Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Батыш Түрк каганаты

Борбордук Теңир Тоо, Казакстан жана Чыгыш Түркстан аймагын ээлеген кыргыз мамлекети болгон. Түрк кагандыгы 581-жылдан жиктелип, 603-ж. биротоло  Батыш  жана  Чыгыш  Түрк  кагандыктарына бөлүнгөн. Жашаган элдердин, алардын мамлекетинин өз ысымы «он ок будун»  («он ок эли») деп аталган. Элин каган башкарып, «түрк жабгу каган» титулу болгон. Бул каганаттын аймагы Жети Суу, Чүй – Талас өрөөнү жана Борбордук Теңир Тоо болгон. Анын курамына Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр Дарыяга, Түндүктө – Ыртыштан Түштүк Урал – Эдилге (Волга) чейинки аймак кирген. Борбору Токмок жанындагы Ак Бешим (Суйаб) шаары болгон. Тарду Боке каган Түрк каганатынын чыгыштагы тактысына отургандан (597-ж.) кийин, анын батышына ким мурасчы болгону белгисиз. Айрым маалымат боюнча 589-ж. анын кичүү уулу Савэ (Шаба) башчылык кылган 70 миң түрк армиясы Чыгыш Иранга басып киришкен.

Шах Хермизд аларга каршы  полководеци  Бахрам Чубинди тандалган аскери  менен жөнөткөн. Түрктөр Гераттын жанында жеңилишет. Бахрам Савэни атып өлтүрөт. Ирандыктар Аму Дарыяны кечип өтүп, түрктөрдү дагы бир жолу жеңишкен. Мында Савэнин уулу Пармут колго түшкөн, кийин шах аны кайра коё берген. Пармут өз дубанын бийлеп кала берген (Гумилев. 126-132-б.). Батыш Түрк  каганаты өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндө (603-ж.) анын тагына Тарду Бокенин небереси Тарман Чор каган отурган. Ал дулу, нушиби урууларынын бийлик талашын токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлгөн. Кичи эки кагандын бири өлкөнүн Чыгышын (ордосу Жылдызда), батышын (ордосу Ташкенде) башкартып, өзү борбордук бөлүгүн бийлеген. өлкөдө саясий абал начар болгон, Жунгариядагы теле уруулары көтөрүлүш чыгарып,каганаттан бөлүнүп кетишкен.

Алар  соода  кербендерин  тоношкон.  Каганаттын  батыш бөлүгүнүн кичи каганы Тарду Бокенин небереси Жегуй нике боюнча Кытайга элчи жиберген. Император мындан пайдаланып ага улуу Хан грамотасын, ак бамбук үкүсүн тапшырганга өз пикирин билдирип, кишилерин жиберген. Орто жолдон аларды дулулар кармап алганда Жегуйга бир гана элчиси качып келген. Жегуй жортуулга чыгып, Тарман Чорду жеңип, Батыш Түрк каганатынын тактысын ээлеген. Тарман Чор качып Кытайдын колуна түшкөн. Кийин ал Чыгыш Түрк каганатынын талабы боюнча өлтүрүлгөн. Жегуйдун тушунда (610-618-ж.) өлкө оңолгон.

Согду, Тарим өрөөнүндөгү бийлик кайрадан Батыш Түрк каганатына баш ийген. Бир гана Турпан Кытайга көз каранды боюнча калган. Жегуйдун иниси Тон жабгу кагандын (618-630-ж.) убагында каганат абдан жогорулаган. Ал акимдик реформаларды жүргүзүп 618ж. жергиликтүү башкаруучуларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөт өкүлдөрүн дайындаган. Ага чейин салыкты акимдер чогултуп жарым үлүшүн өздөрү алса, эми салыкты кагандын өкүлдөрү чогултуп калган. Башкаруучулар түрктөр гана болгон. 605-ж. Ташкендин жергиликтүү акиминин ордуна Делэ деген ак сөөктү койгон (Бичурин. Том II. 313-б.) Каган кызын Самаркандын  башкаруучусуна  берип  өлкөнү  чыңдаган.

Ал Жунгарияга көчүп келген теле урууларын кайрадан каганатка кошулууга (619ж.) мажбур кылган. Натыйжада, өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулган. Тон жабгу  каган  батышта Иранга  каршы  ийгиликтүү жортуул кылган. 616-617-ж. шахтын командачысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде каган эфталиттерге жардамга барган. Тохаристан ирандыктардан бошотулуп анын башкаруучулугуна Тон жабгунун  уулу Турду шад дайындалган. Ал Афганстанды, Индиянын түндүк батышын каганаттын курамына кошкон. Тон жабгу 615-ж. Византиялык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. Кийинки жылы хазарлар менен бирдикте Дербетти алышкан. Кийин византиялык армия менен бирге Тбилисини курчап, бирок, ала алышкан эмес. 618-ж. Тон жабгу Тбилисини алган. Тон жабгу ордосуна кайтып келген, эми анын жортуулун уулу Буура шад улантып Агванды басып кирип, анын аймагын каганатка кошкон.

630-ж. Арменияга басып киришкен, бирок, түрк каганатынын ич ара талашынан улам Кавказдан кайтып кетишкен. 630-ж. башында кытай саякатчысы Сюань Цзян Тобо жабгу каганды Суйаб шаарынан аң уулап жүргөн жеринен жолуктурган. Ошол жылы ордосунда мамлекеттик төңкөрүш болгон. Көпкө созулган согуштан каганат жакырданган. Тон жабгу мансабына таянып кол алдындагыларга ырайымсыз мамиле кылган. Аны колдогон нушиби менен дулу урууларынын мамилеси оордогон. Чыгыш Түрк каганаты Бешбалыкты басып алгандан кийин Ыртыштагы карлуулар, алардан  кийин дулулар көтөрүлүшкө чыгышкан. Мындан пайдаланган Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби баатыр дулулардын колдоосу менен 630-ж. каганды өлтүрүп тактыны ээлеген. өлкөдө талаш-тартыш токтогон эмес. 630-634-ж. каганат Аму Дарыянын түштүгүндөгү жеңип алган жерлеринен ажыраган.Нушиби, дулу бийлик талашында Күлүк Сыби каган 631-ж. өлтүрүлгөн. Аз убактыда Ирбис Болун жабгу хан, Нишу Дули кан болгон.

634-ж. Дулу кандын иниси Ышбара Хилаш (Төлөс шад) бийликке келген. Ал нушиби, дулунун өчөгөшкөнүн токтотуш үчүн каганатты он аймакка бөлүп, бирден башкаруучу дайындаган. Бийлик белгиси катары ар бирине алтын найза, жаа, өздүк мөөр берилген. Он аймаккка кагандын бирден өкүлдөрү (шад) дайындалган. Мындан да талаш-тартыш токтогон  эмес.  638-ж.  дулулар шаддардын  бирин  кагандыкка көтөрүшкөн. Кан төгүлгөн кагылыштан кийин Хилаш каган Ферганага качып кетип 639-ж. өлгөн. Такка андан кийин анын уулу Элкүлүк шад Ирбис кан, анын аталаш бир тууганы Баатыр Ирбис Ышпара жабгу кан, Хилаш кагандын небереси Ирбис Шегуй кан отурушкан. Ич ара бийлик талаш күч алган. Батыш Түрк каганатынын эң акыркы көз каранды эмес каганы Буура шаддын уулу Нывар Ышбара жабгу (651657-ж.) болгон. Анын убагында кытай менен Батыш каганттын ортосунда узак согуш жүргөн. Кытайдын Тан династиясы 630-ж.

Чыгыш Түрк каганаты багынгандан кийин эми басып алуу саясатын батышка буруп, 640-ж. Кытай жана жалданган теле, чыгыш түрк аскерлери Турпан мамлекетин басып алган. Император Тайцзун Чыгыш Түркстандагы батыш түрктөргө көз каранды майда ээликтерди ээлөөгө аракеттенген. Бешбалыкты ээлеп, Жунгарияга басып  кирген. Таластагы Миң Булак өрөөнүнөн Нывар каган Кытайга каршы жортуулга аттанган. Жуңгарияны баскынчылардан тазалап, Бешбалыктагы кытайга кол салган. Тан императору 652-ж. 20 миң кытай, 50 миң өгүз аскерин батыш түрктөргө каршы жөнөткөн. Бул учурда Нывар каган батышта тактынын атаандашы – Тохарстандын башкаруучусунун көтөрүлүшүн басып (Бичурин. 290-291-б.) , бардык күчүн Кытайга каршы топтогон. 655-ж. Иле өрөөнүндө алардын батышка карай жылышы токтотулган, ошондуктан, император Тайцзун батыш түрктөргө каршы кошумча күч жиберген. 656-ж. Кытайдын жаңы башкы командычысы Су Диндан кытай жөө аскери, уйгур чыгыш түрк атчандары менен батыш түрктөргө каршы согушкан.

Иле дарыясынан Нывар каган жеңген. Кийин Батыш Түрк каганаты эки жолу жеңилип, Чүй суусуна чегинген. 657-ж. бул жерден Нывар каган катуу жеңилип, уулу менен Чачка (Ташкен) качып барган. Бирок, анын башкаруучусу аларды кытайга кармап бергендиктен Нывар Ышпара жабгу каган 659-ж. туткунда өлгөн. Кытай өкмөтү батыш Түрк каганатын акимдик аймактарга бөлүп, анын башына өзүнүн эмиссарларын коюп башкарткан. Иш жүзүндө тоо-талаалардагы көчмөндөрдү бириктирип башкара алган эмес, каганат майда  уруу бирикмелерге айланганы менен жоюлган эмес. Тактыны ашина уруусу ээлеген, бирок, аларда бийлик жок эле. Батыш Түрк каганатынын 23-каганы 704-ж. Кулан шаарында өлтүрүлгөн. Жети Суу менен Борбордук Теңир Тоодогу бийлик эми түргөш уруусунун төбөлдөрү негиздеген династияга өткөн (ө. Караев. «Көөнө түрк тарыхы». – Б.:1994).704-ж. Батыш Түрк кагандыгы Түргөш кагандыгынын карамагына өткөн. Булак:literatura.kg


Кыргыз