Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жеңижок менен Токтогул

Жеңижок менен Токтогул

Токтогул акын Сибирден качып келгенде, артынан издөө салынып, жергиликтүү бай-манаптар айгак болуп, туулган мекени  Кетмен-Төбөгө тура албай бекинип, качык болуп жүрүүгө туура келген. Ошондой башына оор күн түшүп турганда Жеңижоктун Аксынын Кара-Суудагы үйүнө качып келет. Жеңижок жетине албай досун тосот, анан минтип учурашып ырдаптыр.

ЖЕҢИЖОК:
Сайга салсам илинбейт,
Дулдулум, Током, келгенби?
Сайратып комуз черткениң,
Санааман кеткен жок эле,
Менин булбулум, Током, келгенби?!..
Кумга салсам илинбейт,
Күлүгүм Током, келгенби?
Куулантып комуз черткенин,
Кулагымдан кеткен жок,
Менин күкүгүм, Током, келгенби?..
Аргымак оозун кергенби,
Аллам бир чындап бергенби?
Айткан сөзү келишкен,
Ар жыйынды эриткен,
Асылым Током, келгенби?
Аркага колун байлаткан,
Алыска Шыбыр айдаткан,
Токомо аңдышкан душман өлгөнбү?..
Каранын оозун кергенби,
Кудайым чындап бергенби?
Калк акынын көрөм деп,
Калың журтум келгенби?
Калкынан Шыбыр айдаткан,
Кайрып колун байлаткан,
Токомо кас санашкан өлгөнбү?!..
Сарынын оозун кергенби,
Саабалар чындап бергенби?
Салтанатын көрөм деп,
Саруу журтум келгенби?
Сандалтып Шыбыр айдаткан,
Сабап колун байлаткан,
Токомо кас, санаа душман өлгөнбү?..
Торунун оозун кергенби,
Теңирим чындап бергенби?
Топ жыйынды гүлдөткөн,
Торгоюм, Током, келгенби?
Токмоктоп колун байлашкан,
Топтон Шыбыр айдашкан,
Токомо тоорушкан душман өлгөнбү?!.
Ак каймалдан сүт кеткен,
Ажыратып аларга,
Агайинден күч кеткен.
Кайберенден сүт кеткен,
Кайрып жолдон калаарга,
Кайырлардан күч кеткен!
Алдымда атым шок эле,
Аркаңдан издеп бараарга,
Ажыратып аларга,
Ала-Тоодой бел кылган,
Сенде алдуу тууган жок эле!..
Карманган атым шок эле,
Кайрылып издеп бараарга,
Кайрып жолдон калаарга,
Кара кылып бел туткан,
Кара-Тоо тоодой бел кылган,
Сенде кайраттуу тууган жок эле?!..
Айта турган кеп беле,
Айыпсыз нечен бечера,
Айдалган бойдон кетти эле.
Ак падыша, залимдер,
Антип түпкө жетти эле!
Козгобой койчу кеп беле,
Күнөөсүз канча адамдар,
Кошоктолуп кетти эле.
Гунаадыр (?) менен манаптар,
Каматып түпкө жетти эле?!..
Айылында балдары,
Аталап ыйлап калды эле.
Элиндеги балдары,
Эрксизден ыйлап калды эле.
Аксакалдуу атасы,
Сакалдан жашы тамчылап,
Санаалуу бойдон калды эле.
Алтымышта апасы,
Ак чачын жайып калды эле.
Ак, карасын ылгабай,
Ак падыша Никелей,
Арам ойлуу жан беле?
Айдатып Шыбыр ийгидей,
Алтымыш эки кишинин,
Абыдан шору бар беле?!..
Током, караны миндиң шайланып,
Капыстан кеттиң айдалып.
Калкыңа келип турасың,
Карчыга куштай айланып!
Жээрдени миндиң шайланып,
Жергеңден кеттиң айдалып.
Жериңе келип турасың,
Жем жеген куштай айланып!..
Көк-Ойго тиккен чатырың,
Көрөсөн, Током, акыным.
Көрөөргө элди зар болгон,
Көзүнүн жашы көл болгон,
Сенин көйгөйүң айтып жатырым!..
Ак-Ойго тиккен чатырың,
Асыл, Током, акыным
Алыста жүрүп ыйлаган,
Азиз жанын кыйнаган,
Сенин арманың айтын атырым!..
Токомо ашыкча доор келгенде;
Аленген кийиген чок болуп,
Аргымак минген октолуп,
Током ар жерге барса топ болуп!
Токомдон ашыкча доор кеткенде;
Ар күнү мылтык октолуп,
Ак паша сурап сот болуп,
Айыптуу күнгө токтолуп.
Асыл өмүр гүлдөй жан,
Айдоодо кетти жок болуп!..
Токомо күлүстөн доор келгенде:
Күлгүндү кийген чок болуп,
Күлүктү минген октолуп.
Күнүгө жыйын топ болуп.
Токомон күлүстөн доор кеткенде:
Күнүгө мылтык октолуп,
Гүнаадыр сурап сот болуп,
Күнөөлүү күнгө токтолуп,
Күлгүн өмүр, гүлдөй жан,
Күйүттө кетти жок болуп!..
Токсондогу энекең,
Тоголонуп карыды
Тийди байга дешти эле,
Тотуядай жарыңы.
Толгонуп келип таппадың,
Топчубайдай шагыңы!
Эми кайгырган менен пайда жок,
Кайраттан башка айла жок.
Топтуу кыргыз куттуктайт,
Током  тынч аман келген жаныңы!.
Аргымак жалын өрүпсүң,
Айылдан насип буюруп,
Айланып элге келипсиң,
Эми, ар жерге барсам шериксиң!..
Тобурчак жалын өрүпсүң,
Топ элден тузуң бар экен,
Толгонуп аман келипсиң,
Эми, топ элге барсам шериксиң!..
Айтканым элге кеп болгон,
Ак падыша залимдин,
Аңдыганы жок болгон
Айланып аман келгениң,
Айтып салам бергениң,
Током, чын айтсам сага бак конгон!..
Төккөнүм элге ыр болгон,
Төбөлөшкөн залимдин,
Түбүнөн бери чыр болгон.
Толгонуп аман келгениң,
Тобуңа салам бергениң,
Током, туурасын айтсам, бак конгон!.
Какшаган сөздүн макулу,
Кара жаак, кайкы тил,
Калк тааныган акыны.
Какшап турган Өтөнүн,
Кадырлаган жакыны.
Калкыңдан тузуң бар экен,
Током, кайрылып көрдүң калкыңы!..
Током, күйүттү тарттың Шыбырда,
Жатканың сасык там болуп,
Көрөргө элиң зар болуп,
Көзүңдө жашың кан болуп.
Акылың таппай дал болуп,
Адашып башың маң болуп.
Элиңди таппай дал болуп,
Эңгиреп башың маң болуп.
Айланып жеттиң жериңе,
Ак калпак кыргыз элиңе,
Ак үйдө күйгөн шам болуп,
Ак ала сакал чал болуп!.
Током, азапты тарттың Шыбырда,
Башыңа кара түн конуп,
Зарлаган добуш үн болуп.
Ак баран мылтык сүр болуп,
Аргасыз көндүң тим болуп,
Азыр, башыңа бакыт күн конуп,
Таңшыган добуш үн болуп.
Тоорулуп келдиң элиңе,
Туулуп өскөн жериңе,
Түндөгү күйгөн шам болуп,
Түйтөйгөн көк ала сакал чал болуп!.
Током, айланып кеттиң алыска,
Залимде бийлик зор болуп,
Башыңа мээнет шор конуп.
Азиз бир жаның кор болуп,
Жатканың зындан ор болуп,
Айланаң темир тор болуп,
Айланып келдиң элиңе,
Айдыңдуу кыргыз жериңе,
Током, акыры ишиң оң болуп!..
Током, кармалып кеттиң узакка,
Канкордо бийлик зор болуп.
Кайран бир жаның кор болуп.
Кашыңа азап шор конуп,
Казылган терең ор болуп,
Карайган темир тор болуп,
Кайрылып келдиң жериңе,
Кадырман кыргыз элиңе,
Током, каниет ишиң оң болуп!..
Током, эрксизден кеттиң Шыбырга,
Эссиздин кеби эм болуп.
Элиңен тузуң кем болуп.
Көзүңдүн жашы сел болуп,
Эми бактылуу күнгө кезигип,
Бутуңдан зоолу чечилип.
Тосуп чыккан мен болуп,
Толкундап турган кезегим,
Менин жаныма кубат-дем конуп!..
Током, аргасыз кеттиң Шыбырга,
Акмактын сөзү эм болуп.
Айлыңдан тузуң кем болуп,
Азабың күчөп сел болуп.
Азыр, жакшылык күнгө кезигип,
Мойнуңдан зоолу чечилип,
Атайлап тоскон мен болуп,
Көңүлүм Күндөй ачылды,
Менин жаныма кубат-дем конуп!.
Канган жок душман намысы,
Кайтып келип эл көргөн,
Ниетиңдин калысы.
Жеңижок-Өтө досуңдун,
Жетине албай жеринде,
Жети-Уруу, Саруу элинде,
Жолугушкан чагы ушу!..
Түрмөдө жатып, тутулуп,
Зилдеген досум, аманбы?
Машиненин амалын,
Билбеген досум, аманбы?
Ак пашаанын солдаты,
Тилдеген досум, аманбы?
Кум-Белди көздөй бет алып,
Жөнөгөн досум, аманбы?
Кызыл канга баш-көзүн,
Бөлөгөн досум, аманбы?
Жаш күнүңдөн таанышып,
Дос болгон досум, аманбы?
Сары алтын Аксы жеримде,
Сак урук Саруу элимде,
Кара-Суунун жээгинде,
Кашка таман, Балыкчы,
Кайнап жаткан элинде.
Көз болгон досум, аманбы?!..

ТОКТОГУЛ:
Кичи-Кум-Бел, Чоң-Кум-Бел,
Ашып келдим, жан досум.
Катар ашуу белиңди,
Басып келдим, жан досум.
Күйүтүн тартып баламдын,
Кеткенин угуп аялдын,
Жашып келдим, жан досум!..
Чымындай жанды калкалап,
Бир өзүңдү аркалап,
Качып келдим, жан досум.
Азап менен тозокту,
Тартып келдим жан досум.
Көп нерсеге көөнүмдү,
Бөлүп келдим жан досум.
Бир өлүмдөн башкасын,
Көрүп келдим, жан досум.
Айлансам аздыр калкыман,
Бар экен тузум жалпыңан,
Өлбөй келдим жан досум.
Кайтып келип карасам;
Каканакташ Кабай жок,
Катынымда таалай жок.
Оң тиземде ойноткон,
Сол тиземе сойлоткон,
Топчубай жалгыз балам жок!..
Энемди кудай албаптыр,
Кол кашыгын колго алып,
Байкуштун кирбеген үйү калбаптыр!
Алты айчылык узак жол,
Басып келдим, жан досум.
Эртерээк барып көрсөм деп,
Элиме жетип өлсөм деп,
Шашып келдим, жан досум!..
Ырдын кени оозуңдан,
Агылган досум, аманбы?
Бир көрүүгө зар болуп,
Сагынган досум, аманбы?!

деп учурашкан экен. Эртеси Жеңижок Токомду керилген Кез-Арт өрөөнүн кыдыртып, андан Ак-Ташка чыгып, Көк-Башат, Бел-Башат жайлоолорун көрсөтүп, Кыр- Жол менен атактуу Айры-Бел жайлоосуна чейин барып, кымыз ичип, элге тааныштырып, жайы менен алып жүрүп, күз болгондо бир сыйра кийим кечесин ырастап берип, астына ат мингизип, Кетмен-Төбөгө узаткан экен деген кеп эл ичинде ушул бүгүн да эскерилип жүрөт.


Кыргыз