Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш

Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш

Тарых — окуяларды жана аларды өз ара байланыштуулукта жана ырааттуулукта изилдөөчү илим. Окуялар ушунчалык көп болгондуктан, алар ар кайсы элдин тарыхында ар башкача байланыштуулукка ээ. Кайсы гана илим болбосун, анын эң башкы милдети — изилденүүчү нерсени толук түрдө чагылдыруу болуп саналат. Тарыхта да ошондой. Демек, изилдөөнү баштоо үчүн ага ыңгайлуу өңүттү таап алуу керек, бирок ал өңүттү табуу үчүн адегенде теориянын зарылдыгы келип чыгат, т. а. ал предметти кайсы көз караштан изилдөө керек экендигин аныктап алуу зарыл. Андай көз караш тиги же бул философиялык жоболордон келип чыкпайт, ал түздөн-түз турмуштук таламдардан улам жаралат. Демек, биз ал көз карашты илим теориясына таандык кылабыз, анткени ал көз карашты тандоо топтолгон материалга байланыштуу болбой, изилдөөнүн алдына коюлган максатка байланыштуу болот. Биздин азыркы максатыбыз — Бүткүл дүйнөлүк тарыхты Жердин бир кыртышы — этночөйрөнүн калыптанышы катары түшүнүү болуп саналат.

Тарыхый ой-пикирдин теориясында илгертен келаткан, азыркы кезде да жашап жаткан эки концепция бар. Анын бири — бүткүл дүйнөлүк- тарыхый концепция, экинчиси — маданий-тарыхый концепция. Биринчи концепция элдердин тарыхын прогрессивдүү өнүгүүнүн бирдиктүү процесси катары карайт, ал өнүгүү адамзат жайгашкан бардык аймактарды камтып турат. Бул концепция эң алгач орто кылымдарда өткөн замандардагы “төрт империянын” концепциясы катары жаралган. Булар — Ассирия, Персия, Македония, Рим жана бешинчиси — VIII—IX кылымдардын чектеринде Батыш Европада пайда болуп, папалык бийлик менен бирге католиктик биримдикти жетектеген “Герман улутунун Ыйык Рим империясы” (Сhretiente).

Окуяларды интерпретациялоонун ушундай системасы жашап турганда империя бийлигине баш ийдирилген территориялардын ырааттуу түрдө кеңейтиле бериши “прогресс” деп саналган. XIV—XVI кылымдарда Реформация Батыш Европанын идеологиялык биримдигин талкалап, Габсбург династиясынын императорлорунун саясий жетекчилик ролун бүлдүрүп салган учурда бүткүл дүйнөлүк-тарыхый концепция сакталып кала берген, бирок бир аз башкачараак түрдө атала баштаган. Эми “цивилизация” прогрессивдүү өнүгүү катары каралып, ал цивилизация баягы эле Батыш, романдык-германдык Европанын маданияты деген маанини түшүндүрүп калды. Мындай түшүнүктүн натыйжасында кечээки “бутпарастар” менен “схизматиктер” (кечилдер) жөн эле “жапайылар” жана “артта калган” элдер катары атала башташты. Булардын экөөнү тең “тарыхый эмес” элдер катарында атоого да аракеттер жасалды. “Евроборборчулук” деп туура аталган бул система XIX кылымда көп учурда жөндөн жөн эле, далилдөөнү талап кылбай турган, бештен белгилүү нерсе катары кабыл алынган болучу.

Маданий-тарыхый концепция биринчи жолу Европаны Азияга карама-каршы койгон Геродот тарабынан көтөрүлгөн. Геродот эллиндерге баш ийген жерлерди Европа деп, Персия падышачылыгын — Азия деп түшүнгөн. Кийинчерээк булардын катарына, Эллада менен Иранга деги эле окшошпогон Скифия жана Ефиопия кошулду. Андан соң маданий чөлкөмдөрдүн тизмеси, бүткүл Ойкумена (калк жашап турган жерлер) маданий-тарыхый чөлкөмдөргө бөлүнүп улана берген. Ошентип Эски Дүйнөдө маданий-тарыхый чөлкөмдөр катарында Батыш Европадан тышкары Жакынкы Чыгыш, же Левант, Индия, Кытай, Тынч океандын аралдарындагы маданият, Евразиялык талаа аймактары, Сахара чөлүнөн түштүктө жаткан Африка жана этнос калдыктары сакталган түндүк—түштүк уюл чөлкөмдөрү эсептелген.

Бүткүл дүйнөлүк-тарыхый мектептен маданий-тарыхый мектептин башкы айырмасы бул: ар бир маданий аймак өзүнчө өнүгүү жолуна ээ, андыктан европалык эмес элдердин “артта калгандыгы” же “дымып туруп калгандыгы” жөнүндө кеп кылбай, алардын ар кимисинин өз өзгөчөлүгү бар экендигин белгилөө керек. XIX кылымдагы маданий-тарыхый мектептин көрүнүктүү өкүлдөрү болуп Ф. Рацел, Н. Данилевский жана К. Н. Леонтьев, ал эми XX кылымда О. Шпенглер жана А. Тойнби эсептелет.


Кыргыз