Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

1847-жылында Кене хандын кыргызга экинчи чабуулуу

1847-жылында Кене хандын кыргызга экинчи чабуулуу

Кене хан кыргызга аттанарда Бопуйкан деген карындашы «түшүмдө саамайым өрттөнүп кетти, кыргызга аттанбаңыз» деген. Кой жылы эрте көктөмдө Чүй боюнда жаткан солто, тынай, черикчи кыргыздары узун кулактап Кененсары, Норузбай казактан калың кол алып, кыргыз менен урушмак болуп аттанып чыгыптыр деген сөздү уккан соң, кыргыз манаптары ар уруктан 3-4 кишини ылгап чыгарып, Чалдыбардан барып, элге көрүнбөй жатып, анык кабар алып келгиле,— деп чаптырган. Тынай кыргызынын феодалы Жантай Карабеков жакын тууганы Кожоян менен өз баласы Исабекалы деген баланы кошчу кылып жөнөткөн. Кыргыздан ылгатып чыгып барган, жыйырмадан аша киши Кара-Балтага жеткенде Кене хан урушуп, Меркени камап жатат деген кабарды алган. Булар Кара Балтада жатып, Кожоянга бир киши кошуп, анык кабар бил деп чалгынчы кылып жиберген. Меркенин беги Кене хан менен уруша албай, тартууга Кызылооз деген аргымагын жана союш бериптир. Эми кыргыз менен согушат экен деген анык кабарды алган соң булар токтоосуз жүрүп, Пишпектеги өзүбектин беги Алишерге келип, Кененсарынын кабарын айтып: «Сиз урушасызбы, жаки жарашып турасызбы», — дегенде бек: «Меркенин беги арамзада коркок жана бача эле. Хан азиретибиздин тузу урсун, менин эки замбирегим бар. Азирети ханыбыздын тузун кантип актабайын, урушамын», — деген. Солтолор Кененсарынын жолуна элибиз турбасын деп көчүрүп Ыргайты, Каракоңузга чыгарганын бек угуп: «Мен эски чапандарды зыгырдын майы менен майлап, бийик жыгачтын башына танып, сепилдин башына орнотуп от койдурайын, ошол оттон Кенехандын Пишпекке келгенин билгиле дагы, жоо-жарак камыңарды жегиле», — деп убада кылганда солтонун кишилери өз элине чаап кетип, черикчилер элине дагы кетип, Кожоян Исабекаалы Жылгым башы дагы Жантайга барып кабар бергенде элин түн боюнча бүт көчүрүп, Шамшынын бөксөсүнө чыгарып, жасоосун айырган.

Солтолор бүткүл элин Кичи-Кемин, Чоң Кеминге бет алдырып, көчүрүп жиберип, өздөрү Оро башыдан (Токмоктон 8 чакырым кун чыгышында) Кенеханды тоскон, Черикчи эли Берикташтын алдынан айылын көчүрүп, жалпы баарысын Кызылсуунун, Шамшынын бөксөсүнө кондуруп, жасоосун айрып турган, Пишпектин коргонунан от чыкты деп Текеликтин сениринде жаткан солтонун кароолчулары тынайга, сарбагышка кабар бергенде, булар Кошмат менен Ормонго айтып сарбагыштан (Эсенкул, Боркучу, Надырбек) Ормондон башка аскер келип, Ормон үйүнө жата берген. Саякка чаптырган жигити Нарынга жетпей калып, жумгалдык саяктан эки үйдөн бир жигит тандалып чыгып, жана бир атты коштоого алып, Ноорузбай, Дуулат, Тулөөкө баштык 400 киши Шамшы ашып келген. Кенехан казактан 8-9 мин кол жыйнап, кыз-келинге тумак кийгизип, көгөөн желесин байланта жүрүп, Пишпектен өтүп кыргызга чабуул кылган. Кол башчылары: чымырдан – Байзак датка, ботбайдан — Супатай, Түлөберди, каракойлудан – Кудайберген, аккойлуудан — Байет, аргындан — Чубуртбалы, Агыбай, тамандан — Богогусчул баатыр менен Бармен датка болгон. Жолдо келе жатып таластык кыргызынын чекесине өтө бир аз өргүтүп, Пишпекке келгенде Эшкожо Канайдын күмбөзүнө койгон өлүктү ачып бооз катын болсо ичин жарып, баласын жыгачка мууздап илип келген. Туусун Жекеликтин сенирине орнотуп, оор кошун түшүрүп, Кененсары Орто көл Токмоктун жана тоо этегине чатырларын тигип жатканда оң канатынын аскер баштыгы Норузбай болуп, алдынан камынып тосуп турган тынайлар беттешип, кайтадан жапырып, тууга тыккан сол канаты менен туунун бетиндеги кыргызды Оробайдан казактар каптап барганда кыргыздар беттеше албак кайта качып, сарбагыш кыргызынан Шамен Куттуксейит уулу ичинде 40-50 киши колго түшкөн. Бирок бугу Томонун айылынан көчүп келген таздар Ады деген Шамендин кайнатасы, үч иниси, беш уулу баштык, 100 чамалуу киши ит урушун салып, аттуу-жөөлүү болуп, төштү бет алып урушуп калган кезде, Шамшынын алкымынан чуу коюшуп, Чүйдүн суусун кечип чыгып, Төрөгелдинин ага-инилеринен 300 киши, казактын капталынан Абайылдалап ат коюп урушуп, казакты төштү көздөп жарып чыгып, кайтадан жапырт качырганда казактан 60дай киши колго түшүп, казактар кайта качыра жабылып келип, башкаларын учкаштыра качып, бир далай ат менен 8 казак кыргыздын колунда калган. Шамен баштык мурунку колго түшкөн кыргыздар аттарынан түшө качып кутулушкан. Бул урушта Төрөгелдинин агайындары черикчи элинин бүткүл боз балдары баштарын кызыл жоолук менен буунуп, жеңдерин чечип, колмочтонуп, шымдакчан болуп согушкан. Сегиз казактын бири Жорубай деген болгон, Ал Кочкордо абдыраман уулу деген сарбагыштын ичинде туруп калган (анын тукуму азырында ошонун ичинде) казактар бир нече бөлүнүп каптаган солтону бет алган казактарга биринчиде бөлөк байдын боз балдары беттешип согушуп жүргөндө кара кызыл ат минип жүргөн Эржан төрөнү Жоосейит, бир кабарда жетикашкадан Андаш бет алдынан найза менен сайып түшүргөн. Норузбай бура тартып, кыргызды качырып кирип келип найза сала албастан «Эржан төрө деген осу, кыргыздар жаксылап багындар» деп, кайта кеткен.

Эржан төрө экенин кыргыздар билген соң кескилеп өлтүргөн. Бир кабарда Жаманкаранын агайындары багып туруп, кийин өлтүргөн. Жана бир кабарда Жаманкаранын Самак деген тууганы Эржан экенин билер замат бычак менен жара тартып жиберип, канынан үч ууртап алып, Жаманкаранын күйүтү эми кетти, — деп атына минип казакты каптаган жолдошторуна кошулган.

Норузбайга көмөккө артынан келген, аккойлу Бейет бир аз согушуп, кайта жапырылган. Сарбагышты бет алып чыккан Чымырбайзактын аскери катуу согушуп, кыргыз бешимде тууга карап жөнөгөн. Аргын, Агыбай менен Норузбай мингендери кызыл ат экен. 3 миң чамалуу киши солтону экинчи бет алып чыкканда (Эржанды ажыратууга болсо керек) солтолор кайта качып, Оробашыдан өткөндө 600 чамалуу солто жолдон бугуп туруп, туурасынан качырып чыкканда казактар быт-чыт болуп, кайтадан тууга тыгылган. Мындан соң солтону беттей албай калган. Беш кун чамалуу казак-кыргыз жекеге чыгып уруш кылган. Норузбай үч күн катары менен жекеге чыгып келип, үч кыргызды сайып кеткен. Мунун бири өлүп, экөө аман калган. Экинчи күндөгү согушта жүрбөгөй тору бышты минип, кулагын мурунку жылы казакка шыпырта чаптырткан Түлөгабыл келгенде Жантай Ысабек деген баласынын күлүк тору атын түшүртүп берген. Тулөгабыл минип, калың найзадан бирин тандап ала беттеп турган калың казакты көздөй чу деген, бирин ыргыта коюп, нар жагына өтө чыгып бура тартып дагы бирин жыга сайып, кууган казактарга жеткизбей чыгып кайта келген. Анан кийин тынай кыргызынан Назарбек карыган чагында жекеге чыкканда качырган казакты Назарбектен мурун жетип, анын Үркүмбай деген баласы ыргыта сайган. Норузбай чыга келгенде анын Кызылооз Деген Меркенин Мадели бегинен тартууга алган аргымагын солто Байтиктин мергени бутун сый аткан. Бир кабарда тынай кыргызынан Шералдай менен Саадабай маша кошуп аткан. Бир кабарда Эсенкулдан Кебек мерген аткан. Атына ок тийип калганда Норузбай кайта качып барып, мындан соң Норузбай Чымырбайзактын Кертайлак деген күлүк атын минип, согушка келип, бир жөө казакты камкакка таштап кетип, ал аңдып туруп Кебек мергенди атып өлтүргөн, бул тууралуу казактагы өлөң: Норузбай минген Кертайлак, Текеликтен сеңирден, Чыга келди кол жайнап. Коркконунан көп кыргыз Ойбайлаган кудайлап. Өтүп чыккан өтүнүп, Орто жол менен төтөлөп, Өң жүйрүгүн жетелеп.

Кун чыгыш жагынан Эсенкул, саяк Талкан беттеп, суу жагынан Бөлөкбай, Тынай, черикчи эли тосуп, казакты кыргыздар чулгап согушкан. Согуштун 5-6 күнүндө бүткүл кыргыз ат коюп кирип, барганда катуу согуш болуп, эки жактан бир далай киши өлгөн соң эки жакка тарап кетишкен. Мындан соң кыргыздар жалпы атка минип, Чүйдүн суусун бөгөп, таш салып жиберип, сууну Кызыл-Суу, Шамшынын оюн көздөп буруп жибергенде казактар сууга жетпей калган. Бирин-серин сууга барганын кыргыздар өлтүрүп турган. Тоо жагын тосуп, солто менен сарбагыш, саяктын кишилери Каракоңуздун суусуна жибербейбиз деп тосуп, урушта бир далай кыргыз өлүп кеткен соң, кыргыздар тосо албаган. Кыскасы, кыргыздар күн чыгыш күн жүрүш жана түн жагын курчап алган.

Согушта мурунку жылы Жаманкарасын өлтүрткөн Жетикашка, Чынгыз акыл таап өтө кайрат көрсөткөн. Акыры казактар күндөн-күнгө согушун күчөтүп, кыргыз кысылып, кыргыздын катын-кыздары, абышкалары айылынан тамак ташып берип, согуш созулган-да кыргыздар келсин деп 8-чи күнү Ормонго киши чаптырган. Ормон келбеген соң солто, сарбагыш, саяктан кош ат менен үч киши чаптырганда Ысык Көлдүн Карой, Сары Оюнда жаткан Ормон 200 киши менен согуштун онунчу, бир кабарда он экинчи күнүндө келген. Узун Булакка келгенде Орозбак дегенге кернейиң тарттырган. Келип түшкөндө кыргыздын бүткүл баш кишилери барып учурашканда нечен төөгө тартыра келгең бышык сүрүн элге тартып, чийкисин кошкошуна берип, элинен жетелей келген семиз ак кызыл бээни түлөө кылып мууздаткан. Ошол чакта казакка төш жагынан бир аз ок атып туруп, кайта Чаргын деген уулу кырк киши (бүткүл мерген) менен тарткан. Абылай уругунан Кодокалча жекеге чыгып барып, казактын жекеге чыкканын ыргыта сайып,. атын коштоп келген. Ормон кернейин тарттырганда Кенехан «мына сыйырча мөөрөгөн не» дегенде жанында олтурган Чымырбайзак: «Аялдаяр таксыр, кыргыздын чабагы мен чарпышып жатуучу элиң. Жаяны ээнди келди», — деген. Ошондо казактан уч киши элчибиз деп келгенде аларга Ормон жооп бербестен, казакты бет алган элди Ормон карап туруп, тоо жагынан курчаган ким дегенде: бүткүл талкан деген. Суу жагынан беттеген ким дегенде: бөлөкбай, тынай, черикчи деген. Бул алдыбыздагы күн батышты карап беттеген ким дегенде: өз тууганыныз менен саяк деген. «Бүгүн согуш кылбагыла, тынч барып кошунарга жата бергиле. Ай… башка тил алар, тетиги уч тентек тил албас, — деп бөлөкбай, тынай, черикчини көрсөтүп, — казакка тийгенинер болсо башыңар каноого, малыңар талоонго дегендей, эртең казактын канжыгасы болсо да тең бөлүп берейин»..,

Келген казактар жооп албастан кайта кеткен, Боз бээнин этин жеген соң эл тарап кошторуна кеткен. Ормон өзүнүн жүктөй келген үйүнө жатып калган. Ормондун буйругу боюнча ал күнү кечке согуш болгон Элчи казактын сөзүн Норузбай угуп: «Тандамал 1000 жигит менен мен жоонун алдын жарып чыгайын, онан соң туу менен калган аскерди алдыңызга салып, мен казактын арты жоонун бетинде болоюн. Жүрүп кетели», — дегенде Кене хан башын чайкап, болбостон, «күндүз кетсеңер тукумунар чыкпайт» деп олтура берген. Кечке жакын бир баласын качырууга даярдаганда башка казактар билип калып, баары да качыштын акылында калган. «Бөлөкбай, Атаке, Абайылдаган!» ураан чыгып, мылтыктар атылып, күн абдан батып, эл орунга олтура казак качты, жоо качты деп каптаган кыргыздын дүбүртүнөн, аткан октун үнүнөн ойдо-тоодогу кыйкырыктан жер-суу дүңгүрөп кеткен. Казактар тамактарына карабастан, бет-бетинен качкан. Казактарга кыргыз аралашып калганда казактар кыргызча ураан чакырабыз деп, маселен, Түлөбердилер бара жаткан «Түлөберди, Атаке» деп ураан чакырган кыргызды туурап, «Атыке, Атыке» — деп тилинен таанып, көп казакты колго түшүргөн. Аткошчу балдар аскер эмес, алардын кээ биринин алганы үч ат болгон. Казактын кыздары чачтарын төбөсүнө түйүп алып качкан болсо алар таанылбастан көп өлтүрүлгөн. Бир кыз чачын түшүрө сала «мен кызмын» дегенде саяк кыргызынан Норбай балбан деген кармап барып баласына алып берген.

Анын тукуму азыркы кайдуулатта болуп, ушул кезде Кетмен Төбөдө. Казактын таанылган бир себеби, кыргыздар бүткүл баарысы сыртынан көйнөктөрүн кийип алган. Казактар кийбеген. Казактан ак көйнөк кийип аман калганы Чымырбайзактын эли болгон. Себеп, Кене хан качмак болду деп астыртан Ормонго киши жибергенде: «Ормон элине текши ак көйнөк кийгизсин, мен кыргызга ак көйнөк кийгизем», — деген. Таздар сарбагышынан Шадыктан, казактын бир баш кишисин колго түшүрүп, аны тамырлашып коё бергенде Жантай бибилип калып, аны көп жылга жоолоп, кектеп жүргөн. Чубуртбалы Агыбай өз казактарын бир бөлүп, кыргыздын куугунтугу өткөнчө жардын түбүндөгү муюшка жашырып, кыргыз текши өткөн соң Токмоктун арал жолуна салып аман-эсен кутулуп кеткен, Мистени ашып кеткен казакты Ыргайтынын таласына кууп барган. Тынай кыргызынан Дайырбек, Калча дегендер тан атарда Норузбайды кармаган, Жана Тынай кыргызынан Кармыштын балдары Текеликтин тоосунда Кене ханды шашкеде кармаган. Кененсары менен Норузбай: «Башыңарга ээ боло турган кыргыз болсоңор 12 киши экенсиңер, баарыңарга тойгондой дилде берейин, бизди элибизге алып баргыла», — дегенде болбостон алып келип, Токмоктун тоосу Алмалынын оозуна үч күн багып туруп анан соң, Жантайга кабар берген. Жантай эки күндөн кийин келип, Ормонго акыл салганда, Ормон аттап-тондоп узатып жибер деген. Кене хан Норузбай колго түшүптүр деп угуп, өлтүрөбүз деп Кененсары жаткан жолбундун үйүн курчап калган. Бир кабарда Кенен хан Норузбайды кармаган Чечейатамбектин Опу Топу, деген балдары кармаган. Аккойлуу Байеттин 19 жаштагы Кудайберген баласын Тынай кыргызы абыла уругунан. Аалы кармаган. Кудайбергендин сарыгер аты бермет бастырган ичи-тышы кундуз бөркү, алтын кемери жана кундуз болгон. Жантай кудалашып, 100 төө, 1000 кой калыңдыкка убадалашып узатып жиберген. Чымыр-байзакты ат баштаган бир тогуз менен Ормон узаткан. Бүткүл кыргыздын баш кишилери Ормон ичинде болуп кеңеш кылып, казак менен эл болуп туралы, өлгөн өлдү, калганыбыз журт бололу, Кененсары Норузбайга катын алып берип узаталы дегенде мурунку жылы өлгөн жигиттердин, эрлердин ага-инилери болбостон алардын энелери, катындары айыл курчап жатып алган. Кененсары, Норузбай эки башка айылда болуп 7-8 күн багып турган. Кене хан кыргыздын бир баш кишисине меңи жолуктургун дегенде кыргыздар макул албаган.

Кыргыздар акыры мындай деген: “Буларды коё берсек биринчиде, элибиз бузулат экен, эгер өлтүрбөстөн багып жүрсөк казактар Төрөгелдини коё бербестен багып жүрүп, Кененсары менен Норузбайга оро-пара кылып буларды бошотуп кетет экен», —деген. Төрөгелди тууралу мындай сөз бар: Кененсарынын соңку согушунда Төрөгелди Иледеги казактардын туткунда болгон. Кененсары Норузбайды өлтүргөн соң, Төрөгелдини бошотууга Ормон менен Жантайдан киши барса, казактар оруска сыйынып, Төрөгелдини бошотпогон. Казактын төрөлөрүнө жана башка баштыктарына айтса, алар мындай акыл берген. Кене хан оруска тынчтык бербей нечен жолу бүлүк салып, көп зыян келтирген. Булардын өлгөнүн ырастоо үчүн Кененсарынын башын орустун улугуна тартуу кылсаңар Төрөгелдини бошотот дегенде, Жантай өз жакын туугандарынан Калыгул Албек уулунан Кененсарынын башын берип, Омбудагы орустун жандыралсына жиберген. Орус улугу Калыгулга жана башка кыргыз өкүлдөрүнө медал, чепкен берип, Төрөгелдини бошоткон. Жантайдын кеңеши боюнча Калыгул жолдошторуна айтпастан жашырып, оруска карап турууга Жантай көп ынтызар деген. Ошон үчүн башка өкүлдөн Калыгулду артыкча изат менен жөнөткөн. Кыргыздар Кене ханды өлтүрүүгө макулдашып киши жиберип, мурунку жылы элчи жиберген киши бар дегенде Кене хан «болсо боолор» деген. Кыргыздын өлтүрмөк болгонун Кене хан билген соң: «Мен даарат алып, намаз окуп алайын, анан соң ишаара кылайын, ошондо жанымды кыйнабай кылыч менен бир чаап өлтүргүлө», — деген. Эртең менен намаз багымдатты окуп болуп, ишаара кылганда мурунку жылы Кененсарыдан өлгөн Ормонбек Субанбектин Тайсары деген иниси Таштанбектин болоту менен шилтеп жибергенде башы ыргып кеткен. Башы томолонуп, кыймылдап жатканда жесир катындар чуркап келип кулактарын кесип алган. Өлүгүн Кызыл Суу менен Шамшынын ортосундагы Борду деген сайдын орто бөксөсү тоого көмгөн. Кененсарыны өлтүрөр замат күн катуу жааган.

Кудайменде төрө Чынгыштын колуна түшүп, аны Алимбек менен Болот өлтүргөн. Кене хандын мойну жооңураак, арык-семиздин ортосу, сын сөөк, жүзү кубасур, орто бойлуу, көзү кызыл, маңдайы жазы, мурду жалпакча, таноосу кең, кичирээк күрөң жээрде чокчо сакал, мурутчан көп сүйлөбөгөн токтоо киши болгон. Башында кундуздаган тумак, төө жүндөн соккон боз чепкен. Ичинен чылк кундуз ичик, көйнөк-Дамбалы аксурп, жашы 45 чамада болгон. Тигип келген чатыры керегелүү көк чатыр болгон. Норузбайдан мурунку жылкы элчилер барбы дегенде: «Жаманкараңды жайлаган Ормонбегиңди ойрондогон, Субанбегиңди сулаткан, калпагыңды талпак кылган колум осы», — деген. «Өтүң эминеге дары?» дегенде — “Кызыңдын… даары, — деген. — Төрт арманым калды: биринчи — апам байга узатылган жок деди, экинчи — перзентим калган жок, үчүнчү арманым — токсон төөдө бул ачылган жок. Төртүнчү арманым — алты ата алач баласын артыма салып, Эдил Жайык, Сары Аркада орус менен беттешпедим», — деген. Мурунку жылы казактан өлгөн Калпактын катыны кылыч. менен чабаарда Норузбай: «Кыргызда эркек жокпу?» — деген. Калпактын Түлөбай деген жигити кылыч менен башка тартып калганда оңкосунан кетип өлгөн. Калпактын катыны ичин жара тартып, канынан үч ууртап алган. Сөөгүн Шамшынын күн чыгыш жаккы кашатка көмгөн.

Норузбай 23—25-жашынан озбогон, узун бойлуу, ак Куба, бети жука, жаагы узун, көзү чекир сымал, шоошактары ичке, узун көкүл чачына маржан таккан, токтоосуз ойноктоп турган, сакал муруту жок болгон, Минген аты ак-кызыл болуп, согушта оң жеңин кемерге кыстарып коломочтонуп жүргөн. Ал келип кыргыз менен эки жылы согушканда анын найзаны эки колдоп сайганын эч бир кыргыз көрбөгөн. Дайым найзаны бир кол менен сайган. Кызыл манат тыштаган кундуз тумагы болгон. Ичтен кара башайы күрмө, тыштан көк ноот тыштап, кундуз кармаган ичиги болгон. Качырып келе жатканда алдынан жаадырып мылтык атса да жалтанбастан, көзүн жумбастан келип, найза сайган. Норузбай тууралу бир сөз: Кене хан Текелектин сенирине туусун жаңыдан тигээрде Норузбай Тынайды бет алып бара жатканда арткы аскерден бөлүнүп, качып бара жаткан мал айдаган 30 чамалуу кыргызга Норузбай жетет. Мунун жоо экенин билип, 60 киши менен жоого малды түшүрбөйүн деп Мотой жетип келгенде 10 чакты киши Норузбай бура тартып бара жатып; «сен кимсин?” — дегенде: «Меч Жантайдын иниси Молтоймун», — дейт. «Сен Молтой болсоң достосайык, — дегенде Молтой: «Жоого дагы достук барбы?» — дегенде Норузбай: «Кыргыз, сага кудай берди гой», — деп айткан. Экөөнүн артындагы кыргыз-казактын аскери жетишип беттешип кеткен. Кыргыздын айтууңда Норузбайдын бул сөзүндө эки себеп болгон. 1) Дуулат чапырашты казагы Кене хандын кыргыз менен согушканына нааразы болгон. 2) Бопуйхандын көргөнтүшүнөн төрөлөр абдан кооптуу болгон. Кене хан дайым согушка чыкпастан, туу түбүнө тигилген көк чатырында болуп, жанында дайым Чымырбайзак болгон. Байзактын өрөөлү, Тор жана Кертайлак деген эки күлүк аттары болгон. Агыбайдын минген аты боз
болгон. .

Кыргыз-казактын жабдыгы жана кийими. Найза, соот аз болуп, баары да атчан согушкан. Казактын айбалта, кылыч, чоюнбаш, шал кетме, мылтык, жаа, башында тумак, боз чепкен, кисе, кемер, булгаары өтүк, он жеңиң курга кыстарып, коломочтолгон. Ак каңки ээр, олоң баштан ат жабдыгы бекем болгон. Жайдак ат минип, урушканы да көп болгон. Кененсарынын ээрин алтын менен жапкан. Кыргыздардын көбү башын кызыл жоолук менен байлаган, жаки тебетейин байтал күтө кылып кийген. Сары жаргак шым кайылчаларын шымданган, багелегин түшүргөн, оң жеңин колмочтоп, белде кисе, ак каңкы жыгач ээр. Ал заманда кыргыздын эркеги кучмач ээр минбеген, үзөнгүлөрү жыгачтан, жаки мүйүздөн болгон. Көрпөчө салынбастан бүткүл баары кийизден шырып көпчүк салынган, желдик салынбастан тердик токуму болгон, соот кийгени да болуп жайдак атчан жылаңач согушкандары болгон. Маселен, Келдике, Абийир баатыр. Кыргыздын үйүндө эркек калбастан, малын аялдар багып, тамагын аялдары жеткирип турган. 15 жаштан баштап, 60 жашка жете эркектери согушта болгон. Кененсары өлгөн соң бир жылдан кийин ат, тон, колго түшкөн казактын көбүн Кенен-сарынын бир тууган карындашы Бопуйхан келип жыйып кеткен. Көкжал барактан (1770-жыл) башталган кыргыз-казак согушу эл чабыш, кедей-дыйкан орто чарбаны эзиш, өлтүрүш, жылкы тийиш менен жүрүп, кээде жараш, кээде уруш болуп, кедейден миңдеген кишилер, баатырлар кырылып, алардын эч бири айтылбастан, алар аман-эсен калгансып, баякы канкор феодал манаптардан ондогон гана кишилери, кансоргучтар өлгөн болсо, алар гана айтылган. Бул кыргыз-казактын арасындагы жаңжал 77 жылдан кийин кан соргуч Кенехан, Норузбай Эржан, Кудайменде төрөлердүн кыргыздан өлтүрүлгөнү менен токтоду. Эки ортодо (1770—1847) болгон Көкжалбырак, Абылай, Бердикожо жана Кененсарынын эки сапаркы жапырыгында солто жалпы капталып, саяк, сарбагыш толук дээрлик (Кене хан өлтүрүлгөн сапардагы болбосо) катыша албады. Кене хандын эки согушунда бугу катышпады.

Кызыл кыргыз тарыхы 2 – том. bizdin.kg


Кыргыз