Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Абылай хан согушу 1775-76-жылдарда болгон

Орто Азияда Сары Арка, Түркестанды жердеген кыргыз, казакта алардын канынан саналган эр Эшимден соң (1620—30-жылдар) атактуу даңкы таш жарып, чоң болгон Абылай хан деп айтууга мүмкүн. Абылай хандын түп насили кадимки кан ичер Чынгыз ханга такалып, казакташып кеткен могол уругунан. Орус, Кытай падышалары менен байланышы болуп, калмакты жеңип, казак журту 1733-жылдан баштап орустун кол алдында саналса да, жери Сары Арканын кеңдигинен ар чачырап, казактын алыс тургандыгынан Абылай казакты өзүнчө мамлекет деп билип, өзүн анык хан санаган. Жана башка улуттар дагы ушундайча ойлогон. Абылай 1772-жылында бүткүл казакка хан болуп шайланып, 1775—76-жылдарда кыргызды каратып , 1781-жылында өлүп, Түркестан калаасында Түркестан аталган Кожоакмат Исунын (Ясави бощ со керек — Ред.) коргон күмбөзүнө коюлган.

Тарых камсадан:

Асан атанын сөзү деп, Абылай хандын бир вазири айткан85.

Мындан соң кыйлакыйла заман болор,

Заман азын, заң тозуп, жаман болор.

Карагайдын башыка чортон чыгып,

Балалардын даурени тамам болор.

О күндө карындастан кайыр кетер

Кандан күч, карагайдан чайыр кетер

Уул, кызың оруска бодан болуп

Кайран эл, эсил журтум, сонда кетер

Абылай хандын лашкер баштыктары: 1. Каманбай 2. Бердикожо. 3. Актанберди. 4. Алтыбай. 5. Ешмамбет. 6. Матай. 7. Айтмамбет. 8. Чөнкөй 9. Буура Кабантай. 10. Канжыгалуу Бөкөнбай.

Кыргыз менен казактын арасы Санбарак жеңилген сон катуу бузулуп, кыргыздын көкүрөгү өсүп, казакты баштагыдан бетер уурдапталап, жыгып алып ка рактап, чоң кордук көрсөтүп, көбүнчө саяк кыргызынан: Чакыр, Уман, Жаманак (кабарлардын хан Садырдын күчөгөн чагы, ошого сүйөнүп) тынчын алганда чыдай албастан казактар кенешип, Сары Ар када жаткан Абылай ханды чакырып келүүгө Олуя-Ата шаарына түн жаккы кыйчалыш, күн чыгышында

Эки-үч күнчүлүк жерде турган короолош уругунан Жогач баатырды жиберген. Абылайга барып Жогачтын айтканы: — Алдаяр таксыр Ала Тоону жердеген макоо кыргыз көбүнчө Көкжал Барактын согушунан соң бизди тынчытпастан кордук көрсөттү. Малыбызды уурдады, өзүбүздү карактады, кыргыздын баштыктарына, көбүнчө Каба Арзыматтын уулу хан Садырга киши кийирсек анын берген жообу: Чапырашты, Жапекти өлтүрдүм. Абак, Таракты алдым, Көкжал Баракты алдым. Чолок Коргон, Созукту алдым. Сор аяк Абылай хан сартыңды алууга аз калдым,— деген.

Абылай: — Казак-кыргыз үркөрдөй болгон эл эле. Калмактан жаңы кутулдук, баш-аягыбыздан баскынчылар ажыдаардай оп тартып, сорууга оозун ачып турат, — деп башын чайкап жооп айтпаган. Жооп бербеген соң казактын баштыктары, бийлери жана аскер баштыктары кеңешип, хандын акунуна тамак ичип жатканда өлөң менен айттырганда, көптөн соң Абылай хан «көбүң болбодуң, кайыр, эми барайын, бирок эң мурун жакшылыкча сүйлөшөлү, кыргызга барып менин сөзүмдү айт» деп Жогачты кайта жумшаган. Жогач кыргыздын чети солтонун баштыгы Момокан менен Жайылга келип, Абылай хандын сөзүн айтып кайта кеткен.

Ошол жылы Абылай хан Сары Аркадан аттанып келип, Ташкенди каратып, анда жаныш (дуулат) казагынан Байтикти улук кылып, өзү Ташкенде кыштап калган. Кыргыздан элчи барып, көпке жатып калып, кыргыздын көпчүлүгү менен кеңешип, жооп берүүгө убадалашып кайткан. Көктөмдө Абылай Ташкенден келип, Меркенин түн жаккы Корготу өзөнүндө Түйүшкөн деген жерде колу менен жатып калып, кыргыздын жообун алып кел дейт. Жогач келип, солто кыргызы Жайыл менен Момканга сүйлөшүп, ыгы келише албай бузулушуп кайткан.

Жогачтын айткан сөзүн жана Абылайдын көп аскери менен келип жатканы тууралу солтолор башка кыргыздарга кабар бербестен жана Абылай хандан эч бир кооп кылбастан, камынбай бейкут жата берген. Жогач кыргыздын келишпегендигин барып айткан соң Абылай Меркенин жанындагы Мөңкөнүн Ак Чийине туусун тигип, солтого чабуул кылган. Туйгунт жаткан солтолор жан аябай согушса да жеңилип, согушуп турган чагында Жайыл баатыр Үсөн, Теке жана Итике деген үч баласы менен  казактын колуна түшкөн. Жайыл баатыр Жогач менен дос болгон себептен: «Менин Үсөн, Теке эки баламдан тукум калды, кичи катынымдын баласы Итикеден тукум калган жок. Анан бир тамчы канын сурап алгын» дегенде Жогач Итикени өлтүртпөй сурап алган. Жайыл, Үсөн, Теке жана Жээнбек төртөөң өлтүргөн. Момоканды Жогач кепилге алган. Саруу кыргызынан колпоч уругунун колу келип, солтонун колу экен деп жаңылыштан казактын аскерине кабылып калып, анын көбүн казак кырып таштаган. Бул себептен алигиче эл арасында келе жаткан макал: «Эрдигинен солто кырылды, энөөлүктөн колпоч кырылды» деген. Абылай илгерилеп Чүй бооруна келип, Чулу бекетине жакын жерден бөлөкбай уругу канчалык эрдик көрсөтүп, азыраак киши көп жоо менен атышып жатса да, аны жеңип, жолдоштору менен кырган (Жолунун тукуму азыр Ысык-Атада 3040 түтүн). Солтодон өтүп, Кичи-Кеминге барганда Бейшеке деген жерде беш агайын кыргызды айылы менен кырып, келин-кызын олжологон. Кичи Кеминде алыш казып жаткан кыргыздан 4050 кишини өлтүргөн. Бул алыш азырында Кандарык Арык (Кандуу арык дегенден кыскартылганы) аталат.

Жол Булактын оозу, бир кабарда Көтмалдыда сарбагыш кыргызы менен согушуп, кыргыздан жантай уругу калмакка түшүп кетип, кайта келген: Ибике, Инжим, Жакам, Сенкилтай. Мадыхандын Ибикеси жекеге чыгып, казакты ыргыта сайып кеткенде, казак бүткүлү менен каптап кетип, Ибике колго түшкөн. Колго түшкөн кишилерди Көкала аттуу Абак деген казак моюндарынан көгөндөп туруп кырып жатканда, колго түшкөн кишини өлтүргөнүн токтотсун деп Абылайдан буйрук болгондо бактысына Ибике баштык болгон жети киши өлтүрүлбөстөн кутулган. Бүткүл сарбагыш кошуп согушпастан, бириндеп урушкан. Ушул себеңтен кыргыз еарбагыштын феодалынан саналган Эсенкул урушка катышпаган. Абылай Ысык Көлгө барып, Чолпон Атанын көл жээгинде быткылында чеп жасап, малбашы менен бекинип жаткан. Мундуз кыргызы таталай уругунун баштыгы Тыныбек менен согушуп, төрт күндөн соң казактар жапырып кирип чебин талкалап, 150 түтүн кишинин көбүн кырган. Тыныбектин Канышбек деген кызы жана 16 кыз олжого түшкөн. Ошондо казактын колунда Соң Көлдү көздөп казак аскери бара жатканда Канышбектин ыйлаганы:

Алты короо таталай,

Алты айланып чапкыдай

Асили бузук Абылай,

Атандын өчү бар беле, ай.

Жети короо таталай,

Жети айланып чапкыдай,

Жетеси жок Абылай,

Жетендин өчү бар беле, ай.

Корголоттуң быткылга,

Абылайдай ит кулга.

Карсак жүрбөс караң жол,

Караңгыда баратам,

Капарда жок Абылай,

Кармоосунда баратам.

Түлкү жүрбөс түлөй жол,

Түндө кетип баратам,

Түшкө кирбес Абылай,

Туткунунда баратам.

Кордук кылдың кудай ай,

Канышбектин кайыны саруу кыргызынан, кырк уулу уругунан Канабай деген күйөөсү болуп, күйөөсүнө айткан саламы:

Абылай Соң Көлгө келип, аттарын семиртиш үчүн бир ай турган чакта Канышбектин Абылайга кылган арызы: — Ата-эне, эл-журтубуздан ажырап, 17 кыз олжолонуп, сиздерге бүлө болдук. Сиздерден башка барар жерибиз, басар тообуз калган жок. Туткунда келе жатып зордук, басымчылыкка кириптер болуп, кирдеп кеттик. Киркогубузду жууп тазаланып алууга уруксат бериңиз, — дегенде Абылай макул алган, Сууга 17 кызды Канышбек ээрчитип келип аларга айтканы: — Биз ата-эне, эл-журт, бир туугандарыбыздан ажырап, өмүр бою казакка күң болуп, олжо катын атыгып кул болуп жүргөндөн көрө өлгөнүбүз артык, — деп 17 кыз бир-биринин чачын түйүштүрүп туруп, сууга түшүп кеткенде көлдөн аңыр каздын жумурткаларын издеп жүргөн казактар көрүп, Канышбек баштап бир нече кызды кармап калган. Кийин кыргызды бүткүл каратканда Канышбекти азат кылганда анын жүйөөсү Кабай алган. Бир кабарда Канышбек дагы суута түшүп өлгөн.

Абылай кыргыздын көбү Анжиан, Намангенге жана Кытай жерине жакындап кача турган болгондо Соң Көлдөн Таласка барып, аны ордо кылып турган. Кыргыз менен Абылайдын согушунда казакка маалим болуп, көзгө көрүнүп, нечен жерде баатырдык көрсөтүп, эрдик кылган солто кыргызынын талкан уругу­

Таталай мундуз төрөсү, Ойрон мундуз төрөсү, Орчун мундуз төрөсү Көрпөчөнүн көбөсү.

Көңкүл мундуз төрөсү, Жаман да болсо Жабайга айт„ Чаар аттуу Кабайга айт. Көп саруудан Бешимге айткан Жамансарттын уулу 18-жашар Түлөберди болгон. Сарбагыштан Эсенкул, саяктан Качыке менен Садыр, саруудан Тума бий аскерлери менен аттанып келе жатып, солтонун жеңилгенин, бирин-серин сарбагыштын жана Тыныбектин ойрондолгонун угузуп, жолдон кайта кетишкен.

Абылай Таласка, бир кабарда Кум Арыктын башы жерсуу Макмалга кыштап калып, кийинки жылкы согушта (бул согушка сарбагыш, бугунун катышканы билинбейт) саяк Садырды Доскулу деген баласы менен кармап барганда Абылай кыргыз менен жарашып, эл болмокчу ой менен аны эсен-соо элине кайта жибермекчи болгондо, казактын баштык бир кишиси мындай деген:

— Муну баласы менен өлтүрбөсөңүз (бир кабарда Жогач айткан) сиз дагы тынбайсыз, казак да тынч боло албайт, атасы Садырдын жүрөгүнүн башында эки эли жери кара, баласы Доскулунун жүрөгүндө кара жок, баары да май экен. Баласынын эрдигин али түндө эт бергенде этти башы менен тартып сынасаңыз, — деген.

Койдун эти келгенде Доскулу баштын эки кулагын кесип, маңдайын жара тилип, тумшугунан туура тилип, эки көзүн. чукуп алып, башты балжа-булжа кылып бузуп, мээсин башка алып таштап койгон. Муну кайтартып койгон сакчылар Абылайга айтып барганда баягы казак мындай деп чечкен: 1) Башты маңдайынан узата тилгени— жолум ачык шыдыр болуп, эсен-аман үйүмө барсам дегени. 2) Тумшугун туура тилгени — жолумдан туура чыккан душманым, жоом Абылайды аман болуп жыксам, согушта жеңип туурасам дегени. 3) Эки кулагын кесип, көзүн чукуп алганы, башты балжа-булжа бузганы — өлбөсөм Абылай сенин эки көзүңдү чукуп, эки кулагыңды кесип, чунайтып туруп өлтүрсөм дегени. 4) Башты балжа-булжа кылганы — эсен-аман өлбөстөн чыксам, баш кишилериңди талкандап кырсам дегени. 5) Мээсин алып дасторконго таштап койгону

— мээңди алып, тамак катарында чийкилей жесем дегени, — деп тажрыйба бергенде Абылай кан соргуч бул айтканга ишенип этти жеп болбостон өлтүрткөн. Саяк менен саруу, кушчу сөөгүн сурап алып, Олуя Ата менен Таластын ортосундагы капканын Үч Коргонуна койгон.

Садырга бүткүл арка кыргызы моюн ийип, айтка­нынан чыкпаган. Демек, бүткүл арка кыргызында заманында Садырдан озгон киши болбогон. Ушул себептен саяк кыргызынын кадыры башка кыргызга караганда аркалыкта үстүн болуп, анын доору жүргөн. Ушул себептен ал убактан бул заманга чейин келе жаткан макал «Кабанын аты качса кармаба» деген. каба демек — саяктын бир уругу. Кабанын аты качып баратса кармап алып келип, ээсине бергенде ээси менин атымды уурдап бара жаткан экенсиң деп тогуз жылкы айып алган. Жаш чагында Садыр мурдунун чимкиригин тарта албаган, сүйрөлгөн энөө жаман бала болгон. Ар ким жаман Садыр деп тилдегенде, энеси тантык киши экен: «Садыйымдын хан болойун ким билди, бек болойун ким билди» деген. Садырга солто, сарбагыш, бугу, саяк, саруу, кушчу ййилиштүү болуп, айткан буйругунан чыкпаган. Ошого бир мисал: Анжиандан Аркага келип орношкондо солто кыргызынын баштыгы Жамансарттын айлын элик атып берип баккан үчүн эликчи Жамансарт аталган. (Жамансарт деп ат коюлмагы Анжианда жүргөн чакта Жамансарт төрөлүп, туулганда айылында бир жаман сарт жүргөн үчүн ушул сарттай болсун деп, Жамансарт койгон). Садырдын жети байталы жоголуп Жамансартка келгенде Жамансарттын Бөрүбай деген баласы чатырдын түркүгү менен Садырды чаап жиберген. Анда Түлөберди 17-жашта болгон. Экинчи кабарда Бөрүбайды кармап калып, Садырды ажыраткан. Саяк Садыр өлтүрүлүп, Эсенкул Кытай менен Фергананын чегине көчүп, бугу Текести көздөй бет алганда кыргыздын баш көтөрө албастыгын Абылай билип, кыргызга салык салып сынаган. Бүткүл салган салыгын бирин калтырбастан солто кыргызынан бөлөкбай уругунан Кебек бий орундатып, бүткөрүп бергенде аңы Абылай чакыртып ыраазы болуп, бүткүл кыргызга бий көтөргөн. Абылай ар түтүнгө бир-бирден чыгым алып, колго түшкөн кыргыз башына бечара болсо бир жылкы, оокаттуу болсо тогуз жылкыдан сатуу алган дешет. Абылайдын жарактуу 8 миң, андан мындан ээрчиткен 2 миң, чамасы 10 миң кишиси болгон.

Таласты борбор кылып, анда суракчы кишилерин коюп, өзү Сары Аркага кеткенде бирге кыргыздан бир миң түтүн, бир кабарда алты жүз түтүн көчүрүп кеткен. Кыргыздын согушунан бир аз мурун калмактын  ханынын Олоң байыр деген кызы качып барып Абылайга тийген. Абылай жерине кеткен Аң анын аскер

баштыктарынан саналган Карагерей Каманбай баатыр Кулжа шаарынын күн чыгыш жанындагы тоолордун бири Эрен кабыргадан келип, Кочкордон жылкы тийип кеткенде сарбагыш кыргызынан Атаке арт жагынан кууп барып, Коргошто жетип катуу согуштан соң жылкысын ажыраткан. Кээ бир кабарда бул окуяны Абылайдын чабуулунан мурун болгон дейт, аныгы кийин болсо керек. Себеп— согуш болуп жатканда Каманбайга Атаке: «сенин ишенген пириң Абылай жок» дейт. Абылай бүткүл кыргыздын үстүнөн ак үйлүү кылып, солто Жамансарттын уулу Түлөбердини. алып кеткен, анда барганда туулган бала Канай. Абылай 1787-жылында өлгөн деп. Бартольд ката жазган, аныгы 1781-жылында өлгөн. Кыргыз Анжиан, Алайдан кайтканда өзбекке ийилиштүү болуп кайтса да, Абылайдын кан жүргүзгөн согушунан соң баштагыдан артылып, өзбекке жакындан баштаган.

Абылайдын өлдү кабары угулган соң, кыргыздар Иле менен Чүй аягындагы казакты кыса баштаган. Акыры казактар чыдай албай согушуп кеткен. Ал төмөндөгү Чанчкулу Бердикожо баатырдын согушу. Абылайдан бир аз мурун, бир кабарда бир-эки жылдан кийин бугу, сарбагыш кыргызы Иленин суусун кече турган багытынан барып, көп жылкы тийип алып, Иле суусунан кечип өткөндө сарбагыш кыргызынын баатырларынан сыналган Атаке жаман түш көрүп, эски кыргызчылык караңгылык расими боюнча ал түштөн корккондуктан «жаки атым, жаки мен өзүм өлбөсөм» деп, Керкулун деген заманында атактуу биринчи күлүк аты менен Иленин жакасы, Хандын тоосунун деңгээлинен эртең менен жолдошторун калтырып өзү жалгыз чыгып, Чүй боюна түшүп, Тору Айгыр ашып, Чолпон Атадагы үйүнө эл орунга олтура барган. Атты таңатырып, эртең менен катынын “жумшап ат кантип турат, көрүп кел дегенде катыны чыгып, ат мамынын башын кемирип, жулкунуп турат дегенде Атаке: «арам өлгүрдү агыта бер» дегенде катын агыта берген. Ат дароо барып көлдөн ичип жибергенде чычкактап өлгөн. Атакенин бул жүргөн жолун чамалаң текшергенде орто эсеп менен эң азында 350400 километр жер. Бул кабарды мен сарбагыш, саяк, бугу, солто, саруунун карыяларынан көп мертебе таптыш кылдым. Тыянагында бүткүл барысынын кабары ташка тамга баскандай туура чыккан.

Бердикожо өлтүрүлгөндөн соң 1846-жылы (Кенен­сарынын доорунда) жете казактар чекенесинен эсеп албаганда кыргыз менен көзгө көрүнөөрлүк атактуу чоң согуш кылбаган.

Ошол заманда кыргыз феодалынын күчөп Анжиан, Алайдагы тентип жүргөн кездеги жардылыгы унутулган чагы болуп, саяктан Садыр, Жанболот, Качыке, бугудан Бирназар, Меңмурат, солтодон Түлөберди, сарбагыштан Атаке менен Эсенкул айтылгандын баары да байманап, эл жегич, феодалдардан болуп, кедейдин канын соруп турган. Манап, букара деп элди экиге бөлгөн. Кыскасы, Эсенкул тууралу карыялар сөзү: жогоруда айтылган Санчы-Сынчыны сыны боюнча Болот Чагалдактын жесири Талакени алганда андан туулганы ушул Эсенкул болгон. Санчы-Сынчынын баш койкон туулат дегени ушул. Бир көчөттө Болоттун улуу катыны күнүлүк менен журтта калсын деген ойдо болуп, көч жөнөй турган чакта Талакеге үйүрдөгү айгырды карматып берген. Көч жөнөп калганда катын бир колу менен айгырдын чылбырынан кармап, бир колу менен ээр токумун токуп, атына мине салып, бешикти алууга күчү келбесин билип (бул көч үркүндүн көчү экен), кокустан балам жоого түшүп кетеби деген кыял менен бешиктеги баланы карагандын түбүнө коё сала көч артынан чу деп жүрүп кеткен. Бул үркүп көчкөн жер Жумгал, бир кабарда Тогуз Тородо (менин пикиримде Тогуз Торо) болгон Көч барып контон жерде үй тигип жатканда баланы журтка таштаганы билинип, Болот үч-төрт жигитти чаптырган. Булар келсе бешиктин үстүнөн бир аркар качып чыккан. Баланын оозунан сүт агып жаткан. Ушул окуяны ырым кылып Эсенкул деп (Эсен калды деген сөз) ат койгон. Эсенкул 50-жашка жете өзү жоодо жекеге чыгып жүргөн. Жана өтө узун бойлуу болгондуктан чоңдугу Эсенкулдай деген макал бар.

Ошол айтылган феодалдардын ичинде арка кыргызында атактуу зулуму Садыр болуп, аны Абылай өлтүргөндөн соң арка кыргызында биринчилик даражасын алган көбүнчө ушул Эсеңкул болгон. Бүткүл карыялардын айтуунда Манас ошолордун заманында дагы айтыла баштаган. Булардын заманынан мурун Манастын айтылганы эч билинбейт. Бүткүл кабарда Манастын айтылмагы ошолордун карыган кезинде болгон.


Кыргыз