Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Орхон-Эне-Сай жазуулары

Орхон-Эне-Сай жазуулары

Орхон- Эне-Сай жазууларыVII-XIIкылымдарда  Монголияда, Түштүк Сибирь, Орто Азия аймактарында  тиричилик буюмдарына түрк тилинде жазылган жазуу эстеликтер Орхон жана Эне-Сай жазуулары деп аталат. Мындай жазуу эстеликтери Тувадан, Тоолуу Алтайдан, Якутиянын түндүгүнөн жана Кыргызстандын Талас өрөөнүндө табылган. Таластагы жазуулар Эне-Сайдагы жазуу эстеликтерине тектеш. Жазууларды 1893-жылы даниялык профессор В.Томсен чечмелеген. Биринчи жолу 1894-жылы орус түркологу, академик В.В.Радлов окуган. Бул жазууну Эне-Сайдагы Кыргыз мамлекети, Чыгыш Түрк кагандыгы, Уйгур кагандыгы, Жети-Суу, Чыгыш Түркстандагы бир катар түрк өлкөлөрүнүн калкы колдонушкан. XIX кылымдын этегинде орустун илимпоздору Монголияга саякаттап, түркология илимине жаңы ачылыштарды жасаган. 1889-жылы Кошо – Сайдам өрөөнүндөгү Көкшүм – Орхон дарыясынын боюнан Сибирдик археолог жана жер тааныгыч Н.М.Ядринцев эки чоң таш таап, алардын бетине чегилген байыркы түрк жазуусун тапкан. Ошол эстеликтердин бири байыркы түрк каганы Билгеге, экинчиси мурда өлгөн анын агасы Күлтегинге коюлган экен.Илимий чөйрөдө бул чоң ачылыштын кызыгы таркай электе Е.Н.Клеменц Улан-Батордон 36 чакырым түштүк-чыгыш тараптан ошондой эле таш табат.  Анын бетинде түрк кол башчысы Тонукөктүн жазуусу болгон. Каган жана Күлтегин, Тонукөктүн Орхондогу жазуу эстеликтерине маани жагынан дүйнөлүк түркологиянын алтын кенчине кирди. Ошентип Орхон-Эне-Сай жазуулары боюнча, байыркы түрк төбөлдөрү каардуу, ырайымсыз кыргыз каганынын образын түзгөн. Карындашын берип отурса да өз билгенин кара деп жектеген. Ошол үчүн Барсбек каган өлүм жазасына кетип, эли кулчулукка кабылган. Барсбек тууралуу кас душмандары ушинтип жазган.


Кыргыз