Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бугудан Ормондун өлгөнү

Бугудан Ормондун өлгөнү

(1854-жылында)

Бугу, сарбагыш бир тууган болсо да, Маматкул менен Белектин заманында аралары катуу бузулуп, кийин Анжиан—Алайдан келип, Ысык-Көл менен Чүйгө орношкондо калмак менен, казак кыргызда жоо болгону үчүн бугу менен сарыбагыштын арасы эң жакындашып, туугандашы кеткен. Ормонду сарбагыштар хан көтөргөндө бугулар толук баш ийбестен, өзүнүн феодалы Боронбай Меңмурат уулун баштык кылып турган. Бугулардын мунусун көргөн соң Боронбайга Ормон кызын бермекчи болуп кудалашып, Кулан деген кызын Боронбайдын Өмүрзак деген уулуна берген. Солто, казак, өзбек, таластык жана фергана кыргызына бугулар Ормонго табы катарында көрүнсө да, аныгында бугулардын сурагы, бийлиги өзүндө болуп, сарбагыш катышпаган менен Ормон, Боронбай бугу, сарбагыштын эки кан соргуч феодалдарынын арасы жакын сөк болгондуктан Ормондун сөзүн бугулар кеп жыкпастан аткарып, мунун аркасында кедейлерди эзип, дыйкан менен орто чарбанын канын соруп турган. Кыргызда бир макал бар: «Карыганда дүнүйө кишинин маңдайына келет» деген. Ушул сыяктуу Ормон карыган кезинде мурункудан бетер напсисин ашырып, кедей, жалчы, орто чарба дыйканды эзип жана казак-кыргызды жегени мурункудан дагы артып кеткен. Мисалы, Ормон Илеге ашканда Асы деген ашууда Надырбек кыргызынан Абыке жана Кубат, жантай кыргызынан аюке уругунан жылкычылары Чыйбылды Кыдыр уулу жана Элибай Эрдана уулу өз койлорунан бир көк козуну алып барып союп жесе, аны Ормондун малчылары Ормондун козусу деп жалаа кылганда Ормон эки тогуз жылкы (он сегиз) айып алган. Ормондун баласы Үмөтаалы булар ак десе Ормон тилин албаган. “Бул себептен Үмөтаалы таарынып жүрүп, Иледен кайта келгенде бузук улашып жүрүп акыры Нарынга бөлүнүп кеткен. Эрдана башчы болуп, Абыке, Кубаттар (Надырбек) бугуга кошулган.

Орман өлбөстөн канчалык жыл мурун баягы кан соргуч Төрөгелди 50 киши менен көктөмдө Чүй боюндагы кан ичер Жантайдыкына келип, бир нече күн конокто жатып, Жантайга мындай деген: «Жаш жылкынын этин сагындык, казактан жылкы тийип келели жүрүңүз», — дегенде Жантай макул алып, мунун бир тууган Монтой деген иниси: «Биздикине конок болуңуз» — деп Төрөгелдини алып бара жатканда, Жантай: «Мен эртең барайын, андан казакка жүрүп кетели»—деген. Жантай барганча Молтой: Ал Жантай болсо, мен Молтой баатырмын, артыбыздан келер», — деп 200 чамалуу киши менен Төрөгелди 50 киши (баарысы 250 киши) менен казакка жүрүп кетет. Бир атка арак, бозо жана сүр эт жүктөлүп, Жантай барып жүрүп кеткенин билип, эки жиндинин артынан ээрчип жүрөмбү деп кайта кетет. Булар барып, Иледеги казактан калың жылкы тийип келе жатып, Кашделеңдин күн батышы, Чамалгандын күн чыгышындагы Шөкүлө деген дөбөгө шашкеде келгенде артынан 400 чамалуу казактын куугуну жетет. Молтой муну көрүп: «Төрөгелди, сени эр дечү эле, кана, менсиз кылган эрдикти мен көрүп турайын», — деп, 200 тынайды ээрчите куйругун кыпчып жөнөгөн. Төрөгелди не кыларын билбей, күрөң аттын ээр-токуйун алдыра салып жайдактап, ары-бери жетелетип туруп, бир аз-дан соң жалаң тердикти белине тарттырып, бир найзаны тандап алып, казакты карап туруп: «Кап, кантейин, тынай тынайлыгын кылып жүрүп кетти. Аккызыл алдымда болсо, Аюке, Майтык жанымда болсо, кантер элем казакты», — деп үшкүрүп казактан көзүн айырбастан карап турган. Жолдоштору Терөгелдиге угузбай, калың казакка Аккызыл менен Майтык кан чачат беле деп турганда, Мундузсейит: Силер, боз баштар, мындай жоону көрө элек балдарсыңар. Майтык менен Аккызылдын эми керек болор жери бар», — деген чакта казактар жакындап калып, Төрөгелди атка ыргып минип, кылычын жалаң билегине салып, Төрөгелдилеп качырып аралап кирип, бир казакты ыргыта сайып, кайта аралап сайып өтүп, бура тартып Төрөгелдилеп кыйкырып, бир казакты ыргыта сайганда казактар топ-топ болуп качууга ыңгайланып калганда Төрөгелдинин аты мүдүрүлүп жыгылган соң казак басып калган. Ошондо Мундузсейит Аккызыл болсо жыгылбастан, алдыга келсе омуроосу менен коюп, аң-жар келсе аттап өтмөк, кокустан жыгылып калса, басып калган казакты үстүнөн сүрүп, Төрөгелдини атына мингизип, жоону бет алмак. «Тарткыла балдар, эми туруучу эмес», — деп качып жөнөгөн. Калың жылкысын ажыратып, Төрөгелдини колго түшүргөн. Казак кубалабаган. Казактар Төрөгелдинин сакал-мурутун алып, башына элечек ороп, соку жанчтырып жүргөндө 150 жылкы убада менен сатыкка чыгарылган. Кийин 100 жылкы доолап казак келсе, менин сакал-мурутум 100 жылкы эмеспи деп бербей койгондо казактар Ормонго барат. Ал: «Казакта Нарботонун куну дагы эле жатпайбы», — деп койгон.

Нарботонун куну дагы эле жатпайбы дегендин себеби мындайча болгон: Нарбото Төрөгелдинин бир тууган агасы болуп, эрдиги Төрөгелдиден кем эмес, балким артык. Төрогелдинин Нарбото баштык 200 чамалуу киши Кордойдон өтүп барып, казактан калың жылкы тийип келе жатып, казактын калың көчүнө капталып калат. Көчтөн бир сулуу келинди көрүп : кызыгып ала кетмекчи болуп, бир кабарда Нарбото бетинен сүйүп жаткан кезде казактын куугуну жетип, алды кыргызга аралашып согушуп, көчтөгү казактар кошулуп, дагы согушуп, Нарботону бала жигит казак айбалта менен тартып өткөндө аттан учуп түшөт. Кыргыздар жылкыны таштап жиберип, казак менен беттешет. Эки жагы бирдей качпастан согушат, Төрөгелди бир казакты айбалта менен башын жара чаап өткөндө «ойбой, жеп тастайды» деп үстү жагынан бир жаш бала качырып Төрөгелдини аттан ыргыта коюп өткөндө Төрөгелди аттан учуп түшөт. Ал баланы Төрөгелдинин бир жолдошу аттан ыргыта саят. Ошол мисалда, эки жак тең былчылдашканда Нарбото өлүп калды деп кабар берген. Кыргыздар бура тартып, Нарботонун этин шылып таштап, сөөгүн чаначка салып алып, жылкыны таштаган боюнча кетет. Казактан дагы киши өлүп, (аныгы канча маалим эмес) ошол себептен Нарботонун өлгөнү үчүн жооп бербей кетет. Жана Иле оюндагы казактардын Ормонго артыкча нааразы болмогу — Ормон Илеге барганда казакты жакшы чыгымдаткан. Ормон менен бугунун арасынын салкындашканын башы көбүнчө төмөнкү болгон: Боронбай жолдоштору менен Ормондукуна конокко келип, бир канча үнү жатып калганда эрмек болсун деп Ормон ордо салдырып берген. Боронбай менен Ормон бугу, сарбагышка баш болуп, ордо атышат. Бугу жеңилип калганда байгеге сайган үч тогуз байталды Ормон алып койгон. Боронбай намыстанып, көлдөн чыккан ордочу жигиттерди алып келип, кайтадан атышканда Ормондун чертмекчиси Аюке Майтыктын бармагы жарылып, черталбай калган. Анан соң Кетирекейдин уулу Алыбек чертип жатканда, Боронбай көзүн кысып койсо, Алыбек жалгандан жазып калат. Бугулар утуп алып, үч тогуз байталын кайтадан алып койгон. Алыбектин жалганынан жазганын Ормон байкап калып, Алыбекке ошондон баштап душман боло баштайт. Ишти казагынан Нарен баатырдын Уулбала деген кызы (манаптын айтканы) түшүндө ай кучактап. ушул себептен эки жигит ээрчитип, ат кошчу жолбашчы кылып Ормонго тийемин деп келе жатканда эл чети, жоо бетинде жүргөн Алыбек кармап алып келип, Ормонго алып берген. Таарынган Ормон Алыбекке. киши жиберип, жаки Каракелтени, жаки Кератты (Алыбектин күлүк аты) берсин дейт. Алыбек Каракелтени алса алсын, берейин, карыса да Уулбаланы кайта өзүмө берсин деген жооп менен кишисин кайтарган. Муну угуп Ормон Кочкордогу Алыбектин айылын бет ала көчөт. Алыбек бугуга кирип кеткенде Ормон токтоп калат. Алыбекти кайта кечурүп берсин деп, бугуга киши жиберсе кабыл албайт. Ормондун айлына, Байсорунга көчүп барганда бир чагалдак эгин издеп, сөөк тамырчылап көлдүн башына барса, минген аты кара баткакта калып, өзү жок. Бугунун ичине көчүп барган Калыгул анын өлүгүн Түптүн суусунан таап алып көмгөн. Менин энелеш тууганым Чагалдакты (жесири Талекени Болот алып, андан туулган Эсевкул феодалдын неребеси Ормон) бугунун кепкөн ээн баш боз балдары өлтүрүп сууга салып жиберип атын коё берди деп, Ормон доо кылып, акыры бугуну кунга жыккан. Башка малы бүтүп, Чантийбеске Солтонкулдан бир ат тийбей калганда, алып кел деп Ормон Чаргын деген баласын жиберет. Бугулар кенешип, Өмүрзак (Ормондун күйөөсү) барса, кечир деп аны жиберген. Ормон кечпестен алмакчы болгондо Чаргын капаланып бөлүнө көчкөн. Жээрде жоргону бербеген соң Ормон дагы киши жиберет. Бугулар бербеген соң Ормондун кишилери барып, бугу кыргызы, такабай уругу ак жылкылуу Байсалдын жылкысын тийгенде анын Эсенкул деген баласы сайышка чыкканда Ийбак, бир кабарда Адил, Сувандын балдары сайып өлтүрөт. Бугулар аттанып келип, Кудургу, Дөң Булакта көктөп жаткан Ормондун малчысын чаап алып, 1000 субай коюн айдап келет. Малчы, койчуларынын көбү тоо-таш, арчага жашынып кутулат. Бул кабарды уккан соң тор бышты асый минип 60, бир кабарда 100 киши менен күн жаап турганда аттанып чыгып, Ишин Атадагы (азыркы Монастыр салган жер), жолдун үстүндөгү Чоң Дөбөгө келип Ормон түшүп олтурган 100ге жакын бугу, саяк Ормондун алдын тосуп бууп калган. Кудургунун дөңүнө Кетирекейдин Алыбеги кароол карап чыгып, Ормондуң артында колу жок экен деп бугуга кабар бергенде бугулар, саяктар жапырт атка минип, каракелте менен Алыбек атканда, огу Ормондун алдына түшкөндө каракелтенин огу экен деп сарбагыштар таанып, бугу, саяктын шуйку жаман, жүрүп кетели деп Адыл эки мертем Ормонго айттырганда, «ээ…» деп коюп олтура берген, Бугу менен саяктар келип, алды-артын курчап калганда ак сур ат менен элди жара качырып жарып чыгып, Адыл качып кутулган. Башка сарбагыштан кутулганы бирин-серин болуп, Ормондун Сейилкан деген баласы тоого чыга качып кеткен. Ормондун жанында койчусу жана Көрөгөч деген тамакчысы калган. Бугу, алдаяр уругу Ормонду кармаганда Нышанын баласы Мырзанын айтуу боюнча Ормондун көйнөк, дамбал, байпагын коюп башка кийимин тоноп алган. Ормон колго түштү деп арык тукуму бир жигит Боронбайга кабар берген. Боронбай келип салам бергенде алик албаган, Жараңыз куттуу болсун, — дегенде унчукпаган. Үстүндөгү ак кементайын Ормонго жапканда кийбеген, Өмүрзак Боронбай уулу кара кашка ыпчасын жапканда кийген. Бир кабарда Боронбай жыйылган жасоого келбестен үйүндө болуп, Балбай барып Ормон колго түштү деп айтканда, Боронбай унчукпай олтура бергенде Балбай кайта кеткен. Боронбай баштык бугулар кеңешип, Ормонду ызаттап кайтармакчы болгондо мурунтан кезенип келе жаткан Алыбек: бул тындым деген киши, өлтүрбөсөңөр жаныңар тыпбайт, деген.

Боронбай айылга алып жүргүлө дегенде Ормонду атка колтуктап мингизип жатканда Балбай бычак менен, бир кабарда найза менен такыр колтукка сайып алган. Мырза келип Боронбайга шыбыраганда, Боронбай: «ай…» деп жактырбастан башын буруп кеткен. Ормонду кызыл ала кан кылып, айылга алып бара жатканда кызы Кулан боз жорго минип алдынан тосуп келип атасы баштап барып, арнап жол боюна тиккен ак өргөөсүнө киргизип, абыладан Дөөлөт жана Сокур бөрү, Сатыкул үчөө канын кезек-тешип соруп турган. Бугу менен саяк жапырылып түн боюнча көчкөн. Мундуз ботпой ичинде бир канчалык сарбагыш башка үйдө камоодо болгон. Булардан Ормондун өлөрчө жарасын жашырган. Бугунун эки кызы Ормон өлүптүр деп сүйлөшүп жатканын угушкан. Бугулар үркүп көчүп жатканда бир чоң өгүз менен торпокту бугулар айдап барып, камыштагы. баткакка тыгып коюп, бугулар кеткенде чыгарып келип союп жеген. Сарбагышка суудан башка тамак бербеген. Көчкөн элдин аягы басылып, бирин-серин жүргөндөр тыйылганда Ормон: «Менин канымды соруп убара болбогула, үйдүн тегерегинде жат киши барбы, карагыла”, дегенде, карашып «жок» деп жооп бергенде Ормон: «Мен киши болбоймун. Коркуп ыйлабагыла, менин сөзүмдү унутпастан элге айткыла», — деген.


Кыргыз