Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Адабияты манас таптүштөө ирээти

Адабияты манас таптүштөө ирээти

Кыргыздын эң уккулуктуу артыкча кызык көргөн жана илгертеден унутпай келе жаткан атактуу ырлары: 1 – Манас, 2 – Кошой, 3 – Көкөтайдын ашы, 4 – Эр Төштүк. Эски карыялардын айтуунда Манас кагазга жазылбастан оозеки ырдалган. Ырдаган ырчылар: «Манасты түшүмдө көрдүм, ырда деп кыетагандыктан ырдадым», — дешкен. Аныгын-да Манас мурунтан, башы маалим болбогон замандан улам арткыга оозеки ырдалып сактала келген, бирок мунун анык качан башталып ырдалганы маалим эмес. Манасты илгери биринчи ырдагандар: 1) 1792 – 94-жылдарда Музооке, 2) солто кыргызынан 1752-жы-лында туулган Түлөбердинин жигит чагында карыган абышка Норуз деген киши ырдаган. 3) 1820-жылы чамасында туулган атбашылык асык.кыргызынан Келдибек, 4) 1840-жылдарда Балык- менен Айтике ырдаган.
Манасты ырдаган ырчылардан көргөнүм — 1888-жылында Ормон уулу уругунун айылында саруу кыргызы Алаш деген киши. 1889-жылында Ысык-Көлдүн Тору Айгыр деген туура суусунун башында саяк кыргызынан чоңчарык уругунан Кыштообай Медер уулу. 1890-жылында кышында Балыкты деген жерде Сагын-бай Орозбак уулу. 1896-жылы май айында Пишпек Шаарында болгон сыязда Найманбай Балык уулу, ошол жылы июль айында бүткүл Каракол, Пишпек, Нарын кыргыздары Көтмалдыда топ кылып, бугу кыргызынан тынымсейит уругунан атактуу Тыныбектин беш-алты күн ырдаганын уктум.

1898-жылы көктөмдө Чоң Кеминде Алагуш Мырзаалы уулунун үйүндө бугу кыргызынан алдаяр уругу Дыйканбайдын ыраганын уктум (Манасты эки-үч күн ырдап, анан көбүнчө Семетейди айтты). 1901-жылы көктөмгө жакын Ыссык Көлдө Калмак Ашуунун оозунда Байымбет Боронбай уулунун үйүндө бугу кыргызынан Акылбектин ырдаганын төрт-беш күн уктум. 1908-жылы Кочкордо Сагынбай Орозбак уулунун көктөмдө эки мертеме ырдаганын уктум, Сагынбайдын агасы Алышер Манасты айтуучу экен, бирок анысын мен укпадым.
Манасты ырдаган ырчылардан: Манасты нече күндө ырдап бүтүрөт десең (мен өзүм да сурадым), эң азында эки-үч айда айтып аягына чыгуу мүмкүн деген жоопту беришкен. Балким андан да көп. Койчу жана карыган кишилер (кыштын күнү тамак-ашын ичкен соң оттун жанына олтуруп, карыган абышка-кемпир, катын, кыз-келинди жыйып алып, короосун уурубөрудөн кайтаруу үчүн жана эрмек-шоок кылуу . үчүн) чокко кактанып олтуруп, Манас, Көкөтөй, Кошой, Төштүктү да айтканын көп уктум. Жылкычылар ак кар,көкмузда, кыраңга жолум үйүн тигип алып, бири Манас, бири Алмамбет, бир канчасы кырк чоро, калганы Коңурбай, Жолой, көп кытай болуп, эки айрылып согушканын нечен көрдүм.
Эки-үч абышка дөңгө, жаки короого олтурушуп, Манасты ырдабастан, сүйлөп айткандарын көп уктум. Ошолордун бүткүл айтканы төмөнкү мазмунда: Манасты ногой, сары ногой, кыпчак, локеш уругунан дешет. Таласта турганда Каныкейди алган, кээ бири Манасты Таласта, кээ бири алтайда туулган дешет. Согушу болсо: биринчиде Көкчөкөз, Көзкаман деген жакын туугандары бузук кылган, Кыз Сайкал менен согушкан. Көкөтөйдүн ашында Коңурбай менен сайышкан. Оогон олок менен согушкан. Бейжин менен согушкан. Акыры кытай Коңурбайдан Аккула аты, Алмамбет, Чубак, Сыргак жана бир нече чоролору өлүп кетип, Манас жаралуу болуп келип, Таласта өлгөн. Көп ырчынын айтуунда Манастын катуу согушу Бейжин жана Оогон болгон. Манастан соң баласы Семетей ырдалып, ал катын аларда Чынкожо, Толтой менен катуу согушуп, жана атасынын канын кууп, Бейжинге барып, Коңурбай менен Жолойду өлтүрөт. Семетейдин баласы Сейтек делип, андан соң кабар жок.

Кошой тууралу сөз: катагандын хан Кошой, кара-шаар, Камбылда (Кумул, Бейжин, Хами Пекин) 85 жашында, Көкөтөйдүн ашында Жолойду күрөштө жыккан. Көкөтөйдүн ашын 12 жашар Бокмурун деген баласы, Ташкен, Түркестандан көчө келип, Каркырада капыр, мусулманга аш берген. Кайсы уруктан экени дайын эмес Төштүк деген баатыр болуп, катынын алып келе жатканда Чалкуйрук деген күлүк аты менен жердин алдына түшүп кетип, анда алп дөө желмогуз менен жети жыл кармашып жүрүп, акырын-да алп кара куштун балапандарын ажыдаар жемек болгондо аны жаа менен атып өлтүрүп, балапандарын куткарган алпкаракуш Төштүктү аты менен көтөрүп учуп, жер жүзүнө чыгарып кеткен. Бүткүл ырчылардын айтуунда Манас Дошой. Көкөтөй, Төштүк бир замандагы кишилер болуп, Көкөтөйдүн ашына жогорку үчөө келген.
Төштүк тогуз уулдун. кенжеси, Элемандын уулу деп «Элемандын эр улан Төштүк» деп ырдашат. Жана буларга замандаш кара ногойдун Жамгырчы, кээ ырчылар Эштектен Жамгырчы дешет. Нойгут кыргызынан Акбалта уулу эр Чубак, казактан Айдаркан уулу эр Көкчө. Алтайдан келген Өгүзхан (балким Угузхан болор), уулу Алмамбет кытайдан мусулман-болуп келген. Кыргыздан эгиз кара ат байлаган, эки кемин жайлаган, кара үңкүрүн үй эткен, кара токой мал өткөн, кыргыздардан эр Үрбү деген жана Акбалтанын Чубагы бул эки кишиден башка бир дагы киши айтылбайт. Кыз Сайкалды нойгут кыргызынан, бир кабарда кыпчактан деп талаш кылышат. Кытайдан Коңурбай, Мурадил жана Жолой (кара кытай Чүй боюн борбор кылып, XI—XII кылымдарда мамлекеттин башынан карап турган Элюй деген баштыгы болгон. Элюй-Жолой аталмагы мүмкүн), Калдай жана башкалары айтылат.
Манастын ата-бабаларынын аттары:
1. Өз атасы Жакып (Арабтар менен).
1.    Бабаларынан Түмен хан, тарихта Түмин хан VI кылымда Алтай түркүндө Күлтегин менен Билге хандын бабалары.
2.    Бөөн хан — тарихта Бумин хан, Күлтегин менен билгенин бабалары жана Буюнкулу деген хан Чынгыз залим менен Теңирдин ортосунда Түркестанда болгон хандын аты.
3.    Кара хан — тарихте XI кылымда караханилердин Кашкардан чыгып, Өзгентти борбор кылып, Бухарага жете элди караткандыгы жогоруда көрсөтүлдү- Ырчылар Чыңгыздын уулу чын Манас деп да ырдашкан. Жана Самарканда сарт Манас деп айтышат.
Ошентип, ырчылар өздөрү дагы Манастын насилин анык баланча деп кесип айталбайт.
Манастын заманындагы эл: кытай, калмак, кара калмак, шибе, кара кытай, солои, эштек, добот (тибет), ойрот, торгоот, маңгырт, кара ногой, сары ногой, ногой, чүрчүт, олок, орус, урум, сарт, өзбек, казак, нойгут, кыпчак, оогон, тажик, кызыл баш, үндү, манжу, долу жана кыргыз.
Жер-суулар: Алтай, Ганкай, Таңатардын Буурул түн (Энесай болмогу керек), Орол, Сары Арка, Едил (Волга), Жайык (Урал), Крым, Индистан, Исар, Көлөб.
Шаардан: Бейжин (Пекин), Чынмечин, Кашкар, Котон, Кара шаар, Камбыл (Хамий), Анжиан, Кокон, Наманген, Маргылаң. Ташкен, Самаркан, Кукар, Кебил, Меке, Медине, Мисир айтылат.
Ооз кабардан Манас ким? 1916-жылы кыргыз бузугунда Турпанга, Кытайга качып бардым. Андагы черик кыргызынын кабарында алар өздөрү болсун, Саркол (Памир) жана кыргыз болсун Манасты сары ногой, кыпчак дешет экен. Кашкар кыргызынын көп-чүлүгү кыпчак кыргызынан лакшү уругунан Манас чыккан деп айтат дешет. Кетмен Төбө, Фергана кыргызы Манасты ногой дейт.
1920-жылында Талас кыргызынын берген кабары.: «Алма Атага жакын Кара Кыштак деген жерде кыпчактын локуш деген уругунан Манас деген баатыры.. кара кытай каптап келгенде жеринен ооп, Таласка келип туруп, Намангендин Кара кожо деген улугу менен бирлешип туруп, кара кытай менен согушканда кара кытай абдан бытчыт болуп жеңилип, Каштекти кайтадан кыпчакка берген. Мындан соң ал жерге кара кытайлар көп жылга жете келе албаган. Таластык кыргыздын экинчи кабары: кыпчактын жети кашка деген уругунан 680—970-жылдарда болгон Манас бар баатыр.

Жазуу боюнча Манас деген термин орус, кытай, араб, иран, түрк тарыхтарында жок. Эч табалбадым. Орустун дини китептеринде Жусуп пайгамбардын Манас деген баласы болгон. Бирок эң эски заман болуп, күн батышта араб менен еврейдин тукумунан болгон-дуктан назар кылбадым. Искендердин заманында Шам менен Кудуска (Палестинада) Манас деген хан бар эле дейт. Эски грек жери — Крит аралында жомокто айтылган Минос деген ханы болгон, Булар эн эски кабар болгондуктан, көп ихмет берилбейт. Арабдын «Актар Кебир» деген (Болыная энңиклопедня) кИтебинин 280-бетинде Манас (Мынас) деген термин бар- Анын түркчө маанисй: Калканч, сыйынт, күч-кубат, чеп (Крепость, убежиШе, протикорат сила) деген сөз, арабдын «Мааннас» термини Манас болуп окулат. Мааннас — «адам бирлиги» деген сөз.
Манас балкимугуз түрктөрүнөн болуп, эски түрк могол балдары кийинки заманда кыргыз баатырлары жоого чапканда өз атын кыйкырып, ураан салып качыргандай, «мен угуз» деп качырып чыккан. Жоого чапкан бир баатыры түрк болуп, «мен ууз» кара тил менен: мен — уус, менус акыры Манас аталып кетүүсү зор этимал. Кытайлар усун кыргызын Усе деген. Итимал усенден чыккан бир баатыр болуп, мен — усе деп кыйкырып жоого чаап, акыры мен усе, менус — анас ата алып кетүү мүмкүн, Тоболдогу татарлар Төштүктү билет экен. Манас, Кошой, Жолой, Коңурбай, Көкөтөй, Төштүк замандаштыгы жогоруда айтылды.

Манастан калган белгилер:
1. Таластагы Кед Кол чатында күмбөз, түбү төрт бурч, үстү 12 бурч, төбөсү күмбөсчө, тоголок бышырган кыштан салдырган. Карматкан топурагы балчыктан, күмбөздүн эшигинин сыртында эшикке тегерете жазган баш-аягы арабча тамга менен бышырган кыш менен жууруп жазган. Кыштын түзү башка кыштарга караганда кара күрөң өңдүү. Майга жуурулгандай Манасты ырдагандар катыганы Каныкей күмбөздү салдырганда кышты серкенин майына жуурган деп ырдашат, Жазуунун кыскача мааниси «Нур чалып күлдөп турган Рабаганын заманы төртүнчү санаа кылым»… деген жана башка сөздөр. Жазууну тарыхти жазган мен Белек 1920-жылында Ташкенден Алма Атага бир нече жолдошторум менен бара жатып, 29-майда алдым.
2. Кочкордун түн жагы, Чоң Суу жээги, жол үстүндөгү кашатта Кочкор Атанын кабырына жакын кырк чоронун күмбөзү делип, топурактан салынган майда бир далай бейит бар. Үч бурчтуу дубалчанын ичинде бир жаккы бурчунда 15 чамалуу күмбөзчө, калганы чачырап, кокту чактын ичинде Саз Өөн кыраңга салынган. Кырк күмбөздүн үчөө жер болуп житип калган. Бири сазга тийе болгондуктан жемирилип, араң эле түбүнүн нугу турат. Манас менен Семетейди ай-туучулар чоролордун 16—17син бир жерде, калгандары экиден-бирден ар кайсы жерде өлгөндүгүн айтышат. Күмбөздөрдүн турушуна караганда ырчылардың айткандары ырас болуп чыгат. 1885-жыл чамасында Жумгал, Тескейден келген саяктын карыяларынан бири Төлөмүш, Токтогул деген кишилер келип, ушул жерге илгери биздин бабаларыбыз коюлуп, күмбөз салынган экен дешип бата кылып кеткен. Кебетеси көрүстөн болгондуктан ал жерге башка кишилердин өлугү көп коюлса керек.
1.    Манастын ак шумкарынын Арпадагы уясы.
2.    Кытай жеринде (Синңизиан) Үрүмчүгө караган Манас деген шаар жана суу бар.
3.    Ошого жакын жерде Кутубий деген калаа бар. Манастын Кутубий деген чоросу болгон.
4.    Таластын аягы күйүк Күркүрөдө тушма-туш күн жүрүштө «Манас Тоо» жана «Манас Ашуу» деген жерлер бар.
5.    Ысык Көлдө Чолпон Ата, Чокталдын талаасыңда Манастын ордо салып аткан жери деген орун бар.
Манасты айтуучулар анын жерин Талас дешет. Таласты тарых боюнча текшергенде көрүнгөнү төмөнкү:
Урум (Византия) тарыхына караганда 569-жылында Таласта турктөрдөн түргөш Деген эл болгон. Аларурум менен элчи алышып турган. Түргөштү кыргыздын бир уругу деп айткан, ойлогон тарихчи (Дублитский) бар. Түргөштүн Мукан (Дизабол) деген ханы урум императоруна тартуу кылып кыргыздын бир кызын берген. Бул түргөктүн жанынын алганы кыргыздын кызы болгон. Демек, кыргыздын Талас менен катышуу биздин эранын VI кылымынан башталат.
VII кылымда кытайдын Суан Тсан деген ажысы Талас шаарынын айланасы төрт жарым чакырымга созулган, Талас шаары суунун эки жагына салынган, мындан башка Таласта тогуз шаар болуп, тоо арасында күмүштүн кени чыккан, Текепкет деген калаа болгон. Азыркы Күмүштактын алдыңдагы Төрткүл болмогу мүмкүн. Таластык кыргыздар чалдыбар дейт.
Макдиси деген мусулман тарихчисинин кабарында Талас шаары суунун күн жүрүШүндө болгон дейт. Тарыхтарда Талас — Тарас деп дагы жазылат. Жана суунун күн жагында Барскан, Шелүүжи, Көл, Суз, Тепекет деген беш шаар болгон. Суунун түн багытын-да Жыгыл, Быгыл (Вьхыл) Хамукет жана Атлат де-ген төрт шаар болгон.
Арабдар 666-жылында Иран мамлекетин талкалап, падышасын Түркстанга чейин кубалап келип, ал түрк чегине өтүп кеткен соң түрккө батына албай кайта кеткен. 680-жылында түрк менен согушун, буларга Длтай түрктөрү (Күлтегнн, Билге хан баштык), бир кабардар болушса да өз арасынан чатак чыгып, алтайлыктар кайта кетип, арабдар 740-жылдарга чейин азыркы Токмок шаарына жете келип, Орто Азия (Түркстан) түрктөрүн бүткүл караткан. Токмоктун күн чыгыш жагындагы Кара Булак (Михайловка) жаки (Кара Коңуздун алды Токмоктун каршысында (же Соголдуда) түрктүн борбор шаары Суяб деген болуп, анда түрктүн Сулуу хан деген баштыгы 740-жы-лында араб менен алты ай согушкан. Акыры жеңилиң багынган. Ушул түрктөрдүн ичинде асык деген бир уруу эл болгон. Ошол замандагы түрктөр Беркташтын тоосун Теңирдин жери деп Ыйык туткан. Азыркы4заманда дагы ал тоонун башын кыргыздар азиз тутат. 748-жылы кытай аскери Түркстандык Суябка караш-туу элди жеңип, ханы турган шаар Суябды талкалап, андан бүткүл Түркстанды каратып алмакка илгери-леп, 200 мин аскери менен Таласка келгенде Зияда Салык командасында болгон араб аскери (азыркы Димитровка — Ак Чийдеги Ак Төбө төрткүлүнүн маң-дайындагы Кулан Курук деген жал чеп болуу мүмкүн, Ак Төбө анын уландысы) жогоруда жазылган Атлат шаарында июль айында 751-жылы Кытай менен согу-шуп, Кытайдын 50 миң аскери кырылып, 20 мин аскери колго түшүп, калганы качкан. Мындан соң кытайлар Орто Азияга аяк басалган змес. Мына ушул жо-горуда айтылган Таласта болгон окуяларда Манас деген термин тарыхтарда учурабайт. Манас арабча мыят, сыйынт, күч-кубат деген термин болгонуна ка-раганда ушул согушта Манас таластык болгон үчүн арабка зор жардам берип согушкандыктан Манас баштык таластыкты мият, Талас сыйынт кылып, Ат-лат шаарына бёкиңип туруп, Манастын (түрктүн) күчү менен кытайды жеңип, маанилүү болгон Манас атагын (прозвиШе) алган болбосун. Жаки Таластын айланасы тоо, ортосу чеп коргон сыяктуу болгон үчүн чуңкурчак (котловина) болгрндуктан, жер шартына карата Манас деп атак берсе керек.

Манастын атасынын атын арабча Жакуп деп коюп, башка бүткүл бабаларынын аттары нагыз түркчө, маселен: Түмөн, Бөйөн, Карахан коюлгандыгыяа караганда, арабдар Таласты багынтканда Манас туулуп араб таасири менен атын Манас коюп. кийин жогорку согушта болгон баатыр болгондур.
Амир Темир кан ичердйн бабаларынын бириниң аты Түмөнбай болгон, балким жогорудагы Түмөн — Түмөнөй чыгар.
Уйгур падышалыгыи Энисей кыргызы жеңип бүткүл күн чыгыш Азиядагы уйгур, могол, татар, түрк зор мамлекети (Великое Киргизское Самодержавие) аталган, ошондо уйгурлар кыргыздан качып Синңизиан (Кашкар, Кокоя, Турпан, Аксуу, Үрүмчү, Кумул (Хами), Локчин (жогоруда айтылган Локшу болор), Турпанга келип турган. Ушул жакта угуз түрктөрүнөн Сатык, Буграхан XI кылымда мусулман болуп, Син-ңизиан, ОртоАзияга хандык кылып, анын династиясы Карахан аталган. Манастын бабасынын бири Карахан аталганына караганда балким Манас ушул доордо угуз түрктөрүнөн чыккаң бир баатыр болор Манасты айтуучулар Манастын ата-энеси мусул-манчылыкка үндөбөстөн өзү мусулман болгон дейт. Бул себептен Орто Азия калкы мусулман динине кирген кезде динге кирген баатырдъш бири Манас чыгар. Күмбөзүндөгү сана арибага деген санат IV кылым болуп, Караханилердин дооруна »чамалаш болгон. Жаки кыргыздын зор мамлекет доорунда бир баатыр болор.
Алмамбеттин атасы Угузхан — Ууз хан деп дагы айтат. Угуз хан биздин эрадан III кылым мурун көп мамлекетти караткан, Гун түркүнүн каны болуп, бал-ким Алмамбет анын насилинен болор. Жаки Алмамбеттин өзү келип мусулман болгонуна караганда дин-сиз Угуздун динине кирбестен мурунку чекене динине кирген болуп чыгар. Угуз ханды тарыхтарда Модо хан деп дагы айтат.
Алтайдагы түрк ханынын 553-жылдарда Түмөн деген каны болгон. Ырчылар Манастын бир бабасын… жогоруда көрдүк. Балким Манас Алтайдагы түрк канынын тукумунан болор.
Кара кытай IX — X кылымда Манчжуриядан чыга келип, жол бою көп элди багынтып, Орто Азияга каптап келген чакта, кыскасы кара кытайдын доорунда, кыргыздын кураган зор мамлекетинен кабар болбой калат. Кара кытай менен кыргыздын эки ортосу, саясы жөнү белгисиз. Жалгыз гана бир кабар: «Кара кытайды, Эмилге жакын жерде кыргыз жеңди дейт.
Кара кытайдын борбору Баласагун деген шаар болгон». Тарыхчылар Баласагундун турган жери Бурана болгон дейт. Менин пикиримче Ысык Атанын чоң Төрткүлү болгон.
Бурана арабдар келгенде (740-ж.) Невакет аталган Акбешимди Пежикет деген. Тарыхтаргакараганда, борбор шаары болюндуктан Баласагун чоң шаар болгон; арабдар Улаксон деген. Бурананын чалдыбар Төрткүлүнө караганда, Ысык Атанын Чоң Төрткүлү беш эсе чоң. Жана чалдыбарын текшергенде Бурана-дан кийин талкаланганы билинип турат. Рашит Баласагунду Каргалык деген (азыркы Карганын Иле жакы оозунда). Чамалгандын аягында сазда чоң, төрткүл бар, ушул болбосун деген менен ал эмес.
Манастын согушу көбүнчө кара кытай менен болуп, кара кытайдын Жолой (Елюй) баштыгы болгонуна караганда жана ырчылардын баарысынын айтуунда Манастын биринчи жоосу жана аны өлтүргөн душманы Жолой менен Конурбай болгон үчүн Манас-ты көбүнчө каракытайдын сапырыгында болгон деп айтууга мүмкүн. Күмбөзүнө жазылган сана арабага (мусулмандын эсеби) деген санаттагы кара кытайдын дооруна тушма-туш келет. Не да болсо ырчылардын айтканына караганда Манастын бабалары Алтай, түрк бабаларына, караханилерге жана Жолойго караганда кара кытайга байланат. Чынгыз хан Орто Азияга чабуул коердун алдында, Харезим (Хива) шаарын Мухаммет деген ханы 1210-жылында кара кытайды быт-чыт кылып бир жолута жеңип, колунан өкмөтүн алган Күн чыгыш жагын (Иле, Чүй) эсепке албаганда, Орто Азияда кара кытайдын бийлиги ошондо бүткөн. Орто Азиядагы эл кара кытайга эн. каршы болгон, Балким Манас ушул согушта Мухаммет. жагынан согушкан баатырдын бири болор.
«Кара кытай каптаганда, кара кытай чыкканда» деген сөздү унутпастан, алигиче кыргыздар көп айтат. Кара кытайды чоңдушман көрөт. Не Да болсо кара кытайдын зулумдугу кыргыздын жүрөгүнө тийген. Ушул себептен ойго келет: Кыргыздын зор мамлекетин талкалаган кара кытай болбосун деп.

1220-жылы Чыңдгыз залим канкор Алтайдан аттанып келип, Орто Азия, Индустан, Кавказ, Донго жете кыйратып, адам баласын чымындай кырып, кан дарыясын агызганда Эртиш, Том, Тоболдо турган кыргыздын ханы Мамык хандын баласы Тайбука Орто Азияга келип, Чыңгыз залимден кандык жардыгың алып, өзү хандыкка бекилип, кайта кеткен (Кебетеси ушул зор согушка Эртиш кыргыздары дагы катышса керек). Мамыкты кыргыз эркелетип, жаки кичи пейилдик менен айтканда Мамыш дейт. Казакча Мамас деп айтылат. Түрк эли Мамаш деп сүйлөгөндө Манас деген термин оозуна эптелише түшөт. Буга караганда Мамык, Мамыш, Мамас — акыры бара-бара Манас деп кетмеги этимал. Бул айтылган кыргыздар Чынгыздын Темучин аты калып, адам жеңгис же чын ууз аталбастан, бир жыл мурун 1206-жылы Чынгыз кан-корго карабас үчүн Эртиштиң орто агымына ооп кет-кен. Бир бөлөгү жери Энисейде калган. Бир бөлөгү азыркы жери Тянь Шанга келип турган.
Ырчылар Манасты Эртиш, Алтайда туулуп, анан Таласка келген дешет. Могол доорунда, 1220-жылында Талас өзөгүндө Жаңы Кенже, Жаны Балык, Талас деген калаалар болгон. 1221-жылында Кытайдын Чан Чун деген элчиси Кулжа менен Чүйдү баса Чыншз залимге барганда Талас менен Чүйдүн арасында Акырташ деген калаа болгон дейт. 1269-жылында Чынгыз тукумунан Кайдуу баштык баатыр ноендор Таласка чогулуп, жыйын кылган. Ал заманда Манас термини учурабайт. 1405-жылында өлгөн Темир канкордун заманында жана аны менен удаа болгон калмактын биринчи сапырыгында Манас термини учурабайт. Манастын уулу Семетейдин бир катынын Темиркан кызы Чачыкей дейт, балким Темиркан — Темир болор.
Жана Шорук кан кызы Акылай дейт. Темирдин Шахрух деген баласы болгон. Кыргыз сөзүндө «х» тамгасы жок Шахрух Шорук деп айтылат. Итимал: бул кабарга караганда Манас Темирден мурунураак деп айтууга мүмкүн. Темир Кавказдан кара ногой деген элден алып келип, Ысык Көлдүн түн багыты Күнгөйгө орноштурган. Бул ногойлор Темир өлгөндөн соң Таласка карай жылжыган. Манасты ногой дегенине караганда балким ушул кара ногойдон болор.
1408-жылында ойрот Ысык-Көлдөн өтүп, эл карата Таласка жете барган. Балким ошондо ойрот менен согушкан бир баатыр болор. Бирок ырчылардын кабары Манасты эч качан ойрот менен согуштурбайт.
1400-жылында Эртиш менен Алтайдагы кыргыздан Өгөчү хан болуп калмак, могол, ойрот, ногой казак жана кыргызды караткан. Манас балким ушул кыргыздан болор. 1508-жылында Ысык Көлдун күн жак багытында Барскоонду борбор кылып, Кашкар, Кара-шаар. Аксуу, Турпандык элдин тынчын алып, ал себептен алар менен согушуп, Ферганалык, Сырдайралык жана калмак менен согушуп, бир согушта Таш-кенде өзбек ханын колго түшүрүп алган кыргыздын Мухамбеткайдар деген баштыгы болгон. Кыргыздын тил низамында Мухамбетти Мамбет дейт. Эркелетип же кичи пейилдүүлүк менен сүйлөгөндө «Мамаш» дейт. Казак «Мамас» деп «ш» ордуна «с» окуйт. Ма-. мас терминин жеңил болгон үчүн Манас деп айтууга мүмкүн. 1518-жылында өлгөн Касым деген казак ханынын Момуш деген баласы хаң болгон. Казактын тил мийзамында «Момос» дейт. Кыргыз тилинин ыгы Манас деп айтат. Балким Манас Момостун кыскартылга-ны болор. Момош өз ара согушунда өлгөн; Момоштун Адике деген агасы болгон. Манастын Абыке . жана Көбөш дегең кичи энесинен эки бир туугандары болгон. Бирок Момош менен Адикенин тарых жүзүндө кымындай дагы эрдиктери жок.

Чынгыз кан ичер Орто Азияны караткан сон, Алтайдан далай могол, түрк Орто Азияга көчө келген. Булардын ичинде могол уругунан катаган деген эл болгон. Манастын тушунда катагандын кан Кошой деген заманында . биринчи баатырлардан саналат. Хзыр да Атбашыда Кошой Коргон деген чалдыбар шргон бар. Азыр да жана илгери кыргыздан алыс апарга аттанган болсо, калганы кан Кошойдун жолун берсин деп — тигинин тилегинде калат. Себеп, Кошой бет алган жоосун өмүрүндө жеңип өткөн. Кай-дагы согушка барса жолу болгон.
Катаган Чынгыз заманынан бир аз соң бул жерге келип жана анын Кошой деген ханы, Манастын нары замандаш жолдошу болгонго караганда — Манасты, Чынгыздан кийин болбосун деп ойлоого мүмкүн. Бул калын, катаган кайда кетти дегенде, эски карыялардын сөзүндө — калың кааган калмак менен согушуп, Гисар менен Көлабга (азыр да Тажикстанда тарыхта 1610-жылында 12 миң түтүн кыргыз, каратегин Күн чыгыш Таджикстанды басып, Иссар, Көлабка) жана Ооганга кеткен. Кыргызда: «казак — кайын саап, кыргыз — Иссар, Көлабка кеткен» деген макал ошондон калган. Кээ бири бул макал кийинки кыргыздын Анжиан. Алайга киргенинен калган дейт.
Тарыхчы Абулгазы жазган шежире түрктө катагандын кан Турсунду Эшим өлтүрдү деген (1627-жылы). Карыялар катагандын кан Турсунду Эңчер бойлуу Эр Эшим” өлтүргөн дейт. Эшим 1628-жылы өлгөн Эшим менен Турсундун тарыхы жогоруда өз иретиңде көрсөтүлгөн.
Адигине, тагай, саруу, кушчу (оң-сол) аталгаң кыргызды адигине, тагайдан берки ата-бабаларын уруктарын жана ал замандагы элди, атактуу баатырларды жана алардын кыскача ким менен согушканын бул замандагы кыргыздын көпчүлүгү билет. Бул себептен болжолу 1460-жылдан (адигине, тагай туулган чак) берки кыргызда жана ошондон берки заманда Манас жана анын кырк чоросунун аттары учурабайт. Жана бүткүл кыргыз Манасты адигине, тагайдан мурунку деп билет. Манастын тушунда кыргыздан Үрбү менен Чубак айтылат, башкасынан кабар жок.
Мен 1917-жылы апрель айында Торгоотту аралап, Кытай жери Жылдызда 10 күн чамасында болдум. Манас жөнүндө көп сурадым. Алардын айтйаны: Байкоңур менен Бурут урушкан. Бурутту Байкоңур жеңген жана Сайран Көлдө Алмамбеттин кароол ташы бар дешти. Алмамбет арабча Аалымаамет деген термин. Бурут менен Байкоңур кайсы заманда согуш-кан десем, заманын билгени жок, баарыда эн эски заманда болгон дешти.

1924-25-жылы. Кулжа калаасында 57 күн турдум. Далай калмак менен сүйлөштүм, Манасты сурадым. Билгендеринин берген же гобу: биздин карыялардын айтуунда Аштаркандагы (Астархан) торгооттордо эн, байыртан бери айтылып келе жаткан, эч ки.мге жеңдирбеген биринчи баатыр Манас деген ыры бар деди. Сибир адабияттарында Манас деген кишинин аты сибирликтен учурайт. Эгерде, Манас кыргыз эмес башка элден боло турган болсо — эмне үчүн ал эл Манасты айтпайт, деген кыргызда талаш бир пикир бар. Кыргызда көбүнчө ырчыларда бир адат бар. Алар өзүнүн жаки букарадан чыккан баатыр билимдүү киши болсо, аверих арасында айтса да, мейли андан даражасы төмөн болсо да, манаптан, жаки үстөмдүк кылган элдин баатырын мактап, апырылтып көтөрө сүйлөйт.
Манас, Төштүк, Кошой, Көкөтөй сыяктуу жомоктор эгерде кагаз үстүндө калбаса, башка элден унутулмак да болуп, кыргызда унутулбай калууда бир чоң себеп — кыргыз башка элге аралашпай, Алтай, Памир (Сарыкол), Тянь Шань тоолорун эң эски айдан бери жердеп, далай-далай коокерчилик кыргын заман болсо да оозеки адабияты, түрлүү оюну, гесиби сактала келген. Маселен, ордо, эр сайыш, гамбыатыш, тогуз коргоол, темир комуз, упай жана 5ашка оюндар. Кесибинен: ат таптоо, ат чабуу, тайган таптоо, бүркүт, туйгун, шумкар куш, ылачын, кыргый, чүйлүү, турумтай, күйкө жана башкаларды таптоо, 5ул айтылган оюн-кесиптердин башка улутта болсо да бүткүл эмес, биринсерин.
Манастын жери Талас, эли: 1) Нойгут, баштыгы Ак Балтанын Чубагы; 2) Катаган ханы Кошой; 3) Кыпчак ханы Көкөтөй, 4) Казак баштыгы Көкчө; 5) Кыргыз баштыгы Үрбү; 6) Нойгут баштыгы Чубак, кээ бири сары ногой Манас; 7) Анжияндан Санжырбек; 8) Эштек (Остят) баштыгы Жамгырчы; 9) Нойгут баштыгы Чубак жана кыз Сайкал. Кээ ырчылар Эштекти кара ногой дешет. Айтылган 8 урук эл Манастын эли болуп, араларынан бузук чыкпастан, дайым жоологон жоосу кара кытай, кытай, даңгыт, дөбөт (Тибет), калмак, манжу, чүрчүт, кызылбаш, ооган, олок болгон.
Бул айтылган 8 урук элдин тарыхта көрүнгөнү:

1.    Нойгут — Синңизианда (Күн батыш Кытайда) да Тарим дайрасы Ойгут аталган. 1670-жылдарда Жаңыл мырза заманында кыргыз менен жоолашып тургандыгы жогоруда айтылды — Нойгут кыргызы.
2.    Катаган — Чынгыз. залимден бир аз соң Алтайдан Орто Азияга көчүп келген — могол.
3.    Эштек — эгерде Остяк болбостон башкурт болсо, «гун» улутунун калдыгынан саналат.
4) Ногой — сары ногой — кара ногойдун айрылышы деп кыргыз күүгө чертет. Казандык, крымдык ногой деп зкиге бөлөт. Чынгыз кан ичердин улуу баласы Жоочунун кичи катынынан туулган бир баласынын аты Могол болуп, аңын Ногой деген небереси Жоочу тукумунан Батыйдан оон, атагы чыккан чоң хандын бири болгон. Ушул Ногой хандын кол алдындагы бүткүл эл ногой аталган. Ногой 1306-жылында өлгөн. Манастын уругу ногой дегенге караганда ушул ногойдун кол алдына караган бир баатыр болор. деген пикир ойго келет. Ногойдун турган жери Волга (Эдил) Уральский болуп, эли кийин XV кылымда Орто Азияга ооп келген — өзбек менен казак жана Волга, Кавказ, Крым жагы болгон.
1.    Анжияндан Санжыбектн ууздан дешет. Ууз деген хан биздин кылымдан 200 жыл мурун тарыхка илинип, азыркы орчунү Анатоль — Азербайжанда чачырандысы Орто Азияда, СССРде.
2.    Кыпчак — Чынгыз кан ичерден 150 жыл мурун оруска тынчтык бербей далай согушуп, Волга, Дон, Крым аймактарында жүрүп, 1224-жылында Чынгыз залимдин авангар (эрөөл) аскеринен Экебе менен Себутай командасында болгон. Моголдор кыпчак мамлекетин кырып-жоюп талкалап, элин бытчыт кылып таштаганда, тирүү калгандары туш-тушка качып тараган, кийин 1240-жылындагы Батыйдын чабуулунда могол-татарга карап, «Дашти Кыпчак» аталган. Азырында кыпчактар СССРдин -Орто Азия, Волга, Кавказ, Сары Арка өлкөлөрүндө чачыранды.
3.    Кыргыз биздин эрадан 210 жыл мурун гиан гун, көбүнчө динлин насилинен болуп жашап келе жаткандыгы жогоруда билинди.
8) Казак абыдан ашкере болгону биздин эранын XI кылымынын ортонунан башталганы жогоруда көрүңдү.
Бул айтылган элдердин уругу көбүнчө могол-түрк-тен таралып жана булардын бир бет болуп кара кытай, кытай, калмак, манжу, чүрчут, ооган, олок, иран менен согушканына караганда илгери болуп өткөн могол түрк балдарынын Алтай, Орол, Памир, Волга, Крым, Бейжин арасында согуш салып жүргөн доорлорун, Манастын мусулмандан саналып, күмбөзүнө жазган жазууну назарга алып, жогоруда жазылган 8 урук элдин баш кошуп турган чагын тарых боюнча текшерип, Манас өлгөңдөн соң кара-кытай, кытай, калмак-тын 8 урук элге үстөмдүк кылып жана ал 8 урук эл өз араларынан бузулганына караганда, жана да ал 8 урук элдин бирлешип баш кошуп бир мамлекет качан болгонун тарых боюнча табыштаганда, көбүнтө менин пикирим Манасты төмөндө жазылган доорлордон тигилип издегенде табылуу мүмкүн.
1.    Кыргыз (Гиан Гун) мамлекети биздин эрадан эки жүз он жыл мурун гундардан жеңилип тараганы.
2.    Гундардын мамлекетинин бузулган (биздин I кылымда) доору.
3.    Көбүнчө Алтайдагы угуз түрктөрү (Тю Кю) VI кылымдан VIII кылымдын ортосуна жете өкмөт кылган доору.
4.    VIII кылымда арабдын Орто Азияга каптаган доору.
5.    Караханилердин Синтизиандан чыгып, Орто Азияны караткан доору.
6.    Көбүнчй кыргыздын улуу мамдекет курап кайтып жыгылган доору.
7.    Кара кытайдын Орто Азияга чабуул кылган доору.
8.    Темир заманынын доору.
9.    Ойроттун Орто Азияга каптап келген доору.


Кыргыз