Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Аваттар

Аваттар   байыркы  кыргыздын бир  бөлүгү,  кырк уруулуу  кыргыздын  бирөө. Алар Дөөлөс  уруулук  союзуна  катышкан.  Сибирден Орто Азияга  дөөлөстөр  менен  бирге  келишкен,  анткени, журттары  коңшулаш  болгон. Санжырачылар: Инал, Эналдан  тараганбыз,  бизди  биякка Ават  баатыр  алып  келген  дешет (Талаа дептери,  1968). Оболку дыйкандар. Ичкилик  тобуна  кирет. Аваттар  аз  санда,  алар  чоң  уруулардын  арасында жашашкандыктан илгери  изилдөөчүлөр  анча  көңүл бурушпаган. Ошол  себептүү Аваттар  көлөкөдө калышкан.   Тамгасы  жагынан  кесекке жакын. Бул  окшоштукту  жалаң  коңшулук менен  түшүндүрүү  туура  эмес.

Аваттар б.з.  башында  эле  кесектер менен биякка  келиши мүмкүн Алар 7-10-кк.  адепкилерден  болуп  түрк  каганатын  түптөгөндөрдөн. М.Тынышпаевдин  кесектерге  айткан  пикири  аваттарга  да  тиешелүү. Аваттар  адашкан менен  кыргыздан  ажырашкан  эмес, жаңы  кыргыз  этносуна кошулган. Элдердин «Улуу көтөрүлүшүнүн» акыркы жүрүшүндө Памир, Кож-Дагды  карай  оогон. 1913-14-ж. Фергананын Кокон  уездинде, Лейлек болушунун Дарин (№1,2), Лейлек (№1,2), Рабат (№1,2,3), Ортобус  айылында (№1,2)  840  түтүн  3985 киши жашаган. 20-к.  ортосунан Лейлектин  Катыраң, өзгөрүш, Баул  айылдарында, Баткендин  Кулан,  Гаусуар, Самаркан, Ак Сай,  Ак Татыр, Жаңы Бак, Капчыгай, Орто Боз, үч Дөбө, Булак Башы, Базар Башы, Бужум,  Канцык, Каратар,  Тажикстандын, өзбекстандын  коңшу  райондорунда  турушат.   Генологиясы: Ават Инал, Шырмат,  Тойбога, Энал, Ават (Абат), Ишкара, Могол,  Токмок, Чолой,  Уста, Жанат,  Ботоп,  Казна, Пуджен, Жой, Беглер, Адалат, Тамчы, Сарыкул, Көккул, Тама, Татар ж.б.


Кыргыз