Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Б.з. VI—VIII кк. Түрк кагандыгынын синкреттүү искусствосу

Түрк кагандыгынын искусствосунда, баарынан мурда, Жети-Суу менен Тянь- Шандын маданий айлана-чөйрөсүнүн татаалдыгынан улам пайда болгон жаңы көрүнүштөрдүн дүркүрөгөн агымы чагылган — ал жаңы көрүнүш ушул аймакта түздөн- түз орун алып турган маданияттардын чиеленип чырмалышы болучу. Бул доор ошондой эле маданият менен искусствонун өнүгүшүнүн таптакыр жаңы этабына өтүүнүн баскычы катарында да белгилүү болду; мында жаңы, өзгөчөлүү маданият менен искусствону түзүү үчүн өз салттарын ала келишкен жаңы чыгармачыл күчтөр зор мааниге ээ болгон. Ал кайсы күчтөр эле? Түрк кагандыгынын синкреттүү искусствосу кайдан келип чыкты? Синкретизмдин жемиштери кайсылар?

Түрк кагандыгынын саясый тарыхынын татаалдыгы, анын Чыгыш жана Батыш менен болгон байланыштары, Жети-Суу көчмөндөрүнүн арасына өзүлөрүнүн өнөр чеберчилиги менен табиттери бар ар түрдүү кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин пайда болушу — искусстводогу сюжеттердин, формалардын жана техникалык ыктардын көп түрдүүлүгүн жана байлыгын аныктады. Искусстводогу жаңы элементтерди алып келгендердин арасынан, баарынан мурда, согдулук усталардын аты аталууга тийиш891.

Бул жакка келген согдулуктар өздөрүн, баарынан мурда, эң жөнөкөй, бирок бир кыйла көзгө урунттуу жасалган терракота статуэткаларынан көрсөтө алышты. Бул жагдайдан алганда Сокулук суусунун (Чүй өрөөнү) сол жээгинде жаткан шаар чалдыбарындагы табылгалар өзгөчө кызык.

Адамдын бет түспөлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тип деп аталган идиштеги абышканын сүрөтү алда канча чындыктай берилген892. Идиш адам сөлөкөтүндө жасалган: анын мойнунда адамдын бетинин көчөт сүрөтү чапталган, идиштин тулкусу адамдын денесине окшоштурулган, буга чапталып жасалган, боору ченде идиш кармап турган колдору далил боло алат893. Бет түспөлү жөпжөнөкөй: мурду «грек» манерасында, б.а. мурун менен маңдай сызыктары бириктирилген, көздөрү менен оозу тилке түрүндө жабыштырылган. Көздүн бадам түрүндөгү кесилиши анын көлөмүн көрсөтөт, ал кескин чыгып турган мурунга караганда ары батып, оозу бир аз ачылып тургансыйт; ылдыйкы эриндин түбүнөн шынаа сыяктуу узун сакал кетет, анын тармал экенин билдиргендей үстүнөн толкун түрүндө сызыктар менен чиймеленген.

Абышканын маңдайы диадема менен шөкөттөлгөн, ал ийри-буйру түрдө чиймеленип, анын ар бир ийрилген жердеги бурчунун ичинде чекит бар894. Диадемадан кулакты бир аз жапкан кулакчын түшүп турат.

Портрет өтө көрөсөндүү келет. Бул сүрөттү байыркы кытай саякатчысы Чжан Цяндын Орто Азиянын калкын сүрөттөп жазганы менен салыштырса ылайык болчудай. Чжан Цян мындай деп жазат: «Давандан (Фергана) Аньсыга (Парфия) чейин ар түрдүү тилде сүйлөшсө да, алардын каада-салты бирдей жана бири-бирин түшүнүшөт. Бардык тургундарынын көздөрү чүңүрөкөй, сакалдары коюу…»895.

Бул сүрөттөмөдөн көрүнүп тургандай Орто Азиянын чыгыш ирандык калкынын негизги сырткы белгилери биз талдап чыккан портретте өз чагылышын тапкан. Муну бир аз одуракай жана схематикалуу түрдө жасалган окшош табылгалар да ырастап турат896. Алсак, ошол эле Сокулук шаар чалдыбарында ушундай эле расалык типтеги сүрөт берилген статуэтка табылган (бийиктиги 18 см). Башы өзгөчө кылдаттык менен жасалган, ал эми тулкусу, чөйчөк сыяктуу идиш кармап турган колдору бир аз схематикалуу түрдө берилген. Кашы абдан эле догоо сыяктуу ийилген. Бети менен көздөрү бир аз чүңүрөйүп, ансыз да оркоюп турган мурду ого бетер чоң көрүнөт. Жаактарын бакенбарда сыяктуу саамай чач жаап турат, ал мурут жана шынаа түспөл сакал менен туташып кетет. Бадам сымал көздөрү биринчи портреттегидей. Мурдунун таноолору чекиттер менен белгиленген. Чаптама көчөт менен жасалган оозу сакалдын сүрөтү бар тактачага чапталган897. Бул статуэтканын башы жогоруда каралгандардан айырмаланып, үч мүйүздүү таажы менен кооздолгон. Таажыны тиштер аркылуу түшүндүрүүнү окшоштуктардан издебөө керек, анткени окшоштуктарды биз бүткүл Чыгыштан, айрыкча ирандык чыгыштан таба алабыз898. Мүнөздүү бир нерсе, Париж улутттук китепканасында сакталып турган сасанилик идиштеги үч мүйүздүү таажы кийген жоокердин сүрөтүндө чийилген так бар899. Кечирээктеги сасанилик табактарда (негизинен табактагы сүрөтүндө) ушундай эле таажы кийген жоокерлердин салгылашып жаткан сүрөттөрү түшүрүлгөн.

К. Иностранцев талдап чыккан баш кийимдердеги мүйүздөрдүн милдети, сыягы, орто азиялык көчмөндөрдүн, мисалы, эфталиттердин уруулук салтына байланыштуу болсо керек900. Чыгыш Түркстандагы, Хочжонун фрескаларында уйгур бегинин үч мүйүздүү таажы кийген сүрөтү бар901, муну менен эле катар Шапур Пнин, ошондой эле Хосров Пнин902 да үч мүйүздүү таажылары бизге белгилүү. Д. Шинордун пикири боюнча, моңголдор да ушундай эле баш кийим жана үч мүйүздүү таажы кийишкен. Безеклик менен Турпандын фрескаларында үч мүйүздүү баш кийимден таажыны эмес, көчмөндөрдүн кийиз калпактарын көрүү керек903.

Бул статуэткаларга массивдүү статуэткалар түрүндөгү стилдештирүүлөрдүн сериясы жакын турат, уста жөнөкөй чаптоо жолу менен ушул эле типтүү белгилерди берүүгө аракеттенген. Айрым бир учурларда алар өтө эле примитивдүү жасалган. Чопонун бир үзүмүн алып, анын бир учунан бармактар менен сыгылып, баш чыгарылып, анын бет жагын бармактар менен ылдый басып, мурун менен көз чыгарылган, бул көздү чүңүрөйүп турганын көрсөткөн, андан кийин мурунду маңдай менен ооздон бөлүп турган эки горизонталь сызыкча түшүрүлгөн. Уста үшуну менен гана чектелип, адамдын түспөлүн өтө жөндөп гана көрсөтүп, бирок анын чыгыш иран тибинин белгилерин ачып бере алган. Бул примитивдүү статуэткалардын баштарында эреже катарында, эч кандай кооздуктар жок.

Кичине скульптуранын бул сүрөттөлүп жазылган тобу культтук маанидеги статуэткалар экендигинде шек жок. Статуэткалар өлүктү көмүүдө апотропейдин904 милдетин аткарууга тийиш болгон, а мүмкүн кожоюн менен тиги дүйнөгө кошо кетип бараткан малайларынын сүрөтүдүр. Мүнөздүү нерсе, байыркы түрктөрдүн бейиттериндеш скульптуралар — таш балбалдарда ушул эле милдетти аткарышкан, биз бул жөнүндө кийинчерээк токтолобуз905.

Кичине скульптуралардын экинчи тобун тематикасы ошол эле Иран мифологиясынан алынган скульптуралар түзөт. Алсак, мисалы, тулкусу жаныбардыкындай, бети адамдыкындай, башы бери карап турган жандыктын массивдүү статуэткаларын белгилеп кетсе болот. Беттин негизги элементтери (кашы, көзү, оозу) аз гана оймо сызык менен жалпак түрдө берилген, мурду гана чыгып турат. Уста сакалын жогоруда сүрөттөлгөн статуэткалардыкындай түспөлдө берүүгө аракеттенгенсийт. Мындай статуэткалар жер үстүндөгү жыргалчылыкты, негизинен малды сактоочу, авестидеги Гопатшах менен салыштырылышы мүмкүн; бул К. В. Тревердин эмгегинде толук баяндалган906. Ритон түрүндөгү чоподон жасалган нерсенин сыныгын да ушул эле топко таандык кылса болот, анда мурду тукур, бирок суу куюла турган эки тешиги бар, кандайдыр бир мүйүздүү жаныбардын сүрөтү берилген. Көздөрү жабыштырып койгон тегерекчелер менен белгиленген, ал жашыл-кара түстөгү глазурь менен жабылган. Өтө өзгөчөлүү буюм. Ушуга жакын окшоштуктар крит материалында907 бар, мүмкүн болуучу окшоштук (мезгили боюнча бир кыйла жакын болгон) Самарра908 материалдарынан жолугушу ыктымал. Иран мифологиясы Захактын сүрөтүндө да өз чагылышын тапкан, бул ошол эле Сокулук шаар чалдыбарынан табылган терракоталардын арасынан учурады909. Сокулуктан табылган табышмактуу үч буттуу жандыкты биз куюндун, булуттун жана бороондун символу «химар» менен окшоштурабыз910; ал эми тукул мурун, маңдайында жалгыз мүйүзү бар, ритон түрүндөгү (чопо) идишти, — мифтик жаныбар «хербуз» менен окшоштурабыз. Бундахишнде баяндалган «химар» жана «хербуз» К. Иностранцев тарабынан каралган911.

Согдунун согдулук-зороастрийлер ооп кетишкенден кийин ирандыктарга мүнөздүү болгон, Авесте, Бундахшинде жана зороастрийлик башка китептерде чагылган көрүнүштөр Жети-Сууда да тараган, чыккан теги согдулук болгон калкка таандык эстеликтерге талдоо жүргүзгөндө аларды эсепке алуу керек; булардын ролу демейде көңүлгө алынган эмес, бирок алардын арасында Ирандагы гебрлерге, Индиядагы парсыларга караганда ортодоксалдык зороастризмдин тарапкерлери аз болгон эмес. Бул жерде да тамыры Дадистан-и-Диник тибиндеги парс адабиятына алып бара турган дидактикалык адабияттын пайда болушу кокустук эмес912.

Бул айтылган эстеликтерде буларды жасоонун жалпы мүнөздүү белгилери бар. Ал жалпы белгилер, биринчиден, штамтын көп пайдаланылгандыгында, экинчиден, сүрөт курч айнек менен оюлуп түшүрүлгөндүгүндө. Мында нерсени чаптап жасаганды жөнөкөйлөтүү жана оймону көбүрөөк колдонуу тенденциясы ачык байкалат. Биз азыр эле сөз кылган буюмдарды талдоодо байкалган бул тенденцияны башка объектилерден да көрсөтүүгө болот, бир аз алга озунуп айта кете турган нерсе, мындан кийинки учурларда көркөм көчөттөрдү чаптап жасоо ыгынын жөнөкөйлөштүрүлүшү жана оймонун көбүрөөк колдонулушу басымдуулук кыла берет. Бул процесс зороастризм культу менен байланышкан буюмдардан өзгөчө ачык байкалат.

Белгилүү болгондой, зороастризм культунда очоктогу отту дайыма өчүрбөй сактап туруу зор мааниге ээ. Бул максатта аташдандар — атайын курмандык чырагдандары пайдаланылган; аташдандардын сүрөтү сасанилердин тыйындары аркылуу жакшы белгилүү913.

Жети-Суудагы аташдандар бир аз өзгөчөлүү келет. Мында аташдандар — астында таканчыгы бар чөйчөк түрүндөгү чырагдан. Чырагдандын төбөсү капкак менен жабылып, чөйчөктө күйүп жаткан шамдын жалыны тийип турат. Капкак атайын тирөөчтөргө коюлган. Эгерде сасанилер Иранында аташдандар өмүрдүн символу (древо жизни)914 — дарактардын жана өсүмдүктөрдүн сүрөтү менен шөкөттөлсө, Жети- Сууда бул чырагдандарды жасоодо көчмөндөрдүн тотем (жана шаман) культунун күчтүү таасири көрүнөт4. Натыйжада — буюмдардын бул серияларында, баарынан мурда, аздыр-көптүр стилдештирилген түрдөгү жаныбарлардын сүрөтү оймо-чийме түрүндөгү өсүмдүктөрдүн сүрөтү менен айкалыштырылган.

Чырагдандар формасы боюнча өтө ар түрдүү келет, бирок өтө жарды кооздолгон, алардын айрымдарында гана көңүл бурууга арзырлык оймо-чиймелер жолугат. Баарынан мурда чырагдандардын өзүнүн формаларын түркүн түрдүүлүгүн белгилеп кетебиз: алардын сүйрүлөрү, түп жагы жазылары, кээде үч буттуулары болот. Үч буттуулардын ичинен казан түрүндөгүсү көңүлдү бурат; буттарынын таманы сыртка ийилген, ийилген жеринде итке окшогон жаныбардын башынын сүрөтү бар. Иттин башы чапталып жасалган, бир жолкусунда жабыштырылган жер терең оймо менен кооздолгон. Чырагдандардын915 бутунун түбү жырткычтын таманына окшош. Бул чырагдандар жана корсотүлгөн кооздук элементтери сак казандарына толук окшош келет, биз жогоруда көрсөткөндөй, казандардын биринде аркардын көөдөн сүрөтү түшүрүлгөн, ал эми буттарынын таманы жырткычтын таманы сыяктуу берилген.

Ушуга эле окшоштуктар ысык-көлдүк курмандык үстөлчөлөрүнүн буттарынан да байкалды. Зороастриялык курмандык буюму көчмөндөрдүн чөйрөсүндө алардын формалары менен жасалгаланышы байыркы сак искусствосуна негизденип өзгөртүлүп жиберилгени айдан ачык.

Бул тип менен катар массивдүү, төбөсү кесилген төрт кырдуу пирамида түрүндөгү чырагдандар да белгиленүүгө тийиш, анын кырларына, биринчиден, терең оюм менен, биз атагандай «оймолуу» көркөм көчөт менен кооздолгон, анда меандр (суунун имерилиши) түрүндөгү сүрөт жана ыйык гаом дарагынын жанында геральдикалык позада турган эки кыргоолдун сүрөтү бар916. Бул геральдикалык мотив сасанилер искусствосунда, баарынан мурда, жибек кездемелерде кеңири белгилүү917.

Ошондой эле чырагдандын кайык түрүндөгү, үстү жарым-жартылай жабылган, алып жүрүүгө ылайыкталган пирейди, «атешках» деп аталган чырагданды элестеткен, парсыларда кеңири тараган чырагданды жана да негизи конус түрүндөгү чөйчөк сымал жөнөкөй чырагданды белгилейбиз. Булардын кийинки типтегиси Түштүк Манжуриядагы Муянчен өзөнүндө, археологдор Иошито Харада менен Казуишка Комай тарабынан көп санда табылган918.

Капкак коюла турган таканчык да өзүнчө бир кызыктай. Алар өтө массивдүү келет, фантастикалык жаныбар түрүндө жасалган919. Бир кыйла реалдуу түрдө жасалган үлгүлөрүнөн бизге белгилүү алма-аталык чоң алтардагы чубашып кетип бараткансыган жаныбарларды көрүү кыйын эмес (2-сүрөт).

Мында биз ошол куб формасындагы тулку менен башты, томпок көздөрдү, аңырайган алкымды, жонундагы канаттарды көрөбүз. Бул жерде биз сактардын коло курмандык буюмдарындагыны чоподон көрүп отурабыз920. Таканчыктардын бардык калган коллекциялары бул үлгүнүн схемалаштырылган түрлөрү болуп саналат. Алдыңкы жана арткы буттары биригип, массивдүү постамент сыяктуу болуп калган. Жаныбардын башы өйдө чыгып, көөдөн агы таканчыктын маңдайкы, бийик бөлүгүн түзөт. Айрымдары кадыресе эле малдын тулкусуна окшоштурулуп жасалган921. Көпкө узабай мындайлар да жок болот.

Айрым бир таканчыктар жасалышы боюнча өзгөчөлүү келип, жаныбарлардын тула боюна окшош. Алсак, Сокулук шаар чалдыбарынан табылган табышмактуу бир фигурага кытай искусствосунда окшоштук бар, сүрөттү китепчеге басып чыгарган адам аны чочко деп эсептейт922. Мүнөздүү нерсе, көпчүлүк учурларда оймо-чийелүү жасагалар да жаныбарлардын сүрөтүн билдирген учурда байыркы Кытай колосундагы

оймо-чийелерге окшош келет923.


Кыргыз