Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жолой

Жолой Боогачинов Фрунзе шаарына — деп, жазган 1928-жылы А. Затаевич,— апыскы ЖапапАбаддан упгайган Токтогул Сатылганов менен бирге келди, биз менен болгон жолугушуу учурунда да бири-биринен ажырашпады. Сырткы кейпине караганда бул арыкчырай адам кырктарга барып калган, жандуу жүзү менен ойноктогон көздөрүнөн, элдик юмор (куйкумдуулук) менен шайырдуулуктун учкундары чачырайт. Ал кыякта эркин жана арбаңтарбандата тартып ойнойт, комузду жаман эмес чертет, бирок акыркысында (комузда Б. А.) репертуары жок, сыягы «маэстро» Токтогулдан үйрөнүп жүргөн көрүнөт чындыгында андан үйрөнө турган көп нерсе бар. Жалпысынан мен жазып алган үч аспапчыпрофессионалдарга (Токтогулга, Муратаалыга жана Кара-Молдого) салыштырганда анда (Жолойдо Б. А.) кандайдыр бир таң каларлыктай өзгөчөлөнгөн таланттуулук анча сезилбейт». Бирок, музыковед А. Затаевич Жолойдун чыгармачылыгына мына ушундай бир беткей мүнөздөмө берсе да, андан ар түрдүү мазмундагы, ар кандай жанрдагы кыяктын он үч, комуздун төрт күүсүн жазып алган. Биздин байкашыбызда А. Затаевич Жолойдун чыгармачылыгы, аткаруучулук чеберчилиги менен кеңкесири, тереңтаанышпаган. Экинчиден, аны Токтогул, Муратаалы, Кара-Молдо менен сапыштырып кароонун өзү эле туура эмес. Анткени, шайырдын баары алардай талантка, репертуарга, устаттыкка ээ эмес.

Жолой жөнөкөй аспаптын аткаруучусу болсо да өзүнүн чыгармачылыкжүзү, үнү, стили бар, кыргыздын байыркы аспабын, күүлөрүн калк арасына кеңири жайылткан кыяк музыкасын байытууга, түбөлүккө калтырууга аракеттенген шайырлардан болгон. Ал эми Жолой менен бирге жүрүп, анын өнөрүн өз көздөрү менен көрүп, күүлөрүн өз кулактары менен уккан замандаштарынын айткандарына, берген бааларына караганда, ал өз мезгилинде элге кеңири бепгилүү кыл кыякчыдан, кала берсе айтым күүлөрдү чебер аткарган комузчу да, ырчы да, куудул да болгон.

Жолой Боогачы уулу 1888-жылы Кетментөбөдөгү Ичкесай айылында (азыркы Үчтерек кыл кыякчынын үй-бүлөсүндө туулган. Болочоктогу музыканттын чоң атасы Карача жана ата-эненси өтө жакыр турмушта жашашкан. Андай кыйын кезең да жаш баланын жүрөгүнө так салган. Ал күнүмдүк жан сактоонун айынан жайы, кышы дебей ар кимдин малын багып, чөбүн чаап, отунун алып, суусун сугарып, өлбөстүн күнүн өткөрөт. Жолойдун ырга, күүгө, жомокко, куйкум сөзгө кызыгуусу бармактай чагынан эле ойгонот. Анын наристе сезимине, тубаса шыгына айыл арасындагы ар түрдүү жыйындардагы аштойлордогу ырчылардын, комузчулардын ырдаган ырлары менен черткен күүлөрү уютку болот. Өзгөчө ага атасынын тарткан кыл кыягы өтө күчтүү таасир этет. Ал ата өнөрүн он жашынан тартып үйрөнөт. Комузчу Барпы Сарпековдун айтканына караганда Жолой кыякты айырмачка тандырып атка жетелетип жүргөн кезинде эле үйрөнгөн жана тарткан. Жолойго өзгөчө Токтогулдун канаттуу чыгармалары, ар кандай уламалары, санжыралары да өтө таасир этип, шыгынашык кошкон. Ал Токомду ээрчип, айылдан-айылды аралап, ырларын, күүлөрүн көңүлүндө жаттайт. Алгач устатынын ырларын комуздун коштоосунда ырдап, бара-бара күүлөрүн үйрөнөт. Айрыкча, ал Токомдун аткарууга оор «Ак куу», «Турумтай менен Торгой», «Мырза кербез», «Алайдын миң кыял» («Миң кыял») деген ж. б. күүлөрүн аткарат. Бул күүлөрдүн нугунда жана таалимиңде өзү да «Жолоидун жорго камбаркан», «Ырчы күү», «ЭскиБөкөй» («СаринжиБөкөй») сыяктуу күүлөрдү да чыгарат. Бул чыгармалардын биринин негизине элдик обон, экинчисине комузчулардын арасына кеңири тараган салт күүлөр, үчүнчүсүндө эски дастандардын обондору данек болгон. Аларды автор чыгармачылык күчүнүн жетишинче, түркүн көркөм боёкто, ар кыл ыкмада мүнөздөп берүүгө, өз алдынча үн катууга аракеттенген. Ошондой болсо да, анын нукура чыгармачылык шыгы кыл кыякта көрүнгөн. Ал бул аспапты өтө кумардануу, терең сүйүү менен тарткан жана андан не бир бай сырларды тапкан. Кыл кыякта адамдардын күндөлүк турмушундагы жашоотирйчилигине (аштойлордогу ж. б. ар кандай көрүнүштөр), согуштук салгылашууларына байланышкан программалуу сахналык күүлөр тартылат. Аларда адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын, жигиттин, кыздын үндөрү, баскантургандары, жүгүргөндөрү жана ар түркүн айбанаттардын, жаныбарлардын да кылыкжоруктары, үндөрү тууралып аткарылат. Айрыкча, аттардын кишинегени, чуркагандагы дүбүртү, карышкырдын улуганы, койэчкилердин маарагандары, уйлардын мөөрөгөндөрү, каз, өрдөк, ак куулардын каркылдаганы, учушканы, булбулдардын сайрагандары дал өзүндөй таптак тууралат. Жолойдун да негизги өздүк репертуарындагы күүлөрдө адамдардын, айбанаттардын ар түрдүү кыймылдары, үндөрү, кылыкжоруктары тууралган.

Автордун элге кеңири тараган жана чыгармачылык эргүү, куштарлануу менен аткарган күүсү «Ай, ай күү». Бул чыгарманын жалпы жүрүшү, музыкалык башкы темасынын түзүлүшү адамдардын кубанычтуу салтанаттарын, алардын дүйнөгө болгон ойжүгүртүүлөрүн, кыялданууларын, тилектенүүлөрүн сүрөттөйт. Ал эми автордун «Кыздардын арман күү» аттуу программалуу кайгылуу күүсү:

«Илгери бир кедейдин алдына ат салдырбаган, байгеден байгени бербеген, атактуу Кара кашка деген күпүгү болуптур. Күндөрдүн бириндеги баш байгесине жүз кой сайган чоң ат чабышта кедейдин күпүгү биринчи кепет. Бирок, ал так мөөргө жеткенде мүрт жан берет. Ошондо, кедейдин эки кызы, аяпы, өзү жакшы көргөн күпүгүн жоктоп минтип ыйпашкан экен» деген баяндаманы коштоп тарткан. Бул көрүнүштү Жолой уккандын көңүлүнөн чыккыс кылып күүгө сапган. Айрыкча, кыякчы ар биринин (чалдын, кыздардын, кемпирдин) ыйлаган үндөрүн ар түрдүүчө туурап, образ түзүп, устаттык менен жалооруган, аянычтуу кайрыктарда аткарган.

Кыл кыякчылардын арасына кеңири тараган салт күүнүн бири — «Байге». Бул чыгарманы колуна кыл кыяк кармаган шайырлардын бардыгы кумарланган чыгармачылык эргүү, терең берилүү менен аткарышат. Жолой да «Байге» деген күүнү өзгөчө урматтоо менен тарткан. А. Затаевичтин сөзү менен айтканда «Байге» күүсү Жолойдун репертуарындагы сыймыктана турган эң негизги чыгармасынан болгон. Бул музыкалык сүрөттөмөдө улуттук оюн ат чабыш сүрөттөлөт. Ап Жолойдун аткаруусунда төмөндөгүдөй сахналык көрүнүштү камтыйт. Алгач кыл кыякчы элге жарчы катары ат чабуунун бүткүл тартибин жарыялаган созулуңку жүрүштөгү кириш бөлүмүн ойнойт. Андан чоң чабылуучу күлүктөрдүн айдапганын сүрөттөгөн ылдам жүрүштөгү экинчи бөлүм коштолот. Анда «ат кетти, ат кетти» деген үндөр биринен сала бир нече жолу тууралып, таптак кайрыктарда кайталаныпат.

Күтүлбөгөн жерден күү таптакыр башка жүрүштөгү, бөлөк темага өтөт да, элге күпүктөрдүн марага жакындап кепе жатканын кабардайт. Аңгыча күүнүн ритми (ыргагы) үзүпөт да, аткаруучу кызуу темпераменттүүлүккө, чыныгы спорттук азарттулукка жетет. Күлүктөрдүн чаң уюткан тобу көрүнгөндө кыл кыякчы элге «Ат келет!», «Ат келет!»… деп, жар салат да, бириненбири өтүп келе жаткан күлүктөрдүн көрүнүшүн «Көк кашка ат келатат!»… «Сары тору ат келет!»… «Кара кер ат келет!»… «Тору ат келет!» деп таптак кайрыктарында кайталайт. Күүнүн бул бөлүмү эң ылдам темпте ойнолот. Аңгыча күлүктөрдү сүрөөгө алгандарды «Ат сүрөдү» — деп кайрат да, атынын марага биринчи келишине тынчсызданган ээсинин, «А, кудай, ай… А кудай ай» деп, тынчы кетип күйпөпөктөп, кейигенин кеңири кайрыкрада сыпаттайт. Күү да Элкиндетиле кайрылып, биринен сала бири учкаяктуу жүрүштөрдө жаңырат. Андан ары күүдө марага биринчи келген күлүктөрдү сүрөөгө алгандардын, күйөрмандардын, элдин ызычуусу, кыйкырыгы, аты артта калып жаны ачыгандардын капаланганы, күпүгү чыгып байге алгандардын шаттыгы ж. б. сүрөттөлөт. Күү ар бир көрүнүшкө жараша жүрүшүн, музыкалык темасын түрлөнтө өзгөртүп, чиеленишип жүрөк толкуткан драматизмге жетет. Күүдө сүрөттөлгөн окуялардын бардыгы өтө кызыктуу тууралат. Анда шаңдуулукда, шаттык да, өкүнүүда, өксүү да жаңырат.

Белгилүү өнөрпоз комуз, сурнай, чоор, темир комуз күүлөрүн да атайын кыл кыякка салып, темасын өзгөртпөй, тембрин өчүрбөй аткраган. Аларды Жолой жөн эле тартпастан, кайрыктарына кайрууларды кошуп кооздоп, вариациялап аткарган.

Элдик күү «Кертолгоо» комзуда жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыккан философиялык толгонууну, терең ойду камтып чертилет. Ал эми Жолойдун аткаруусунда ал андан дагы терең, аңдан дагы кенен ойду чагылткан классикалык күүгө жеткен. Ал эми «Тойкожо сурнайчы» деген арноо күүсүн мелүүн жана жөнөкөй жүрүштө баштап сурнайдын чакан кайрыктары чалкыган ойду камтыган, бардык жагынан чеберчилик менен иштелип бүткөн залкар кайрыктарга жеткен. Күүнүн негизги темасынын өзөгү болгон элдик «Кербез» менен «Кошоктун» созулуңку обондору кыл кыяктын тембрине айкалышып не бир жагымдуулукту жараткан.

Жолой сурнай менен чоордо аткарылган «Тойкожонун керөзөн» аттуу күүсүн да кыл кыякка салган. Ал да аткаруучу тарабынан ойдогудай нака чыгармачылыкта иштелген. Бул күүнүн кайрыктарында жаратылыштын сулуулугу, элдик майрам, салтанат сыпатталган.

Ооз комузчу Толгонайдын «Селкинчеги» Жолойдун аткаруусунда өзүнчө жаңы түргө өткөн. Ал шайыр жүрүштөгү обон күүнүн музыкалык оюн терендетип, баяндалуучу окуянын мазмунун ажарланта байыткан. Айлуу түндө ала бакан салып, селкинчек тепкен кызкелиндердин, жигиттердин шандуу күлкүлөрүн, табийгаттын келишкен келбетин күүнүн түркүн кайрыктарында сыпаттайт. Аны окуялардын өзгөрүшүнө жараша бөлүмдөргө бөлүп сахналаштырып аткарган. Жолой аталган чыгармалардан башка да ондогон элдик күүлөрдү тарткан. Аларда өткөн доордун ар кандай турмуштары, көрүнүштөрү, окуялары чагылдырылган. Мисалы «Тору кашка ат кокуй» деген күүдө жакшы аты өлгөн кедейдин жана үй-бүлөсүнүн арманы, «Коңур ала» күүсүндө уйлардын күлүгү — шүдүңкүттүн жүрүшү, «Эжекем менен жездекем» деген күүдө жездеси өлгөн кыздын жоктоп кошкону сүрөттөлөт. Ал эми «Күлгаакы», «КарачачЗейнеп», «Кашка ат, жаш кеттиң» аттуу күүлөрүндө жоктоону, арманды, махабатты баяндап тарткан. Аларды да кыякчы чыгармачылык күчүнүн жетишинче, угуучуларга таасир калтыргандай чеберчиликте аткарган. Жолой «Коңур ала», «Кертолгоо», «Сыбызгынын Кертолгоо» деген салт күүлөрдү тарткан.

Кыргыздын башка шайырларындай эле Жолой да элге өзүн бир эле мезгилде кыякчы, комузчу, ырчы, куудул катары көрсөтөт. Ал байманаптарды чыгармаларында шылдындап, карапайым калктын таламын талашкан. Айрыкча Жолой укканды жана көргөндү карк күлкүгө толтурган куйкумдуу ырларында, чакан аңгемелеринде байманаптардын ач көздүгүн, элди алдап эзгендигин жана төбөлдөрдүн колуна — кол, бутуна — бут болгон эшендердин, молдолордун жосуну бузук жоруктарын мыскылдаган. Айрыкча Жолой Чилтенге — илгери молдолор орозо айтында жардын боорун ойдуртуп «үңкүр кылып анын ичинде кырк токочу менен (кырк күн жашашкан. Алар күндүзү такыр эшикке чыгышпастан, кечинде баштарына чаландарын жаап чыгышат) кирген молдолорду өткөрө шылдыңдап, күйбөгөн жерин күл кылган. Жолой комуз чертип, кыяк тартуу, куудулдануу менен бирге элдик ырларды да аткарган жана өзү да ыр чыгарган. Бирок, ал чыгармалар эч жерде жазылып калбаган. Жолойдун замандашы жана курбалдашы Барпы Сапековдун бизге берген маалыматына караганда ал 1932—1934-жылдары райондук театрда артист да болуп иштеген.

Жолой Токтогулдун сүйүктүү окуучуларынын биринен болгон. Ал Токондун бай музыкалык мурастарын калк арасына жайылтууда көп эмгек сиңирген. Белгилүү шайыр Токондун ырларын ырдап, күүлөрүн чертүү менен бирге, өзүнүн бүткүл чыгармачылык шыгын, улуу акындын таалимтарбиясында өнүктүргөн. Ошондуктан, ал Токоң кайда барса кошо барып, анын алтындай сөздөрүн, классикалык чыгармаларын үйрөнүүгө, нускасын алып калууга умтулган.

Көрүнүктүү кыл кыякчы 1934-жылы дүйнөдөн кайтат. Бирок, өзү өлсө да, артына эл менен дайым бирге жашай турган музыкалык мурастарды таштап кетти. Айрыкча Жолойдун чыгармалары кыл кыяк күүлөрүн илимий жактан изилдөөдө баалуу салымдарды кошмокчу. Жолойдун тарткан күүлөрүнөн М. Раухвергер «Чолпон» балетине «Байге», К. Молдобасанов «Саманчынын жолу» балетораториясына «КарачачЗейнеп», «Жолойдун Кер толгоо» аттуу күүлөрүн пайдаланышкан. Алар авторлордун чыгармаларынын ажарларын ачууда башкы материал катары пайдаланылган.


Кыргыз