз кан жиберген кол башчы Барагул нойонду өлтүрүп көтөрүлүш чыгарган, натыйжада тумат уругу Чыңгыз тарабынан кырылган. Рашид-ад Дин боюнча: Чыгыш Тубада (Баргужин Токумда) туматтын бир бөлүгү 1218-ж. кайра көтөрүлүш чыгарганда бул козголоңду басууну моңголдор кыргыздарга тапшырган. Бирок, кыргыздар өздөрү туматтарга кошулуп көтөрүлүштү күчөткөн. Бука нойон Энесайдын башына барып кыргыздарды жазалаган. Жуучу өзү кышында Селенга дарыясына келгенде аерде кыргыздардын бир бөлүгү жашаганы аныкталган (Хамдуллах Казвини. XIIIк.).

Жуучунун  аскери Селенгадагы  кыргыздарды,  кыштым,  хоин (хор)  ж.б.  урууларды  караткан.  Курыкан өлкөсү Моңгол чапкынына чейин кыргыздарга көз каранды абалда болгон. Дүйнөгө алакандай аз монголдордун атын чыгарган менен Чыңгыздын түбү кыргыз экенин 1776-ж. казак тарыхын жазган Шапарашты  Казыбек Тауасарулы далилдеген. Чыңгыздын иш кагаздары, «Мыйзамдар жыйнагы» уйгурча жазылган. Эгер Чыңгыз улуту калмак-моңгол болсо түрк тилиндеги иш кагазды кантип түшүнмөк? Чыңгыз түрк тилинде сүйлөгөн. М. Кашгари: түрк тилдеринин тазасы «Чагатай тили» деп жазат. Чагатай Чыңгыздын уулу. Чагатай тили – кыргыз тили. Себеби, кыргыз Чагатайдын үлүшүнө кирген. Булак:literatura.kg


Кыргыз