Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Акдөбө шаар чалдыбары

Акдөбө шаар чалдыбары – 9–12-кылымдарга мүнөздүү эстелик. Бакайата районундагы Акдөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз – Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар чалдыбары үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы уз.   9 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак-жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак-жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү  мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумара, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү  табылган. Карапа идиштери оймо-чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Акдөбө шаар чалдыбарынын калдыгын орто кылымдагы жазма булактардагы Кул шаарынын орду менен байланыштырышат. В.В. Бартольд, М.Е. Массон, А.Н. Бернштам тарабынан изилденген.


Кыргыз