Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Турганбай Садыков

Турганбай Садыков

Турганбай Садыков Ош областынын Баткен районуна караштуу Говсурар кыштагында 1935-жылы туулган. Турганбай Садыков – кыргыз совет скульптору, кыргыз Эл сүрөтчүсү (1978), Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1972). Москвадагы жогорку сүрөт окуу жайына караштуу жогорку курсту бүткөн. 1968-жылдан Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын председатели жана сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын секретары. Чыгармачылыгын 1954-жылдан республикалар аралык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен баштаган. Садыков портрет, чакан скульптуралык композиция монумент- жасалга жанрларында чыгармалар жараткан. Негизгилери: «Кичинекей койчу», «Дем алуу», «Дирижер», «Айтиевдин портрети», «Акын О.Султановдун портрети», «Кылым таштары» сериясы,

“Муратбек Рыскулов Лирдин ролунда” (1974). Садыковдун чыгармалары Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусствосу музейинде, ошондой эле Третьяковдун картиналык галлереясында ж. б. КМШ өлкөлөрүнүн көркөм сүрөт музейлеринде бар. Садыковдун чон монументалдык чыгармалары Бишкекте орнотулган “Манас” комплекси (1980), “Революция каармандарына” (1978), “Жеңиш эстелиги” (3985), “Эл куту” (1995), “Эркиндик” эстелиги (2003), “Манасчы” скульп­туралык композициясы АКШдагы Чикаго шаарында, “Жылкычы” скульп­туралык композициясы Люксембург шаарында коюлган (1976)ь“Атчан Манас” композициясы Нью-Йоркто ООНдун имаратында (1995), “Манастын эстелиги” Кытай Эл Республикасында ор­нотулган (2001).


Кыргыз