Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү

Кыргыз элинин музыкасынын өнүгүшү

Кыргыз элинин музыкасы. Кыргыз музыкасы – элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш тиричилигин, тарыхын, элдик жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазма маалыматтар бир катар адабияттарда кездешет. Б. З. Ч. 630 – жылы кытай саякатчысы Сюань – Цзянь азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдү эргиткен лирикалык күү менен башталды деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз музыка өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек. Революцияга чейин кыргыз элинин музыкалык фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилге бөлүү (мис., орус фольклор таануу илиминдегидей) өтө кыйын. Кыргыз эл музыкасы түрк элдеринин, айрыкча казак, хакас, түркмөндөрдүн музыкасына жакын. Башка чыгыш элдеринин музыкасынан айырмасы (мис., өзбек эл музыкасынан) элдик жана элдик – профессионал искусство болуп бөлүнгөн. Жанрдык жагынан жалпыга жеткиликтүү, бир өңчөй келип, стилистикасы боюнча көп катмардуу эмес.

Революцияга чейин (мис., тажиктер сыяктуу) кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык – поетикалык өнөр жөнүндө илим, тажик элиникиндей музыкант – окумуштуулар болгон эмес. Негизинен чыгарма жекече аткарылып, көп үн менен ырдоо жана күүнү ансамбль менен аткаруу салтка айланбаган. Кыргыздарда айтышуу ыкмасында аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун үч жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы эки – үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фолькор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалак чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да болуп калган. Ыр – күүлөрдүн мындайча таралышы элдин музыкалык аң – сезиминин өзгөчө бир түрдө калыптанышынын жана музыкалык речтин эркин импровизация ыкмасын шарттаган. Ал эми импровизациялуулук болсо музыкалык материалды берүүнүн мүнөзүн аныктаган. Ошентип, ал теманы өнүктүрүүнүн кайталоо – вариациялык тиби деген атка ээ болду.

Кыргыз эл музыкасы обону, ладдык жана метроритмдик касиеттери жагынан европа музыкасына жакын келип, мажордук ыңгайдагы ладдар өзгөчө кеңири тараган.


Кыргыз