Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы

Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы

Токтогул Сатылганов 1864-жылы азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулуп, 1933-жылы каза болгон.Ал төкмө акын, обончу, комузчу, куудул, дастанчы, ойчул болгон. Айылдаштарынын айтымына караганда атасы Сатылган, энеси Бурма ырга шыктуу, күү жандуу адамдар болгон экен. Болочоктогу акын он үч  жашынан ырдап, комуз черткен. Токтогул ашыктык ырларынан тартып терме, санат, насыят, үлгү, алымсабак, айтыш ырларынын бардыгын ар түркүн обондор менен ырдаган. “Насылкан”, “Акбары”, “Арман”, “Чон кербез”, “Келгендеги кербезим”, “Туткун ыры”, “Балам жок”, “Элиме качан жетемин” жана башкалар ондогон обондор мукамдуулугу, вокалдык көркөм боекторунун  көп түcтүүлүгү менен кыргыздын элдик ыр чыгармачылыгынын уюткусун түзөт. Токтогул комуз музыкасындагы эң башкы жанрлардын бири – айтыш күүлөрдүн (кара айтыш күүлөр) баштоочусу, негиз салуучуларынан, жайылтуучуларынан болгон. Ал ар бир күүсүнүн тарыхын айтып, ырдап, кол ойнотуп, кубултуп, түрдүү ыкмаларды, чертмелерди  аткарган. Мисалы, “Армандуу чымчык “,  “Торгой менен турумтай”, “Эрке сары”, “Чайкама”, “Карөзгөй”, “Тогуз кайрык” жана башка күүлөрдү  чыгарган. Токтогул кыргыздын элдик аспаптык  салттуу “Камбаркан”, “Ботой”, “Кербез”, “Шыңгырама” аттуу күүлөрдүн буроолорунда, үлгүсүндө, түрүндө өзүнүн жаңы күүлөрүн  да жараткан. Токтогулдун өзүнүн аткаруусундагы бир да обону, ыры, дастаны кагаз бетине жазылып калган эмес. 1928-жылы москвалык музыка изилдөөчү А.Затаевич Токтогулдун өзүнүн аткаруусунда “Токтогулдун тогуз кайрык”, “Шынгырама кыз ойготор”, “Алайдын миң кыял”, ” Токтогулдун кербези” жана башка 18 күү жазып алган. Токтогул төкмө акын, обончу, ырчы, куудул, комузчу гана эмес, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Саринжи-Бөкөй”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, аттуу дастандарды айткан. Ал ар бир дастанды өз обондору менен өтө устаттыкта комуздун коштоосунда айткан. Токтогул Калык, Коргол баштаган Алымкулдун, Атайдын, Эшмамбеттин жана башкалардын улуу устатынан болгон. Улуу шайыр өзбекче, казакча, татарча, орусча ырдап, алардын күүлөрүн балалайкада, комузда черткен. Токтогулдун музыкалык мурастары кыргыздын жазма профессионалдык музыкасынын төрөлүшүнө, өнүгүшүнө өтө күчтүү таасир эткен.


Кыргыз