«Манас» эпосу
«Манас» эпосу
«Манас» кыргыз элинин улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз өз табылгаларын бүт чогулткан казынасынын милдетин аткарган, ыйык тутуп, укумдан тукумга сактап келе жаткан улуу мурасы. Жанрдык белгилери жактан «Манас» баатырдык эпоско жатат. Бирок анын камтыган мазмуну берген маалыматы алда канча терең жана кеңири. Эпосто элдин үрп- адатынан тартып кылымдар бою жашоосундагы калыптанган салттары, тиричилиги, көрүнүктүү окуялары, жашоо, жаратылыш, коом жөнүндөгү түшүнүктөрү, ар түрдүү ишенимдери чагылдырылган.«Манастын» мазмунунда элдин тарыхындагы түрдүү ишенимдери чагылдырылган. »Манастын» мазмунунан биз элдин санжырасын, эл тагдырынын түрдүү учурларын көрө алабыз. Академик Ч.Валиханов сыяктуу окумуштуулар «Манасты» бекеринен «кыргыз турмушунун көркөм энциклопедиясы» деп аташпаган.
Эл арасында «Манастын» кадыр-баркынын далилдери катары буларды айтууга болот: бул эпостун материалдарына кыргыздар кылымдар бою көркөм чыгарма катары эмес, болгон чындык катары мамиле кылышкан. Андагы айтылган ар бир маалыматка тарыхый факты катары ишенишкен. Узак убакыттар бою эл азаматтары манастын аты менен жоого киришкен. Жомоктогу оң каармандардын иштеген иштеринен таалим-тарбия алышкан; Кыргыз жергесинде учураган белгилүү, кооз ар бир нерсе манастын аты менен аталган же ошол жомок окуяларына байланыштырылган.
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы өзгөчө бай экендиги фольклордук чыгармаларда кеңири маалым. Ошол бай материалдардын ичинде баатырдык эпостор көрүнүктүү орунду ээлейт.Кыргыз элинин биринчи болуп кагаз бетине түшүрүлгөн көркөм чыгармасы да басмадан биринчи которулганы да ушул «Манас». Кыргыздар эл алдындагы улуттук сыймыгы катары биринчи «Манасты» аташат.
«Манас» эпосун изилдөөчүлөр
Манас баатыр жөнүндөгү алгачкы жазма Сейфаддин Аксыкент менен анын уулу Нооруз-Мухамедге таандык. Алар XVII кылымдын башталышында «Мажму ат –таварих» деген китебин жазышкан. Анда Манас баатырдын калмак баскынчылары менен болгон согушу сүрөттөлөт.
Дүйнө жүзүндө фольклорсуз эл болбойт. Ар бир элдин оозеки чыгармалары ошол элдин басып өткөн тарыхый жолу менен шартталган. Эл турмушун чагылдырууда калктын жакшы-жаман жөнүндөгү туюмдарын таасирдүү элестердин жардамы аркылуу берүүдө фольклордун өтөгөн кызматы ролу чоң. Ошол үчүн кандай гана эл болбосун өз ата мурасы катары фольклорду жогору баалайт. Күндөлүк турмушунда айрыкча жаштарга тарбия берүүдө кеңири колдонулат.
20-жылдын баш чендеринен тартып эле калк арасынан оозеки көркөм чыгармалардын үлгүлөрүн жазып алуу – кагаз бетине түшүрүлүп жыйноо иштери башталды. Алардын ичинен элге кеңири манасчылардан жазылып, алынган «Манас» эпосунун үч бөлүмүнүн көптөгөн варианттары да бар.
Бул багыттагы иш аракеттер бүгүнгө чейин улантылууда. Элдин чыгармачылыгын жыйноодо өзгөчө эмгек сиңиргендер: К.Мифтаков, Ы.Абдырахманов, Б.Абдырахманов, Тоголок Молдо. Кыргыз фольклорунун түрдүү жанрлары боюнча чыгармалардын тексттери илимий эмгектери, жарык көрүүдө.
«Манас» эпосуна биринчи илимий пикир айткан адам Ч.Валиханов. Ал минтип жазган: «Манас – бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин –Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз мифтеринин, жомокторунун, санжыраларынын энциклопедиялык жыйнагы». Айрыкча «Манас» эпосун жыйноо, бастырып чыгаруу, изилдөө багытында орчундуу иштер иштелди. Кыргыз фольклорун изилдөөдө көрүнүктүү салым кошкондорго К.Рахматуллин, М.Богданова, Ж.Таштемиров, Б.Кебекова, С.Закироваларды да кошууга болот. Ошондой эле айрыкча «Манас» эпосунун түрдүү проблемаларын иликтөөдө зор салым кошуу менен орчундуу эмгектерди жазгандардын катарына: М.Ауэзов, С.Мусаев, Р.Кыдырбаева, Б.Юнусалиев,Р.Сарыпбеков, В.Жирмунский, С.Бегалиев, Э.Абдылдаевдер кирет.
- КҮНДҮН ЖАРЫГЫ
- «Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт»
- Бактериялардын келип чыгышы жана өнүгүшү
- Сура Ан-Нур
- Сура Аль-Мааридж
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. ДАЯРБЕК
- Бугу балбайдын өлтүрүлгөнү
- Мүнөздөмө
- ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨ
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МАСКА
- Тайлак менен кытай согушу
- Жаңы тигилген үйгө жүгүнүү
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТРАМПЛИН
- Сура Аль-Анам
- Сура Саба
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. «БАР БОЛ» ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫНАН ЖҮРӨК СӨЗҮ
- Жедигер
- Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөнө бергис бирөө бар
- КЫРГЫЗ ТУРМУШУ
- Манас кошойго жолукканы
- Түгөлсай археологиялык комплекси
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЖУМУШЧУ
- Эне керген кыз эмес, эндик көргөн бет эмес
- Делбетаптык
- Сура Нух
- Документтерди жоготуп коюу
- Кыргызстандын жаратылышы
- Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ
- Мекен сүйүүсү
- Сура Аз-Залзала
- Алганга бар, бергенге жок
- Сыйкырдуу сака
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. КОНДИЦИОНЕР
- Кыргыз Республикасынын конституция күнү
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
- Ташбашат көрүстөнү
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ТАҢКЫ ТООЛОР
- Көкчөнүн өлүшү 4-бөлүк
- Кыргыз макалдары – Ш
- Сура Аль-Джасийа
- Кыргыз эл оюндары. Таштан, ташка секирип жүрмөй, таштан секирип өтүү, термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү
- УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК
- Токтосун
- Азык уруусу
- Каржилик берүү
- ТОО СУУСУ
- Нутрия
- Байдылда Сарногоев. Дудуктун тили
- Түргөштөр
- Сура Аль-Алак
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. МЕНИН ЖОЛУМ
- Сура Ат-Тауба
- АБА
- Аюу менен чиркей
- Скифтер (Скифы)
- Жигит
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
- Түркстан
- Төлгөчү
- КЫЗДЫ БЕШИККЕ БӨЛӨГӨНДӨ АЙТЫЛУУЧУ ЫРЫМ ЫР
- Калмак-кыргыздар
- Эшигинен эмес, тешигинен
- Нан тиштетүү
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. МУРАС
- АКБАР РЫСКУЛОВ. БИРИНЧИ ТОРКАШКА
- «Жер тамырынан эл тамыры көп»
- Шовинизм






