Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз опера жана балет театры

Кыргыз опера жана балет театры

Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академикалык опера жана балет театры – Кыргызстандын музыкалык маданиятынын борбору 1937-ж. Фрунзе шаарында  Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп түзүлгөн.  Алгач опера спектаклдери кыргыз  жана орус тилдерине коюлган.  1942-ж.  Кыргыз  мамлекеттик  опера  жана балет  театры болуп  уюшулуу менен улуттук музыкалык искусствосу калыптанды жана өсүп өнүктү.  Адегенде           “ Алтын кыз ” ( 1937 ), “ Ажал ордуна ” ( 1938 )  музыкалык драма спектакльдери  коюлган. 1939-ж театрда кыргыздын  биринчи  улуттук операсы “ Айчүрөк ”  ( музыкасы В. Ференики, либретосу  Ж. Турусбеков,  К. Маликов, Ж. Бөкөнбаевдики ).      Кыргыздын улуттук опералары менен  балеттери коюлат: “Токтогул” (1941,  В. Власов А. Малдыбаев, В. Фере), Көкүл (1942, жаңы ред. 1976 , М  Раухвегер) “Манас”   (1946 жаны ред. 1966,  В, Власов А. Малдыбаев  В. Фере ) “ Элдин уулу ”(1947, В. Власов, В Фере ), “Көл жээгинде ” ( 1951, Власов, А. Малдыбаев, В. Фере ), “Айдар менен  Айша” (1952, А Аманбаев , С. Германов ), “Жаш  жүрөктөр” (1953, М. Абдраев), “Ак шумкар” (1957 С. Ряузов ) , “Токтогул” (1956, А. Малдыбаев, М. Абдраев), “Ак шумкар” ( 1957  С. Ряузов ), “ Мурат” (1959 Л. Книппер ), “ Айчүрөк” (1959  В. Власов , А. Малдыбаев, В Фере ) ,“ Жамыйла ” (1961 М. Раухвегер), “Эненин жүрөгү ” (1963  С. Германов ) “ Олжобай менен Кишимжан” (1965 М. Абдраев) , “Алтын кыз” (1974 В.Власов, В Фере ), “Бороон алдында” (1972 М. Абдраев ); музыкалык драма жана комедиялар: “Ким кантти” (1943, М  Абдраев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлеев ) “Бойдоктор” (1960, жаңы ред 1974, А. Аманбаев


Кыргыз