Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Айтиев Гапар

Айтиев Гапар (1902, Карасуу району, Төлөйкөн айылы – 1986, Бишкек) – кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук сүрөт  өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири. Социалдык Эмгектин Баатыры (1982). СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР Сүрөт академиясынын корр. мүчөсү (1973).  Бишкектеги Агартуу институтун (кийин пед. техникуму) бүтүргөн (1932). Москвадагы сүрөт окуу жайынан билим алган. Анын чыг. 1934-жылдан респ., 1944-жылдан 7 жалпы союздук, 1958-жылдан эл аралык көргөзмөлөргө  коюлуп келе жатат. 1970-жылы Москвада, 1973-жылы Бишкекте анын чыгарманын өзүнчө көргөзмөсү чоң ийгилик менен өткөн. Эң мыкты чыгарма Кыргызстан мамлекет сүрөт музейинин, Третьяков галереясынын, Чыгыш маданият музейинин, Алматы шаарындагы Шевченко атн. сүрөт галереясынын, Львов шаарындагы сүрөт музейинин менчигине айланган. 1947–77-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, 1971–77-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиу-мунун төрагасынын орун басары. 1969-жылдан Кыргыз ССР Токтогул атн. мамлекет сыйлыгы комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.


Кыргыз