Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ТАЛ (уламыш)

ТАЛ (уламыш)

Бар экен, жок экен, илгери-илгери өткөн бир заманда чал-кемпир жашаптыр. Алардын жападан-жалгыз кызы болуптур. Ал ай десе айдай, күн десе күндөй, ай сымбаты келишкен, тоту куштай таранган, күзгүгө он маал каранган ашкан сулуу кыз экен. Бирок атына заты, чырайына мүнөзү, келбетине касиети төп келишпеген акылы тайкы, арылдап беттен алган тажаал, көк муздай мелтейип мерез кыз экен.

Айтканы айткандай, дегени дегендей орундалбай калса, көктүгү аша чаап, көк мелтей болуп турган жеринде талып калчу дешет. Анын көктүгү ата-эненин көөнүнө көк таштай тийет, бирок ичтен чыккан ийри жыланды жокко чыгара албай, акыры унчукпай кутулууну адатка айландырышат.

Кыздын мындай пейили айылдагыларга да маалим болуп, кыздын чырайынан жаман пейили аша өтүп, ал бойго жетип калса да ага жуучу түшүп бир да адам келбейт. Жалгыз кызыбызды эптеп тындырып алалы дегенде ата-эненин эки көзү төрт. Бир жерге орун-очок алса, көк мелтейи жазылар деген үмүттөрү үзүлбөйт.

Күндөрдүн биринде кемпир-чалдын үйүнө кыздын сулуулугун алыстан угуп, мерездигинен кабары жок жуучулар ат арытып, ашуу ашып келип калышат. Кызыбыздын багы ачылар бекен деп кудуңдаган эне-ата жуучуларды калың төшөк, сыйлуу оокат менен күтүп алышат. Кезек кыздын макулдугун алууга келгенде, баягы көк мелтейдин көктүгү тутуп айтканынан кайтпай туруп алат. Кемпир-чалдын сылык мамилесине ызат-сыйына ыраазы болгон бир келет, эки келет, үч келет. Бирок, өжөр кыз өз билгенин бербей, айт­канынан кайтпай ата-энени чоң уятка калтырат.

- «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман», – демекчи, ата-эненин өзөгү өрттөнүп, жаны кашайганынан:

-  Ылайым бизди какшатпай, ушундайыңда көгөрүп талып, өл, – деп каргашат.«Ата эненин каргышы ок», – демекчи,  каргышка калган кыз заматта талга айланып калат имиш.

Кыз ата-эненин, эл-журтунун каргышына калбаганда мындай окуяга туш болбойт белем дегендей, кеч болсо да өз күнөөсүн мойнуна алгандай, уялгандай жерди карап өсүп келет. Анын ийилип өскөнүн көрүп, кеч болсо да таазим кылып, кечирим сураганын байкаган эл, талды кароосуз калтырышпай, азыркы күнгө чейин кереге-уук жасашып, пайдаланып келишет.

«Эл таануу» китебинен


Кыргыз