Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Алыбекти өлтүрүлгөнү

Көз алды болуп келип, Агыяздын суусунан өтүп, карагайлуу жерге Алыбек конуп калат. Ошонун алдында Каракужур, Соң Көлдөн бор укчу сарбагышынан назар тукуму Боталы, бугу, саяктан жылкы аламын деп 8 киши болуп, бир” кабарда 7-9, барган түнү жылкы алалбай, күндүзү карагайга бекинип калат. Ойдогу айылдан калың киши аттанып, башка айылга кетет (аш, жаки той). Ошол замат кечке жакын койчунун атын минип, Алыбек торой (сакал-мурутсуз) марал көрдүм деп булар жаткан карагайды бет алып чыгат. Мал караган шишиби, жаки кийикчиби деп булар карап турганда жакындап келгенде Алыбекти тааныш, айланайын, баягы Торойкул экен. Ийниде мылтыгы бар экен, деп тезинен аттарына минип, жолунан бүгүп, бир жерге жашынып тура калышкан. Чукул жерден качырып чыгып Боталы кармап алган. Алыбек кыйшая түшүп, милтеге отун коюп атууга камынып калган экен. Аттан алып түшүп Боталы үч көтөрүп урганда, көтөрүп туруп, аңгыча жолдоштору чогулуп, байлап алган. Күн абдан батканда, алып жөнөр кезде 200 жылкы жана бир кыз берейин, коё бергиле дегенде Үмөталыдан коркушуп алып жөнөшкөн. Артынан саяктар Каракдман Балгартка жете кубалап келип, жетпей калган. Алыбек марал көрүп атып аламын деп колго түшүп келе жатканда бир түнү муну күзөткөндүн бири сарбагышта калып калган туугандарынан экен. Ал түнү Алыбек качканы жатканда Ботаалы кармап калып, ал саяктын малын Ботаалы келгенде чаап алып койгондо сарбагыштар малын кайта жыйып берген. Бул тууралу кошок:

Атакемдин арбагы,
Ак марал болуп арбаган.
Күрөңдүн уулу Ботокем,
Көк шилиден кармаган.
Алымбекти күндөп-түндөп байлап жүрүп отуруп, Ормондукуна келгенде андагы Алыбектин жакын туугандары (Адылга кыз берип, сөөк болгон үчүн Алыбек кеткенде мында калышкан) малы-башыбыздан чыга берели баарысын алгыла, Алыбекти бошотуп бергин дегенде Үмөталы Алыбекти кармап туруп, бугудан айлын көчүрүп алайын деп ойлоп, Алыбекти башка айылга ээрчитип баратканда аңдоостон артынан келип Кыдык деген сарбагыш айбалта менен башын жара чапкан. Эски кыргыздын адаты боюнча түкумунан жакшы чыкпасын деп эки кар жилигин алып бир кабарда Көтмалдыда жерге каккан. Бир кабарда Ормондун Кутукеч деген жигити чаап өлтүргөн. Алыбектин кошогу:
Жылкыны кер ат баштаган
Кетирекейдин Алыбек
Кабаны караан кашкаган,
Сарбагышты көргөндө
Акылышынан шашпаган,
Жалгызсынып жалтанып,
Бура тартып качпаган,
Жулуп алып келтесин,
Атамын деп уштаган.
Аттырбастан Ботаалы
Карагайдын черинен*
Кан атакем баатырды
Камынтпай чукул коштогон.
Күзүндө көлдүн аягында олтуруп, тынайдан башка бүткүл сарбагыш жана курманкожо, кулжыгач саяктарынын манаптарын чакыртып кеңешип, бугу менен согушмак болуп, кебин кубултуп солтодон кол. сурап Жангарач феодалга Медербекти (жетиген уругу) жиберген. Жангарачтын кызын Жантайдын Шабдан деген уулу алмакчы болуп, күйөөлөп жатчу экен. Жана Боронбай, Токсобай, Балбай башка дагы бугу, саяктын манаптары бөлөк элге туюнтпай жашырын (көп кабарда нечен күмүш жамбы жиберген) киши жиберип айттырганы: бугу, саяк, сарбагышка, солто калыс турган. Эки жагыбызга тең катышпастан, калыс туруп берсин. Ылажы болсо, Жантайды согушка кагыштырбасын деген. Бир нече күнү жаткан соң: «эмне келдиң» деп, Жангарач сураганда Медербек: «Бүткүл сарбагыш, курманкожо, кулжыгач, чоронун баш кишилеринин сизден тилегени — Каранын каны кан Ормон курбуңузду бугу, саяк өлтүрдү. Ал себептен урушмак болдук, эп болсо колун алып келип, уруштун башына туруп берсин деди», — дегенде Жангарач көпкө чейин жаздыгын чыканактап жаагын таянып унчукпай жатып, анан айткан: «Бугу, сарбагышың бир кылжырдын баласы. Ажалы жеткен Ормон өлдү, канга кун жок, сарбагыш урушпай журт болсун. Койбосо солто-бугу менен сарыбагышка калыс тууган, солто ал себептен катыша албайт», — дегенде Медербек туруп сарбагыш менен саяктын айт дегенин айтайын деп: «Эгерде Жангарач келбесе эки арманы калар, Кокустан сарыбагыш, бугу менен саякты сайып кетсе башында атакты албадым дээр, Эгерде саяк менен бугу сарбагышты сайып кетсе, малбашын чаап, жетим бала, жесир катын тонолуп ач жылаңач болуп, ач койнуңдү солто деп, тентип кирип барса, өзүм болсом эл-журтту ошентип тентитер белем деп, каңырыгы түтөп оозун карманаар дешти эле. Кош, аман болуңуз», — деп Медербек жолго салган. Бул тууралу кошок:

Сар тору атын таптаган,
Солтолордун Жангарач
Сары чоюн сактаган.
Жантайга келип айтса, барамын деп бара албай калып (Жангарачтын тилин алды деген кабар бар жана Ормондун керээзинде Жантайга ишеним жок дегенин көңүлүнө алып калган эле), согуш башталып калганда Саадабай баштык кырк киши келген. Бул тууралу кошок:
Жантакем кеңеш тапкан жок,
Карачолок үйлөрүн
Бутунун кийизи менен жапкан жок.
Ушул себептен илгертен «кедей сакай жөө тынай» деген атакты алган.

Алыбекти өлтүрүлгөнү, bizdin.kg


Кыргыз