Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Атаке, Сарбагыш элинин кытайга качканы

Атаке, Сарбагыш элинин кытайга качканы

20-августтун түнүндө Көк Жонго Балыкчы Боромбай уулу жана Султак Далбай уулу ичинде болуп, ,100 киши кароолдо жатса, жүздөн ашык казак-орус жана канчалык менен ашып келип, кароочуларга көрүнбөстөн жолсуз жер менен тоодок өтүп, тан атаарда Чоң. Кеминдин кыштагына кирген. Бул кезде Кемин суусунун түп жагында Кичи Кеминде бир түтүн калбастан Чоң Кеминдин тескейине өткөн. Чоң Кемин кыштагы менен белдерди тоскон кароолчулардан башка киши болбогон. Аскер болгон кыргыздар Калмак Ашуу менен Тарсуунун ортосу Мөкүшкө жакын жердеги алкым менен суу боюна конуп жаткан. Күн тоо башына тиелекте Чоң Кеминдепи камалып жаткан орустар жабдыкталып, Чолок-Кайыңдынын оозундагы элге каптап чыккан. Келген жүз чамалуу казак-орустар жана кззактар Калмак Ашуунун оозундагы Кардоонго туруп, кыргызды бир аз аткылап, кыргыздар карагайга чыга бергенде артынан барбастан, Мөкүштүн айылын көздөп келе жатканда мен таңашырган тору атымды жаңыдан отко койдум эле. Кармайын десем атым казак-орусту карай качып, аны араң айылыбыздан бир бала кармап берди. Мен атка минип Мөкүштү издеп келе жатсам, артымдагы казак-орустар Калмак Ашуунун кү,н батыш жаккы жолдун алдындагы бир коргонго жамынып туруп атты. Мен Шабдандын коргонунун күн чыгыш жагына келсем, сайдын жарына жашынып туруп жантай уругу. кедейлерден: Малай Көбөнтөй уулу, Малай Мырзаке уулу аткылап турган экен. Булар атышып калган кезде кыргыздар качып, тоодогу карагайды пааналап кирди. Аскер карагайды аралап, тоого келе албастан жылганын оозундагы 17—18-августта казактан качып келген Туулак баштык кылган казактарды бир миң коюн колго түшүрдү. Бул миң кой мурунку күнү тоого кетмек болгондо жер үчүн туяк кат аламын деп сарбагыш элинин манабы Абдырахман Эстебес уулу токтотуп алган эле. Туяк кат албагын деп башка эл айтса да болбостон алган:

Андан казак-орустар Шабдандын мечитине барып, андагы жөлөнүп турган жантайдан калган тууну алган. Мечитти жана башка үйлөрдү өрттөгөн. Кайыңдыны каптап чыккан жарактуу мужуктар бир далай катын-баланы өлтүрүп, айылын талап, көп мал айдап, бүлүк түшүрүп кайткан. Атаке сарбагыш эли Тору Айгыр, Түз Ашуу, Үч-Кайыңды, Калмак Ашуу, Карколду аша баары жапырт ушул 20-август күнү кечинде Көтмалдыны имерилип малдары менен Боз Бармактын Улакол жакы ою Ак Өлөңдөгү Алыштын алдына барып конгон. Атаке сарбагыш үркүп үстүнө барганын көрүп, андагы Семиз Бел эли арык тукуму кечинде жапырт андан көчүп жөнөгөн. Эртесинде баары көчүп, Улаколдун сазына барып конду. 21-августта күн ачык эле. 22-августта эл өрүү (өчүү)5 болуп Исамуддин Шабдан уулу унаам жок деп ар старчын айылдан экиден ат, бээ жыйып алды. 23-августта бир миң чамалуу түтүн кыш түшөлекте Кытай жерине өтөбүз деп кеңеш кылып, 24-августта көчүп Улакол менен Талдынын ашуусуна барып конду. Ушул күнү күн каар алып, тоо баштарына кар түшүп, суук болду. Көтмалдыдан жол тособуз деп 25-авгуыстта . жабдыктанган 300 чамада киши Ак Өлөңгө келип жаттык. Күн ачык эле. 26-августта кайттык. Мен мурун көчкен элдин артынан жүрүп, үйүмө 27-август-та Каракулкурдун башы, Жалак Бел аша Кара Саздын башына жете кондум. 28-инде өрүү болуп, 29-унда Кара Саздын аягына конуп, 30-августта Тоңго барып кондук. Шабдандын балдары жана Төле, Мамыт, Алагуш, Баяке, Далбай балдары, калган бүткүл манап баш болуп, миң чамадай түтүн бугу, саяк, сарбагыш менен канааттанышып туруп, орус менен урушабыз деп Улаколдун көл жагына токтоду. Буларга кошулабыз деп Тоңдон кайтадан Алике, Байымбет көчүп, калган элге кошулабыз деп кетти.

Нарындан орус алып, Казы Чокой уулунун жардамы боюнча Чылабай деген манап келип, Каракужурга көчүп бара жаткан атаке элинен Бектен менен Жетибай жана башкалардын айылын чаап алып кеткен. Нарындан Ковалев баш болуп 30 солдат келе жатканда Каракоого жакын жерден черикчи элинин жигиттери алдынан чыгып, алардан бөлүнө экй бала жигит атчаи качырганда буларды атып өлтүргөн. Артындагы качырып келе жаткан эл токтоп калган. Ковалев качып Каракоого кирген. Анда көп токтобоетон үчүкө элин каптап чыгып келе жатканда арык тукуму кыргызынан Сагын баштык болуп 80 жигит, Көтмалдыда Ыбырайым түшүргөн бардаңкеден 30 мылтык алган экен. Орустан мурун көчкөн байдын коргонуна жетип, бакка жашынып туруп атышканда 2-3 солдат аттан жыгылып, калганы токтоп калган. Жыгылган солдаттардын өлүү-тирүүсү билинбеген. Солдаттар кайта Каракоого киргенде булар менен чукө эли, арык тукуму жанг атаке сарбагыштан мин чамалуу киши катышкан! Дувалга жашынып атышып турган таздар уругунан Сокубаш төрт солдатты атып өлтүргөн. Дувалдан башын чыгарып атмак болгондо орустар Сокубашты башын жара атып өлтүргөн. Ковалев коргондо камалып жатып, коргондун эшигин бекитип коюп, төр жаган бузуп чыгып, таңга жакын качып кеткен. Кыргыз эртең менен кубалап, Ковалевге жетпей кайткан. Кочкордун аягындагы эл: Надырбек, борукчу, ниязбек бул уруштан мурун Тезекбай Түлкү уулу кан көтөргөн. Жумгалдагы саяк Көкүмбай Чыны уулун кан көтөргөн эле.

Илгери көчүп кеткен атаке сарбагыштан мин чамада түтүн 1-сентябрда Тоңдон көчүп, Жаман Эчкиге жетпей кондук. 2-сентябрда Жаман-Эчкинин аягына кондук. Күн бүркөк болду. 3-сентябрда Жаман Эчкинин оозуна кондук, кар жаады. 4-сентябрда Жаман Эчшни аша Тарагай жакы ичине кондук, күн ачык болду. 5-сентябрда Тарагайдын суусун кече күн чыгыш жаккы Боз Күдөргө кондук. Күн суук болду* 6-сентябрда Кара Сайдан өтүп, Чоң Тоонун алдына кондук. 7-сентябрда өрүү1, болбостон, Ыштыкка кондук. Биздин айылдан үч төөнү тыным Сейиттен Соорумбек уулу уурдап каткан жеринен таап алдык. 8-сентябрда Келин Тайгакка кондук, күн ала бүркөө болуп, кийиктин кумалагын терип жактык. 9-нда Беделдин алды күн батыш жаккы боордогу кичине тектирчеге айылды кондуруп, Кытайга барып сүйлөшөбүз деп 80 чамалуу киши Беделди ашып барып, Орто Кароолдон өтүп, күн чыгышындагы көк жылгага кондук. Август 30 күн болбостон, 31 күн болсо керек эле. Кыскайы, Беделдин белин салт 9-сентябрде аштык.. Көч 10-да ашты. Бул менин дептеримде жазылганы.

Эл Кара Сайга барганда мал арыктап, өлө баштады. Көбүнчө урушка минген жакшы айгыр, аттар өлдү. Кишинин көбү жөө чубады. Бирине каралашпай, малсыз жөө калган кедейлерге жардам көрсөтпөдү. Жолдо көчтүн артынан жөө чубаган киши 20-30дан болуп жүрдү. Күн суук, отун жок болгондуктан аркар-кулжанын тезегин жакты. Эгерде күн жааган болсо, эл отундан өтө жүдөйт эле.

Беделдик түн жак учунда Келин Тайгактын оро-парасында эки-үч орустун өлүгү бар экен. Ал чек арадагы аскер окшойт. Аны бугу кыргыздары көтөрүлүш жаңыдан чыкканда өлтүргөн экен. Августтун аягында атаке сарбагыш элип Улакол саягы барлыгы 300 чамалуу киши болуп, Көтмалдыда 100 чамалуу казак-орус менен атышкан. Казак-орустар жайылып курчамак болгондо, Жийдебай Ажы башчы саяктар токтобостон качып кеткен. Ибраим Түлө уулу бийик жерден тосуп атышканда бир казак-оруска ок тийип токтоп калган. Анын өлгөн-өлбөгөнү маалым эмес. Түн ичинде Көтмалдыда көп, от чыкканын көрүп, 2-3 киши жашынып барып караса, көп арабада жүгү менен калын эл бар экен. Чүйдөн Качып келе жаткан кыргызбы десе, орусча сүйлөгөнүнөн аскер экен деп кайта келип, алардын Караколго кайтып келе жаткандыгын көрүң, алдыбызды тороп калбасын деп күндөп-түндөп Турпанды- көздөп качкан. Тоң Тозорго барганда кырк чамалуу казак-орус көчтү беттеп келе жатканда Ыбырайым баш болуп отуз чамалуу жигит казак-орус жакындаганча күтүп туруп, тосуп туруп аткан, Бир солдат жыгылып, калганы кайта качкан. Ушул аскерлер ушул күнү эртең менен абыла. уругунан сарбагыш кыргызынан бир нече катын-баланы өлтүрүп, мал-мүлкүн талап алган. Булар качып-келе жатканда артынан аскер кубалап, аны тар жерде алдынан тосо атышып, батрак абыла уругунан Кайырбай деген киши токтоткон.

Эл артыбыздан аскер келип калат менен күндөп түндөп көчүп Беделге келгенде колдорунда кошо келе. жаткан орустун катын-балдарынын кээ бирлерин өлтүргөн, кээ бирлерин тийбей коё берген. Ант-кен себеби: орусту көрсө Кытай чек арадан өткөрбөйт деген жалган ушак тараган. Көбүн. Кытайга алып өткөн. Белде нечен күнү катуу бороон-шамал болуп, эл ашалбай, далай мал жана киши кырылган. Мал ачкалыктан туурдук – үзүктү жеп жиберген. Отун табалбай жилик-сөөктү жагып, казанды кардын үстүнө тамак асып, бышырып, оокат кылган. Белде калган иттер мал, кишинин өлүгүн жеп кыштан чыгып, кайта ашканда элди кадим карышкырдай качырып талаган. Бедел, Көгүрүм, Кайчын ашкан эл кыйналбай ашып, бирок, алдынан чек арага келген Кытайдын чериктери малын, мүлкүн, таза кийимин алган, эл көп чыгым болгон. Апийим издеп таңылчакты чачып, анын ичинен жакшы нерсе чыкса алган. Бугу, саяк Үзөнгү Кууш ашып, Какшаалга түшкөн.

Кытайдын аскери талап алып өткөрсө да, Кытайга караган черик уругу кыргыздын көчүнүн алдын тосуп, өткөрбөйбүз деп жатып алган. Союш бере-ли десе сайдын ташындай алтын-күмүш берсеңер да өткөрбөйбүз деген. Акыры кыргыздар туулдум— өлдүм, тутандым — көрдүм, сен. түгүл орустан да корккон жокпуз деп, уруй – согуп жатып өтүшкөн. Кытай аскери 100 чамалуу черик Беделдин билип тосуп калган. Белдерде 5-10дон койгон чериктен кароолчулары болгон.

Атаке, Сарбагыш элинин кытайга качканы, bizdin.kg


Кыргыз