Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Арабдардын кыргызияны багынтканы

Арабдардын кыргызияны багынтканы

Маамет өлгөндөн соң арабдар кубаттуу падышалык даражасына кирип, зор падышалыктан саналган. Чектеш эл Иран мамлекетин караткан. Ирандын шаасы мамлекетин арабдарга алдырып коюп, өзү качып келип, Орто Азиядагы түрккө сыйынган. Артынан 666-жылында арабдын аскер баштыгы Рабги бин Арис Иран шаасын кууп келип, түрк элинен, Аму дарыянын күн чыгыш жагынан кайта кеткен. Бул чакта Орто Азия Каганга караган менен бүткүл иши ичиндеги дыйкандардын колунда болуп, алар өз араларында дайым урушталашта болгон. Ал кезде Самаркан менен Бухар Согди ханы (ханынын аты — Саган Кудат) эн бай жана чоң хан эле.

Арабдардын амирлери, башка хандардын жардамы менен бул хандыктын шаарын алышты. (Күн батыштан күн чыгышка арабдын келип, Орто Азия жартысын (алдынкы күн батыш) Азияга саясы жөнүнөн кошкондогу Искендер менен Селевкелерден сон тарыхта биринчи доордон саналат.

Жогоруда айтылган Согдиян шаарынан башка шаарларды алууда дагы арабдар жергиликтүү дыйкандардан пайдаланган. Арабдар узакка согушту. Ал жерде дыйкандар, хандар 681-жылдан 683-жылдарга чейин ынтымакташып, арабдарга каршы турса да, эч кандай иш чыгара албады. Согдинин ханы, өзүнүн душман хандарына арабдардын аскер баштыгы — Кутайбабин Муслимди чакырып турду. Акыры Алтайдагы түрктөр зор каганы Моче хан 701-жылында Согдиге келди. Лекин эч пайда чыгара албады. 712-жылында Күлтегин келип, арабдын колуна кирген бүткүл Согдини каратты. Арабдардын колунда жалгыз Самаркан калган. Бул жердик хандар Күлтегинге  кыянаттык кылган үчүн ишти узата албайт.

Темир Капуг тоосуна барып, кайта кетти. Мындан пайдаланып, 713-жылында арабдар Ташкен менен Фергананы алды. Күлтегин кайта Алтайга кетип Ташкен менен Фергана арабдардын колуна өткөн сон Сулуу хан командасында болуп, Ысык Көл менен Чүй өзөнүн жердеген түрктөр Суяб шаарын борбор кылып, арабдар менен алты ай катуу согушкан. Сулуу хандын эрдигине кубанып, арабдар аны Абу Музахим деген. Сүзөгөн бука атагын берген. Акырында арабдар түрктү жеңген соң өкмөтү 738-жылында тамам бүткөн. Арабдар мындан пайдаланып, 739-жылында Сырдайра боюн бүт алып, андан , Кашкарга өткөн. Чүй менен Ысык Көлдө турган түктөр көбүнчө карлук болуп, алардын арасында асты деген эл болгон. Азыр да кыргыз арасында асык деген урук бар.

Самаркан ханы 712-жылында жардам сурап, Кытай императорлоруна кат жазды деп айтып өттүк эле. Ошонун себеби болмогу керек (арабдар Орто Азияда түрк балдары менен урушуп, түрктүн колунан бул жерди алса да бул жерди кытайдан алган катарында эсептеген).

Кытай аскери 748-жылында Ысык Көл менен Чүйдөгү. түрктү жеңип, ханы турган Суяб шаарын талкалап, андан илгерилеп, бүткүл Орто Азияны каратып алмакка 200 миң аскер менен Таласка келгенде Зиядибин Салинг баштыгы болуп, араб аскери азыркы Акчийдеги Ак Дөбө төрткүлү, жаки маңдай бетиндеги Кулаң Курук болмогу керек. Атлат шаарында июль айында 751-жылында арабдар менен согушуп, Кытайдын 50 миң аскери кырылып, 20 миң аскери колго түшүп, калганы качкан. Мындан соң кытайлар Орто Азияга аяк баса албаган.

Колго түшкөн кытайдан Самаркандыктар чүпүрөктөн кагаз жасаганда үйрөнгөн. Булардын чыгарган кагазы күн батыш мамлекеттерине жайылып, мусулман менен христиандардын арасынан мурунку пергамент папирустан кагаз материалдарын сүрүп салган.


Кыргыз