Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

МОМУН ЧАЛ

МОМУН ЧАЛ
Момун чал момун дегенчелик адам. Бул аймакта аны билбеген, же ал билбеген жан жок. Эл аны элпек Момун деп атап алган. Улуу дебей, кичүү дебей, өз дебей жат дебей көрүнгөнгө жапырылып салам берип, жумшаган иштен моюн толгобой, көздү карап турат, өмүрүндө оозунан «жок» деген сөз чыкпай, качан болсун, кимге болсун «куп» деп жүгүрүп кызмат кылып келатат. Эгер алтын деген күзүндө сапырылган сары жалбырак болсо баасы кетер беле, анын сыңары Момундун ак көңүлдүгүн баалаган эч ким жок. Өзү курдуу карылар жеткен сыйурматка жетпеди. Аны санга кошуп, көзгө илип, ооздун жели менен болсо да барктай коюш эч кимдин оюна келбейт. Бирок аш, той боло калса, Момунсуз өтпөйт. Айрыкча Бугу уруусунан кадырлуу кары а дүйнө кетсе, анын кара ашы, чоң ашынын кызматы Момундун мойнунда. Момун өзү Бугудан болот, ошого сыймыктанат, ошол үчүн уруулаш тукумунун аштоюна катышпай койбойт. Мал сойгон да Момун, кадырлуу конокторду тосуп, атын алган да Момун, отун жарып, от жагып, суу ташып, чай сунган да ошол эле Момун. Анан калса мааракенин түйшүгү түгөнгүс, ыланкасы арылгыс болот эмеспи. Мына ошондой көпчүлүктүн кызматына Момунду сала беришет. Момун эл көзүнө жүгүргөн болуп, көмүскөдө насыбай атып отуруп калбайт, тапшырылган иштин жөнүн айттырбай билип, күттүрбөй бүтүрөт. Ошол үчүн келинкесек кээде:
— Өх, жаным, өлүп кетебизби, элпек аке бар эмеспи, ошо бүтүрөр, байыс алалычы. Деги элпек аке болбосо биз эмне кылмакпыз,— деп буйтка жерге отура калып, ушакайың сөзгө кирет. Ошол үчүн алыстан жээн небересин учкаштырып, соорунчу конок болуп келген Момун сөөлөт


Кыргыз