Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Василий Владимирович Бартольд

Василий Владимирович Бартольд — дүйнөгө даңкы чыккан эң көрүнүктүү чыгыш тарыхчысы. Анын зор окумуштуулук таланты, таң каларлык эрудициясы, талыкпай эмгектенүү жөндөмдүүлүгү жана чыгыш тилдерин мыкты билгендиги ага 400дөн ашык илимий эмгек жаратууга мүмкүндүк берген. Мындан тышкары ал «Ислам энциклопедиясына» Орто Азиянын тарыхы боюнча 246 макала жазган. Анын эмгектери 9 томго бириктирилип, 1963—1977-жылдары кайрадан басылып чыкты.

Бирок В. В. Бартольддун бул 9 томдугу беш жарым миң нускада гана жарык көргөндүктөн, азыр ал сейрек учурай турган эмгектерден болуп калды. Ушуга байланыштуу анын 9 томдугунун ичинен кыргыздар, Кыргызстан жана ага чектеш аймактардын тарыхына тиешелүү изилдөөлөрүн орус жана кыргыз тилдеринде жарыялоону ылайык таптык. В. В. Бартольддун өмүр баяны менен И. П. Петрушевскийдин бул жыйнакка киргизилген макаласынан кеңири тааныша аласыздар. Бул жерде окурмандардын көңүлүн бура турган нерсе — В. В. Бартольд университетти бүткөндөн кийин 1893—1894-жылдары биринчи жолу Орто Азияга илимий экспедицияга келип, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл ойдуңу жана Борбордук Тянь-Шандагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Ал андан кийин да бир канча жолу Орто Азияга илимий командировкага келген. Маселен, 1902-жылы бул жерге келип, Орто кылымдарда жазылган чыгыш авторлорунун китептерин жана кол жазмаларын чогулткан жана изилдеген. В. В. Бартольд мына ушул максаттар менен көп жолу чет мамлекеттерге да барган. Мунун натыйжасында ал ар кайсы китепканалардан окурмандарга жана окумуштуулар чөйрөсүнө али белгисиз болгон көп сандаган чыгыш тилдериндеги кол жазмалардын үзүндүлөрүн тапкан. В. В. Бартольд алардын бардыгын «Моңголдор чабуулунун доорундагы Түркстан» (биринчи бөлүм, 1898-ж.) аттуу алгачкы эмгектеринин биринде жарыялаган. Автор бул негизги эмгегиндеги илимий маалыматтарды өмүрүнүн аягына чейин изилдеп, тактап жана толуктап турган. В. В. Бартольд — Орто Азия тарыхын ырааттуу изилдөөгө негиз салган окумуштуу.

Анын эмгектеринде кыргыздар, Кыргызстандын аймагында жашаган элдердин тарыхы ардактуу орунду ээлейт. Жогорудагы айтылган максаттарга ылайык, В. В. Бартольддун бул томдугуна анын төмөнкү чыгармалары кыргызчаланып киргизилди: «Орто Азия XII кылымга чейин», «Жети-Суу тарыхынын очерки», «Кыргыздар. Тарыхый очерк», «Моңголдорго чейинки мезгилдеги Түркстандагы христиан дини жөнүндө», «Али-тегин», «Арслан-хан Мухаммед б. Сулейман», «Богра-хан», «Барак-хан», «Бөрү-тегин», «Илек-хандар», «Чагатай-хан», «Бадахшан», «Баласагун», «Бешбалык», «Иле», «Ысык-Көл», «Каратегин», «Кашкар», «Тараз», «Түркстан», «Фергана», «Чүй», «Орто Азияга илимий максат менен барганы жөнүндө отчет. 1893—1894-жылдар», «Кутадгу биликте эскерилген Богра-хан», «Гурхан», «Дуглат», «Кара-кытайлар», «Карлуктар», «Түрктөр», www.bizdin.kg электрондук китепканасы «Гардизинин Зайн-ал-ахбар чыгармасынан үзүндү», «Мухаммед Хайдар, Дуглат. Тарих и-Рашиди. Борбордук Азиядагы могулдардын тарыхы», «Туманскийдин кол жазмасы», «Худуд ал-алат басылмасына кириш сөз» ж.б. Саналып өткөн эмгектердин ичинен эң маанилүүлөрүнүн бири — негизги изилдөө болуп эсептелген «Түркстандын…» экинчи бөлүмү.

В. В. Бартольд адегенде бул эмгегин Орто Азиянын тарыхын моңголдор доору менен гана чектөөнү ниеттенген. Бирок кол алдындагы материалдар жана Түркстан крайынын моңгол чабуулуна чейинки али изилдене элек көп маселелер автордун алгачкы оюнан баш тартуусуна себеп болгон. Натыйжада, «Түркстандын…» басымдуу көлөмү Орто Азиянын Чыңгыз-хандын жортуулуна чейинки тарыхына арналып калган. Анын экинчи бабында Караханилер мамлекетинин түзүлүшүнөн тартып, кара-кытайлардын Орто Азияга келишине чейин иликтенген. Мындан тышкары Жети-Суу жана Борбордук Тянь-Шандын XIV кылымга чейинки тарыхына тиешелүү окуялар «Түркстандын…» III, IV баптарында да жазылган. В. В. Бартольд бул эмгектеринде чыгыш авторлорунун ичинен X—XIII кылымдарда жашаган Нершахи, Гардизи, Утби, Карши, Ибн ал-Асир, Несеви жана башкалардын маалыматтарын толук пайдаланган. Айтмакчы, «Түркстанда…» Караханилердин бир канча башкаруучулары жана алардын эки кагандыгы жөнүндөгү оригиналдуу ойлору жана тыянактары айрыкча 1950-жылдардан кийинки нумизматикалык табылгалардын негизинде далилденген. В. В. Бартольддун «Жети-Суу тарыхынын очерктери»—ушул жергенин байыркы жана орто кылымдардагы (усундардан тартып Моголстан мамлекетине чейинки) саясий тарыхына атайын арналган эмгек. Аны жазууга автордун 1893—1894-жж. Орто Азияга жасаган саякаты түрткү болгон. Бул эмгекте чыгыш кол жазмаларындагы маалыматтар жана жарыяланган атайын адабияттар кеңири пайдаланылган.

Мына ушулардын негизинде Жети-Суу аймагынын тарыхына жетишерлик деңгээлде мүнөздөмө берилген. Ошондуктан В. В. Бартольд кийинки эмгектеринде, маселен, атактуу «Түркстанынын…» экинчи бөлүмүндө Жети-Суунун көп тарыхый окуяларына өтө кыска токтолуу менен чектелген. Ырас, В. В. Бартольддун мезгилиндеги бул крайдан табылган археологиялык материалдар жокко эсе эле. Ал дүйнөдөн кайткандан кийинки убактарда (айрыкча 1950-жылдардан тартып) табылган археологиялык буюмдардын жана чыгыш жазмаларындагы маалыматтардын негизинде Жети-Суу аймагынын тарыхына көп толуктоолор жана жаңылыктар киргизилди. Ошондой болсо да, В. В. Бартольддун «Очерктери» азыркы күнгө чейин Жети-Суунун саясий тарыхы боюнча өзүнүн илимий маанисин жоготкон жок. В. В. Бартольд кыргыз элинин тарыхына илим жолуна түшкөндөн баштап эле кызыгып келген. Анын «Байыркы Түрк жазууларынын тарыхый мааниси» сыяктуу эмгектеринде кыргыз элинин тарыхына тиешелүү баалуу ой пикирлер кездешет. «Кыргыздар. Тарыхый очерк» — В. В. Бартольддун өмүрүнүн акыркы жылдарында жазылган эмгек. Анда автор мурунтан бери билген же чогулткан чыгыш кол жазмаларындагы, негизинен араб-перс китептериндеги www.bizdin.kg электрондук китепканасы маалыматтарды пайдаланган. В. В. Бартольд бул очеркинин эң башталышында Орто Азия элдеринин ичинен «кыргыз» этноними тарыхта биринчи кезигерин эскерткен. Чындыгында эле кыргыз эли жөнүндө маалыматтар биздин заманга чейинки доордогу кытай тилиндеги китептерде кездешет. В. В. Бартольд аталган эмгегинде кыргыздардын байыркы доордон XIX кылымга чейинки негизги тарыхый окуяларын ыраат менен жазган. В. В. Бартольддун пикири боюнча, Енисей кыргыздары ойрот-калмактардын батышка карай биринчи жортуулдарына (1420—1470) катышышы мүмкүн. Ал эми ойрот-калмактар мурунку көчүп жүргөн жерлерине кайткан мезгилдерде кыргыздар Тянь-Шань тоолорунда калып калышы ыктымал. Анын мурун жарыялаган эмгектеринде Енисей кыргыздарынын X, XII, XIII кылымдарда Тянь-Шанга келгендигин божомолдогон. Кандай болсо да, В. В. Бартольд Тянь-Шань кыргыздарынын этногенезин Енисей өрөөнү менен байланыштырган. Азыркы убакта бул пикир далилденүүдө.

В. В. Бартольддон кийинки мезгилдерде табылган тарыхый маалыматтардын жана археологиялык материалдардын негизинде анын кыргыз элинин тарыхы боюнча жазгандарына көп толуктоолор жана кошумчалар киргизилди. Маселен, Енисей кыргыздарынын IX—X кылымдардагы тарыхы, алардын бир бөлүгүнүн Тянь-Шань тоолоруна көчүп келиши, Моголстан мамлекетинде кыргыздардын ролу, алардын эл болуп түзүлүшү сыяктуу маселелерди атасак болот. 1886-ж. Н. Н. Пантусов жана Ф. В. Поярков Бишкек,Токмок шаарларынын жанынан XII—XIV кылымдарга тиешелүү несториан мүрзөлөрүн ачкан. Ушуга байланыштуу В. В. Бартольд студент кезинде эле «Орто Азиядагы христиан дини жөнүндө» аттуу макаласын жазган. Кийинчерээк аны чыгыш авторлорунун маалыматтары менен толуктап, «Моңголдорго чейинки мезгилдеги Түркстандагы христиан дини жөнүндө» аттуу эмгегин жарыялаган. Анда жалаң гана христиан дини жөнүндө сөз жүрбөстөн, бир канча диндер, алардын тармактары тууралуу баяндама берилген. Диндердин элдерге таралышы менен бирге, автор айрым саясий окуяларга, соода жолдоруна да токтолуп кеткен. В. В. Бартольддун айрыкча араб географтарынын маалыматтарынын негизинде Тараздан (Жамбыл) Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жогорку Барскоонго чейинки жолдун боюндагы IX—X кылымдардагы шаар, кыш- тактарга берген тарыхый мүнөздөмөсү өтө кызыктуу. Анда автор биринчи жолу аларды азыркы тигил же бул шаар, кыштактардын урандылары менен окшоштурган. В. В. Бартольддон кийин Тараз—Барскоондун аралыгында ага белгисиз болгон IX—X кылымдарга тиешелүү шаар, кыштактардын урандылары табылды. Ошондуктан В. В. Бартольддун бул эмгегиндеги географиялык окшоштуруулардын бардыгы туура деп айтууга болбойт. В. В. Бартольддун эң алгачкы эмгектеринин бири—«Орто Азияга илимий максат менен барганым жөнүндө отчет. 1893—1894-жылдар» Түндүк Кыргызстандын жана Жети-Суунун аймагына жасаган археологиялык саякаты десек жаңылышпайбыз. Автор анда орто кылымдардагы чыгыш жазуу булактарындагы маалыматтардын негизинде Исфижаб (Сайрам)—Талас— Чүй—Нарын—Ысык-Көл—Иле аралыгындагы жерлер жөнүндө биринчи жолу www.bizdin.kg электрондук китепканасы тарыхый очерк жараткан.

Мындан тышкары ал жолуктурган же тапкан байыркы шаарлардын, сепилдердин урандыларына археологиялык мүнөздөмө берип, аларды тарыхый иликтөөдө орто кылымдардагы авторлордун маалыматтарын пайдаланган. Бул жерде айта кете турган бир сөз — В. В. Бартөльддун «Отчетунда» мындан жүз жыл мурун жасаган илимий жыйынтыктары негизинен өз маанисин жоготкон жок. В. В. Бартольд 1895-жылы чет мамлекеттерге командировкага барганда Оксфорддогу китепканадан перс автору Гардизинин (XI к.) «Азем кабарлар» (Зайн ал-ахбар) аттуу эмгегин тапкан. Анын түрк элдери жөнүндөгү үзүндүсүн өзүнүн 1893—1894-жылдарда Орто Азияга баргандагы «Отчетуна» орусча котормосу менен тиркеме катары жарыялаган. Гардизинин эмгегинде Енисей кыргыздары, Орто Азиядан алардын өлкөсүнө баруучу соода жолдору, Караханилер мамлекетинде жашаган карлуктар, ягмалар, чигилдер жана түргөштөр жөнүндө баалуу маалыматтар бар. В. В. Бартольд аларды башка эмгектеринде да пайдаланган. Перс тилиндеги автору белгисиз «Ааламдын чектери» (Худуд ал-алам) аттуу кол жазма 972—987-жылдар аралыгында жазылган деп божомолдонот. Аны В. В. Бартольд 1930-ж. жарыялап, ага көлөмдүү кириш сөз жазган. Анда автор «Ааламдын чектеринин» мазмунуна кыскача токтолгон. Бул эмгекте X кылымдын жарымындагы Караханилер мамлекетинин негизин түзгөн карлук, тухси, чигил, ягма ж.б. уруулардын ерлери тууралуу тарыхый-географиялык обзор бар. Мындан тышкары кыргыздар аталган уруулар менен чектеш жашагандыгы, алардын Үч-Турпан шаарын каратып алгандыгы жөнүндөгү маалыматтар жазылган. В. В. Бартольд ушул кабарлардын негизинде IX кылымда Енисей кыргыздарынын бир бөлүгү Тянь-Шань тоолоруна көчүп келгендигин, бирок бир аз убакыттан кийин алар кайта Минусин өрөөнүнө кетип калышкандыгын божомолдогон. В. В. Бартольддун бул томдукка кирген «Ислам энциклопедиясына» жарыяланган макалаларынан кыскача тарыхый-географиялык маалыматтарды алууга болот.

Акырында айтарыбыз, жыйнактагы В. В. Бартольддун эмгектеринин кыргызча котормосу кыскартылбай жана өзгөртүлбөй берилди. Анын шилтемелеринде бул окумуштуудан кийинки мезгилдердеги, илимдеги жаңылыктардын негизинде анын ой-пикирлерине оңдоолор, пайдаланган адабияттарына толуктоолор киргизилди. В. В. Бартольддун эмгектериндеги араб-перс тилиндеги тексттер жана алардын кыргызча котормолору берилди. Бартольддун бул томдукка кирген эмгектерин которгондор: Ф. Ачилова, А. Беделбаев, А Жаманкараев, С. Карагулов, Р. Масыракунов, М. Махмудбекова, Ж. Шейшеналиев. Ө. Караев

Василий Владимирович Бартольд, bizdin.kg


Кыргыз