Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чоң согуш

Ормон өлгөндөн кийин кеч күзүндө тынайдан башка бүткүл сарбагыш кары-жашын малга таштап, жеңил үй менен Ысык Көлдүн түн жагы менен көчүп, Күрмөнтүнүн күн батыш кашатына тизиле конгон. Жайдын алты ай айбалта, чочмор, чоюнбаш, найза, ок-дарысын камдап, эр азаматтарын, ат-тондорун жоого ылайыктап күйүнгөн. 18-40-жаштагы эр бүлөөсүн бөлүп, жасоосун айырган. Төрөгелди баштык черикчи эли сол канатын ала төшкө кошуп тиккен. Он канатын алып көлдүн жээгине бүткүл саяк Борукчу жана Калыгул баштык, Надырбек түшкөн. Туу түбү ортого бүткүл Эсенкул түшкөн. Буларга тынай кырк киши менен Саадабай келип кошулган. Бугу менен саяк Ишин ата менен Күрмөнтүнүн күн чыгыш кашатына жакын тиреше конуп, Белектин туусун тиккен. Алкымдагы Төрөгелдинин бетине арык тукуму түшкөн. Көл жаккы сол канатында саяк, кыдык, бапа, желдең болгон. Ортодо туу түбүндө бүткүл чоң белек, майда белек болгон бугу, сарбагыш эки бет болуп, тиреше келип конуп калганда жараш сөз менен бугудан — Солтонкул, саяктан — Алакөз, Жантай сарбагыштан Калыгул менен Шамен жана башкалар сүйлөшүп, сарбагыштар мурунку айткан малынан төмөндөтүп кыя салып, журт бололу дегенде, Солтонкул ынагансып бугуга кеңешке барган «Мырза, сен жылкындан (Солтонкулдун 2500 жылкысы болгон) корксоң кайта Текеске көчүп кет, Текеске барып жата бер», — деп койгон. Калыгул менен Шамен канга кун жок, ыкташалы деп канчалык көп айтса да журт бололу деп саяк менен сарбагыш макул албаган. Солтонкул, Калыгул, Шамен, Жантай канчалык толгонуп журт бололу десе, эки жактан көпчүлүк унабаган. Согуш бүрсүгүнү башталат дегенде бугунун ичинде калган жана надырбек кыргызынан Абыке, Кубаттын баатырынан саналган Эрдана бугунун баштыктарына: «Мага бугу, саяктан тандап кер мурут, боз баладан 500 жигитти тандап бергиле, кан жуткан сарбагыш, кокустан качып калсак, биз буктурма болуп, көрүнбөй чукул бир жылгага туруп сарбагыштын капталынан тиели», — дегенде эр азаматты бөл алды кылбайлы деп бугу, саяк көнбөгөн. Ушул күнү сарбагыштар чогулуп, баатырларын ылгап олтуруп, Тулөөкөнүн Күрөөкө деген ок өтпөс чопкутту бирине бермекчи болуп, ар кимиси мага бериңиз десе болбогон. Ажынын Абыканы мага уруксат кылыңыз дегенде Төрөгелди башын чайкап койгон. Адыл балаңыз сурайт дегенде «аты дурус, өзү кагелес болсо керек эле, бул Күрөкөнүн байгеси, Мырзанын башы» деп Адылга берген. Уруш салар убададан бир күн мурун күндүн мурду жайыла «урушта туруш барбы» деп сарбагыштын бир нече баатырлары ичинде Майтык баштап, Орозбакка кернейин тартрып жибергенде бүткүл сарбагыш көз ачып жумганча жана бугу менен саяк тууларын алып чыгып, эки бет болуп туруп калган. Эл артынан келип, Төрөгелдини ким беттеди дегенде арык тукуму деген.
Солтонкул: бекер кылган экенсиңер, жанагы ойрон чунакты (Балбай) коё берсеңер болот эле деп, камчысын бүктөп ээрдин кашын кагып туруп калган.
Алкымдан Төрөгелди баштык бир миң чамалуу киши беттешип, аралаша кетип бир аздан соң арык тукуму кайта жапырылган. Ит урушун салып, улам кайрылып согушса да каптаган колду токтото албай бара жатканда асты качып, аркасы сүрүлүп бара калган кезде, көл жээгинде кыдык, желдең, бапа, саяк кайта жапырылып, ар кайсысы улам кайта кайрылып согушуп бара жаткан чакта, эки түп туунун түбүндөгү Эсенкул, чоң белек, майда белек жекеге кишилерин чыгарышып, сарбагыштан эки эли бир тууган (чертки) жана манаптан Абыкан жекеге чыгып, бугуларды сайып алып жана сарбагыштан чыккан кишилердин бирин аттан жөөлөтүп, бирин сайып, кызык былчылдашка кирген чагында тебетейин колуна алып, качыр, капта Эсенкул, болбосо чыга бер, өзүм согушамын, — деп өкүрүп алкымдан Төрөгелди чу коюп келген. Эки канаты качкан элди көрүп, ортодо чоң белек, майда белек артыбызды сарбагыш каптап калат деп кайта тартып жөнөгөн. Сарбагыш (Эсенкул) каптап кетип, бүткүл бугу, саяк качып калган. Саяк, сарбагыш Түпкө жете кууп кеткен. Адыл башка кишини карабастан Мырзаны издеп жүрүп олтурган, 40-50 киши менен Түптүн суусунун күн чыгыш кашатында кетип бара жаткан Мырзаны Адыл көрүп: «Аа… кудай, Мырза экен», — деп аттын оозун коё берип, Түптүн суусунан учкан куштай өтүп чыгып, көк ала ат минген Мырзаны найза менен коюп өткөндө ыргып кетип, Мырза: «Дос элек го» — дегенде Адыл: «Ормон кана?» деп, жанындагы моңолдор уругунан Майкөтөн деген темгил кара боз ат минген жолдошун карап түшүп, башын кесип, эрдинен тешип, канжыгама байла дегенде түшө калып, башын кесип жаткан чакта кылчактап бара жаткан жолдоштору карабастан качып жөнөгөн. Качкан элди тосуп, эр азаматын иргеп турган бугулар жана да Надырбек сарбагышынан абыке менен кубат уругунан Кудайменде, Татыбек, Эрдана, жырык Ташыбек 50-60 боз балдар Сары Булактан бүгүп туруп, сарбагышты кайтадан качырып чыкканда бет алды чачырап келе жаткан сарбагыш, саяк кайта качкан. Бугу, саяк, сарбагышты көп өлтүргөн. Жырык Ташыбек тандап жүрүп кызыл тебетей сарбагыштан кырк кишини өлтүргөн. Адылди Балбай издеп жүрүп кезигип саярда Адыл кызыл аты менен көлгө түшүп кетип, сүздүрүп чыгып кеткен. Ошондой атты дагы колдон чыгарабы деп, кийин Солтонкулдан Балбай бир ат айып алган (Аксур атты тай чагында Адил Солтонкулдан алган экен).
Көлдүн булуңуна туюктанып калган сарбагыштын бирин калтырбастан кырып таштаган. Качкан сарбагышты кубалап отуруп, сарбагыштын айлынан өткөрө сайган. Ормондун айылын бугулар жапырып кирип барганда Үмөталынын Кашташ деген кызы ары-бери чу коюп, милтелүү мылтык менен башынан түтүн арылтпай атып турганда бугулар токтоп калган. Бугу дагы жапыргандан сарбагыш айылды тепсей качканда, Ормондун катындары элди алабакан менен чапкыласа дагы болбостон, айылдан өтө качканда «Ормондон кийин сарбагыштын баары катын болгон экен. Бугуга тийип алалы» деп, Ормондун Кусубалды деген катыны атка минип, кырк катын менен жөнөгөндө Төрөгелди көрүп, шуркуяны токтот деп өкүрүп араң токтоткон. 150-200 чамалуу черикчи элин жыйып алып Төрөгелди: «Силердин алдыңарга түшүп бербесем, Темирдин арбагы мени урсун, менин артыман жүрүп бербесеңер арбак силерди урсун», — деп ыйлап туруп, соот, чопкутун оңдонуп, бугу менен саяк жапырт баарысы бугу менен саякты бет алып качырганда бир аздан кийин буту менен саяк жапырт алды-артына карабастан качкан. Бүткүл саяк менен сарбагыш качкан элдин артына түшкөн боюнча Кызыл Кыяга жете кууп кеткен, Бапанын айлынан бир канчалык түтүндү черикчи эли айылы менен кондуруп алып, бир сулуу кызды эки үйдүн ортосунда басып келе жатканда жөө сүрүп келип, кырк жигит билектен алып, тайча сүрөп алдың деп атын тайкүлүк койгон. Бугудан кыз-келин, мал эсепсиз көп түшкөн. Бугу, саяк, сарбагыштын биринчи согушу ошону менен бүткөн. Сарбагыштар бугу, тынымсейит уругу менен эл болбойбуз деп, Токтогул, Жаманак деген эки атанын баласы ичинен бузуп жүргөнүнөн пайдаланып, аракет кылып туруп тынымсейит менен Ормон уулу урушуп калат. Чоң он бир баласына баш болуп, өз тарап тынымсейитин алып согушканда жайдын күнү сарбагыш жеңилип калып, Ормондун Бакал деген кенже уулу жана Көкташ деген небереси колго түшкөн. Муну менен жарашып, тынымсейитти коё берген. Бул жөнүндө атактуу Арстанбектин ырдаганы:
Ишенбесең ишенбе,
Көк ташың жатат кишенде,
Бакалың жатат байлоодо,
Эки көзү жайноодо.
Уйдун чалап айранда,
Мергендер атат жүкөрдү
Бербеди Кудай Үмөтаалы төкөрдү
Берсе кудай төкөрдү, йдун чалап айранда,
Албайт -белек атадан берки кекээрди
Мындан соң Чоң менен Арзымат баштык Тынымсейит Кашкарга өтүп кетмекке көчүп бара жатканда) саяк феодалы Келдибек баштык саяктар жана сарбагыш биригип, Арпада согушуп ала албаган. Бирок буларга тынайлардан Жантай келип көмөк бергенде« Тынымсейит жеңилип, көбүнчө Арзымат тобу катуу чабылып, мал-мүлкү таланып, кыз-келиндери олжолонгон.. Ач-жылаңач калганда атактуу Арстанбек ырдаган:
Чекенденин четинде
Жербидир жаккы бетинде,
Үркөр ооп жыл келди,
Жылкычыдан тил келди.
Жылкычы минди күрөндү,
Арбак аткан бадирек
Ормондоп салды сүрөөндү,
Сарбагыштан коркконуң,
Күндүз көчпөй түндө көч,
Бизге элчи келген көргөө төш
(Бакал менен Ибактын бири)
Ала бел атты секиртпей,
Алдыбыз катып калганда,
Керөө төштү бекитпей,
Көрбөй калды Аксайды.
Эзелден аш катыктап ичпеген,
Көдөй сакай, тынайдын,
Кемпири майга салды саксайды.
Көпүрөлүү кара таш,
Пирин тирүү дечү эле,
Сарбагыштын катындарын кара бас,
Ташрабат, Шырыкты,
Эчки, теке сыйлыкты,
Ушул жылы чапкан.
Бир жайда эки чабышып,
Ант урган саяк, сарбагыш,
Бизге кандай кыныкты.
Чөл келсек салык жок,
Көлгө барсак балык жок,
Орого келсек буудай жок,
Бир жылда эки чаап алып,
Сарбагыш менен саякка
Кыргын салар кудай жок.
Атбашынын Чеч Төбө,
Айылың кетсе билесиң,
Сүт акыңдан кеч, Төбө,
Сүт акыңдан чечпесең,
Ит башыңа чыч, Төбө.
Аламышык, Кара Тоо,
Үстүндө элиң кана Тоо?
Нарындын башы Үч Нура,
Үчөөң бирдей турасың.
Бу калтырбаш Жантайды,
Тосуп туруп урарсың.
Тосуп туруп урбасаң,
Качан балта тийет деп
Кокоюп карап турасың.
Ушул жылы сарбагыштар кыдык, желдеңди катуу чапкан.


Кыргыз