Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Гапар Айтиев

Гапар Айтиев

Айтиев Гапар (1912-жылы Ош областында төрөлүп, 1984-жылы каза болгон. Ал кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. 1971-жылы СССРдин Эл сүрөтчүсү наамын алган, коомдук ишмер. 1932-жылы Фрунзедеги агартуу институтунун (кийинки борбордук педтехникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн.  Сүрөтчүлүк искусство боюнча атайын билимди Москвадагы  сүрөт окуу жайында Н.П, Крымов менен П. Петровичевден алган. Ал 1934 –жылы Фрунзеде ачылган 1- республикалык сүрөт көргөзмөсүнө «Атанын портрети» ,«Колхоз катчысы Имангазы», «Түштүк кызы» деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. 30- жылдардын экинчи жарымында жараткан «Колхозчулардын дем алышы», «Физкультурниктер», «Байдагы батрак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда сүрөттүү турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулат. Жаш сүрөтчү сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун, акын А. Осмоновдун  портреттерин тартты. Ал эми «Көлдөгү кайык» , «Боз үйлөр»  чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронттон кат» ,«Пахта терүү» ,«Колхоз короосу» аттуу сүрөттөрү Айтиевдин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар боюнча  ийгиликтүү иштеп келатса да, анын негизги жанры пейзаж. «Кайыктар» ,«Жумгал өрөөнүндө» ,«Сазда» ,«Жалтылдаган көл» аттуу сүрөттөрү– чыгармадан чыгармага өскөндүгүнүн күбөсү. Чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн сүрөтү катары тартылган менен алардын негизинде терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. Мисалы, «Жайлоодогу чак түш» , «Кыштак четинде» деген чыгармалары, атактуу «Ысык-Көлдөгү чак түш» картинасы бирин- бири толуктап турат. 60-жылдары Айтиев өзгөчө бир ийгиликтерге жетишти. Бул мезгилде ал «Чабандар»  аттуу картинасын, «Ысык-Көл – кыргыз деңизи», «Тоодогу чөп чабуу» деген пейзаждарын жаратты. 60-жылдардын 2-жарымында жараткан «Кыргыз жергеси» аттуу пейзаждар сериясы Айтиевдин кистинен жаралган. 1964-1965-жылдардагы «Тоо мейкини»,  «Чүй өрөөнүндөгү күз»  «Анжияндын айланасы», «Түштүктөгү кеч» , «Калканар зоо», «Талаадагы тандыр» «Көнүл», «Тоодогу күүгүм» , «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» аттуу чыгармалары сүрөт искусствосунун жогорку үлгүлөрүнөн болуп калды. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени жана «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.


Кыргыз