Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү

1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү
1916-жылындагы кыргыздын көтөрүлүш чыгарган себебин текшергенде жеке гана солдат жана рабочу алат деген буйрук болбостон, анын себеби терең болуп, эзли узактан башталып, оруска карагандан бери падыша өкмөтүнө, колонизаторлоруна кара ниетте болуп келе жаткандыгы көрүнөт, ошол себептен падыша өкмөтүнүн кыргызды багынткандан баштап, кыса келгендик теринин чоркун-чоркун жерлеринен кыскача маалумат беремин:

Биринчиден, бугу кыргызынын (оруска) карап кеткенине башка кыргыздар нааразы болгон. Алматыдан орус аскерин чакырып келип, Байтиктин Бишкектеги өзбек менен солтону караткандыгына оруска карабайт элек деп нааразы болуп калган солто дагы көп болгон. Маселен, жайылдан Ажынын уулу Маймыл, муну Олуя Атадан улук Биденский чыгын келип кармап барып өлтүргөн. Бугу, саяктын султаны Зарыпбек 25 орусту» аскери менен келип, сарбагышты чаптыргандыгына урук туугандык байланышын үзүп, алсыздандырып, бир урукту ала кылын, бет алдынан бой сундурууга туткан падышалык саясатына араздыкта жүргөн сарбагыш кыргызынын . көпчүлүң1 кедей чарбалары намыстанып калган. Үмөтаалы Ормон уулунун Кытайга качууга түрткүсүнүн бири ушул болгон. Үмөтаалынын оруска карабайм деп качкан экинчи бир себеби — тынай оруска мурун карап, жакын болуп, эсенкул сарбагышынын эски жери Чоң Кемин, Кичи Кемин, Чүйдөн сыртка айдагандыгы болгон. 1867-жылы биринчи шайлоо башталып, эл-журт эсеп дептерге түшүп, бий, болуш, манаптын күнү туулуп, чыгым көбөйүп, бир жерден экинчи жерге эрки менен көчүп кете албастан манапка баштагыдан бетер кул, күң катарында бекилип байланган. Эгерде бирөө качып көчүп кетсе, аны кайтадан эрксиз айдатып алып, сен качкандагы чыгым деп, мал-мүлкүн талап алган. Колун, мал-мүлкүн айдап алып тентитиа жиберген. Мындай зулумдукка падыша өкмөтү биринчи жардамчы болгондугу үчүн көп начар бечаралар, букаралар падыша өкмөтүнө абдан нааразы боло келген.

Токмоктун уезди 1866-жылында күзүндө сарбагыш кыргызынын биринчи баатыры Төрөгелди Абайылда уулун Токмокко чакырып келип, эч күнөөсүз урганда бүткүл арка кыргызы жана манаптын таасирин-де жүргөн кедей, кара чарбалар намыстанып катуу кайгырып-кейиген. Орус бизди журт кылбайт экен деп, санаада калган көп болгон. Орустан таяк жедим деп, мындан соң Төрөгелди мурункудай элди көп аралабай калып үйдөн кеп чыкпай жүрүп 1869-жылында өлгөн.


Кыргыз