Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бегалиев Муратбек Акимович

Бегалиев Муратбек Акимович

Бегалиев Муратбек Акимович (1955-жылы туулган, Жумгал  району, Миңкуш шаарчасы) – композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, эмгек сиңирген ишмери (1990). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Республикалык адистештирилген М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп -интернатта труба, кларнет, фагот аспаптарында  ойноону үйрөнгөн. 1974-1977- жылдары Кыргыз Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда (М.Абдраевдин классынан), 1977-1982-жылдары Москва мамлекеттик  П.Чайковский атындагы консерваторияда окуган. 1984-жылы Мосвада өткөн композиторлордун Эл аралык конкурсунда  симфониялык поэмасы үчүн  баш байгеге ээ болот. Бегалиевдин кылдуу, аспаптар үчүн «Кыргыз сюитасы», фортепьяно үчүн сонатасы,  «Бала кез кайрыктары»  сүрөттөмөсү, симфониялык  оркестр үчүн «Майрамдык  увертюрасы»,  камералык оркестр үчүн «Ностальгиясы», скрипка жана фортепьяно үчүн «Манас сонатасы, жазуучу Ч.Айтматовдун демилгеси менен ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн Эл аралык форумга  арналган «Жаратуучунун гимни жана башка көптөгөн чыгармалары  автордун аброюн көтөрөт. 1990-жылы Бегалиев ЮНЕСКОнун  стипендиянты  (Франция) болгон. Бул композиторго дүйнөлүк көрүнүктүү музыканттар  менен алака түзүүгө, музыканын  учурдагы багыттары менен таанышууга  мүмкүнчүлүк берген. Германиянын маданий борборунда эки жыл билимин өркүндөтөт. Алган тажрыйбасынын  аркасында Чыгыш менен батыштын  музыкалык маданиятын жакындаштырат. Улуу композитор И.С. Бахтын талантына таазим этүү менен «Манас» эпосунун музыкалык  тематикасынын өзөгүндө   чыгармаларды жазууну улантат.

Жыйырмадан ашуун «Каркыранын канаты», «Амидзима», «Жаңыл Мырза», «Манастын уулу Семетей»  спектаклдерине  жазган музыкасы көрүүчү- угуучулар, адистер тарабынан жогорку  баага татыды.  Отуздан ашык даректүү жана көркөм фильмдерге да музыка жазды. Алардын ичинен «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Бороондуу бекет», «Бетме-Бет», «Саманчынын жолу», жана башка Германияда, Японияда, Сирияда, Индияда, Москвада өткөн эл аралык кинофестивалдардын жеңүүчүлөрүнөн болгон. Жазуучу Ч. Айтматов менен болгон көп жылдык чыгармачылык байланыштын натыйжасында солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн «Кылым карытар бир күн» ораториясын, камералык оркестр үчүн «Настольгияны», «Ысык-Көлдө сагынуу» аттуу жана башка чыгармаларды жазган. Бегалиевдин демилгеси, жетекчилиги менен ондогон музыкалык фестивалдар, конкурстар уюштурулду. Ч.Айтматов Бегалиевди «өз элинин чыныгы уулу жана музыканын генийи» деп атаган. 1993 – жылы Бегалиевдин демилгеси менен Кыргызстанда алгач ачылган  улуттук консерватория ачылып, ал ректорлукка шайланат. Кыргыз мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты (1988), Ч.Айтматов фондунун «Түгөлбай ата» коомунун сыйлыгы, «Алтын көпүрө», (Казакстан) Эл аралык ассоциациясынын  лауреаты. Эл аралык чыгармачылык  (Москва) жана музыка академияларынын  (МЮНХЕН) академиги 2004- жылдан тартып маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган.. П. Чайковский атындагы Алтын медалдын, үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси.


Кыргыз