Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

1894—1916-жылга жете шайлоо тартиби

Манаптар кедей, орто чарбаны эзмек үчүн алардан чыгым алуу максаты менен шайлоо кезинде эки бет болуп урушканда, эгерде бир жагынан киши өлгөн болсо, улук алдында жалаа жаап, жалгандан өлгөн кишиге оропара кылмак үчүн өз жагындагы кедейден жаки кулунан бир киши өлтүрүүчү. Кээ бир манаптар кедейлердин сезин алып коркутуп, мындай кылышкан: эч бир жумушу болбосо да улуктар уезд, помошник, судья, участковой жана ошондойлордун эшигинин алдына өз жигитине атын карматып коюп, улуктун үстүнө кирбестен, анын балдарын көтөрүмүш, эркелетимиш болуп, төрт-беш саат элге көрүнбөстөн тура берген. Мунун атын көргөн караңгы кедейлер: «Баланча манап улукка абдан жакын экен, аны улук баласындай көрөт экен», — деп ал кан соргуч канчалык чыгым салса да макул көргөн. Мындай манаптар маселен, Чыныбай Тилекмат уулу, Дүр Сооромбай уулу. Жол тазалоо, казыналык бадырат манаптардын олжосу болгон. Сырткы болуштар Суусамыр, Каракече, Жумгал элдери сыртта болсо да Боом капчыгайынын тийиштүү жолун тазалоо, башка болуштар катарында ал элдердин мойнунда болгон. Алав Кара Кече, Суусамыр, Жумгалдан алыс болгон себептен Боом капчыгайына жакын турган элден бадыратчик коюп турган.
Манаптар, болуш-бийлер баякы кедей, кара чарба букаралардын канын соруп, этин жемек үчүн шайлоо ишин колдонуп, болуш, бий, старчын болмокко жыйындар кылып, болуш, бий болуп өз тарабынан, тилектешинен, сөөк-тамырынан страчын, бий, элүү башы шайлап алып, кан соргучтарды бир ооздон кылып ала чыгарбастан элди кымтып, бардык чыгымды журттан алып, башка дагы тилеген максатына жетип турган. Эгерде эл эки тарап болсо, өз жагынан элүү башы (выборный) арттырмак үчүн ар айылдан эки тарап кылып, ичинен жик салып, тамырлашкан. Бир түтүн киши 100-200 сом. же төрт-беш карага жете пара алган. Кээ бир уятсыз митаимдер катын дагы алган. Бул тууралу макал: «эки эл тарап болсо, эптүү жигит катын алат» деген. Эки кишини талаштырып, ортодон ыгын таап бирөө болуш же бий болгон. Шайлоонун көбү уруш-талаш, киши өлтүрүү, байлап, катып коюу менен өткөн, айыл чапкан, мал тийген. Шайлоо үч жылдык болуп манаптар, бийлер, болуш (залим кулак) бүткүл кайратын, кубатын шайлоо ишине жумшаган, Шайлоодо жегендер жеңилген жагынан ат жыгып, киши уруп, билгенин кылган, зулумдугун аябаган. Келген улукка аны ак эшикчи, тилмеч, бесир жана башка кызматчыларына жыгылган жагынан ылоолоп, жыгып ат мингизген. Канчалык болсо да ал ылоо кайта ээсине кайтарылбастан, көбүнчө кедей-дыйкандан болгондуктан колуна тийбестен жыгып алуучулардын пайдасына кеткен. Шайлоо өткөн-соң мурдагы берген парасын эки-үч эсе кылып кедейлерден алышкан. Көп убакта жыгылган жагы жыгылар замат коркконунан бири калбай жоо келе жаткандай айылына качкан. Кээ заманда жыгылган жагы жыгыларына көзү жетсе шайлоого киши келбестен өзү жагынан элүү башын чыгарбастан качып жатып алган. Мындай болгондо эгерде аларга улуктан жардам, болбосо үстүнөн протокол кылып Кыршиберге айдаткан. Тең чыгып калса кара көтөн карматкан. Же параны көп бергени жеңген, Көп убакта жыгылган жакка арага башка манап, болуш (зулумдарды) салып жарашкан. Эгерде жарашпастан тирешип калса, болушпай съезд ачып, бүткүл бийлер өз жагынан чыккан үчүн не түрлүү бүтүм чыгарып коркутуп жарашкан. Жарашкан соң шайлоого кеткен бүткүл чыгымын кара букара кедейдин мойнуна бирин эки-үч кылып салган. Кээ бир кежирленген бербеймин деген жалгыз-жарым кедей болсо, 12-18 айга жете набактыга кескен. Эгерде съезд аркалуу жарашпаса, дуван съездинде жалган жеринен доом бар деп, анын тарабындагы кедей чарбаларды чакырып, съездге салып коркутуп салган чыгымын алган. Дуван съездинде дуванды тегеретип билген кан ичер манаптардын арааны жүрүп, күнү тууп айтканы болгон. Тирешкен, тиктешкен эки тараптын түйүнүн чечкен. Эгерде дуван съездинде жыгылган жактын эл-журт, улук алдында кадыры кем болбосо, дуван съездинде дагы моюн ийбестен эрегиш нечен жылга созулуп, келерки шайлоого жете ортодо кедей-дыйкан, орто чарбалардын баары да манап, болуштун ыгым-чыгым, алык-салыктарына таланган. Мындай эрегиште көп убакта элди эки бөлүп, өз алдынан башка болуш, эл болуп бөлүңгөн. Эгерде бөлүнө албаса, акыры чындап жеңилип, көп чыгым болуп, чыгымын элден ала албастан, эли болсо коркконунан жыккан тарапка кирип кетип, баш көтөрө алгыс болуп, бир жолу жеңилип, чала. манап болуп калган. Көп убакта эки тараст болгон манаптар шайлоо өтө замат тезинен жарашып алып, кара букара, орто чарба кедейди салык-чыгым менен канын соруп талаган
Шайлобго жаңы тизме тизгенде, түтүн арттырып, каршы тарабын жеңмек үчүн жаңы отоо түтүндү көп салган. Айылдан-айылга, болуш-болушка алдым-бердим өкүмдөр боюнча, кээ чакта, жалгыз өкүм боюнча түтүн чыгарып алып тарабын көбөйтүп, каршысын жеңген. Кээ убакта улуктарды паралап, бербеймин деген түтүн-болсо да, же чыкпаймын деген түтүн болсо да, сыртынан өкүм жасап чыгарган. Алган эл эки тарап болгондо, элге чыгым салганда, орто чарбадан букарадан чыккан атка минердин арааны жүргөн Алмата, Жаркент, Каракол, Пишкек, Нарын дувандарында партиясыз тынчтык менен дайым шайлоосун өткөргөн. Эшитү.үбүздө элинен чыгып алып пайдаланбаган, алса да эң аз алган Каракол уездинде Түргөн Кең Суу элинде арык тукуму уругунан манап Кыдыр-Байсаба уулу болгон,
Элүү башы. Тизмеде белгиленген ар бир элүү туу» түн бир элүү башы болгон. 75 түтүн болсо, эки элүү башы чыккан. Эгерде 74 түтүн болсо, бир элүү башы чыккан. Жүз түтүнгө дагы эки элүү башы болгон. Бир жүз жыйырма беш түтүн болсо, үч элүү башы чыккан Элүү башы арттырабыз максат менен «кызыл буттан: (катын албаган) «отоо» (жаңы үй) чыгарганда эрегиштер көп болгон, Кимдин элүү башчысы ашык болсо ушул жеңген. Маселен, онду он бир жеңген. Эгерде ташы (элүү баш) тең чыгып калса жогорудагы: чараны иштеген. Көрсөтүү боюнча бирин жандыраалы бекиткен. Элүү башы, болуш, бий жана алардын орун-басары шайланган. Жана болуш, бесирдин жалыйнасын шайлап бекиткен. Старшинди, анын орунбасары менен жалыйнасын. өз айылы шайлаган. Бесирди уезд өзү коюп бежиткен. Элүү башы жалыйна жебеген. Улуктан бечет тийбеген, Элүү башынын күнү шайлоодо туулуп, талашта калган (маселен, эки жагы ондон элүү башы болуп, ортодо бирөө калса, 400-500 сомго жете пара алган. Кыз алган), Эки айылдын, эки болуш элдин дуван арасындагы жер чегин элүү башы чектеген. Элүү башы көбүнчө чолок манаптан болуп, кээде каң соргуч манаптар бий, болуш болуу максаты менен элүү башчылыкка шайлангар. Элүү башылардын көбүнчө ездөрүнүн эрке манабы болуш, бий кан соргучтарында болгон. Бир айылдын, түнү 50-250ге жете болгон. Катын алып, энчиси бөлүнүп, башка тамак ичкендер өзүнчө түтүн болгон. Тынчыраак элде мындай түтүндөр түтүн ээси болбостон, алык-салык, чөп ооз төлөбөстөн жүргөнү көп болгон. Үч жүз элүү, төрт жүз түтүн бир болуш болуп турган. Мындай түтүнү аз алты дуван Жети Суу областынан азыркы Казакстан республикасындагы Кара Булак казагы болгон Жылдык жалыйна болуШ 500 сом, бесир 240 сом, жечекчи; 60 сом, старшин бир түтүнгө 1 сом алган.
Кыргыз соту. Кыргыз сурагы оозеки, убада жана чыбык кыркыш калып, кагаз үстүнө өткөй жеке бий сурагы 1867-1917-жылга чейин эл арасындагы бүткүл суракты атактуу манап болуп, бий бүткөргөн. Ар үч жылга ар бир старшин (айыл) элге бир бий болуп шайланып казыдан жалыйна албастан, бүтүмдөн акча мал чыгарып бийлигине алган. Бий башына уездден кол коюлуп, бечет басылып, бүтүм жазыш үчүн үч жылга бир книга берген. Мындан тышкары бечет жана знак берген. Мейли манап, мейли букарадан бий болсун, өз болушундагы атактуу манап, болуш, же айылда манабысыз бүтүм чыгара албаган. Чыгарса Да чанда болгон. Бир старшин айыл ичинде болгон доону бүтүм кыларда договор, жоопкерди сурап, күбөсү болсо, болбосо да сеген парасына жараша көбүнчө өз пайдасына карап бүтүм чыгарган. Эгерде жоопкер келбей калса, сырт бүтүм болгон. Сырт бүтүмгө чандан арыз берип болосной съездге калтырган. Чандан болгон бүтүм тартиби бирге тогуз төлөгөн. Маселен, бир кара доосу болсо, тогуз кара бүтүм болгон. Бул тогуз малдын-эки-үч карасы договор пайдасына калып, башкасын болуш, старшин манабы ж. б. кан соргучтары талап алган. Жасоолго бүтүм жазган молдого «калем иш» деп башка берген. Эгерде договор жооке бир болуштун ичинен болбосо андай ишти болуш колундагы третейский книге, менен третей сотуната лып бүткөргөн. Мындай сотту дагы бир болушту ыгы менен бүтүм чыгарып, малынын көбү ошолорду пайдасына кеткен. Эгерде третей сот менен бүтүш: келишпесе, бир жылда бир мертем оёздун урукса менен боло турган болушнай съезддин сурагына; тырылган. Бир малга алтымыш мал залимдик бүт дөр көп болгон. Бүтүм көбүнчө кембагал, кедей, ( каранын мойнуна кесилген.
Болуштагы бийлер съезди. Волостной съезди талоон деп айтууга мүмкүн. Бул съездде баягы манаптар, болуш жана кан соргучтардын айтуу боюнча түм болуп, мойнуна мал түшкөн кишилер таянган кишиси болбосо, бүтүм боло заман айылына жибербестен, съезд үстүндө карыш бастырбастан болуштар жасоолуна талатып, бүткүл бүтүм малды бүткөрүп алган. Акчасы жетпесе, минген атын жыгып, кийимин сыйырып алган. Эгерде жоопкер төлөшкө жарды болуп, алы келбесе жакын туугандарынан төлөткөн. Туугандары жок болсо, айылдаш, старчылаш элден төлөткөн. Эгерде айылындагы атактуу залими болсо, ошолордун ыгы менен төлөткөн. Демек, бүткүл бир айылдын кара букарасынан, кедей-кембагалынын тагдыры айылды бийлеген залим кан соргучтардын бир болуштугу болсо, бир болуш элди бийлеген манап жана башка залимдердин колунда болгон.
Дуван тобу (дуван талоону). Бир дуван элдин съезди1 жандыраалынын уездге берген уруксааты боюнча бүткүл бир дуван эл ар жылына чөп ооз, алык-салык акчасын (5-ноябрден калбай, бүткүл болуштар ж. б. кызмат кишилери келип түгөтүп берген сон. эл-дин баш кошконунан пайдаланып, 15-ноябрден 1-декабрге жете съезд болуп турган. Эгерде кар оор түшсө, же башка; оорчулук иштер себеп болсо съезд май айына калтырылып эл тараган. Съездден бүтүм чыгып, мойнуна мал кесилген кедейлердин күнү караң болуп, волоеной съездде мал кесилип, кыйноо көргөнкишилерден нечен мертем артыкча азап тартып эзилген. Койду 1 сом, асый жылкыны беш-алты сомдон көтөрүп берип кутулгандары болсо, оңой кутулдум деп сүйунгөндөн үйүнө барганда түлөө кылган. Көп залим кан соргучтар съезддеринде жалганынан кедейлерди же үйүндө жаткан сатык байларды атайын чакырып алып, мал алган, Далай залимдер съезд болордо съездден мал таап беремин деп насия мал, бул алганы көп болгон. Съездин баштык оёз, жаки анын чиновниги болуп съездди башкарган кедейден бирөө моюн таптык кылса болуш, манаптардын айтуу боюнча аны уруп-согуп жазага тарткан.
Съезд тартиби 1892-жылына жете мийзам чыкпаган үчүн кыргыз же казак байланышкан саясы иштен башка бүткүл иштер кун доо болсо кыргыз-казактын за-лимдеринин эрки менен эски адет үрпү богонча бүткөрүлгөн. Дуван, эки дуваң, үч дуван мейли, областтар съезди болсун, съезд болордун алдында съездге келген белгилүү манап, болуш залимдери чогулуп олтуруп, келген оёздор алдында текшерип, колдонмо чыгарып, анын аятына бүткүл бий, болуш, башка кызмат кишилери кол коюп, мөөр басып, эн аягына уезд же областтан келген чиновник бекитип кол койгон. Ошол эрежени колдонуп бүтүм чыгарган. Колдонмонун мазмуну төмөнкүдөй: 1) Эски доо болсо, баланча жылдан беркиси суралсын, андан аркысы отказ. 2) Кун доо болсо, мынчалык мал берилсин. Доо далилсиз талаш болсо бир болуштан же бир дувандан тандалып, бир-эки киши талашка чыгып, жаки талашсыз паландай атактуу манаптын жаны берсин. 3) Көз чыкса, кол сынса, бут сынса, бычак менен сайса жана ошол сыяк-туулар баландай болсун. 4) Жылкы тийип алган мындай болсун. 5). Жесир доо, (катын, кыз) же бирөөнүн катын кызын ала качып алса. 6) Уурулук. 7) Кол акы. 8) Басынчалык. 9) Конок бербеген. 10) Тартып алуу. 11) Уруп-согуу. 12) Алдоо ж. б. Жогоруда айтылган иштен башка саясы иш башка мамлекеттерден каракчылык кылса, ич арада каракчылык, айыл чабуу болсо, эгерде мылтык жабдыгы болуп калса, эл бузук деп приговор кылса, кыргыз менен орус, ногой, дунган, өзбек (тили буруу) арасындагы иштерди сот, жаки башка башкаруучу улуктар текшерген. Эски өкүмөт кедей-дыйкан, орто чарба бүткүл дыйкандардын тагдыры кан соргуч залим феодал, бай-манап, болуштардын эркине берип, тиги бечараларды талаткан, канын сордурган, эзген. Мунун жүздөн бир проңентин гана жаздым. Эгерде бүткүл зулумдугун жазган болсом, калем чыдабай, кол тажап, чак келбейт.
Мал кесими. Эгерде мал бересе киши мал таап бере албай турган, мал үчүн акча бере турган болуп, алардын бааларын төмөнкү: орточо асый 11 сом, бышты 9 сом. Кунан 7 сом. тай 6 сом, асый төө 22 сом, тай төө 12 сомдон, Асый 8-12 сомго жете, тай 3-6 сомдон өтпөгөн. Уйдун баасы жылкыдан- үч-төрт сом кемиген. Чар ирик 2-2 сом 50 тыйын артпаган. Төгөрөк эки тиштүү 2 сомдон өтпөгөн. Соолук кой 1 сом, 1 сом 50 тыйында өтпөгөн. Козу 80 тыйын. Серке 40 тыйын. Демек эчки жарым койдун баасына жүргөн. Эки дубан, үч дубан съездеринде уездери өз дубаны кара болсо да жактаган, Пара берүү ар бир съезде эн. бириадчи кесиптен саналган, Сурактан . мурун бийлерге пара беришке бурсаты келбей калса довогер, жоапкер анын жактоочу кишиси парага төө .берер болсо, мурдун сыйпап, жакшы ат берер болсо тишин сыйпап, жүз сом бере турган болсо бир көзүн, 200 сом бере турган болсо эки көзүн, 10 сом болсо бир колун жана ошондой кылып ишара кылганда бийлер, парага тазып калган көсөмдөр ошого жараша бүтүм чыгарган.
1882-жылы Каракол—Пишкек дубандары съезд кылып, кун, доо текшеригг, ишимди отказ кыл деп, сарбагыш кыргызынан келдике уругунан Сарычунак Дыйканбай деген таза жоолукка таш түйүп алып, жамбы деп берген. Иши отказ болгон соң. жамбыны караса таш экөө жаңжалдашып чоң манап, кан соргучтарга барганда Сарычунак Дыйканбай «мен жамбы бердим» деген. Таш экен деп, тигил айтканда Дыйканбай «иши кара, паракордун алган алтын-күмүшү пейлине жараша таш болуп калат» деп жамбыны бербей кеткен. Эрегишкен, абдан чоң, доо болсо бүтпөстөн улуктардын ыгы менен, көбүнчө пара менен тынган. Эки элди билген залимдердин ортосунда чоң доо болсо, өздөрү келише албаса башка калыс кан соргучтар арага түшүп жайкаган. Эгерде бүтпөй калса эки тарап эл тирешип башка бүткүл доолор токтолуп, съездге карызданып барган. Ушундай топторду, же калаада чөп ооз жыйнап жатканда үйдө жаткан кедейлердин атынан векиль тил кат берип, орус, дунган, өзбектен акча-бул көтөрүп алып, тигилерди жалган жеринен күйдүргөн.. Мындай зулумдук 1892-жылга жете боло келди. Ушул жылдан баштап «Степная по ложение» чыгып, 93-жылдан баштап, толук мийзам боюнча иш жүрө баштады. Мурдагы байманаптарды күчү тетинкиреп, элжурт закон жолуна келди. Мындан мурунку «байлап кел», «айдап кел», «чаап кел». «кармап кел» урааны солгундап бошоп мийзамды ким билген болсо ар иш ошолорго тирелди, Мыйзам жолун орусча билген судья, областтык суд, жандыралы, уезддин тилмечтери билген учун эл-журттун тагдыры, түйүнү тилмечтер аркылуу болду, 1867-92-жылга жете тилмечтердин арааны жүрүп келсе да жаңы мийзам боюнча 1892-93-жылдан баштап, чындап күчүнө кирди. Баштагы болуш, бий, манаптардын ыгы менен элди шайласа, мийзам боюнча шайлоо чындап 1892-жылдан башталгандыктан, мийзамды билип элге туюнтуп чечкен тилмечтер болгон үчүн булар эң чоң роль ойноду.
Акыры ал тилмечтер дагы бай, манаптын колунда жабдыгы болуп табылган соң, кан соргучтар мурункудан да күчөдү. Тилмечтердин баш кесиби коркутуу, пара алмак, ак эшикчи, кызыл чок, полиңия аркалуу кедейлерди таламак, Маселен, 1893-жылы Бишкек-тин уездной тилмечи Алмата казагынан Галий Ордобай уулу тоо аркасындагы шайлоолордо Тайжин деген уезд менен жүрүп, бир чыгаан жорго, нечен миңдеп сом пара алып, параны бир жагынан гана эмес, эки жактан тең алган үчүн ал артынан түшкөн себептүү Алматага качып кеткен. Тилмечтер параны өзү гана албастан, көбүнчө иш башындагы төрөлөргө, оёздорго арачы болуп алып берген.
Асык уругунун өз алдынча жыйылып эл болгону. Асык уругу эзелден Тагай заманнынан бери ар кайсы жерде чачырап, манапка букара болуп эзилип жүргөн. Кедей, кара чарбанын толкундоо боюнча манаптардан борукчу элинен 1896-жылында июнь айында бөлүнүп, өз алдынча Кбчкор эли аталды. 300-400 чамада Атбашыдан Эсеңгул элинде асык жана 300 түтүн Чудагы асык жерлеринен чыга албастан, Кочкор эли асыкка-кошула албай калды.
Кыргызда мин үйдө бир молдо болбосо; балким болбогон. Намаз окуганы өтө кем болгон, Орозодо кээ бири түндүктү тартып тамагын иче берген. Орозону ач пайгамбар чыгарыптыр деген. Насыбайга ооз ачылбайт деп тарткан. Ажыга барганды билбеген. Сарбагыш кыргызынан Түлкү Ниязбек уулу 1875-жылдарда Ысык-Көлдө түн жак Долонотуда жайламак үчүн Каркырагй барганда көч коно электе, катын-балдарына карабастан, көч үстүнөн эли менен коштошпостон, Жанына бир кашкарлык молдо алып, Алмата баса Мекеге жүрүп кеткен. Ушул кезде Чоң-Кеминде бугу болгон. 1878-жылы төбөй уругунан Марал табып деген сарбагыш кыргызынан 67 жашка келген Сазаны доктурча союп, сегиз күңү суу берип, оңоло баштаганда тогузунчу күнү кой этин берип, ичи ырбап кетип өлгөн.
Сойгон кезде Саза дары ичпей, колу, бутун байлатпай, карматпай үн чыгарбастан сойдурган. Өлгөн соң Марал табыптан кун алган. Ушул жылы Токмоктон уезд Бишкекке келип турган. 1882-жылы өтө катуу уй өлөт болуп, аркалык кыргыздар: уй тукуму азайды, кыргыз болуштарында басирлик мусулманча жазуу менен жүрүп келип, 1894-жылында алар калтырылып, ордунда орусча песир коюлуп, иш орус тили менен аткарылган. 1894-жылдарда Каракол, Токмок, Бишкекте буудайын буду 10-20 тыйын болгон. Семиз козу 70 тыйындан 1 сомго жете болгон. Нарын, Караколдо мындан да арзан болгон. Кыргыз арасында 1895-жылга жете кашкарлыктан, өзбектен молдолор келип, бала окутуп, ушул жылдан баштап ногой молдолор келип, (капалдык ногой Жамулха кары Фазулла бай уулу) усул кадым боюнча окутуп жүрүп, 1900-жылында Токмокко Закир Адамылла Абдылка-шап уулу деген ногой келип, ушундан баштап, усул жадид боюнча окуп билим кеңейе баштап, Бакча Сарайдан (Крыш) чыккан «Таржыман» деген гезитти алып окуй баштады. Жети Сууга орус переселиндер 1892-жылдан баштап келип, Краснореченскийге түшүп, бир аз токтоп, кайтадан 1907-жылдан баштап күчөдү. 1899-жылында! Иле, Чу боюндагы кыргыз, казак, дале Олуя Ата бөлүнүп, Түркестан музапатына кошулду. Акмоло, Семей, Орол, Торгой, Астрахан бир муэапат, Жети Суу, Сырдарыя, Паргана, Самар кан, Закаспий бир музапат болду.

1894—1916-жылга жете шайлоо тартиби, bizdin.kg


Кыргыз