Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кайра жаралуу

Кайра жаралуу

Кайра жаралуу, Ренессана (фр. Renaissance)-Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн жалпы маданий өнүгүшүндөгү өз алдынча доор; орто кылым маданиятынан жаңы заман маданиятына жол салган өткөөл учур. Бул доор болжол менен Италияда XIV-XVI-кылымдарда, Европада башка өлкөлөрдө XV-кылымдын аягы- XVI-кылымда өкүм сүргөн. Кайра жаралуу маданиятынын хронологиялык чеги, таралыш аймагы, өнүгүш деңгээли региондук же улуттук айырмачылыктары  жөнүндөгү маселе өтө татаал. Айрым илимпоздор Ренессанс маданиятына мүнөздүү белгилерди Азия өлкөлөрүнүн жана Кавказ элдеринин орто кылымдагы маданиятынан  да табышып, ал доорду бүткүл дүйнөлүк тарыхый көрүнүш катары кароо зарылчылыгын айтышат. Бирок бу маселе талаш бойдон калып, алигиче бир жаңсыл чечиле элек.

Кайра жаралуу маданияты негизинен шаар маданияты формасында жаралып, орто кылым шаарларындагы товардык өндүрүштүн өөрчүү жана капитализмдин түптөлүү шартында калыптанган. Ошол себептен ал маданият телчигип келаткан буржуазиянын мүдөөлөрүн чагылдырып, феодалдык түзүлүшкө каршы багытта өнүккөн. Ренессанс маданиятында феодалдык күрөш динге каршы күрөш менен айкалышып, белгилүү даражада өрчүгөн. Мындай тенденциялар Э.Роттердамский, Т.Мюнцер, Т.Кампанелла, Т.Мор, Ф.Рабле сыяктуу ишмерлердин чыгармаларында айкын көрүнгөн. Булардын айрымдары (Мюнцер, Кампанелла, Мор) феодалдык түзүлүштү жана анын идеологиясын гана сындап тим болбой, утоциялык коммунизм идеяларын да иштеп чыгышкан. Ал идеялар карапайым эмгекчи калктын ар кандай эзүүгө каршы нааразылыгын чагылдырган.

Кайра  жаралуу маданиятынын негизги мазмунун гумандуулук түзгөн. Гумандуулук көз караштарда жеке адамдын турмушун жана аң-сезимин чырмаган чиркөө идеологиясы, аскетизм, диний схоластика четке кагылган. Телегейи текши өнүккөн эркин адамдын бийик касиети ата тегинде эмес, жеке сапаттарында жана билиминде, чексиз өнүгүү жөндөмүндө экендиги баса белгиленген. Гумандуулук феодалдык-диний идеологияны талкалоодо жана буржуазиялык көз караштын негизин түзүүдө прогрессчил роль ойногон жана айтылуу маданий  байлыктардын жаралышына көмөк көрсөткөн.

Кайра жаралуу доору улуттардын адеп куралуу жана улуттук мамлекеттердин жаралуу доору болгон; саясий көз караштар жагынан улуттук аң-сезимдин ойгонушун, патриоттуулук жана ата журт түшүнүгүнүн келип чыгышын шарттаган.

Кайра жаралуу маданиятынын ишмерлери коомдук иштерде, саясий күрөштөрдө, чыгармачылык майданда ашкере жигердүүлүк көрсөтүшкөн. Ал доордо акылы, күчү, ышкысы жана мүнөзү, көп жактуулугу жана илимпоздугу жагынан айырмаланган чыгармачыл алптар жаралган.


Кыргыз