Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бай, манаптын кедей начарды ээгени, жер ээлегени

Бай, манаптын кедей начарды ээгени, жер ээлегени

1885-90-Жылдарда жумуш кылмакка Токмокко келе жаткан кедей жардыны Шабдан кан соргучтун жигиттери же туутандары, балачакалары жолдон кармап алып, акысына бир тыйын бербестен, зорлук менен айдап жумушка салган, Жумушка салат дел түн катып качып келе жатып жөө Чүйдүн суусун кечип, агып өлгөндөр болгон.
Мен 1889-жылында Чоя Кеминдеи Ак Бекеттеги эгинчилерге тамак алып келе жатып, абыла уругунан тун катып келе жаткан Кенжетай Саманчы уулуна жолдош болдум. Азыркы Быстровка тушунан түн ортосу ооганда кечтик. Ошондо бир жолдошумдун аты сууга агып өлдү. Шабдан Жантай уулунун зулумдугуна чыдай албай 1891-жылында атаке эли бөлүнгөн соң алык-салык чыгымы андан күчөгөн. Кайсы дубанда болсо да карыздар болуп бара жаткан манап ак чер уу, кара черүү деп элди эки тарап кылып чыгым бербеске, жалпы элди башка болуш кылып бөлмөккө аракет кылып, тилегине жетсе-жетпесе да, акыры эки тарап манаптар жарашып туруп, эки жагынын демейки болгон чыгымдарын кедей чарбага салып алган. Ар түтүндөн эң азында бир жылкыдан чытым салып алган. Алган мындай чыгым бөлгөндө болусной съезд ачып, бийлерди олтургузуп, элди сияде менен коркутуп, ким чыгым бербесе, кежирлик кылса, 18 айга набакты кескен Өкмөттүн салыгы ар жылына 8 сом болсо, манап, болуштун салыгы 20 сомдон ашкан. Салыкчыгымды бербеске кедей жардыда айла жок. Сиядан качыш, арызга барса сыртынан кесет. Участковой уезд судья жандыралга (генералга) чейин барсаң, же арыз берсең, «арызчы митаам» деп ооз мурдуңду кандалатып, кеңселерден уруп-согуп чыгарат,, катилешкеге камап коёт. Манап менен болуштун сөзүн сүйлөйт (ушундай болуп мен дагы далай катилешкеге камалдым). Чыгым бербеске тырышып, көбүрөөк арыз кылган кедейди уруп-согуп. баканга таңып, сабап жүрөгүн калтырган, Манаптар, болуштардын чыгымына чыдай албай, «өбу крестьян болобуз, казак орус болобуз, оруска кошулуп жазылайын деген (Жылма молдо, Алыке, Жейрен молдо). Эгерде кедейден манапты урган болсо, аны өлтүргөн (Маселент Муңайтпас Жантай уулу). Момой уругунан Кара устанын инисин өлтүргөн, жаки Шиберге (Сибирге) айдаган (Маселен, тынай элинде Мадыра деген). Улуктан кордук көрүп, кайта үйгө келсең бүткүл хан ичер манап, болуш, старчын, бай, атка минер баары да, манаптын дос-тамыры, сөөк тилектеши муну көрүп, астын жар, аркаң көл, эки жагың зоо, орто жерде калган бактысыз шордуусун. Бир болушта 4-5 атактуу кан ичер манап болсо, айылды 2-3 кан соргуч, он түтүндө бир эки атка минер болгон. Алардын пайдасына манап, жаки болуш ондон бирин калтырса, өз айылын, өз туутандарын уруп-согуп жатып, тигилердин пайдасын иштеп аткарып берген. Кедей-жалчы чыгым төлөй албастан нечен жылга чейин болуштун отунун алып, суусун куюп, эгин-чөбүн жыйып берип турган. Малай болуп байга, манапка катын-баласы менен күң, кул болуп кеткен. Мунусу аз чыгым төлөй албай кедейлер кээ чакта катынын коё берип, андан алган малын бай-манапка чыгым үчүн берген. Анын үстүнө манаптар, молдолор зекет, үшүр элден жыйнаган. Өз жанынан чыгарып эмес, кедей, орто чарба дыйкандардын малы менен мечит салдырган. Маселен, 1907-жылында салынган Шабдандын мечити 15 миң сомго, баасы 5 миң койго жеткен.

Бай, манаптын кедей начарды ээгени, жер ээлегени, bizdin.kg


Кыргыз