Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Азык уруусу

Н.А.Аристов боюнча Азык(Асык) уруусу байыркы кыргыздардын түпкү, негизги уруусу. Тонукөккө арналган жазмада Аз (уруусунун) адамы кыргыздарга бара турган ашууну көрсөтүп берген. 714-жылы аздарды түрктөр талкалап алар батышка качкан. 715-жылы Түрктөр Каракөлдүн жанында аздарды талкалаган (В.Радлов «Монголиядагы байыркы түрк жазуулары». 66-б.). Аз талашы Көчмен тоосу – Саян тоосу, Абактан өрөөнү Грум Гржимайло Т.Е. «Западная Монголия», стр. 297-312). С.М.Абрамзон «Азыктар байыркы уруу, аны сарыбагыш, бугу, солто урууларга кошконуна каршыбыз» ( Труды ККАЭ, т. I. – М.: 1959. стр. 59-62) деген. Себеби, О.Сыдыков «Тарыхы кыргыз Шабдания» ж.б. китептеринде жана В.Радлов сарыбагыш уруусунун санжырчыларынын айтканы боюнча азыктарды сарыбагыш уруусунун уругу катары караган. Туура эмес пикирди жазып калтырышкан. Азыктар калмактардын чабуулунан абдан жапа чегишкен. Калмактарга каршы Кашкелең баатырдын жетекчилиги менен аларды Чүйдөн чыгышка чегинүүгө мажбурлашкан.

1769-70-жж. «Жайыл кыргынында», казаккыргыз чабышында көп эр азаматтары өлүп, алсыраганда Ферганадан жаңы келген сарыбагыштар бул оор абалды пайдаланып алардын аймагын тартып алып өздөрүнө «курама» кылып, букаралаштырып уруунун саясий эркиндигинен ажыраткан. 1856-58-жж. Ч.Валиханов сарыбагыш уруусунун Надырбек уругунун арасынан «азык бийлери Козубек, Чал Түгөлбаев (орус императору күмүш медаль менен сыйлаган) , таздар уругунун арасынан азык бийи Жоомартты тапкан. Азыктар төрт чакан уруктан: Козугана – 50 түтүн, бычман – 60 түтүн, бөрү – 100 түтүн, байкүчүк – 300 түтүндөн турарын» жазган (Чыгармалар. 2-том. 84-б.). Болжолдуу 2040-2550 адам. Уруунун насилдери өз негизги тамырынан ажырап, ар кандай хандыктарга баш ийсе дагы өз ысымын жоготпой келатышат. Азыктар Теңир Тоого келген кыргыздардын эзелкилеринен. Азык Тагайдын асыранды баласы эмес, анын кошуунундагы байыркы урунун өкүлү, топтун жетекчиси. Азыркы азыктардын түпкү бабасы. Тамгасы . Мааниси купия. Азык тамга.

Пишпек уездинде 5 миң түтүндөн ашык азыктар бар болгон. 20-кылымда азыктар Кочкордо, Ак Кыя, Талаа Булак, Кум Дөбө, Чолпон, Кара Суу айылдарында, Кеминде, Тар Суу, Жаңы Алыш, Кара Булак, Кызыл Октябрда, Ак Талаада, Кара Бүргөн, Кош Дөбө, Биринчи май айылдарында жашашат. Майда топтор Ысык Көл, Жалал Абад аймактарында бар. Кыргыз улутунун калыптанышына катышкан. Генологиясы: Ассык (Аз), Амандык, Куртук, Азык, Кашкелең – Бычман, Козугуна, Байкүчүк, Бөрү, Топон, үсөн, Тобой, Бакы, Карабагыш, Түгөл, Итаяк, Жанболот, Акжол, Торошон, Торуайгыр, Кызылкурт, Казиет, Мамай ж.б. М. Ирсалиев («Асманы жакын айылым», Б. 2000) боюнча: «Азык уруусун азыркы теленкут менен ач кыштымдардын курамына кирген алтайлык «төрт-ас» тобу менен салыштырса болот, себеби, кыргыздын азык уруусунун өкүлдөрү да козугуна, байкүчүк, бычмал, бөрү деп төрт тамгалуулар аташат (В.В. Радлов). «Төрт тамгалуу асык» уруусу байыркы көчмөн кыргыз. Асыктар байыртадан «аз» деп аталып жүргөн уруу. Түрк каганаты чыгышы – Дулу, батышы – Нушиби аталып экиге бөлүнгөндө алардын ичинде асык, кушчу уруулары болгон. 641-ж. дулуларга асыктар кол салган.

Ассирия булагында б.з.ч. 681-668-ж. Асарходон доорунда көчмөн кыргыздардын асык, аз уруусунан бириккен «кандардын» тукуму болгондугун В. Латышев айтат. Л. А. Ельницкийде б.з.ч. V кылымда асыктар жөнүндө грек тарыхында маалымат бар. Айкүмүш Аксынын маалыматы мындай: Асыктар Кыргызстандын Түштүгүндө Аксыда Ак Суу, Иринжит кыштагында, Таш Көмүр шаарында, Аксыга чектеш Наманган областынын Балык Көл айылында жашашат. Токтогулда, Ошто, Баткенде, Караванда чачкын жайгашкан. Ак Суу айылында асыктардын «Ыман Ата мазары» бар. «Кемпирек» Күмбөзү да аларга тиешелүү. Асыктар Бурчуке деген жерде жайлашып, Топо Тайматтын көпүрөсүн илгери салышкан. Т. Молдо: «асыктын асыл сөөгү кыпчак» дейт. Асык уруусунун ордо шаары Намангандан 10 км. аралыктагы Төрө Коргон болгон.

Ал жерге кыпчак Домо (Томо) XV XVI кылымда хандык кылган. 1540-ж. Аксыкент шаары жер титирөөдөн кыйраган соң, Наманган шаары өсүп чыккан. Т. Молдо асыктарды Домонун уулу Жумадан таратат. Бул калпыс пикир. Асыктар байыркы уруу. Дозой Намангандын Кызыл Рабат кыштагын илгертен жердеген. Асыктар Түштүктө өздөрүн киринди уруу катары эмес, түпкү уруу катары айтышат. Ак Суу, Караван, Иринжитте, Намангандын Пышкаран жерлерин, Чер жайлоосун эл «асыктардын жери» дешет. Асыктар кайсы бир доорлордо бийлик кылган кыпчак уруусунун курамында көпкө чейин болсо керек. Мүмкүн Азия деген жердин аты да «аз», «асыктардын» атынан аталышы ыктымал. Азов көлү – орусча Аздардын көлү деген мааниде. Асыктар, адигинелер түрктөрдө да жолугат. «Асыкпыс» деген месхеттер да бар. М: Түркиянын үч мамлекеттик ишмери асык тукумунан чыккан, алар «Түркиянын үч устуну» аталат. Кытайда Кашкардын Опал районунан ары «Асык» деген айыл бар. Махмуд Кашкари ошол асык айылынан. Асыктардын Топо, Тоймат, Кемпиректен башка Эгеш бийи Наманганды бийлеген. Анын балдары Абдыбай, Шайдылар Ак Суу айылында. «Асык элдин уюткусу».

Асыктардан 1770-1870-ж. олуя, даанышман, көрөгөч, билерман Сопу Ата Эсет уулу жашап өткөн. Ал Ормондун казак Кененсары, Ноорузбайын өлтүргөнүн жактырган эмес, кайра үчөөң биригип оруска, калмакка каршы болсоңор болмок, эми оруска багынып калдык деп кайгырган. Сопунун сөөгү Кегетинин суусу менен Каракол суусунун кошулган жериндеги түштүк жактагы кайкы тектирде. Асыктар Алматынын Кашкелең районунда, Ысык Көл, Чүй, Кичи Кеминде да турушат. Ат Башыда бешкөрүк асыктардын түтүнү 20-30. Бул уруудан Кашкелең, Сопу, Жая деген баатырлар чыгышып казак менен болгон чабышта набыт болгон. Иленин боюндагы Көк Ойрокто «Жаянын конушу» бар. Жаянын мүрзөсү Чүйдөгү Кегетинин оозунда. Кочкордогу Темир, Болот болуштугундагы асыктарды бөлүп өзүнчө болуш кылууда Төлөктүн ролу чоң. Төлөк манап Чокону кодулагандыктан ал жер которуштуруп көчүп кетет, ошондон улам: «Боз атчан Төлөк сенсиңби? Болушту сүргөн эрсиңби?» деп ырга кошулган.

Төлөк 180 түтүн эл менен Ат Башыдан Мамырбай, Теңизге көчүп келип, кийин Тезекбай, Кооман менен болуштукту талашып жүрүп асык болуштугун бөлдүргөн. Асык болуштугун бөлөөрдө комиссиянын курамында Омск уездинен бир орус, саяк Байзак баатыр (Пишпек уездинен), Пржевальский уездинен Капсалаң болуш катышып чечкен. Болуштук картага чийилген. Ошондо Байзак жер бөлүүдө Мантышты соогатка алып уругу көкмээ, катаган саяктары ал жерди жердеп калышат. Жалпы асык 10 старчын эл болуп, Мамырбай болуш шайланат. 1875-ж. асыктар борукчу элинен болуштугун бөлүп чыгышып Мамырбайды болуш кылып, салыктарын бир жыл Пржевал уездине төлөшкөн. Кийин асык болуштугу Пишпек уездине карап чек арасы бөлүнөт. Чоң Туз, Мыкан суусунун берки өйүзү Асык болуштугуна таандык. 1909-ж. Кызыл Мойноктун бери жагындагы Эпкинге 100 түтүн чечей уругу көчүп келген, шайлоодо асыктын эсебинен таш салышып асык болуштугу бөлүнгөн. Анын мыктылары Теңиз (бычман уругу), Мамырбай (бөрү), Андаш баатыр, Тооке уулу үрүстөм бай (уругу козугуна), Чоко бай (козугуна), Кыдырбай болгон. Мамырбайдан кийин асык болуштарынан Сасыктын уулу үмөш калыс, мыкты болуш болгон. үмөш Шабдандын Нурудин деген уулунун кызына үйлөнгөн. Андаш баатыр Төрөкелди баатыр менен жакшы санаалаш болуп, чогуу эрдиктерди жасаган.

Андаштын энеси Сарыбайдын эжеси Солтонкул байдын Батма деген кызы болчу. Андаш асык байлары үрүстөм, Чоко, Ниязбай, Теңизди ээрчитип алып суусар, кундуз, тайтуяк алтындарды Алматыга тартуулап барып асыкты бөлүп болуштук кылган. Темир, Болот болуштугунда асык уругунан Чылпак, Жоомарт, Козубек, Чал Түгөлбаев деген бийлер (Ч. Валиханов) болгон. 1870-ж. бөрү, бычманга Агыбай старчын экен. Мамырбай 1905-ж. ажыга кетип, кийин Сарыбай, Сатылган, Төлөк, Түмөнбай, Осмон, үмөш болуш болушкан. Кочкордун Талаа Булагында асыктын козугуна, байкүчүк, бычман уругу, Ак Талаада бөрүнүн, Ак Учукта, Ак Чийде, Узун Булакта – байкүчүк, козугуна уругу, Ара Көлдө козугуна, байкүчүк, Оро Башы, Туз айылында – бычман, Чолпондо – байкүчүк, козугуна, бычман, бөрүнүн – малай, торуайгырлары, Молдо Кылыч айылында, Кум Дөбөдө – бычман, козугуна, байкүчүктүн Торошон уругу, бөрүнүн Кызыл курт тукуму, Ак Жарда төрт тамга асыктын бүт уругу, Кара Тоодо бөрү, бычмандар, Кочкор, Арсы, Чекилдек айылында бөрү, бычмандар жашашат («Асманы жакын айылым». 223-251-б.).


Кыргыз