Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бүркүт, туйгун, куш, шумкар, ылачын, күлүк ат жана тайган таптоо

Кыргыздын бүткүл дээрлик оокаты көчмөн болгон үчүн көбүнчө жылкыга ;байлангандыктан жана жоо менен эч убакта жөө эмес, дайыма ат менен урушкан себептүү күлүк аттын кадыры өтө чоң болгондугу үчүн эң эски заманда жоодо баатырлык кылгандарынын өзү менен кошо күлүк аттарынын тарыхын айты-шат. Маселен:

3. Казак Эр Эшимдин Шарп Куласы (1626-жы-лында).

2. Сарбагыш кыргызы Темирдин 1730—40-жылдар чамасында калмактан ала качкан күлүк аты. 3. Бугудан Папа насилинен 1760—70-жылында болгон Садык баатырдын Кыркмачкери. 4. Солто Шапактын Көк Чологу (1780—90-жылдар). 5. Атакенин Керкулун (бир кабарда Ноктолуу Тору). 6. Солтодон Бекинин Кара Кызылы (1830—40-жыл). 7. Сарбагыштан Төрөгелдинин Ак Кызылы (1835—50-жыл жана башкалар). Бугуда Балбайдын Сур Айгыр, кийинки заманда 1885-жылында эсенкул элинен Шадыкан Токтомот уулу деген киши күзүндө, мыяр Кызыл жоргосун минип, эртең менен Токмоктон чыгып Боом менен жүрүп, Кубакылап, Кочкор басып, Жоон Артык-тап Долонду ашып, Нарынды басып, Шаркыратма ашып, күн батарда Атбашынын калаасына барган. Бул жүрүш жогоруда айтылгандардын жүрүшүнө караганда оюнчук болуп, алар азында 350—400 чакырым жолду күнүн баскан. Ат аткан октой деп атак берген.

Тарыхтан көргөнүбүз мурунку кыргыздар: «Эрдин куну Эриштин айыбы болбосо чаң тийбес» деп тандап, айбына күлүк ат алган. Бир ат үчүн кыздан, катындан кечкен, бир ат үчүн эки эл бузулуп, канчалык кан төгүлгөнүн көрөбүз. Атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйгө кийирип, кишен салып бакканын көргөнбүз. Жолоочу жүрүп бара жатып ат үстүндө тамак ичкен, уктаган кыргыздын бүткүл макалында башка чарба жөнүндө жалгыз гана «эсиң оосо эчки бак» де-ген макал болуп, ат жөнүндө бир далай макалдар айтылат. Маселен, «Желдей болуп жүргөндөн жылкы болгон», «Ат, аттан соң жат», «Айгыры ала болсо, кулуну кула болот», «Кулун сындуу ат, бала жыттуу кыз болсо», «Карып калган катындан эрөөлгө чыгар эр туубас, карып калган бээден кайкуулга минер ат туу-бас», «Киши аты терчил, киши кийими кирчил», «Ат ээси менен, баш мээси менен», «Эр жигит бирде мырза, бирде кул, күлүк ат чапса күлүк, сатса пул, ат сүрүнбөй жер тааныбайт, эр сүрүнбөй ал тааныбайт», «Атка бербес кунан бар, кызга бербес жубан бар», «Жакшы ат бир камчы, жаман атка миң камчы», «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны», «Акыр заман — аттан ажыраган жерде», «Ат адамдын канаты», «Таяк тайга жеткирет, таба атка жеткирет», «Ат— муратка жеткирет», «Ат башына күн тууса, ооздук менен суу ичет, эр башына күн тууса, өтүгү менен суу кечет», «Айгырды кандай салсаң, айгырды ошондой минерсиң», «Ат баспайм деген жерин үч басат», «Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт», «Аты жоктун буту жок», «Элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос», «Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас», «Адам сүйлөшкөнчө, айбан кишинешкенче», «Жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта», «Байге аты каралаш, азууларын аркайткан ат башына күн тубар, муруттарын шыйпайткан эр башына күн тубар», «Атты арыганда көр, эрди карыганда көр».

Кыргыздар жакшы атынын башын бийик жыгач-тын башына илген: Сынчылар кишини жана атты гана сынап, башка малды сынабаган. Күлүк, чобур болорун кулун жана тай, кезинде сынап билген. Үйдө олтуруп тыштагы аттын баскан дабышынан күлүк болорун билген. Жоокерчиликте жалгыз жанын атына тапшырган. Кээ бир ат ээси уктап калса, суук кишинин элесин алса, ээсин чапчып, же тиштеп ойгот-кон. Аттын жашы жана кары бээден туулгандыгын билген. Байгеге чапканда аттын чыгарын, байгеге илинерин жана каларын билген. Көбүнчө бугу кыргызынан Найман, Жаныбек дегендер атка биринчи сынчы болуп, күлүктү 18 түргө, бүркүттү 65 түргө бөлгөн. Чакчы дегендер аттын канчалык жерге жүгүрөрүң билген. Сынчы күлүк, жаки чобур болорун билген. Күлүк аттын бир түрлүү сыны: 1. Саадактап саны салынган, илбирстей ичи тартылган, бөрү кулак, бөкөн сан, бууданга чалыш ат экен. Кулун сындуу кураң сан, кулжа моюн төгөрөк, куланга чалыш ат экен. Кашка тиши кадоодой, кара тили бүлөөдөй, телегейи тегиз тарамыш, кара кушу калкандай, жазы жаак, кең маңдай жото жилик жонгондой, жонуна жатып конгондой, балык эти баладай, туяктары чарадай. Кар жилиги кадоодой, музга тууп, ташта өскөн тоо кайып-тан жалгашкан, кыска бакай, тик далы. 2. Эшек туяк, элик баш, энчер бойлуу, жагак төш. Кара саны түрүлгөн, ээрди шалпык, бото көз, чымыр туяк, үкү аяк, өйдө-ылдыйды ылгагыс. Тайган иттей кыржыктап, бүткөн бою тарамыш, Көмкөргөндөй карчыты, жуп-жумуру моюну түз. Балык эти балкылдап, бобру сырты теп-тегиз. Арпа сыйбас азуусу коюлданган кашка тиш. Энөө жерде эликтей, вргө чапса учкан куш. Тарт-кан жаадай зыркырап, дайра көчсө кебелгис. Уюл-уюл капкан бел, төө толорсук, тайган төш. Каман жаак, алма аш, үлбүр сагак, үч чоку. Туу чокуда кулагы, уй куймулчак, тик жамбаш. Чакмак эти түрүлгөн, кара эти жок кагелес. Чымыр туяк, тик бакай, айчылыкка арыгыс, күндөп-түндөп жүрсө да чарчабаган талыгып. Шымаланган эликтей, кулун куйрук болсо туш, тал-тал көкүл сыйда жал, таап алган армансыз. 3. Октолуп ок жылаандай жумуруланып ээлигип, кыйгач карап кужурланып, элирип чымын учса көктү карап, көрүнүп учар куштай оюн салып, чуу чыкса хамырабай моюн созуп, чү десе учкан куштай канат сызып, айкырып алды-арты дүбүр болсо, козголбос турганынан жүрөк сезип. Чолпондой көзү жайнап, ичке сагак, сүмбөдөй тулку бою сырттан жарап, оозун керип, көп эстеп, улутунуп, ойноктоп, жерди чапчып, асман карап. Муз бөйрөк, бели кыска, бирдей сүбөө түпөктөй туу куйругу, өркөч бийик. Тең келбес кайберендер кулан-кийик, кайрылып эки азуу көмөкөйгө. Көрүнүп копшогондой жото жилик, узун жан-баш, кең соору, алчак басык. Кылыксыз бөрү желиш, алчак басык, тарамыш тула бою сын сөөктү. Тайган төш, камыш кулак, боору жарык, жүгүрсө закым болуп көзгө илинбей.

Тоолуу жерде тайгылбай, сууга бирдей, жылкынын кымыз, этинен дагы минген күчүнө карап, аттын урматы үчүн башка малдан артыкча багып, жылкычылар дайындап, жанында ал жылкычылар илгерки заманда кыргыздын жоого аттанган азаматтарынын артынан такоол болгон аскеринен саналган.

А т т а п о о эки түрдүү болуп, ыраңга семирген атты таптап байлоо жана колго семирген атты кайта таптоо. Ыраңга семирген атты таптоо экинчисине караганда өтө кыйын болгон. Илгерки заманда чапкан атка жем бербестен, боз от, бетеге оттотуп, кээ чакта бээнин сүтүн берип, мамыга көбүрөөк байлап коюп таптаган: Муну «куу мамы» деген. Атты чабар этине келди деген белгилери бир нече түрлүү болуп, биринчи, тери калбайт, экинчи, май калбайт, үчүнчү, каны толук, арык болсо да эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болгон. Төртүнчү — сууту абдан кандырылат. Эти-не абдан келген аттын белгиси өз мүнөзүнө жараша болуп, кээ бири магдырап, кээ бири чакчаңдап турат. Алардын баарында түнкү бил белгиси кандай болсо да, кандай суутса да, канчалык чөпкө тойсо да, таң ашырылган. Чабар күнү суу ичпейт, чапкан аттын жинигип өлмөгү, ачкалык, жаки семиздик, жаки тер калгандыңтан болот. Бул үчөө бирден жок болсо да жана ичинде бузугу болбосо, канчалык алыска чапса да майып болбогон. Аттын табы катуу, жумшагы болуп, эгерде семиз болбосо, жаки тер калса да, кыштын күнү чабылган ат майып болбогон, бузулган күлүк атка үч түрлүү даба кылган. Биринчи, арыгынан эрте көктөмгө агытып, семиртүү. Экинчи, кышында карга арыгынан агыта берүү. Үчүнчү, күкүрт, көбүнчө, карандыз берүү. Жанын таштап чуркай турган аттардын соорусу балкылдап. калбастан, жабышып калат. Чоң тер алганда барыш-келиш 25 чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, шончолук калын жабууда жүрүп, чуу десе аягы буйдалбастан анда-мында бир тийип, жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлү болсо, эртеси байгеге ошондой жүгүрөт. Чыгар ат-тын белгиси жүнү типтик болуп, бузугу жок болсо, сийдиги тунук болот. Колго семиртип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап, семиртип, кайта кайтарат. Жеми көбүнчө арпа, таруу болуп, эгерде этийген ооп бара жатса буудай берет.

Бүркүт таптоо. «Бүркүт салсаң Алтайдын кызыл түлкүсүн кийерсиң, карчыга салсаң калжа жеп, азга жакын болгондо атынын башын карга жейт» Деген макал бар. Бүркүт чын куранда үйүгүшөт. Бугунун аягына жакын зоого, жаки чөлгө тууйт. Тоңдур. макалбайт. Бир-экиден артык туубайт. Кулжада жарат, текеде канат-куйругу чыгат. Июлдун ортосунда учурат. Балапан чагында атасы жемин энесине берип, аны энеси баласына берет. Бирок, өзү уясына жакын барбастан, обочо олтурат. Жемди дайым энеси берет, баласы учарда атасы жакын келет. Жаңыдан учурганда жакын жерге ары-бери учуруп жүрүп, аз-аздан алыстатып учуруп жүрүп көндүрөт. Илбесинди, тамакты ата-энеси алып берип үйрөтөт. Ноябрге жете уясы-нан көп алыстабайт.

Бүркүттүн жашы: бир жаштагы бала, экинчи — бозум, үчүнчү — таш төлөк, төртүнчү — кум төлөк, бешинчи — барчын дейт. Колдогусу 40-45 жашка, жапайысы 100гө чыгат. Сыны: кырааны-кайаты сары, жүнү тегерек, буту ич жагына ийри, көзү ак, канатынын мөрүсү калың, буту ичке, балтырына тутам батпайт. Буту көк, тумшугу көк, көзү чуңкул, ургаачысынын айырмасы билинбейт. Чөл бүркүт ачка болсо жаш баланы эңип кетип жей берет! Бүркүт уядан алынып, андан шаңшычаак көп чыгат. Торго түшкөнү шаңшыбайт.

Бүркүт арык, жаки канат-куйругу сынган болсо ал кыраандык белгиси. Мындай бүркүттү он чакты бүркүт ээрчип алып, анын алганын жешет. Кол бала менен торго түшкөн бүркүттүн табы бир болот. Уя бала бүркүт ачка болгондо ээсин алып жейт. Жалтанбаган, коркпогон баатыр бүркүт көбүнчө уя баладан (кол бала) чыгат. Кара түлкүнү бала бүркүт алат. Тор бүркүтү кайпактап чыга берет.

Табы: бүркүттү эт менен он күндө семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип, коё берип (кыл) балтыр эти балкылдаганда он беш күндө салууга болот* Ысык жерге койбостон, салкында асырайт. Чыргаа менен үндөккө келтирет.

Түлөтүү: абдан арыктатып, жилигин үзүүгө жакындатып, кайтадан жакшы семирткенде таза түлөйт. Кыраан-эмес, байлооч жаман бүркүт болсо да түн ичин-де жанына карышкыр жолобостон качат. Эч убакта бүкүттү томогосуз койбойт. Илбесин аңды 8-9 чакырым жерден көрүп, бүркүт кагынат, бутуна дулай чыгат. Маңка-болот. Айыкканы аз болот. Сезгенген дартка бүркүттүн өтүн ичет. Бүркүт каман, кулжа, аркар, эчки-теке, элик, жээрен, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү алат. ,Кыргыз бүткүл жан-жаныбарда бүркүттөн баатыры жок деп билет. Бүркүткө кыргыз ичинде көбүнчө бугу уругу тапкөй болот. Бүркүттүн экинчи .түрлүү сыны: көзү чоң, жүндүү, өзү да чоң, ийиндүү, көкүрөгү кең, мойну сары, жүнүнө кыроо турбайт. Куйругу узун, жүнү шоодурак, аркасында ак жүнү болот. Жемсөөдө он чакы кызыл жүнү болот. Көзү кызгылтым, кабагы бийик, көзүнүн чарасы кең, көзү кызыл, куму кайнап турат, шыйрагы ичке, саны жоон, шыйрак жүнү кызыл, көзүнүн ичинен буу чыгып турат. Көк тумшук, көк аяк, тумшугу узун, кечкил, төш сөөгү миздүү жана кырдуу болот. Жемсөө чуңкур, беш салаа батарлык кең жогдору болуп, жүнүнүн учу ичке болсо, кыраан карышкыр алуучулар ушул. Учуп бара жат-канда бүркүттүн кыраан, жаки жаман экенин билген бугуларда сынчылар болгон.

Чөл бүркүт (айтылуу чөл) эки мүрүсү калың, жүнү көбүнчө саргыч, сырткы жүнү терек жалбырак, көзү чекир, буту көк, шадылуу, көкүрөгү жагдайыңкы,. көкүрөгү жоон, көчүгү шыймыгый, тумшугу көк, тырмагы узун болот. Уя бала болсо, бүркүттүн жалкысынан жаман көп чыгат, Кандай гана болбосун жогдорлуу бүркүт кыраан болот. Жогдордун учу ичке, андан аркысы учу жазы болсо кыраан ушул. Кыргыздын билген атактуу бүркүттөрү: 1. Индистандын көк аяк.

Оролмо тоонун ак ийин (кулун менен тай алат). Иленин чөлү (карышкыр, кийик алат). 4. Алайдын ак көзү (не түрлүү кыраан чыгат). 5. Аркалыктын бүркүтү. .

Бүркүттүн саны 65ке айрылып, анын ичинде кыраандары 19 урукка бөлүнөт: 1. Будайык. 2. Алпкаракуш. 3. Муз мурут, керген бүркүттө баш кыраан. 4. Кара жүндүү кабырык. 5! Чөл. 6. Чөгөөл. 7. Карала. 8. Кап-кара. 9. Кара көө. 10. Куу кашка. 11. Коңур чегир. 12. Шашкалаң сары. 13. Үч ала. 14. Иби кыз. 15. Куу чегир. 16. Бай кашка. 17. Бай коңур. 18. Баатыр кашка. 19. Чокунун карасы.

Түлөк бүркүттү 40-45 күндө салууга болот. Таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш этти сууга салып, кирин кетирип, катуу кылбаң жумшатып берет (муну ак жем дейт). Жылкы, кой, коен, кекилик — бул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Бүркүт ооруп калса жулкынын жаш этин берет. Бүркүт семизирээк болсо, көп оорубайт Жана алуу дагы жакшы болот. Чакмак уруш ошолордо болот. Уй эти жакса да, көңүлүн карартат. Бүткүл кыргыздагы бүркүт тууралу хикаяны жазып олтурса нечен китеп болот. Бүркүт тууралу сүйлөгөндө жоодо баатыр кандай баатырлык кылса, бүркүттү ушул даражада көрсөтүп, анын эрдигинен толук маалымат берет. Ошолордун мисалга төмөндө бир нечесин көрсөтөмүн: 1. Кокондуктун заманында бугу кыргызы* Шапак уругунан Томонун. Сары эжи деген кыраан бүркүттү болгон. 2. Тынай кыргызынан Жумаш уулу уругунан Кулукенин атасы Он Бир жылганын оюнан бүркүтү талпынганда коё берсе, Кегетинин коосуна келип конуп калган. Чугоюп келсе, Кететинин коосунун ичинде эки күчүгү менен бир жолборс жатыптыр. Жардын кашатында олтурган бүркүтүн чырга тартып кондуруп ала кайта жөнөгөн. 3. Карган чалдын жалгыз баласы өлгөндөн соң, кайгыдан үйдөн чыкпайкалганда курдаштары көңүлүн ачмак үчүн бүркүт салганы келе жатса, эки бүркүт бир качырган бүркүттү жибербестен, улам жолдон эңип алып турган. Экинчи-де качырганда ал качырган бүркүт чыкпай калып, артынан бара жаткан бүркүттүн бири шаңшып, кайта асманга атып чыгып ташка тийип өлгөндө, экинчиси качырып кирип, найза бою таштап көтөрүп жиберип, шаңшыган боюнча башка жакка сызып жөнөгөн. Булар барып караса, мурункусу баласы тиги экөөнүн бири энеси, бири атасы. Каман тура албай жатканда тигилер өлтүргөн. Муну көрүп турган абышка «канаттуу куш ташка тийип өлгөндө, менин жаным не-дир» деп, өзү бычакка түшүп өлгөн. 4. Кокон заманында Текесте бир жапайы бүркүт бир серпүү менен бээни жарып өлтүргөн. 5. 1840-жыл чамасында саяк кыргызынан Курманкожо уругунан Чычай деген бүр-күтчү үйрү тобу менен карышкыр, эчки, теке, алган. Кара чолок деген бүркүтү болгон., Бир буту жыгачта ‘” калып, бир буту карышкыр, теке, куранга кеткен бүр-күт көп болгон. Бүркүт качырып бара жатканда кыска боосу ташка тие түшкөндө жулунуп калып, ага буйдалбастан качырганына таштай болуп тийген бүркүттөр көп болгон. 6. 1867-жылында сарбагышта жантай уругунан Дуулат Смайыл уулунун бүркүтү доңуз алын жүрүп, бир кезде каманга салса, чалып өлтүргөн. 7. Калмак заманында бир жигит качып келе жатса, жолдон бир карышкыр кошулуп, алиги жигит бүгүн болбосо да, эртең мени жебейби деп зарлап олтурганда зуу деп асмандан дабыш чыкканда, карыш-кыр кабакка качып кирген замат артынан чөйчөктөй болгон бирөө кошо кирген. Чуркап барса карышкырды бир буту менен боордон алып, бир буту менен оозунан капшыра ченгелдеп көзүн чукуп жеп жаткан экен. Жигит карышкырды жара тартып өлтүрүп, жүрөгүн, боорун, тилиги бүркөткө беремин деп алып, бүркүтүн көтөрүп жөнөгөн. Бүркүттүн бутунда кыска боосу, мойнунда шурусу, билегинде күмүш билериги бар экен. 6-7 күндөн соң эл караанын көрүп, достошуп кое берген.

Сарколдо аюу алган, Шаярда бугу алган бүркүттүң анык барлыгын 1916-жылында уктум. Турпанда жапайы бүркүт теке алганын көргөн кишилерге оозмо-ооз сүйлөштүм. Байза бүркүткө жейрен алдырыш жалпысынан ырас. Бөлөкбай уругунан. 1961-жылы 88 жашында өлгөн Тугулчу уулу Жунуш 1854-жылы чамасында агасы Өтөгөн экөө Көк уянын Жаңгызы деген бүркүткө жана да бир бүркүткө бир жылда 300-дөн ашык түлкү алдырып, ногой кербенине бир жүздөн аша кысыр калды койго саткан. 7-8 жылдан соң эликтин текесине салып, бир буту эликтин башында, бир буту шилисинде калып өлгөн. 1928-жылы Нарынга караган Ажы районунда таштоокум Султанаалы дегендин уя бала бүркүтү Төлөктүн кара жонунан бир кулжа алган. Бүркүт салыш көбүнчө- бай-манаптын кешби болсо да, жан сактоо үчүн кедей чарбадан салганы көп болгон.

Т а й г а н. Тайган тууралу илгертен калган лакап-макал:

Ит кырааны тайгандар, тайганды таптап салгандыр, тамактанып тойгондур. Табам десең тайган тап, жакшы таптап, жакшы бак. Табын билсең. тайгандын, табылганы таалай бак. Туйгунду күтпөй тайган күт, тайганды багып тойгун журт. Туйгунду салбай, тай-тан сал, тайганды салган тапкан мал.

Тайган каман, илбирс, бугу, марал, аркар кулжа, эчки-теке, карышкырды тобу менен алган. Тайгандын кыраандыгы жогоруда айтылган. Аңдардын кайсынысы болсо да бир тиштөө менен ооз омурткасын былчырата тиштеген. Бир серпип өтүү менен толорсугун сууруп таштаган. Жаки жото жилигин бычырата тиштеген. Алгыр тайганы бар айылга түн ичинде эч убакта карышкыр келбейт. Кыргыз күлүк ат, бүркүт, шумкарды кандай көрсө, тайганды да ошондой ардактайт. Тайган салышка кыргыз өтө уста болуп, аны көбүнчө кедей чарбасы салган. Тайтандын эрлиги тууралу илгертен айтылып келе жаткан эски сөз бүркүттүн икаясынан аз эмес. Мисалга, алардан аз маалымат берейин: Атбашы, Нарында бир мергенчи тайганын алып, аң уулап чыкканда, бир аюу капылеттен качырып чыгып, шашкан мергенчи ата албай калып, аюу кол салаарда тайганы бурдап кеткен. Жана кол салууга жакын калганда дагы бурдап кеткен. Мерген мылтыгына ок коюп атып жибергенде, аюу чалкасы-нан кеткен.

Жолборско кол салган тайгандар болгон. Мисалы, кабарда 1840—50-жылдарда бугу кыргызынан Балбай Эшкожо уулунун бир жылда жүздөп бугу-марал, аркар-кулжа, эчки-теке алган Актаман деген тайганы жолборс алган. Тайгандын анык кыраанын кумайык
деп кыргыздын билишинче аны көк жору тууп, туугандан үч күнгө жете киши көрсө кумайык (тайган) болуп, андан өтсө жорунун. балапаны болот. Таза тайганды тайганга, жаки түркөй иттин жакшысына салыштырганда башка дөбөткө буздурбас үчүн чагыша замат муздак сууга салын алат. Күчүк чагынан сөөк бербейт, чийки эт бербейт, итке талатпастан, эр жүрөк кылып асырайт. Кыран болор тайгандын сыны: 1. Кабагы тик болот. 2. Тумшугу ичке, узун болот. 3. Көзү кыпкызыл. 4. Сырты октой жүз. 5. Мойну жумуру. 6. Оозу өтө чоң. 7. Бели кыска. 8. Эки жанбаштын кошкону эни төрт эли, жаки андан да кең. 9. Толорсугу тик. 10. Беш манжа-таманы кууш, кичине. 11. Туу куйругунун түбү жоон болот. Таза семиргенде кайта конок көжө берип байлап, салар чакта шорбакта берет. 1770—80-жылдарда солто уругунан Жамансарт Кошой уулу Какбаш деген тайган менен 300 чамалуу чөөгө кезигип, 91ин атып өлтүрүп, 90 чөөнү тайган өлтүргөн сон качкан.

К у ш, ч ү й л ү, тынар таптап салуу. Аялы куш, эркеги чүйлүү болуп, туйгун түш, чүйлү, тынар кыргый бир уруктан сыналат. Булардын ичинде туйгундан соң, балким туйгунчалык кырааны тынар (кара кашка тынар) атагын алып, өтө кыраан болот. Булар башкалардай эмес, келгин куштан саналып, мында кыштап калганы болсо, аны «кыштоочу» дейт. Уяда аз гана кармап, көбүнчө торго кармайт. Кушта атактуу кыраанын «Туурук таман, түз көз дейт». Куш салуу көбүнчө бай-манаптын-кесиби болсо да, илгери ачарчылыкта бир чүйлү салып, 7 үйлүү кишини Жумгалдын аягы Карачылуу Кармен түз деген жерде сарбагыш кыргызынан Тынай Түлкү уулу асырап чыккан.

Куштун кырааны тоодон каз, куу алат. Түлөк куш кыйды, акылдуу болот. Куштун жашы 7-8дөн өтпөстөн өмүрү кыска болот. Кушту буктурмага үйрөтүп салганы көп болгон. Кандай куш болсо да, кекилик, чил, кыргоолду ала берет. Кушту алтыдан он эки күнгө чейин таптап салууга мүмкүн, жемине жылкы, кой этин жана алдырган илбесиндин этин берет. Муздак бербестен, бүткүл жемин жылуу берет. Куш артыкча учкул болуп, ушул куш көбүнчө тегеректен чыгат. Куштун кырааны сыңдуу, мүрүсү калың жүндүү, барак төштүү болуп, тик олтурат, Башка кыргыздан куш салууга солто кыргызы артыкча мүнүшкөр уста болот. Кушка тоодак алдыруу-четтен чыгат. Кыргыздын мүнүшкөрү күйкөгө кекилик, чил, борбашка чымчык алдырат. Бүркүт, ылачын, ителги шумкарга кушка томого каптабайт. Бул айтылгандар аңды тээп алса, куш чүйлү, туйгун, тынар, кыргый илип алып олтуруп калат. Жаки өлтүрүп кетет. Эгерде ала албаса арты-нан куубайт, тигилер өлгөнчө кууйт.

Ителги шумкарды таптап салуу. Шумкар ителгиден таралып, канаттуу бүркүттөн соң балким кээ чакта туйгундан дагы кыраандыгы арты-лып кетет. Шумкар жөнүндө кыргыз ичинде апыртылган эмес, бир далай чын дастан бар. Маселен, Семетейдин Акшумкар жана башкалар. Шумкар топтуу тоодак, куу, казды алууга жарайт. Эски сөздө ителги (шумкар) тегирмендин ташын сындыра тээптир дейт. Аныгында кыраан шумкар бүркүттү жыга тебет. Түлкү алганы болот. Коёнду тепкенде башы жарылып кетет. Туйгун куш чүйлүк салганда бирди алып гана отуруп калат. Шумкар, ителги, ылачындын кыраан-аары эч убакта азга ыраазы болбойт. Өлтүрө тээп, «үзү болсо да кырып таштайт. Эң соңусунда тепкенин жанына түшүп олтуруп, этинен тоё жеп тим болот. Жапайы ителги, шумкардын кырандарын ээрчип (мен өз көзүм менен көрдүм), тамак жемекке жүргөн ителгилер көп болот. Шумкар алты урукка бөлүнөт. Маселен: 1. Байпактуу шумкар. 2. Күйкө шумкар. 3. Канды бүркөр. 4. Кара шумкар. 5. Ак шумкар. 6. Ителги шумкардын ичинде макталуу кырааны күйкө шумкар болуп, колго чанда түшөт. Булардын башы сыргак обулду мурундан саналат. Сөөк сыргак дегени кобулду сыртынан салат. Атактуу кыраан куу шумпай ылачындан чыгат. Балким күйкө шумкардан кыраандыгы артык болсо болор. Тим болбосо тең болот. Ителги менен ылачындын ортосунан бар туулат. Ителги, шумкар, ылачын, баардын насили бир болгон үчүн барысын бир жаздым. Шумкар абдан суук, бийик тоонун башындагы зоолорго тууйт. Бийик зоого туугандыктан уядан баласын алууга өтө кыйын. Арка кыргызында ошондой шумкардын тууй турган атактуу уясы Семетейдин Акшумкарынын Арпадагы уясы. Ал тууралу семетейчилер мындай деп ырдаган:

Арпанын башы жайыктан,

Ак жумуртка туюктан.

Бул уя турган тоону 1920-жылы мен текшерип көрдүм, бирок уяга барбадым. Андай бийик зоо Атбашы, Нарын,. Кочкор, Жумгал, Ысык Кел, Чүй өзөнүндө жок болсо да, андай бийик эмес. Ал жерде уянын барлыгын, жоктугун текшерип сураганымда мындайча жооп берди: Сарбагыш кыргызы чертики уругунан Шопок уулу деген жигит 1886-жылында Кытайга караган чоң-багыш кыргызынан жылкы уурдап келе жатып, таң атарда шашканынан .Акшумкардын уясы деген Арпадагы чырмалыштын зоосунун жылга-сын өрдөп барып жатып калат. Үстү жагындагы бийик уядагы уядан Акшумдардын үч-төрт балапанын! көргөн (Шумкардын кырааны уяны бийик, суук зоого салып, карабайыр ителгилер жапыс аскага тууйт).» Бир шумкар кечке чейин ал балапандын уясына он чакты казды бөктөрүп келип таштап кеткен. Ал зоодо уя көп болуп, уялардын түбүнөн коктуда куурап кат-кат болуп чирип үйүлүп жаткан каз, куу, суур жана кичине тоодак, кийиктердин сөөгүн көргөн. Арпаны жердеп жүргөн элдин берген кабарына караганда 1898-жыла кышында саяк кыргызынан Мусакожо Келдибек уулу Арпага сайрандап келип, асмандан-топулдап түшүп турган калың өрдөк, казды терип алган. Жана ал жердеги жылкычылар эки-үч атка сылай жүктөп кеткен. Асманды карап турса, бир куба шумкар (куукумпай, жаки күйкө шумкар болорго керек) бир далай каз менен өрдөктү Арпанын башындагы уяны көздөй тийип кеткен.

1906—1907-жыл чамасында Арпада калың өрдөк асмандан топулдап түшүп, корголоп жатканда бир далайын кармап алган. Булардын жүрөгү кабынан чыгып кеткени болгон. Шумкарды тоодакка, казга салганда кээ чакта ээсине салган жерине олтурат. Кан-чалык алыс учуп кетсе да жана калың илбесин болсо да, аларды ээсинин үстүнө айдап келип кырат.

1850— 1860-жыл чамасында Чоң Кеминде мындай окуя болгон: ителгинин уядагы балапанын алууга эки киши келсе (аты жазылган кагазымды жоготтум), эки-үч балапанын бир бүркүт жеп олтурган уяга бир ителги келип, бүркүттү тепкилегенде бүркүт уядан учуп, жакын жердеги ташка конот. Андан ителги тепкилесе бүркүт тоотпой олтура берет. Ителги баркылдап учкан боюнча Кеминдин аягына карай кетет. Тезинен ак ителгини баркылдаган үнү чыкканда бүр-күт шашкансып учуп калат. Ителгиден мурун кичирээк бозу ителги (шумкар болууга керек) бүркүттү бир тээп өткөндө жүнү бурай түшөт. Жаза тээп калса керек. Чакмак уруп атып чыгып, көкөлөй түшуп жана тээп өткөндө бүркүт далдая барып жерге түшүп, канатын чапкылап калган. Эки ителги кайта жөнөп кетип, эки киши барып караса башы талкаланып калыптыр. Ителги шумкардын мындай икаялары көп. Баарын жазып отурса, өзүнчө чоң китеп болот. Ителги, бүркүт, ылачын, шумкар, баарынын табы жакын болгондуктан ажыратып жазууга макул таппадым. Бүткүл канаттууну салууга таптаганда көбүнчө уйку-суй алып, этине келтирет.

Ителгиге (шумкар, ылачын) томого кийгизет. Куш, чүйлү, туйгун, кырдый, тынар тамакка ысаптуу болуп «ана заңдаганга абдан таза болот. Бир жерине дагы жугузбайт. Ителги (шумкар), бүркүт, ылачын, турумгай, сук жана ачкарак, булганч, кара борчо болот. Таза шумкарлар анчалык болбостон, туйгун катарында болот.


Кыргыз