Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Баш травмасы

Баш травмасы

Баш травмасы- баш сөөгү жана анын ичиндеги мээ менен кабыкчаларынын түрдүү кырсыктардан жабыркашы. Баш териси жана сөөгү бүтүн болсо жабык, ал эми териси айрылып сөөгү сынса ачык баш травмасы деп аталат. Ачык баш травмасында мээ жана мээ кабыгына микробдор кирип, инфекциялык кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Травмага учураганда баш сөөк жарылып, тешилип же басылып сынышы, ошондой эле баш сөөктүн негизи (асты) сынышы байкалат. Баш сөөктүн негизи сынганда кулак менен мурундан кан же жүлүн суусу агып, көз тегерегине кан уюуйт. Көп учурларда баштын жабык жана ачык травмасында мээнин үч түрдүү жабыркашы (чайкалышы, урунуусу же кысылышы) кездешет. Мээнин чайкалышы көбүнчө туюк травмада болот. Анда бардык мээ жапа чегет; мээ клеткалары менен анын ар кайсы бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы байланыш убактылуу бузулат. Жапа чеккен киши мээнин чайкалышынын оордугуна жараша бир аз убакттан бир нече саатка чейин эсин жоготот. Эсине келгенде башы ооруйт, кээде кусат, өңү бозоруп же кызарат, алсырайт, кан тамырдын тез согушу байкалат. Эгер тийиштүү режимди бир эки жума кылдат сактабаса, оорулуунун көпкө чейин башы ооруйт, алсырайт, жумушка жөндөмдүүлүгү начарлайт. Мээ урулууда анын оордугуна жараша мээде кандын уюп калышы, мээнин шишиши, үзүлүшү же жанчылышы мүмкүн. Мындай абал ачык травмада баш сөөк сынганда болот. Мээ урулганда киши бир нече сааттан бир нече күнгө же жумага чейин эстен танышы ыктымал.


Кыргыз