Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Абдылас Малдыбаев

Абдылас Малдыбаев

А.Малдыбаев 1906-жылы Кемин районунда төрөлүп, 1978-жылы  Фрунзе шаарында көз жумган. Ал композитор, ырчы (тенор) жана артист катары кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири. 1937-жылы Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери наамын алган. Москва консерваториясында Кыргыз улуттук студиясында (композиция классы боюнча 1940-1941-ж. Г.Литинскийден, 1947-1950-ж. В.Фереден таалим алган. 1930-ж. Фрунзе музыкалык техникумда директор, 1933-жылдан Кыргыз муз. Студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939-1967-жылдары Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953-54 –жылдары М.Күреңкеев атындагы музыкалыкх хореография окуу жайынын директору болгон. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылдан башталган. Алгачкы ырлары (“Акинай”, “Кызыл жоолукчан”, “Өмүр”) эл арасына кеңири тарап, анын ысымы обончу катары таанылган. Малдыбаеев 300 дөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Композитор элдик фольклорду кылдат пайдалана билгендиктен, ырлары элдик обонго жакын, угулушу көркөм, интонациялык жактан күчтүү, таасирдүү. Малдыбаевдин айрыкча гимндери (“Кызыл атчандар”, “Студенттер маршы”) жана балдар ырлары (“Мына минтип”, “Кулунум” ж.б.) кыргыз ыр жанры катары кирген. 30-жылдардын аягында, 40-жылдардын башында Малдыбаевдын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру. Бул мезгилде ал көптөгөн эл ырларын иштеп чыккан жана “Кимге айтам”, “Гүл турмуш”, “Ук жер жүзү”, “Кечирип кой”, ж.б. балдар үчүн “Биз агайдай болобуз”, “Жылдызым” ырларын, “Эмгек маршы”, ж.б. хорлорду композитор В.А.Власов, В.Г.Фере менен бирге “Ажал ордуна” музыкалык драмасын, “Айчүрөк”, “Патриоттор” ж.б. А.Веприк, М.Абдраев менен бирге “Токтогул” операларын, М.Абдраев, А.Аманбаев менен биргелешип “Ким кантти” аттуу тунгуч музыкалык комедияны жазган.


Кыргыз