Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бугу боронбайдын оруска өкүл кишилер жибергени

Бугу боронбайдын оруска өкүл кишилер жибергени

Төрөгелди колго түшкөндө сарбагыш кайта күндөп-түндөп үркүп көчүп, артынан бугулар Ысык Көлдүн теңине жете кууп келип, кайта кеткен Бугулар сарбагыштан тынчып, айылы Каркырада олтурганда бир күнү элин Боронбай жыйып алып, белек, майда белек, кыдык, саяк, бапа, арык тукуму, желдеңдин баш кишилери менен айылдын дөңүнө олтурушуп, артынан жаш жигиттер курчап карап турган. Анын артынан айыл арасындагы ойноп жүргөн жайдактай минген балдар. Алардын кээ бирөөлөрү бутун тайларынын соорусуна арта салып, жалынан сүйөп, тиги киши тигиндей, ал андай экен дешип тандашып турганда Боронбайдын чоң үйүнөн он чакты киши, он чакты чоң чанач кымызды сүйрөтүп көтөрүп келип, чоң-чоң. кырма сары аякка куюп, аксакалдар башына бирден текши сунганда, ошондо «кудай ишти оңдосун» деп баары жапырт кымызды ичип жиберишкен. Феодал Боронбай: «Сарбагыштын азабынан ай туягың аксарбашылың дедик эле. Барып бир бээ алып келгиле», — дегенде эки-үч жигит колдоруна аркан ала коюп, чуу кою барып бир семиз ак боз бээни чалма салып кармап алып келгенде, бүткүл эл тура калып: «Оомин, арбак колдосун»,—деп бата кылып мууздаган. Эл кайтадан текши олтуруп, кымыз ичип болгондон соң Боронбай сөз баштайт:

Силерди чогултуп, акылдашар сөзүм: бугу, сарбагыш бир кылжырдын баласы, жети ата тууганы элек. Белек баатырдан бери карай урушпас уул, келишпес келин, таарынбас-тартышпас эл болобу? Сарбагыш менен кээде жакшы, кээде жаман, жүрдүк. Акыры Ормонду өлтүрүп койдуңар, ал себептен бугу, сарбагыш кырылышың, көбү мал-башынан ажырап, кан төгүлүп эки жактан далай азамат өлүп, акыры Төрөгелдини көктүгү менен тетиги Чунак (Балбай) колго түшүрдү. Сарбагыш болсо качты. Эми баштагыдай баш көтөрбөс Төрөгелдини кармап турсак. Сарбагышка түшкөн кыз-келин колго тийер, күзгө жакындап калды, Анан кылычын алып кыш келет. Эми кандай кылалы? Тескеске жаталыбы, болбосо Көлгө түшөлүбү? Көлгө түшсөк сарбагыш менен чектеш болгондон кийин балдар эртели-кеч жылкы тийишип, чырдашып, тышчыңар дагы кетер бекен», — деген.

Чогулган эл ары толкуп, бери толкуп, кээ бири Текеске туралы, кээ бири Көлгө түшөлү деп, далайга сөзүн токтото албай чурулдашып турганда, бычагы менен жыгач жонуп олтурган арык тукуму Токсоба; «Жети атабыз өскөн Көлгө кантип барбайлы, суу башына бир козусун (балык) кантип таштайлы. Калмактан сактаган бугуну сарбагыш эмне кылар дейсин? Азыр болсо мал уурдай алар, ал эки кишиге бирдей»,— деген. Бул кеңеште саяктан жок болгон. Бир кабарда болсо да Нурдөөлөт Текести аздаган. Учукпай тултуюп, көгөрүп олтурган Балбай; «Мен Көлгө барам, сарбагыштан коркконуң Текесте калгыла», — деген. Желден Жанек: «Чегирткеден корккон эгин экпейт, чен көлгө киремин, баягы сарбагыш эми — деген. Кыдыктар; «Намазбектен биздин жаныбыз артыкпы, сарбагыш бузук салса, биз дагы карап турбайбыз, — деген. Жанбаштап жаагын таянып, унчукпай жаткан Боронбай: «Биз Көлгө түшөлүк. 8—9 миң түтүн элбиз. Көлдөн башка жерибизге жер болбойт кана бизди чогуубуз менен батыра албайт, сарбагыш менен мындай болуп калдык, калмак менен деги эл болбос болдук, Аксуу, Турпандагы сарт болсун, кокондук болсун, колунан эчтеке келбейт. Казак болсо биз менен көп жаман эмес, чарбабыз эки-үч жылдан бери чайпалып кетти. Илгертен орус менен катышыбыз бар эле, орус деген түптүү, чоң журт, калың эл, оруска карайлы, журт эс алып, оокат кылсын», — дегенде элдин баары мойнун жерге салып олтуруп, көпкө унчукпай калып, бир далайдан соң: «Мейлиниз, караса карайлы», —”дешкен, Чогулган эл этин жеп тарап кеткен.

1855-жылы кышында Боронбай Көлдө кыштоодо олтуруп: «Алматыга барып, оруска кармаакка сүйлөшүп келгиле,» —деп төрт-беш өкүл жиберген. Орустар ал кишилерге кошуп, кайтадан 1856-жылы көктөмдө полковник Хоментовский төрөнү баш кылып, кырк казак орус жиберген. Алар келгенде көлдүк кыргыз жакшы күтүп турган Зарыпбекти бугуга султан кылган. Кеңештеши Тилекмат Жылкы айдар уулу болгон. 1857-жылы Боронбай өлүп, анын керээзи:

Өмүрзак, Балбай, Туркейим,

Баштагыдай болбочу,

Башка жерге конбочу.

Кайта кончу конушка

Шапак уулу Качыбек

Дагы кирчү оруска.

Бугу, саяк чоң кеңеши Зарыпбек султан болсо да, көбүнчө Мураталынын колунда болгон. Тилекматты бугулар «Боолуу кара» деген. Зарыпбек султан болгондо Арстанбек ырдаган:

Сарыдан айгыр салгалы

Саамалга эми кенендик.

Зарыпбек султан болголу,

Сарбагышка теңелдик.

Бугулар Тезек төрө менен катышып туруп, сарбагыштын кыстаганынан оруска караган. Ушул тууралу ырдаган:

Замандан заман күн келсе,

Кимге келбейт кезекти,

Айлабыздын жогунан

Алдаярдан кыз берип,

Жезде кылдык Тезекти.

Зарыпбек Сасыке уулун султан көтөргөндө анын кызматын часовой болуп дайым 25 казак-орус туруп, солто, саяк, сарбагыш, чериктен тартуу менен куттуу болсун айтып, эстүү кишилер келип учурашып турган. Сарбагыштан дагы бир нече кишилер барып, Ормондун куну жөнүндө сөздөр болуп, орустун алдында атказ кылууга бүтүм болгон соң бугунун манаптары, орустар жана башка элден барган өкүлдөр, баарысы мөөрлөрүн басып, сарбагыштан барган кишилер мөөлөрүн басууга колдоруна алганда үйдүн эшигин багып турган орус часовойго болбостон сарбашты ээрчип барган аткошчу Ырыскулбектин кызматчысы, моңолдор уругунан Жакупбек үйгө кирип барып айткан: «Биз бул жерге Ормондун кунун сүйлөшкөнү келгенибиз жок, Ормондун куну чоң сөз. Бүтүм кыла турган баш кишилерибиз үйдө. Ал себептен биз мөөр баса албайбыз», — дегенде керебетте жаткан Зарыпбек тура калып: «Жаагың сынган кара жаак, бул ким эле, муну киргизбөө керек эле», — деп ачуусу келгенде жолдошторунун мөөрлөрүн бастырбастан, Жакупбек мөөрлөрүн колдорунан жулуп ала эшикке алып чыгып элине жүрүп кеткен. Жакупбектин бу кызматына ыраазы болгон ар кайсы элде чачырап, букара болуп жүргөн моңолдорду жыйып берип, өз алдынан бир болуш эл кылууга Ырыскулбек убада берип, ушул убада боюнча 1881—83-жылдарда Жакупбек моңолдорду өз алдынан эл кылган. Мунун тарыхы төмөндө айтылат, Солтодон Байтик Канай уулу он беш киши, тогуз ат айдап келип, башын куттуктаган. Бир нече күн жаткан соң Байтик кетейин десе уруксат бербеген. «Каркырага жайлойго чыгабыз, жайлоону тамашалап жатып катык алып кайтарсың» — деген. Кокондон, Кашкардан соодагер жана молдолор келип турган. Каркыраным жайлоосуна чыгып барганда Зарыпбек ооруп калып, бир табып калмак келип, дары эзип бергенде оору күчөй баштап, ошондон болжолу 1864-жылы өлгөн. Зарыпбек болжолу 40-50 жашта болуп, бойлуу, семиз, ак саргыл, сакалы сейрек, жоого көп катышпастан, малды өтө кызык көргөн.

Бугу боронбайдын оруска өкүл кишилер жибергени, bizdin.kg


Кыргыз