Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү

Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү

Кыргыз эстрадасы XX – кылымдын 60- жылдарынын аягынан 70- жылдардын башынан тартып  мектептердин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын, айылдык, райондук, областтык маданият үйлөрүнүн, клубдардын алдында аспаптык, вокалды аткаруучулук, көркөм окуу, бий, куудулдук жана башка жаш  шайырлардын башын бириктирген  чакан аспаптык  вокалдык топтор уюштурула баштаган. Жаңы жанр кыргыз музыкасында жаңы чыгармалардын жазылышына жол ачкан. Кыргыз мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы  филармониянын  алдындагы эки жылдык студия кыргыз эстрада ансамблинин, «Арашан», «Наристе» вокалдык аспаптык топтордун   уюшулушунда, жаңы эстрада   ансамблдеринин  жаралышында өзүнчө  мектеп болду. Балыкчы шаарынын «Наристе», Оштогу жибек  комбинатынын «Кыз бурак» Фрунзедеги маданият үйүнүн «Семетей», «Гүлдесте», Сокулук районунун «Мээрим», Бишкектеги саясий ырлардын «Аракет» аттуу вокалдык – аспаптык  ансамблдери аткаруучулук  чеберчиликтери, профессионалдуулугу менен  бөтөнчө айырмаланган. Алар фестивалдын лауреаттарынан болушкан. 90- жылдан тартып, айрыкча Кыргызстан эгемендүүлүккө жаңы багытта, жаңы стилде өнүгүүнүн, өсүүнүн жолуна түштү. Бүтүндөй чыгармачылык дараметин эстрадага арнаган К.Эралиева, С.Каримов, Г.Сатылганова, Ж.Осмоналиева, А.Иманалиева, Д.Акулова, Т.Черикчиева, А.Жетигенова, А.Турдалиева, Ш.Аскарова, А.Исабаев, Ы.Осмонкулов башкалардан ырдоо манералары  репертуарлары менен өзгчөлөнгөн. Ал эми С.Балтаева, Г.Батырканова, К.Жолдошев, Г.Кахарова, А.Карымов, С. Бейшекеев, Г.Жунушовдор калктын  урматтоолоруна ээ болушту.  Кыргыз композиторлору  жана обончулары улуттук эстраданын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошууда.

Кыргыз эстрадасы 1967 – жылы комуз- прима, комуз-бас, комуз-альт, электр-комуз жана урма аспаптар, аккордеондорду курап, Н.Давлесов уюштурган жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаров жетектеген. Ансамбль КМШ өлкөлөрүнүн көп шаарларына, ошондой эле Монреалга Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө, Египет, Чехословакия жана башка өлкөлөргө гастролго барган.


Кыргыз